ДҮЙШӨ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
мNo edit summary
мNo edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДҮЙШӨ''' Жанай уулу (1887, Нарын обл., Ат- Башы р-ну, Кара-Суу айылы – 1983, ошол эле
'''ДҮЙШӨ''' '''Жанай уулу''' (1887, Нарын облусу, Ат- Башы району, Кара-Суу айылы – 1983, ошол эле жер) – манасчы. Кыпчак уруусунан, элдик оозе­ки чыгармалардын үлгүлөрүн арбын билген. Жа­мактатып ыр айтып, айылдагы келин-кесектерге кошок үйрөтүп, эл арасында айтылган дарым, бата, ырым-жырым ырларын үйрөнүп айтып жүргөн. «Манас» эпосуна кызыгып, берилип угуп, өзү да айта баштаган. «Манас» айтып ка­луусун кереметтүү түш көрүү м-н байланыштыр­ган. Дүйшө «Манастын төрөлүшү», «Бала чагы», «Алтайдан көчүшү» сыяктуу эпизоддорду айт­кан. «Көкөтөйдүн ашын» кара сөз м-н кыскача жалпы окуянын мазмунун берген. Окуянын ку­рулушу, айрым кырдаалдык көрүнүштөр, мотив­дик байланыштары боюнча Дүйшөнүн варианты не­гизинен С. Орозбаковдун вариантына жакын. Дүйшө «Манастын төрөлүшүнөн» баштап, Айкожо­дон аманатын алган жерине чейин айткан. «Жети кандын кеңеши» эпизодунда кандардын Манаска элчи жиберип, анан кыргыз колунун Бээжинге аттанып жөнөгөн жерине чейин баян­далат. «Айчүрөктүн түшүндө» Айчүрөк Семе­тейдин чоролору Күлчоро менен Канчоронун кели­ши тууралуу көргөн түшүн жорутканына чейин айтылат. Дүйшөдөн мындан тышкары элдик оозе­ки чыгармалардын башка үлгүлөрү да жазылып алынган. [[Категория:3-том, 86-170 бб]]
жер) – манасчы. Кыпчак уруусунан, элдик оозе­ки чыгармалардын үлгүлөрүн арбын билген. Жа­мактатып ыр айтып, айылдагы келин-кесектерге кошок үйрөтүп, эл арасында айтылган дарым, бата, ырым-жырым ырларын үйрөнүп айтып жүргөн. «Манас» эпосуна кызыгып, берилип угуп, өзү да айта баштаган. «Манас» айтып ка­луусун кереметтүү түш көрүү м-н байланыштыр­ган. Д. «Манастын төрөлүшү», «Бала чагы»,
«Алтайдан көчүшү» сыяктуу эпизоддорду айт­кан. «Көкөтөйдүн ашын» кара сөз м-н кыскача жалпы окуянын мазмунун берген. Окуянын ку­рулушу, айрым кырдаалдык көрүнүштөр, мотив­дик байланыштары б-ча Д-нүн варианты не­гизинен С. Орозбаковдун вариантына жакын. Д. «Манастын төрөлүшүнөн» баштап, Айкожо­дон аманатын алган жерине чейин айткан.
«Жети кандын кеңеши» эпизодунда кандардын
Манаска элчи жиберип, анан кыргыз колунун Бээжинге аттанып жөнөгөн жерине чейин баян­далат. «Айчүрөктүн түшүндө» Айчүрөк Семе­тейдин чоролору Күлчоро м-н Канчоронун кели­ши тууралуу көргөн түшүн жорутканына чейин айтылат. Д-дөн мындан тышкары элдик оозе­ки чыгармалардын башка үлгүлөрү да жазып алынган. [[Категория:3-том, 86-170 бб]]

03:32, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДҮЙШӨ Жанай уулу (1887, Нарын облусу, Ат- Башы району, Кара-Суу айылы – 1983, ошол эле жер) – манасчы. Кыпчак уруусунан, элдик оозе­ки чыгармалардын үлгүлөрүн арбын билген. Жа­мактатып ыр айтып, айылдагы келин-кесектерге кошок үйрөтүп, эл арасында айтылган дарым, бата, ырым-жырым ырларын үйрөнүп айтып жүргөн. «Манас» эпосуна кызыгып, берилип угуп, өзү да айта баштаган. «Манас» айтып ка­луусун кереметтүү түш көрүү м-н байланыштыр­ган. Дүйшө «Манастын төрөлүшү», «Бала чагы», «Алтайдан көчүшү» сыяктуу эпизоддорду айт­кан. «Көкөтөйдүн ашын» кара сөз м-н кыскача жалпы окуянын мазмунун берген. Окуянын ку­рулушу, айрым кырдаалдык көрүнүштөр, мотив­дик байланыштары боюнча Дүйшөнүн варианты не­гизинен С. Орозбаковдун вариантына жакын. Дүйшө «Манастын төрөлүшүнөн» баштап, Айкожо­дон аманатын алган жерине чейин айткан. «Жети кандын кеңеши» эпизодунда кандардын Манаска элчи жиберип, анан кыргыз колунун Бээжинге аттанып жөнөгөн жерине чейин баян­далат. «Айчүрөктүн түшүндө» Айчүрөк Семе­тейдин чоролору Күлчоро менен Канчоронун кели­ши тууралуу көргөн түшүн жорутканына чейин айтылат. Дүйшөдөн мындан тышкары элдик оозе­ки чыгармалардын башка үлгүлөрү да жазылып алынган.