ЕВРОПА (Юпитердин табигый жандоочусу): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ЕВРО́ПА''' – дүйнө бөлүгү, ''Евразия'' материгинин
'''ЕВРО&#769;ПА''' – ''Юпитердин'' табигый жандоочусу. Аны 1610-жылы италиялык окумуштуу Г. Галилей ач&shy;кан. Юпитерге чейинки аралыгы 671 миӊ ''км'', диаметри 3140 ''км'', сидерикалык айлануу мезги&shy;ли 3 ''сут'' 13 ''с'' 18 ''мин'', орбитасынын эксцентри&shy;ситети ''е''=0,000, жантаюусу ''i''=0,01°, орточо тыгыз&shy;дыгы 3,07''г/см''<sup>3</sup>. Атмосферасы бар. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]
батыш жагы. Азия м-н чек арасы Уралдын кыры же чыгыш этеги, Урал д-нын өрөөнү, Кас&shy;пий деӊизи, Кума-Маныч ойдуӊу ж-а Керч кы&shy;сыгы (кээде Чоӊ Кавказдын кыры м-н), Азов, Кара ж-а Мрамор деӊиздери, Босфор, Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Аянты 10,2 млн ''км''<sup>2 </sup>(аралдары м-н). Калкы 583,2 млн (2005, Россия&shy;нын калкын кошпогондо). Е. түндүгүнөн ж-а түн.-батышынан Түн. Муз океан ж-а анын деӊиз&shy;дери – Кара (Карск), Баренц, Ак, Норвег, баты&shy;шынан ж-а түштүгүнөн – Атлантика океаны ж-а анын деӊиздери – Балтика, Түн., Жер Орто&shy;лук, Мрамор, Кара, Азов деӊиздери, түш.-чыгы&shy;шынан туюк – Каспий көл-деӊизи м-н чулга&shy;нат. Түзөӊ аккумуляциялык ж-а абразиялык жээктер басымдуу; о. эле ''ватт'' (марш), тектон., ''фьорд, шхер, риас, дальмация'' тибиндеги жээк&shy;тер да мүнөздүү. Е-нын эӊ четки учтары: түндү&shy;гүндө – Нордкин, түштүгүндө – Марроки, ба&shy;тышында – Рока тумшуктары, чыгышында – Уюлдук Уралдын Байдарата булуӊчасына жа&shy;кын жайгашкан чыгыш этеги. Аралдарынын аянты 730 миӊ ''км''<sup>2</sup>дей; эӊ чоӊдору – Жаӊы Жер, Франц-Иосиф жери (Рудольф а-ндагы Флигели тумшугу – Е-нын эӊ түн. чети болуп саналат), Шпицберген, Исландия, Британия, Ирландия,
 
[[File:ЕВРОПА3.png | thumb | Фенноскандия. Аланд аралдары.]]
Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит. Жээктери булуӊ-буйткалуу. Е-нын аймагынын <sup>1</sup>/ ин Скан&shy;динавия, Пиреней, Апеннин, Балкан, Кола ж. б. жарым аралдар ээлейт. Океандан Чыгыш Е-нын эӊ алыс жери 1600 ''км,'' Батыш Е-ныкы – 600 ''км''дей. Айрым геогр. ж-а статистикалык-экон. эмгектерде Е-га Кавказды да (Закавказье, Кав&shy;каз өндүрүн дагы) кошот. Адатта Е. эки бөлүк&shy;кө – Чыгыш Е-га ж-а Батыш Е-га бөлүнөт. Е-нын деӊиз деӊг. орт. бийикт. 300 ''м''дей. Эӊ бийик жери – Альп тоолорундагы Монблан чо&shy;кусу, 4807 ''м''; эгерде Азия м-н Европанын чек арасы Чоӊ Кавказдын Башкы же Суу Бөлгүч кырка тоосу аркылуу өтсө, анда эӊ бийик же&shy;ри Эльбрус чокусу (5642 ''м'') болмок. Эӊ жапыз
жери Каспий бою ойдуӊу, ал деӊиз деӊг. 28 ''м'' төмөн жайгашкан. Рельефинде ойдуӊдуу түз&shy;дүктөр ж-а дөӊсөөлөр басымдуу; аймагынын 17%ин тоолор ээлейт. Чыгыш Е-нын рельефи бир кылка, анда ''Чыгыш Европа түздүгү'' (Орус түздүгү) жайгашкан; түздүктүн түш.-чыгыш бөлүгү (''Каспий бою ойдуӊу'') деӊиз деӊг. төмөн жатат. Батыш Е-да түздүктөр м-н тоолор бол&shy;жол м-н бирдей таралган. Негизги түздүктөрү – ''Ортоӊку Европа түздүгү, Төмөнкү Дунай түз&shy;дүгү, Орто Дунай түздүгү, Париж бассейни, Па&shy;дан түздүгү''. Борб. Е-га, Түн. ж-а Түш. Е-нын ж. а-дарына жапыз ж-а орто бийик тоолор мү&shy;нөздүү. Эӊ бийик тоолору: Альп, Карпат, Пире&shy;ней, Скандинавия, Апеннин тоолору, Балкан ж. а-ндагы тоолор. Европанын чыгыш чегинде ''Урал'' тоолору жатат. Кээде Кавказ тоолорун да Е-га кошушат.
Эӊ байыркы (кембрийге чейинки) тектон. структурасы – ''Чыгыш Европа платформасы'' (калкандары: Балтика, Украина), ал негизинен
Чыгыш Европа (Орус) түздүгүн ээлейт. Протеро&shy;зойдун аягы – кембрийде жүргөн ''Байкал бүктө&shy;лүүсүнө'' Тимань токол тоосу, Печора ойдуӊу, Ко&shy;ла ж. а-нын түн. чет-жакасы; кембрий, ордо&shy;вик, силур мезгилдерин камтыган ''каледон бүк&shy;төлүүсүнө'' Шпицберген а., Аюулуу а., Британ а-нын түн. ж-а батыш бөлүктөрү, Ирландия а.; девон, карбон ж-а пермде болгон ''герцин бүктө&shy;лүүсүнө'' Пиреней ж. а-ндагы тоолор, Франция&shy;нын Борб. ж-а Арморикан массивдери, Түш. Уэльс, Арденна, Вогез, Шварцвальд, Гарц, Кен&shy;дүү тоолор, Богема массиви, Судет тоолору, Силе&shy;зия, о. эле Урал тоолору, Жаӊы Жер а-нын тоо&shy;лору; кайнозойдо болгон ''альп бүктөлүүсүнө'' – Андалус, Апеннин, Альп, Карпат тоолору, Бал&shy;кан ж-а Крым ж. а-дарынын тоолору кирет. Ис&shy;ландияда ж-а Жер Ортолук деӊиз аймагынын аралдарында аракеттеги жанартоолор бар. Е. нефть ж-а газ (Волга – Урал нефть-газдуу айма&shy;гы, Кавказдын этектери, Түн. деӊиздин шельф&shy;тери), көмүр (Донбасс, Печора, Москва, Жогор&shy;ку Силезия, Рур бассейндери ж. б.), темир (Курск магнит аномалиясы, Украина, Урал, Кола ж. а., Лотарингия, Скандинавия ж. а-нын түн. аймак&shy;тары), о. эле боксит, түстүү металл, таш ж-а калий туздары ж. б. кендерге бай.
Е-нын геогр. абалы анда мелүүн климаттын
өкүм сүрүшүнө, ал эми анын үстүндө Атлантика океанынан соккон батыш аба массасынын бо&shy;лушу анда деӊиздик ж-а андан континенттик&shy;ке өтмө климаттын басымдуу болушуна шарт түзөт. Радиациялык баланстын жылдык орт.
өлчөмү бардык жеринде оӊ мааниде, ал түндүк&shy;төн түштүктү карай көбөйөт: Арктика аралда&shy;рында ал 10-, 50-параллелдерде 40ка жакын, Түш. Е-да 250–290 ''кж/см''<sup>2</sup>ге (60–70 ''ккал/см''<sup>2</sup>)
чейин. Январда бүт Е-да (Жер Ортолук деӊиз ай&shy;магынан ж-а Франциянын басымдуу бөлүгү&shy;нөн сырткары) –17ден –4,2 ''кж/см''<sup>2</sup>ге (–4төн
[[File:ЕВРОПА4.png | thumb | none]]–1 ''ккал/см''<sup>2</sup>) чейин; июлда түн. м-н түш. аймак&shy;тардын айырмасы жоголот, анткени түндүктү карай жылган сайын күн узара баштайт; на&shy;тыйжада радиациялык баланс Е-нын дээрлик бүт аймагында 34 ''кж/см''<sup>2</sup>ди (8 ''ккал/см''<sup>2</sup>ди) түзөт. Аба массасы атм-нын жалпы циркуляциясы&shy;нын системасына кошулганда, айрыкча кышын&shy;да жылуулуктун аймак б-ча кайрадан бөлүнү&shy;шүнө алып келет. Батыштан соккон аба масса&shy;сынын жылуулугу ''Түндүк Атлантика агымы&shy;нын'' таасиринен ого бетер күчөйт. Натыйжада, кыш айларынын изотермасы кеӊдик багытты&shy;кынан кыйла айырмаланып, Е-нын басымдуу бөлүгүндө (түш.-чыгышынан башкасы) кышкы айлардын орт. темп-расы кеӊдик б-ча орт. темп&shy;радан кыйла көтөрүӊкү болот. Мис., январдагы жылуу темп-ралык аномалия Жаӊы Жерде, Кола ж. а-нда, Шпицбергенде, Британ а-нда 8°Сден 18°Сге, ал эми Скандинавиянын батышы м-нИсландияда18°Сден24°Сгечейинжетет.
Радиациялык ж-а циркуляциялык факторлор
Е-нын климатында мезгилдүүлүктү даана бөлөт. Кыш мезгилинде атм-нын эӊ төмөнкү басымы Атлантиканын түндүгүндө түзүлүп, анда Ислан&shy;дия депрессиясы жайгашат. Андан чыгышты ж-а түш.-чыгышты карай абанын басымы күчөп, Каспий бою ойдуӊуна ж-а Уралдын түштүгүнө
чейин жетет. Ал жерлерге Азия антициклону&shy;нун бир тармагы да кирет. Азор антициклону&shy;нун таасири астында турган Жер Ортолук деӊиз аймагынын батыш бөлүгүнүн үстүндө батыштан соккон ургаалдуу аба массасы өкүм сүрөт. Анын курамындагы циклондор атм. фронттордо пайда болуп, батыштан чыгышка (жогорку кеӊдиктер&shy;ди карай бир аз кыйшайып) багытталат.
Е-нын басымдуу бөлүгүнүн үстүндө уюлдук аба массалары үстөмдүк кылат; түндүктөн Арктика аба массасы кирип, Альп тоолоруна, Балкан, Крым ж. а-на чейин жетиши мүмкүн. Жер Ор&shy;толук деӊиз аймагында уюлдук аба мезгил-мез&shy;гили м-н тропиктик аба м-н алмашып турат. Кышкы айлардын изотермасы жалпысынан түн.-батыштан түш.-чыгышты карай жылат. Жалпысынан Европанын басымдуу бөлүгүндө мелүүн климат өкүм сүрөт, анын батышына кы&shy;шы жумшак, жайы салкын океандык климат,
чыгышына карлуу суук континенттик климат
мүнөздүү. Түн. аймактарынын ж-а Арктика аралдарынын климаты катаал, субарктикалык ж-а арктикалык. Түш. Европага кышы нымдуу, жумшак, жайы ысык, жер ортолук деӊиздик климат мүнөздүү. Январдын орт. темп-расы арк&shy;тикалык аралдарда –24°Сден түштүгүндө 12°Сге
чейин, июлдуку 3°Сден 29°Сге чейин. Европа&shy;нын эӊ суук жерлери: Печора д-нын алабы (айлык орт. темп-расы –20°С) ж-а Франц-Иосиф жери (–24°С). Печора д-нын алабында Европа&shy;дагы эӊ төмөнкү темп-ра (абс. минимум) –52°С катталган.
Европанын эӊ ысык жерлери – Жер Ортолук деӊиз аймагы (мында июлдун орт. темп-расы 28–30°С) ж-а Каспий бою ойдуӊу (24–26°С). Абс. максимум темп-ра (48°С) Пиреней ж. а-нын түндүгүндө катталган.
Жаан-чачындын жылдык өлчөмү жалпысы&shy;нан батыштан чыгышты карай азаят: 1000–2000 ''мм''ден (батыштагы тоолордун айдарым каптал&shy;дарында) 500–300 ''мм''ге чейин (Чыгыш Европа&shy;да, айрыкча, анын түш.-чыгышында ж-а чыгы&shy;шында). Эӊ жаанчыл жери – Динара тайпак&shy;тоосунун батыш капталдарында, анда жаан-ча&shy;чындын жылдык өлчөмү 4000 ''мм''ден ашык.
Эӊ кургакчыл жери – Каспий бою ойдуӊу, анда 200 ''мм'' ж-а андан да аз жаайт. Арктика аралда&shy;рында ж-а Баренц деӊизинин түш. жээгинде – 300–400 ''мм''. Е-га кеӊдик б-ча арктикалык, суб&shy;арктикалык, мелүүн, субтропиктик типтеги кли&shy;мат алкактары мүнөздүү. Арктиканын европ. секторундагы аралдарды камтыган а р к т и&shy;к а а л к а г ы н ы н климаты катаал, кышы
чыкыроон суук, узакка созулат, көбүнчө катуу бороон болуп турат; жайы кыска, суук, июл&shy;дун орт. темп-расы 5°Сден ашпайт; жаан-чачын көбүнчө кар түрүндө түшөт, буулануу төмөн.
Исландиянын, Фенноскандиянын ж-а Чыгыш Европа түздүгүнүн түн. бөлүктөрүн камтыган с у б а р к т и к а а л к а г ы н ы н жайы Арктиканыкына салыштырмалуу узагыраак ж-а жылуураак (июлдун орт. темп-расы 10– 12°Сге чейин), кышы батыш аймактарында жум&shy;шак, чыгышы суук; жылдык жаан-чачындын
өлчөмү батышында 1000 ''мм''дей, чыгышында
400 ''мм''; жаан-чачынга караганда буулануунун
өлчөмү төмөн.
Е-нын Жер Ортолук деӊиз аймагынан ж-а Крымдын түш. жээгинен башка калган бүт ай&shy;магын м е л ү ү н а л к а к ээлеп, анын түн. бөлүгүнө кыйла суук, бореалдык, түштүгүнө жылуураак суббореалдык климат мүнөздүү. Андан сырткары алкактын батыш бөлүгүнүн климаты деӊиздик, абанын темп-расынын жыл&shy;дык амплитудасы төмөн, жайында түштүгүндө жылуу, түндүгүндө серүүн, кышы жумшак, түз&shy;дүктөрүндө кар дайыма жатпайт, жаан-чачын бардык мезгилде, айрыкча кышында арбын жаайт; жетишерлик ж-а ашыкча нымдуу. Ал&shy;кактын чыгышынын климаты мелүүн конти&shy;ненттик, кышы чыкыроон, суук, кар арбын (түштүгүнөн башка) түшөт; жайы түндүгүндө
 
[[File:ЕВРОПА5.png | thumb | none]]
[[File:ЕВРОПА6.png | thumb | Жер Ортолук деӊиздин жээги. Гоцо аралы.]]
серүүн, борб. бөлүгүндө жылуу, түштүгүндө ысык, абанын темп-расынын жылдык амплитудасы жогору; жылдык жаан-чачындын өлчөмү түн&shy;дүгүндө буулануунун өлчөмүнөн ашат, борб. бөлүгүндө алар теӊдешет, түштүгүндө жаан-ча&shy;чын буулануудан аз.
Жер Ортолук деӊиз аймагын ж-а Крымдын түш. жээгин камтыган с у б т р о п и к а л к а&shy;г ы н а жер ортолук деӊиз тибиндеги климат мүнөздүү, кышы жумшак, жылуу, бирок жаан&shy;чачындуу (январдын темп-расы 4°Сден 12°Сге че&shy;йин); жайында аба ырайы өзгөрмөлүү, кургак&shy;чыл, ысык, батышында жылуу климат өкүм сү&shy;рөт. Пиренейдин батышына, Апеннин ж. а-на, Балкан ж. а-нын батышына ж-а түн.-батышы&shy;на жер ортолук деӊиздик климаттын деӊиздик (жайкы кургакчыл мезгилдин кыскалыгы, жаан-чачындын арбын жаашы), ушул ж. а-дын калган бөлүктөрүнө ж-а Крымдын түш. жээги&shy;не анын континенттик варианттары мүнөздүү.
Е. агын суу катмарынын өлчөмү б-ча (295 ''мм'')
дүйнө бөлүктөрүнүн ичинен Түш. Америкадан кийинки 2-орунду ээлейт, ал эми агын суунун көлөмү (2850 ''км''<sup>3</sup>) б-ча, кургактыктын чакан&shy;дыгына байланыштуу Австралия м-н Антарк&shy;тидадан гана мурда турат. Суу агымдары да жалпы нымдуулук сыяктуу эле батыштан чы&shy;гышты ж-а түндүктөн түштүктү карай азаят. Е-нын басымдуу бөлүгү Атлантика океанынын, аз бөлүгү Түн. Муз океандын ж-а ички Каспий деӊизинин алаптарына кирет. Ири дарыялары
Чыгыш Европада. Эӊ чоӊ дарыясы – Волга (не&shy;гизги куймалары: Кама м-н Ока). Анын уз. 3530 ''км,'' алабынын аянты 1360 ''км''<sup>2</sup>, суусунун жылдык орт. чыгымы 8000 ''м''<sup>3</sup>/''сек''дан ашык. Андан кийинки узун дарыялары: Урал, Днепр, Дон, Печора, Днестр, Түн. Двина. Батыш Евро&shy;падагы ири дарыялар: Дунай (уз. 2850 ''км'', ала&shy;бынын аянты 807 миӊ ''км''<sup>2</sup>, суусунун орт. чыгы&shy;мы 6430 ''м''<sup>3</sup>/''сек''), Рейн, Эльба, Висла, Луара, Тахо, Одра. Бул дарыялардын баарында кеме жүрөт, кээ бирлери каналдар аркылуу бири-бири м-н туташат. Көбү гидроэнергетикалык максат&shy;та пайдаланылат. Ири суу сактагычтары: Вол&shy;гадагы Рыбинск, Куйбышев, Дондогу Цимлянск, Днепрдеги Каховка ж. б. Чыгыш Е-нын дарыя&shy;лары кар, бир аз жамгыр сууларынан куралат; жазында ж-а жайдын башталышында суусу ки&shy;рет; түздүктүн түн. бөлүгүндө кар кечирээк эри&shy;гендиктен, суунун кирген учуру жайга туура келет; кышында түш. бөлүгүндөгү дарыялар 1,5– 3 айга, түндүгүндөгүлөр 7–7,5 айга муз м-н кап&shy;талат. Фенноскандияда кыска ж-а босоголуу да&shy;рыялар үстөмдүк кылат; алардын нуктарында көл сымал жайылып аккан жерлери көп, неги&shy;зинен кар сууларынан куралып, жазында суусу кирет; дарыяларынын ортоӊку бөлүктөрүн 2–3 айга, түн. бөлүктөрүн 7–7,5 айга муз каптайт. Ортоӊку Е-нын түздүктүү аймактарындагы да&shy;рыялар негизинен жамгыр сууларынан куралат, кышында тоӊбойт; чыгышыраагындагы дарыя&shy;лар жамгырга кошумча кар, ал эми Альп тоо&shy;лорунан башталган дарыялар мөӊгү суулары&shy;нан да куралат. Жер Ортолук деӊиз аймагынын дарыяларынын деӊгээли күзүндө ж-а кышында (айрым жерлеринде кышында ж-а жазында) көтөрүлүп, жайында ''меженге'' туш болот, ал эми
чакан суулар өтө тайыздап, айрымдары соолуп
да калат. Айрым дарыялардын суусунун кыш&shy;кы чыгымы жайкысынан ондогон эсе көптүк кылат. Жер Ортолук деӊиз аймагынын карст
өөрчүгөн жерлеринде дарыя курамына жер ас&shy;тындагы суулар да кошулуп, алардын агымын кыйла жөнгө салып турат.
Е-нын көлдөрүнүн көбү плейстоцендеги муз каптоого дуушарланган аймактарда (КМШнын европ. бөлүгүнүн түндүгүндө ж-а түн.-батышын&shy;да, Фенноскандияда, Британ а-нда, Альп тооло&shy;рунда ж-а анын өндүрүндө, Польшанын ж-а Гер&shy;маниянын түздүктөрүндө) топтолгон. Бул көл&shy;дөрдүн көбү тектон. оёӊдордо, чуӊкурдук, гра&shy;бен ж. б-да жайгашып, мөӊгүнүн аракетинен
чанагы калыптанган. Бул типтегилерге түздүк көлдөрү – Ладога, Онега, Венерн, Веттерн, Ме&shy;ларен, Имандра, тоо этектериндеги көлдөр – Же&shy;нева, Лаго-Мажоре, Комо, Гарда ж. б. кирет. Муз каптабаган аймактарда көл топтолгон зор аянт&shy;тар жок. Мындагы эӊ мүнөздүү көлдөр: түздүк&shy;төр аркылуу дарыялардын жайылмаларында&shy;гы калдык көлдөр, Волганын, Днепрдин, Ду&shy;найдын, Понун дельталарындагы, Кара, Азов деӊиздеринин жээктериндеги – лагуна, Балкан ж. а-ндагы Шкодер (Скадар), Охрид, Венгрияда&shy;гы Балатон ж. б. тектон., Апеннин ж. а-ндагы ж-а Исландиядагы жанартоо, Чыгыш Европа түздүгүнүн чыгышындагы, Балкан, Апеннин ж. а-ндагы карсттык көлдөр. Е-нын көлдөрүнүн көбү тузсуз агып чыкма көлдөр. Кургакчыл түш.-
чыгыш бөлүгүндө мала туздуу ж-а өтө минерал&shy;дашкан туюк көлдөр (Эльтон, Баскунчак) бар. Ушул эле жерде, Азия м-н Е-нын чегинде дүй&shy;нөдөгү эӊ ири көл – Каспий деӊизи жайгашкан. Европадагы азыркы м ө ӊ г ү л ө р д ү н жалпы аянты 116 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Алардын көбү Шпицбергенде (58 миӊ ''км''<sup>2</sup>), Жаӊы Жер, Франц- Иосиф жеринде, Исландияда, Скандинавия тоолорунда жайгашкан, о. эле Альп тоолорун&shy;да, Уралдын түн. бөлүгүндө, Пиреней, Сьерра-
Невада тоолорунда да мөӊгүлөр бар.
Е-нын т о п у р а к к ы р т ы ш ы н ы н ар түрдүүлүгү жалпысынан зоналуулук мыйзамче&shy;немине байланыштуу. Топурак пайда болуусу негизинен 4 алкакка бөлүнөт: арктикалык (уюл&shy;дук), бореалдык, суббореалдык, субтропиктик. Эӊ зор аянтты бореалдык ж-а суббореалдык алкактар ээлейт. Топурак кыртышынын зона&shy;луулук структурасы ж-а типтери б-ча нымдуу океандык климаттуу Батыш Е-га ж-а континент&shy;тик климаттуу Чыгыш Е-га бөлүнөт. А р к&shy;т и к а а л к а г ы н д а арктикалык ж-а тундра топурактары пайда болот. Арктикалык топурак Шпицбергенде, Франц-Иосиф жеринде, Жаӊы Жердин түндүгүндө таралып, калыӊды&shy;гы өтө жука, генезистик горизонттору анча бай&shy;калбайт. Тундра топурактары Фенноскандия&shy;нын түндүгүн, Жаӊы Жердин түштүгүн, Чыгыш Европа түздүгүнүн Түн. уюлдук тегеректен түн&shy;дүктө жаткан бөлүгүн ээлейт. Тундра топурагы көбүнчө ашыкча нымдалган, аэрациясы начар,
орг. калдыктары жай чириген, чиринди гори&shy;зонту жука топурак; чиринди горизонту төмөн карай көгүш тарткан глей горизонтуна өтөт. Начар дренаждалган оёӊ жерлерде (айрыкча Печора д-нын төмөнкү алабында) тундра топу&shy;рактары саздак тундра топурактары м-н айка&shy;лышат. Б о р е а л д ы к а л к а к Исландия&shy;нын, Фенноскандиянын басымдуу бөлүгүн, Британ а-н, Түн. Е. түздүктөрүн, Чыгыш Е-нын Львов – Киев – Курск – Пермь – Екатеринбург сызыгынан түндүктү карай жайгашкан аймагын
 
[[File:ЕВРОПА7.png | thumb | none]]
камтыйт. Бул алкактын к о н т и н е н т т и к к л и м а т т у у а й м а к т а р ы н д а төмөнкү топурак кыртыштары таралган: түн. тайганын глейлешкен-күл топурагына ашыкча нымдуу&shy;лук, күлдөшүү, глейлешүү процесстери, орг. кал&shy;дыктардын жай чирүүсү мүнөздүү; накта күл то&shy;пурагы тайганын ортоӊку бөлүгүндө өөрчүп, анда басымдуулук кылган жуулуу режиминин үстүӊкү горизонтундагы орг. калдыктардын кыйла бөлү&shy;гү төмөн чөгүп кетет; тайганын түш. бөлүгүнө ж-а жазы-ийне жалбырактуу токойдун чымдак&shy;күл топурагына күлдөшүү процессинен сыртка&shy;ры чириндинин топтоло башташы мүнөздүү;
Ч ыгыш Е -нын бореал дык ал к агынын эӊ түштүгүндө, жазы жалбырактуу токойдун ас&shy;тында токойдун боз топурагы өөрчүп, анда чым&shy;дашуу процесси активдүү жүрөт, чиринди гори&shy;зонту даана байкалып, анын өлчөмү 3төн 8%ке
чейин жетет. Бореалдык алкактын о к е а н&shy;д ы к к л и м а т т у у аймактарына топурак&shy;тын төмөнкү типтери мүнөздүү: чымдак, чым көӊдүү топурак Исландиянын, Скандинавиянын түн.-батышынын, Фарер ж-а Гебрид а-нын суб&shy;арктикалык шалбаа ж-а сейрек токойлорунун астында өөрчүп, чириндиге байлыгы м-н өзгөчө&shy;лөнөт; өтө жуулма чымдак-бозомтук-күл то&shy;пурак Скандинавиянын ж-а Финляндиянын түштүгүндө, Улуу Британиянын түндүгүндө, Ор&shy;тоӊку Е. түздүгүндө таралып, айрым жерлерин&shy;де токойдун кычкыл күл топурагы м-н айкалы&shy;шып жатат. Бореалдык алкактагы интразона&shy;лык топурактардан төмөнкүлөр таралган: ал&shy;лювий (а. и. жайпак жээктердеги марш топу&shy;рактары); карбонаттуу түпкү тектердеги чым&shy;дак-карбонаттуу топурак (рендзиндер); тайга зонасында, кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан, анча тилмеленбеген түздүктөрдөгү шал&shy;баанын астында чымдак-глей топурагы өөрчү&shy;гөн; чымкөӊ-саз топурагы – верещатниктердин астында өөрчүп, начар дренаждалган, чопо кат&shy;мары үстүӊкү бетке жакын жаткан жерлерге мүнөздүү. Бореалдык алкакта жайгашкан тоо&shy;лордо тоо тундра, Уралда, о. эле тоонун чым&shy;дак-күл тоо токоюнун боз, Шотландияда ж-а Скандинавиянын орто бийик тоолорунда тоо&shy;нун күл топурактары таралган. С у б б о р е а л&shy;д ы к а л к а к т а г ы океандык ж-а мелүүн континенттик аймактардын топурак-кыртыш&shy;тарындагы зоналык структурасындагы айырма&shy;чылык ого бетер күчөйт. М е л ү ү н к о н т и&shy;н е н т т и к к л и м а т т у у аймактарда түпкү тектерин лёсс түзгөн талаа зонасында кара ж-а каштан топурактары пайда болот. Токойлуу талаада ж-а талаанын түн. бөлүгүндө күлдөш&shy;көн, жегичтүү ж-а накта кара топурак түзүлүп, ал өӊү кара, калыӊ чиринди горизонту, чирин&shy;диге байлыгы (8%тен ашык), карбонаттуу ил&shy;лювий горизонтунун болушу м-н өзгөчөлөнөт. Кургакчылыраак талаа ландшафттуу аймактар&shy;да аз ж-а орто чириндилүү кадимки ж-а түш. типтеги кара топурактар пайда болуп (чиринди&shy;си 4–8%), карбонаттуу горизонту жогору жай&shy;гашып, тыгыз келет. Молдавия ж-а ага чектеш жайгашкан Румыниянын жерлерин, Азов бою ойдуӊунун чыгышын, Крымдын түздүктөрүн мер&shy;гелдин ж-а акиташтегинин үстүндө кадимки ж-а мицелярдык-карбонаттуу, аз ж-а орто чи&shy;риндилүү, бүт горизонту б-ча карбонат арбын таралган түш. типтеги каштан топурактары ээлейт. Кыйла кургакчыл талаа Украинанын түш. бөлүгүн, Төмөнкү Волга боюн, Каспий боюн ээлеп, анда жуулуу режимисиз, чиринди гори&shy;зонту жукараак, карбонаттуу горизонту өтө ты&shy;гыз каштан топурагы өөрчүгөн; Каспий бою ой&shy;дуӊунун айрым жерлеринде каштан топуракта&shy;ры шортоӊ кыртыштар м-н айкалышып жатат. Шортоӊ топурактар түпкү тектердин туздуу бо&shy;лушуна байланыштуу. Каспий бою ойдуӊунун эӊ кургакчыл жерлеринде, жарым чөл өсүмдүк&shy;төрүнүн астында өөрчүгөн жарым чөлдүн коӊур топурактары кум массивдери м-н айкалышып жатат.
Суббореалдуу алкактын о к е а н д ы к к л и&shy;м а т т у у аймактарында жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун коӊур топурагы
өөрчүгөн. Бул топурактын профилинде горизонт&shy;тор даана байкалбайт, коӊур түстөгү иллювий горизонту өтө калыӊ (анткени чополошуу ж-а карбонаттын жуулуу процесси катуу жүрөт). Жеринин бетинин өтө тилмеленгендигине ж-а литологиялык ар түрдүүлүгүнө байланыштуу токойдун коӊур топурагынын жуулуу ж-а күлдөшүү деӊгээли бирдей эмес, көбүнчө күл,
чымдак-карбонаттуу топурактар, коӊур рендзин&shy;дер м-н кезектешип жатат. Кыйла континент&shy;тик климаттуу тоо аралык өрөөндөрдө токой&shy;дун коӊур топурагы көбүнчө жука калыӊдык&shy;тагы накта ж-а кадимки кара ж-а шалбаалуу кара топурактар м-н алмашат; алардын негиз&shy;ги ареалдары Дунай бою түздүктөрүндө тарал&shy;ган. Ушул эле аймактардын оёӊ жерлеринде шор топурактар кездешет. Орто бийик тоолордун басымдуу бөлүгүн тоо токоюнун коӊур топурак&shy;тары ээлейт. Карпат, Пиреней, Альп тоолорун&shy;да ал топурактардан башка тоонун күл топура&shy;гы (1000–1600 ''м'' бийиктикте) улам жогорула&shy;ган сайын тоо-шалбаа топурагы м-н алмашат. С у б т р о п и к т и к а л к а к т а жайгашкан Түш. Е-га ж-а Крымдын түш. жээгине дайыма жашыл ксерофиттик токойлордун ж-а бадал&shy;дардын астында күрөӊ топурактар өөрчүгөн; бул топурак чириндиге байлыгы (4–7%) ж-а бүт профили б-ча карбонаттуулугу м-н өзгөчөлөнөт. Нымдуу аймактарда бул топурак жуулма ре&shy;жимде болуп, карбонаттар кыйла тереӊдикке
чейин жуулуп кетет. Балкан ж. а-нын баты&shy;шында ж-а Апеннин ж. а-нын түш.-чыгышын&shy;да ж. б. жерлерде «терра росса» (карбонаттуу
тоотектердин үбөлөндү продуктулары) кеӊири таралган. Алар өтө карбонаттуу кызыл ренд&shy;зиндерди пайда кылат. Жер Ортолук деӊиз ай&shy;магынын кыйла кургакчыл жерлеринин бадал&shy;дуу формацияларынын астында бозомук-күрөӊ топурактары өөрчүгөн. Балкан ж. а-нын тоо аралык түздүктөрүндө, негизги кристаллдык тектердин үбөлөндү продуктуларында өтө ты&shy;гыз түзүлүштөгү, чириндиге жарды, өӊү кара смолница топурагы пайда болгон. Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолорундагы тоонун күрөӊ топурагы бийиктеген сайын тоо токоюнун ко-
ӊур топурагы м-н алмашат. Е-нын топурак-кыр&shy;тышынын ичинен кара, токойдун коӊур ж-а боз, о. эле күрөӊ топурактары дыйканчылыкта ке-
ӊири, тундра, жарым чөлдүн коӊур топуракта&shy;ры бир аз пайдаланылат; ал эми арктикалык топурак дээрлик пайдаланылбайт.
Е-нын ө с ү м д ү к т ө р ү флоралык курамы
б-ча Голарктикага кирет. Материктер ортосун&shy;дагы байыркы ж-а азыркы байланыштардын негизинде Е-нын флорасында Азияныкына, Африк аныкына ж-а Түн. Американыкына мүнөздүү тукумдар, уруулар ж-а түрлөр кезде&shy;шет. Ал эми эндемиктер салыштырмалуу аз. Е-га өсүмдүктөрдүн төмөнкү типтери мүнөздүү: тундра, бореалдык же тайга, неморалдык (жазы жалбырактуу ж-а ийне-жазы жалбырактуу то&shy;койлорду ж-а алар м-н байланыштуу бадалдуу ж-а чөл өсүмдүктүү жалпылыкты камтыйт), талаа, чөл, субтропиктик бадал-дарак өсүмдүк&shy;төрү. Булардын ичинен эӊ кеӊири таралганы токой тибиндеги өсүмдүктөр, эӊ аз таралганы – тундра ж-а чөл өсүмдүктөрү. Арктикалык, суб&shy;арктикалык ж-а бореалдык кеӊдиктерде океан&shy;дык климаттуу ж-а мелүүн континенттик ай&shy;мактардын ортосундагы өсүмдүктөрдүн зоналык тиби б-ча айырма анча байкалбайт. Кыйла тө&shy;мөнкү кеӊдиктерде ал айырма даана байкалат: климаты океандык аймактарда тайга токоюнан түштүгүрөөктө ийне ж-а жазы жалбырактуу аралаш токой, жазы тилкени түзгөн жазы жал&shy;бырактуу токой таралган. Ал токойлор субтро&shy;пик алкагында ксерофилдик дайыма жашыл ж-а дайыма жашыл-жалбырагын күбүүчү ара&shy;лаш токойлор ж-а бадалдар м-н алмашат. Ал эми климаты мелүүн континенттик аймактар&shy;да тайгадан түштүгүрөөктө жазы ж-а ийне жал&shy;бырактуу, жазы жалбырактуу токойлор кууш тилкени түзүп, түштүктү ж-а түш.-чыгышты карай токойлуу талаа, талаа, жарым чөл ж-а
чөл м-н алмашат (Крымдын түш. жээгинде суб&shy;тропиктик өсүмдүктөрдүн элементтери кездешет). Е-нын аймагында азыр табигый ландшафт дээрлик жокко эсе; тундра м-н тоонун ландшафт&shy;тары ж-а фаунасы гана салыштырмалуу азы&shy;раак өзгөрүүгө дуушарланган. Мурда негизинен эмен ж. б. дарак өсүмдүктөрүнөн турган жазы жалбырактуу токой текши тилкени түзүп,
түндүгүндө ийне жалбырактуу токойго, түш&shy;түгүндө жер ортолук деӊиз тибиндеги сейрек токойго өткөн. Токой б. з. ч. 5-к-дан эле Грекия&shy;да кыйылып жок кылына баштаган; кийин бул процесс Түш. ж-а Ортоӊку Е-нын башка жерле&shy;ринде да кеӊири кулач жайган. Токойдун ту&shy;руктуу жок кылына башташы табигый биотоп&shy;тун бир бүтүндүгүн бузуп, аймактын табигый фаунасына ж-а флорасына терс таасир тийгиз&shy;ген. А р к т и к а л ы к т у н д р а ж-а ч ө л ландшафттары Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаӊы Жер а-нда таралган. Өсүмдүктөрдөн эӊилчек, мамык чөп, чөп өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү (таш жаргы, каз таман ж. б.) ж-а ба&shy;далдар (дриада, уюл талы ж. б.) мүнөздүү. Арк&shy;тикалык чөл (өсүмдүк өспөгөн таштак жерлер) да кыйла аянтты ээлейт. Н а к т а т у н д р а континенттин түн. ж-а Жаӊы Жер а-нын түш. жээктерин ээлейт, өсүмдүк түрлөрүнө салыштыр&shy;малуу бай келип, кыйла текши каптаган. Мында мамык чөп-эӊилчектүү тундра (күрөӊ ж-а жа&shy;шыл мамык чөптөр, эӊилчектерден ягель ж. б.
үстөмдүк кылат, о. эле айрым чөп өсүмдүктөр –
драба, бетеге, кызгалдак, таш жаргы кездешет), бадалдар (водяника, казанак) ж-а жапалак ба&shy;далдар (жапалак кайыӊ, уюлдук ж-а тегерек жалбырактуу тал) үстөмдүк кылат. Ашыкча нымдуу жерлеринде саздар кездешет. Исландия&shy;нын, Скандинавиянын тоолорунда, Уралда тоо тундрасы (түндүктө 300–500 ''м''ден, түштүктө 1000–1100 ''м'' бийиктиктен жогору) өзүнчө алкак&shy;ты түзөт. Тундра өсүмдүктөрү түштүктө т о к о й&shy;л у у т у н д р а г а өтөт; ага тундранын, саздардын ж-а жапыз өскөн сейрек токойдун (чыгышында карагай, батышында кайыӊ, кы&shy;зыл к арагай үс тө мдүк к ыл ат) айк ал ышы мүнөздүү. Бул токойлордо мамык чөп-эӊилчектүү ж-а бадалдуу ярустар (ит бүлдүркөн, кара моюл, аюу мөмө, водяника) даана байкалат. Тоолордо мындай токойлор (түндүгүндө 300–400 ''м''ден, түштүгүндө 900–1000 ''м'' бийиктикке чейин) өзүнчө
өсүмдүк алкактарын пайда кылат. Исландияда кайыӊ токою шалбаа ж-а саздар м-н айкалы&shy;шат. Тундра өсүмдүктөрү айрым жерлерде бугу жайыты катары пайдаланылат. Т а й г а түштүктө болжол м-н 57–58° түн. кеӊдиктерге
чейин жеткен жазы тилкени ээлейт. Анда ийне
жалбырактуу токой – чыгышында сибирь ка&shy;рагайы, көк карагайы ж-а кара карагайы, ба&shy;тышында – европа карагайы, кадимки кызыл карагай үстөмдүк кылат. Урал өндүрүндө, зона&shy;нын түндүгүндө Скандинавияга чейин, о. эле кедрлүү кызыл карагай токою басымдуу. Ным&shy;дуу жерлерде бул токойлордун астында мамык
чөп, кара моюл, ит бүлдүркөн, вереск, кислица,
кургакчыл жерлерде эӊилчек үстөмдүк кылат. Ийне жалбырактуу токойлордон сырткары кайыӊ ж-а байтерек токойлору да кездешет; алар көбүнчө алгачкы токой массиви кыйылып же
өрттөнүп кеткен жерлерде өсөт. Тайга токою&shy;нун түн. чет-жакаларында – Фенноскандияда жерг. кайыӊ токою бар. Тайга зонасындагы
өсүмдүктөрдүн башка типтеринен жайылма шалбаалары, казанак, кидик дан куурай, клюк&shy;ва, кара моюл өскөн сфагн саздары, чөп
өсүмдүктөрү өскөн токой саздары кездешет.
Скандинавия тоолорунда ж-а Уралда тайга то&shy;кою тоо өсүмдүктөрүнүн төмөнкү алкактарын түзөт.
Тайга өсүмдүк ресурстарына бай: андан целлю&shy;лоза-кагаз, хим. ж-а курулуш ө. ж-лары үчүн жыгач даярдалат; тайгада териси баалуу жаны&shy;барларга (тыйын чычкан, суусар, арыс, түлкү, ак коён ж. б.) аӊ ууланат, жапайы айбанаттар&shy;дын ж-а куштардын (багыш, рябчик, каракур, кереӊкур ж. б.) эти даярдалат, табигый өсүмдүк&shy;төрдүн (ит бүлдүркөн, кара моюл, карагат, че&shy;тин, моюл ж. б.) мөмөлөрү ж-а козу карын жый&shy;налат. Тайганын шалбаалуу жерлери негизинен бодо мал үчүн жайыт катары пайдаланылат.
Ж а з ы ж-а и й н е ж а л б ы р а к т у у а р а л а ш т о к о й тайгадан түштүктө Скандинавиянын түштүгүнөн Уралга чейин со&shy;зулуп жатат. Балтика бою өлкөлөрүнүн, Бело&shy;руссиянын аймактарында, Чыгыш Европа түздү&shy;гүнүн борб. бөлүгүнүн батышында аралаш то&shy;кой эӊ жазы тилкени түзөт. Нижний Новгород ш-нан чыгышты карай аралаш токой тилкеси
өтө кууштайт. Зонада ийне ж-а жазы жалбырак&shy;туу (эмен, ак чечек, жөкө дарак) токой аралаш
өсөт. Кум топурактуу жерлерде кызыл карагай токоюнун ири массивдери бар. Е-да ж а з ы ж а л б ы р а к т у у т о к о й зор аймакты ээлейт. Ал Батыш Е-нын тоолордон башка бүт аймагын ээлеп, түндүгүндө тайга ж-а аралаш то&shy;койго, түштүгүндө субтропикке (болжол м-н 40° түн. кеӊдикке) чейин жетет. Карпаттан чыгыш&shy;ты карай жазы жалбырактуу токой тилкеси өтө ичкерип, Урал өндүрүнө чейин созулат, анда зонанын түш. чеги 53–54° түн. кеӊдиктерден
өтөт. Жазы жалбырактуу токой өсүмдүктөрүнүн ичинен эӊ кеӊири таралганы – эмен. К л и&shy;м а т ы о к е а н д ы к а й м а к т а р д а эмендин саптуу эмен, аска эмени (чыгышта Түш. Буг д-на чейин жетет) ж. б. түрлөрү нукура эмен токоюн же кайыӊ (Британ а-нда, Бельгияда, Нидерландда), кадимки граб, жөкө дарак, бук (негизинен Батыш Е-да) аралаш эмен токоюн түзөт. Нукура бук токою дөбө-дөӊсөөлөрдүн кап&shy;талдарында, тоолордун төмөнкү алкактарында, кышы салыштырмалуу жылуу, абасы өтө ным&shy;дуу, бирок топурак кыртышы ашыкча нымдуу болбогон жерлерди ээлейт. Түш. аймактарда, негизинен Францияда каштан токою таралган. Атлантика бою аймагындагы жазы жалбырак&shy;туу токойдун астында дайыма жашыл өсүмдүк&shy;төрдүн түрлөрү – падуб, самшит, лианалар – плющ өсөт. Кумдуу ж-а таштуу топурактарда
(Франциянын түн.-батышында, Британ а-нда, Ортоӊку Е. түздүгүндө) верещатниктер, чөп
өсүмдүктүү ж-а чөп-мамык чөптүү саздар, ал эми
Түндүк деӊиздин жээктеринде ''марштын'' шор&shy;дошкон шалбаасы кеӊири таралган. Тоо арасын&shy;дагы түздүктөрдө (Чехия, Орто Дунай түздүгүндө) токой талаага айланып кеткен, айрым жерле&shy;ринде шалбаалуу талаа кездешет.
Чыгыш Е-нын к л и м а т ы м е л ү ү н
к о н т и н е н т т и к аймактарында каштан ж-а бук токойлору кездешпейт; Крымда гана чы&shy;гыш бук тоо токою бар. Мында саптуу эменден сырткары жөкө дарак, ак чечек, байтерек, кара жыгач, ал эми бадалдуу ярусунда – лещина, бересклет, шилби өсөт. Токойдун төмөнкү ал&shy;кактарын 1600–2100 ''м'' бийиктикке чейин жазы ж-а ийне жалбырактуу тоо токою ээлейт; алар улам жогорулаган сайын субальп бадалдарына ж-а шалбаасына, бийик тоолордо альп шалбаа&shy;сына өтөт. Айдоо жерлерди, бак-дарактарды, түш. аймактарында жүзүмзарды кеӊейтүү мак&shy;сатында токой өсүмдүктөрүнүн ири аянттары кыйылып жок кылынган. Токойду калыбына келтирүү максатында жазы жалбырактуу дарак&shy;тардын (айрыкча буктун) ордуна ийне жалбы&shy;рактуу дарактар (кызыл карагай, карагай) же тез өсүүчү жазы жалбырактуулар (терек) отур&shy;гузулган. Субальп ж-а альп шалбаалары жай&shy;кы жайыт катары кеӊири пайдаланылат.
Е-нын мелүүн континенттик климаттуу ай&shy;мак тарында жазы жалбырактуу токой дон түштүгүрөөк т о к о й л у у т а л а а созулуп жатат. Анда жазы жалбырактуу токой (неги&shy;зинен суу бөлгүчтөрдө) шалбаалуу талаа м-н айкалышып жатат; салыштырмалуу нымчыл дүйүм чөптөр (каз таман, сенеция, анемона, көк шимүүр, адонис) басымдуу. Андан да түштүгү&shy;рөөктө чымдуу кылкан өсүмдүктөрү (ак кыл&shy;кандын түрлөрү, бетеге) үстөмдүк кылган н а к&shy;т а т а л а а таралган. Накта талаадан түштүккө, салыштырмалуу кургакчыл аймак&shy;тарда – Украинанын түштүгүнө, Крымдын түндүгүнө, Төмөнкү Волга боюна к у р г а к (т ү ш т ү к) т а л а а мүнөздүү; анда шыбак, ак кылкан, бетеге, буудайык, тырса суйдаӊ өсөт. Е-нын четки түш.-чыгышын суйдаӊ шыбактуу ж-а баялыштуу жарым чөл ж-а чөл ээлейт. Кара ж-а каштан топурактуу талаа дээрлик бүт ай&shy;далып, ал жерлерге буудай, жүгөрү, кант кы&shy;зылча, күн карама ж. б. өстүрүлөт. Талаанын табигый өсүмдүктөрү негизинен коруктарда гана сакталып калган. Жарым чөл ж-а чөл зонала&shy;ры жайыт (негизинен кой жайыты) катары пай&shy;даланылат.
Е-нын субтропиктик бөлүгүндө түздүктөрдө
ж-а тоо этектеринде жайкы кургакчылыкка ба&shy;йырлашкан к с е р о ф и л д и к д а й ы м а ж а ш ы л т о к о й ж-а б а д а л д а р таралган. Ал токойлордо таш, кермес ж-а ты&shy;гын эмендери, алеп, приморье ж-а италия кы&shy;зыл карагайы үстөмдүк кылат. Токой бадалдарга бай, токой ичиндеги чөп өсүмдүктөрү жай мез&shy;гилинде толук куурап калат. Бадал формация&shy;ларынын ичинен эӊ кеӊири таралганы: ''маквис'' (филлирея, мирта, ладанник, мисте, асыл лавр, жапайы болуп кеткен зайтундан турат); паль&shy;митос (Е-дагы жапайы хамеропс пальмасынын жалгыз өкүлү; Пиреней ж. а-нын түштүгүндө, Балеар а-нда, Сицилияда); гарига (мында көбүн&shy;чө таштак жерлердеги бадал тибиндеги кермес
эмени үстөмдүк кылат); томиллари (Пиреней ж. а-нын кургакчыл ички бөлүгүндөгү тимьян, лаванда ж. б. эфир майына бай өсүмдүктөр); шибляк (негизинен жалбырагын күбүүчү, о. эле дайыма жашыл бадалдар); фригана (жапыз өс&shy;көн тикендүү бадалдардан ж-а катуу чөптөр&shy;дөн турат; Балкан ж. а-нын ички ж-а чыгыш аймактарында). Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолуу бөлүгүндө дайыма жашыл токой ж-а ба&shy;далдар алкагынан (түндүгүндө 300–400 ''м''ден, түштүгүндө 800–1000 ''м''ден) жогору жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу (эмен, бук, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, көк карагай, кызыл карагай, атлантика кедри) токой алкак&shy;тары жайгашкан; алар эӊ бийик тоолордо кууш тилкелерди түзгөн субальп ж-а альп алкакта&shy;рына өтөт. Жер Ортолук деӊиз аймагынын то&shy;кой, бадалдарынын басымдуу бөлүгү адамдар&shy;дын аракеттеринен же өрттөн жок болуп кет&shy;кен. Азыр алардын ордун буудай, жүгөрү, цит&shy;рус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы, тыгын эмени, жүзүмзар, бак-дарак, парктар ээлейт; Пиреней ж. а-нын түш.-чыгышында курма пальмасынын Е-дагы жалгыз плантациясы жайгашкан. Эчки, койдун ыксыз көп жайылуусунан тоолордун
өсүмдүктөрү да өтө өзгөрүп кеткен.
Е. Голарктика зоогеогр. аймагына кирет. Е-нын көп бөлүгү Европа-Сибирь, түн. чети Арктика, Жер Ортолук деӊизге жакын жаткан жерлери жер ортолук деӊиздик, Каспий бою ойдуӊу Борб. Азия аймактарына таандык. Та&shy;бигый ресурстарды кеӊири пайдалануунун на&shy;тыйжасында (токой кыюу, ачык аянттарды айдоо ж. б.) айбанаттардын түрлөрү ж-а тара&shy;лышы кескин өзгөргөн. Мурда көп кезиккен айбанаттар азайып, же биротоло жоголуп, алар&shy;дын ордуна башка жаныбарлардын түрлөрү көбөйө баштады. Тундра ж-а токойлуу тундра&shy;да ак түлкү, алагуш, ак ж-а тундра кекилиги, ак үкү, таажылуу торгой; деӊиз жээктеринде ак
чардак, түрдүү каздар, түлөн ж. б. кездешет. Токой зонасында – багыш, каман, түлкү, ка&shy;рышкыр, күрөӊ аюу, жапайы мышык, кирпи, кемчет, ак ж-а сур коён; канаттуулардан – ка&shy;рабоор, кереӊкур, вальдшнеп, сагызган, күкүк,
чаркарга, үкү, таркылдак, көк чымчык, бүркүт,
карчыга; Чыгыш Европа токойлорунда булар&shy;дан башка киш, суусар, тыйын чычкан, коён,
момолой; Батыш Европа токойлорунда асыл бугу, элик, коён, чээнчилдер кезигет. Талаа ж-а токойлуу талаа зоналарында кемирүүчүлөр ж-а туяктуулар көп: бөкөн (чыгышында), сары чыч&shy;кан, сур коён, суур, кош аяк, момолой, аламан (хомяк); канаттуулардан – торгой, тоодак, боз кекилик, безбелдек, бөдөнө, ак кулаалы. Жер Ортолук деӊиздик зонада – пиреней ж-а альп тоо эчкиси, аркар, жейрен, альп сууру, чүткөр, кирпи; Пиреней ж. а-нын түш. жагында май&shy;мылдардын тукумуна кирүүчү куйруксуз мака&shy;ка (магот) бар. Канаттуулары: тоо тааны, кар&shy;лыгач, чабалекей, көкшалкы, таранчы, көк са&shy;гызган, көк жору.
 
==Антропологиялык курамы. ==
Е-да 44 өлкө жай&shy;гашкан. Анын калкынын жалпы саны 804 млн (2005). Е-нын дээрлик бардык калкы епропеоид расасына кирет. Ал бир нече майда расаларга бөлүнөт: атлантика-балтика (Скандинавия
өлкөлөрүнүн, Улуу Британия, Ирландия, Ис&shy;ландия, Нидерланд, Түн. Германия, о. эле Эсто&shy;ния, Латвиянын калкын камтыйт), орто европ. (Батыш Е-нын борб. бөлүгүнүн, КМШнын евро&shy;па бөлүгүнүн калктары), балкан-кавказдык (Босния ж-а Герцеговина, Македония, Хорва&shy;тия, Словения, Сербия ж-а Черногория, Түн. Гре&shy;кия, Австриянын түштүгү, Италиянын түндүгү, Кара деӊизден батышта, чыгышта ж-а түндүктө жашаган калктар), инди-жер ортолук деӊиздик (Испания, Италиянын басымдуу бөлүгү, Фран&shy;ция, Түш. Грекия, Жер Ортолук деӊиздин арал&shy;дары), ак деӊиз-балтикалык (Литва, бир аз Латвия, КМШнын европ. бөлүгүнүн түндүгү бүт) ж-а уралдык (лопари, коми, мари, мордва, уд&shy;мурт).
 
==Этностук курамы. ==
Е. элдеринин басымдуу көпчүлүгү индиевропалык тил уясына кирген бир нече топко (славян, балтика, герман, кельт, роман, грек, армян, иран о. эле индиарий тил топтору) бөлүнөт. Славяндар Чыгыш ж-а Түш.
Чыгыш Е-ны мекендешип, чыгыш, батыш ж-а
түш. топчолорунан турат. Чыгыш славяндарга орустар, украиндер (русиндер), беларустар; ба&shy;тыш славяндарга поляктар ж-а кашубдар, чех&shy;тер, словактар, лужистер; түш. славяндарга бол&shy;гарлар, македондор, словендер, сербдер, хорват&shy;тар, босниялыктар, черногориялыктар кирет. Балтика тилдер тобуна литвалыктар, латыштар таандык. Герман тилдер тобундагы элдер неги&shy;зинен Борб. ж-а Түн. Е-да жашашып, батыш ж-а түн. топчолоруна бөлүнөт. Батыш топчосуна немистер, австриялыктар, герман-швейцария&shy;лыктар, люксембургдуктар, эльзастыктар ж-а лотарингиялыктар, нидерланддар (голланддар), фламанд, фриз, идиш (европадагы еврей тили), англис тилдүү (англичандар, шотланддар ж-а англ ж-а шотланд-ирланддар) элдер ж. б.; Түн. топчосуна дандар, фарерлер, шведдер, норвегдер, исланддар кирет. Кельт тилдер тобундагы эл-
ислам, еврейлер иудаизм динин тутушат.
Европанын саясий бөлүнүшү
* Азиялык бөлүгү м-н бирге
 
Ад.: ''Ерамов Р. А''. Западная Европа. М., 1960; ''Доб&shy;рынин Б. Ф''. Физическая география Западной Европы. М., 1948; ''Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А''. Физиче&shy;ская география СССР. Общий обзор. Европейская часть СССР. Кавказ. М., 1969; ''Магидович И. П''. История исследования Европы. М., 1970; Физическая геогра&shy;фия материков и океанов /Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; ''Романова Е. П''. Современные ландшафты Европы. М., 1997; ''Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н''. Физическая география материков и океа&shy;нов. М., 2004. ''Ө. Бараталиев. Ш. Керимова.'' [[Категория:3-том, 172-214 бб]]
 

09:20, 21 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЕВРО́ПАЮпитердин табигый жандоочусу. Аны 1610-жылы италиялык окумуштуу Г. Галилей ач­кан. Юпитерге чейинки аралыгы 671 миӊ км, диаметри 3140 км, сидерикалык айлануу мезги­ли 3 сут 13 с 18 мин, орбитасынын эксцентри­ситети е=0,000, жантаюусу i=0,01°, орточо тыгыз­дыгы 3,07г/см3. Атмосферасы бар.