ДИСАХАРИДДЕР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИСАХАРИДДЕР''' , б и о з а л а р – молекула­сында гликозиддик байланыштар м-н бириккен, 2 моносахариддин калдыгынан турган углевод­дор. Дисахариддер кислоталардын ж-а ферменттердин таасири астында моносахариддерге чейин гидролизденет. Көпчүлүк | '''ДИСАХАРИДДЕР''' , б и о з а л а р – молекула­сында гликозиддик байланыштар м-н бириккен, 2 моносахариддин калдыгынан турган углевод­дор. Дисахариддер кислоталардын ж-а ферменттердин таасири астында моносахариддерге чейин гидролизденет. Көпчүлүк дисахариддердин курамына гексоза ж-а пентоза кирет. Дисахариддерди пайда кылууда моносахариддеги жарым ацеталдык гидрокис тобу гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Калы­бына келүүчү (мальтоза, лактоза, целлобиоза) ж-а калыбына келбөөчү болуп 2 топко бөлүнөт. Булардын касиети моносахариддерге окшош таутомердик форманы пайда кылат. Окистенүү-­калыбына келүү реакцияларына кирет. Калы­бына келбөөчү дисахариддер (трегалоза, сахароза) эки моно­сахариддин тең жарым ацеталдык топтору гли­козиддик байланышты пайда кылууга катышат. Окистенүү-калыбына келүү реакцияларына кир­бейт. Дисахариддер жаратылыш продуктуларынан, мисалы, сахароза – кызылчадан, лактоза – сүттөн ж. б. алынат. Көпчүлүк Дисахариддер полисахариддерди, олиго­сахариддерди толук эмес гидролиздөөдө пайда болот, мисалы, крахмалды ж-а гликогенди фер­менттик жол м-н гидролиздөөдөн мальтоза, цел­люлозадан целлобиоза ж. б. алынат. Сахароза, лактоза, мальтоза тамак-аш өнөр жайында ж-а ме­дицинада колдонулат. | ||
Ад.: Химия углеводов. М., 1967; ''Адылов С. А., Аса­нов Ү. А.'' Органикалык химия курсу. Б., 2003. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | Ад.: Химия углеводов. М., 1967; ''Адылов С. А., Аса­нов Ү. А.'' Органикалык химия курсу. Б., 2003. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
09:24, 14 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИСАХАРИДДЕР , б и о з а л а р – молекуласында гликозиддик байланыштар м-н бириккен, 2 моносахариддин калдыгынан турган углеводдор. Дисахариддер кислоталардын ж-а ферменттердин таасири астында моносахариддерге чейин гидролизденет. Көпчүлүк дисахариддердин курамына гексоза ж-а пентоза кирет. Дисахариддерди пайда кылууда моносахариддеги жарым ацеталдык гидрокис тобу гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Калыбына келүүчү (мальтоза, лактоза, целлобиоза) ж-а калыбына келбөөчү болуп 2 топко бөлүнөт. Булардын касиети моносахариддерге окшош таутомердик форманы пайда кылат. Окистенүү-калыбына келүү реакцияларына кирет. Калыбына келбөөчү дисахариддер (трегалоза, сахароза) эки моносахариддин тең жарым ацеталдык топтору гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Окистенүү-калыбына келүү реакцияларына кирбейт. Дисахариддер жаратылыш продуктуларынан, мисалы, сахароза – кызылчадан, лактоза – сүттөн ж. б. алынат. Көпчүлүк Дисахариддер полисахариддерди, олигосахариддерди толук эмес гидролиздөөдө пайда болот, мисалы, крахмалды ж-а гликогенди ферменттик жол м-н гидролиздөөдөн мальтоза, целлюлозадан целлобиоза ж. б. алынат. Сахароза, лактоза, мальтоза тамак-аш өнөр жайында ж-а медицинада колдонулат.
Ад.: Химия углеводов. М., 1967; Адылов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Б., 2003.