ДҮЙНӨ ТИЛДЕРИ: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДҮЙНӨ ТИЛДЕРИ''' – жер жүзүндө жашаган эл­дердин тилдери. Азыркы учурда дүйнөдө 6 миң­ден ашуун тил бар. Булардын ичинен эң кеңи­ри тараганы ж-а сан жагынан көп киши сүйлө­гөнү – кытай, англис, хинди, испан, араб, орус, немис ж. б. тилдер. | '''ДҮЙНӨ ТИЛДЕРИ''' – жер жүзүндө жашаган эл­дердин тилдери. Азыркы учурда дүйнөдө 6 миң­ден ашуун тил бар. Булардын ичинен эң кеңи­ри тараганы ж-а сан жагынан көп киши сүйлө­гөнү – кытай, англис, хинди, испан, араб, орус, немис ж. б. тилдер. Дүйнө тилдеринин изилденүү деңгээ­ли бирдей эмес. Ошондуктан аларды бөлүштүрүү­дө көбүнчө тектештик белгилери жетекчиликке алынат. Бир тилден тараган, бир булактан ке­лип чыккан жакын ж-а алыс тектеш тилдер тилдик семья, ал эми бир семьянын ичиндеги жакын тектеш тилдер тилдик топтор деп ата­лат. Дүйнө тилдери негизинен, төмөнкүдөй семьяларга ж-а топторго бөлүнөт: 1. Алтай тилдеринин се­мьясы: курамына түрк (кыргыз, казак, өзбек, кара калпак, уйгур, түркмөн, татар, башкыр, кумук, карачай, балкар, азербайжан, түрк, га­гауз, хакас, тува, алтай, якут, чуваш, шор ж. б.), моңгол (моңгол, бурят, калмак ж. б.), тунгус-манжу (эвенк, эвен, манжу, нанай, орок ж. б.) тилдеринин тобун, корей ж-а япон тилде­рин камтыйт. Евразия кең мейкиндигине тара­ган түрк тилдери ич ара булгар, огуз, кыпчак, карлук, кыргыз (кыргыз-кыпчак) сыяктуу ча­кан топторго жиктелет. Корей, япон тилдери­нин алтай семьясына тектеш экендиги алтаис­тикада кеңири белгиленип келе жатат. 2. Индев­ропа тилдеринин семьясы: герман (англис, не­мис, голланд, швед, исланд, латыш, литва ж. б.), роман (италян, француз, испан, порту­гал, румын, молдова ж. б.), славян (орус, укра­ин, белорус, поляк, болгар, серб, хорват ж. б.), иран (фарсы, пушту, тажик, осетин ж. б.), инди (инди, бенгал, урду, цыган ж. б.) топтору. 3. Кы­тай-тибет тилдеринин семьясы кытай, тибет, бирма, тай, лаос, дунган ж. б. тилдерди кам­тыйт. 4. Фин-угор тилдеринин семьясына фин (фин, эстон, коми, карел, веп, ижор ж. б.) ж-а угор (мажар) (венгр, мордва, марий, ханты, ман­си ж. б.) топтору кирет. Айрым окумуштуулар муну алтай семьясы м-н бириктирип, урал-ал­тай тилдеринин тектештиги деп карашат. 5. Се­мит-хамит тилдеринин семьясына семит (араб, иврит, ахмор, айсор, тигре ж.б.), хамит (кашит, бербер, чад ж. б.) топтору кирет. Байыркы ак­кад, арамей, финикий эстеликтеринин тили да ушул семьяга тиешелүү. 6. Кавказ тилдеринин семьясы грузин, сван, абхаз, адыгей, абазин, ка­бардин, чечен, ингуш, авар, лак, даргин ж. б. тилдерди камтып, Түндүк Кавказ ж-а Түштүк Кавказ топторуна бөлүнөт. 7. Дравид тилдеринин семья­сы Түштүк Индия м-н Шри-Ланкага тараган тамил, малаялам, каннада, телугу, куи, гонди ж. б. тилдерди камтыйт. 8. Австронезия тилдеринин семьясы: Индонезия, Филиппин, Малазия, Океа­ния аймактарында жашаган көптөгөн элдердин тилдери. Дүйнө тилдеринин ичинен Америка, Африка, Полеазия, Полинезия ж. б. чөлкөмдөргө тара­ган көп сандаган тилдердин чыгыш теги илимий жактан бүгүнкү күнгө чейин так аныктала элек. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
05:38, 17 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДҮЙНӨ ТИЛДЕРИ – жер жүзүндө жашаган элдердин тилдери. Азыркы учурда дүйнөдө 6 миңден ашуун тил бар. Булардын ичинен эң кеңири тараганы ж-а сан жагынан көп киши сүйлөгөнү – кытай, англис, хинди, испан, араб, орус, немис ж. б. тилдер. Дүйнө тилдеринин изилденүү деңгээли бирдей эмес. Ошондуктан аларды бөлүштүрүүдө көбүнчө тектештик белгилери жетекчиликке алынат. Бир тилден тараган, бир булактан келип чыккан жакын ж-а алыс тектеш тилдер тилдик семья, ал эми бир семьянын ичиндеги жакын тектеш тилдер тилдик топтор деп аталат. Дүйнө тилдери негизинен, төмөнкүдөй семьяларга ж-а топторго бөлүнөт: 1. Алтай тилдеринин семьясы: курамына түрк (кыргыз, казак, өзбек, кара калпак, уйгур, түркмөн, татар, башкыр, кумук, карачай, балкар, азербайжан, түрк, гагауз, хакас, тува, алтай, якут, чуваш, шор ж. б.), моңгол (моңгол, бурят, калмак ж. б.), тунгус-манжу (эвенк, эвен, манжу, нанай, орок ж. б.) тилдеринин тобун, корей ж-а япон тилдерин камтыйт. Евразия кең мейкиндигине тараган түрк тилдери ич ара булгар, огуз, кыпчак, карлук, кыргыз (кыргыз-кыпчак) сыяктуу чакан топторго жиктелет. Корей, япон тилдеринин алтай семьясына тектеш экендиги алтаистикада кеңири белгиленип келе жатат. 2. Индевропа тилдеринин семьясы: герман (англис, немис, голланд, швед, исланд, латыш, литва ж. б.), роман (италян, француз, испан, португал, румын, молдова ж. б.), славян (орус, украин, белорус, поляк, болгар, серб, хорват ж. б.), иран (фарсы, пушту, тажик, осетин ж. б.), инди (инди, бенгал, урду, цыган ж. б.) топтору. 3. Кытай-тибет тилдеринин семьясы кытай, тибет, бирма, тай, лаос, дунган ж. б. тилдерди камтыйт. 4. Фин-угор тилдеринин семьясына фин (фин, эстон, коми, карел, веп, ижор ж. б.) ж-а угор (мажар) (венгр, мордва, марий, ханты, манси ж. б.) топтору кирет. Айрым окумуштуулар муну алтай семьясы м-н бириктирип, урал-алтай тилдеринин тектештиги деп карашат. 5. Семит-хамит тилдеринин семьясына семит (араб, иврит, ахмор, айсор, тигре ж.б.), хамит (кашит, бербер, чад ж. б.) топтору кирет. Байыркы аккад, арамей, финикий эстеликтеринин тили да ушул семьяга тиешелүү. 6. Кавказ тилдеринин семьясы грузин, сван, абхаз, адыгей, абазин, кабардин, чечен, ингуш, авар, лак, даргин ж. б. тилдерди камтып, Түндүк Кавказ ж-а Түштүк Кавказ топторуна бөлүнөт. 7. Дравид тилдеринин семьясы Түштүк Индия м-н Шри-Ланкага тараган тамил, малаялам, каннада, телугу, куи, гонди ж. б. тилдерди камтыйт. 8. Австронезия тилдеринин семьясы: Индонезия, Филиппин, Малазия, Океания аймактарында жашаган көптөгөн элдердин тилдери. Дүйнө тилдеринин ичинен Америка, Африка, Полеазия, Полинезия ж. б. чөлкөмдөргө тараган көп сандаган тилдердин чыгыш теги илимий жактан бүгүнкү күнгө чейин так аныктала элек.