'''ЕГИ́ПЕТ , '''Е г и п е т А р а б Р е с п у б л и к а­с ы – Африканын түн.-чыгышындагы ж-а Азия­нын Синай ж. а-ндагы өлкө. Суэц булуӊундагы ж-а Кызыл деӊиздеги айрым чакан аралдар да Е-ке таандык. Түндүгүнөн Жер Ортолук деӊиз,
'''ЕГИ́ПЕТ''' Б а й ы р к ы – Африканын түндүк-чыгы­шында, Нил дарыясынын төмөнкү аймагындагы ба­йыркы мамлекет. Египеттин аймагы – б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта түзүлгөн цивилизациянын эӊ байыркы очокторунун бири. Египет аймагында адам баласы ''палеолит'' доорунда эле жашаган. Ба­йыркы көчмөн уруулар жемиш чогултуп, аӊчылык кылышкан, кийинчерээк балык уулай башташкан. Алардын арасында протосемит, бербер ж-а кушит уруулары болгон, алар өз ара аралашып, натыйжада б. з. ч. 4-миӊ жылдык­ка карата египет эли калыптанат. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын орто ченинде Төмөнкү Египет ж-а Жогорку Египет падышалыгы пайда болот. Б. з. ч. 3000-жылдар ченде Түштүктүн падышасы Менес (Мена) Төмөнкү Египетти басып алып, бир падышалык­ка бириктирген. '''Алгачкы падышалык''' мезгилде (б. з. ч. 3000–2800-жылдар чен, алгачкы эки динас­тия башкарган) сугат чарбасы, жез куралдары, карапа жасоо өнөрү өнүгүп, соода-сатык кеӊей­ген; мамлекеттик аппарат түзүлүп, административдик округдар (ном­дор) бөлүнүп чыккан, талоончул жортуулдар жасалып турган. '''Байыркы падышалык''' (б. з. ч. 2800–2250-жылдар чен) Жосер династиясынын сура­гы м-н башталган. Бул мезгилде айыл чарба, соода, кол өнөрчүлүк андан ары өнүгүп, туруктуу аскерлер пайда болот. Байыркы падышалык мезгилдин аяк ченинде номдордо жергиликтүү ак сөөктөр күчтө­нүп, борбордук бийликке каршы чыккан. Египеттин ал­гачкы ыдыроо мезгилинде (б. з. ч. 2250–2050-жылдар
чыгышынан Кызыл деӊиз, Суэц, Акаба булуӊ- дары м-н чулганып, батышынан Ливия, түш­түгүнөн Судан, түн.-чыгышынан Израиль ж-а
[[File:ЕГИПЕТ13.png | thumb | none]]
[[File:ЕГИПЕТ28.png | thumb | none]]ченде) өлкө өз ара касташкан номдорго ж-а май­да мамлекеттерге бөлүнүп (б. з. ч. 23–22-кылымдар), чар­басы бүлүнгөн. Өлкө кийин (2050-ж. ченде) Мен­тухотеп IIнин тушунда гана кайрадан бириккен. '''Ортоӊку падышалык '''мезгилинде (б. з. ч. 2050– 1700-жылдар ченде) XII династия башкарган. Файюм оазисинде ири сугат иштери жүргүзүлүп, жез куралдары колдонулган. Кулдардын эмгеги пай­даланылган. Өз ара согуштар көп болуп, Аме­немхет IIIнүн мезгилинде (б. з. ч. 19-кылымдын 2- жарымы) гана борбордук бийлик бекемделген. Мүлк­түк теӊсиздиктин күчөшү элдик көтөрүлүшкө
Палестина м-н чектешет. Е. Европа, Америка
өлкөлөрүн Азия ж-а Чыгыш Африка өлкөлөрү м-н байланыштырган эл аралык аба ж-а деӊиз жолдорунун кесилишинде жайгашкан. Е-тин аймагынан Атлантика океанын Инди океаны м-н туташтырган кыска деӊиз жолу – Суэц ка­налы өтөт. Аянты 1001,4 миӊ ''км''2 (анын 96%и
чөлдүү аймак). Калкы 72,5 млн (2007). Мамл. тили – араб тили. Акча бирдиги – Е. фунту. Борбору – Каир шаары. Адм. жактан 27 муха­фазага (губернаторлукка) бөлүнөт (к. табли­цаны).
Е. – БУУнун (1945), ЮНЕСКОнун, Африка сою­зунун (1963), Араб өлкөлөр лигасынын (1945),
Ислам конф-я уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1945) ж. б. уюм­дардын мүчөсү.
Таблица бар

Таблица бар

==Мамлекеттик түзүлүшү. ==
Е. – унитардык рес­публика. Конституциясы 1971-ж. кабыл алын­ган. Башкаруу формасы – президенттик респуб­лика. Мамлекеттин ж-а аткаруу бийлигинин башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийли­ги Элдик жыйынга ж-а Консультациялык ке-
ӊешке таандык. Аткаруу бийлиги премьер-ми­нистр башында турган өкмөт (министрлер сове­ти) тарабынан да ишке ашырылат. Бийликтин президентке ж-а өкмөткө да көз каранды эмес жалгыз бутагы – сот системасы.
Е-ке көп партиялуу система мүнөздүү. Негиз­ги саясий партиялары: Улуттук демокр. партия, Социалисттик эмгек партиясы, Либералдык-со­циалисттик партия ж. б.
==Табияты. ==
[[File:ЕГИПЕТ29.png | thumb | Луксор храмы (Сфинкстер аллеясы). XVIII династия, ХХХ династия.]]
Өлкөнүн субтропик ж-а тропик кеӊ- диктериндеги абалы жаан-чачындын аз жаа­шы климатынын кургакчыл, чөл ж-а жарым
алып келген. '''Египеттин экинчи жолку ыдыроо мез­гилинде '''(б. з. ч. 1700–1580-жылдар ченде) 1700-жылы Египетке түндүк-чыгыштан гиксос уруулары басып кирип, өлкөнүн көп бөлүгүн 110 жыл бийлеп турушкан. Аларды XVII династиянын негиздөө­чүсү Яхмос I (Амасис) 1580-жылы ченде Египеттен кууп чыккан. '''Жаңы падышалыктын''' (б. з. ч. 1580–1070-жылдар ченде) убагында коло кеӊири пай­даланылып, темир буюмдар пайда болгон, ме­талл иштетүү техникасы өркүндөп, жеке кул ээлик күчөгөн. Яхмостун мурасчылары Тутмос I, Тутмос II, Аменхотеп II Сирия, Палестина ж. б. жерлерди басып алышкан, Вавилон, Хетт па­дышалыгы ж. б. мамлекеттер м-н дипломатиялык мами­ле түзгөн. Бирок, фараондор м-н жрецтердин өз ара күрөшүнөн начарлаган Египет 14-кылымдын 1-жары­мында түндүктөгү бардык жерлеринен ажырап калган. XIX династиянын көрүнүктүү өкүлү Рамсес IIнин тушунда Египет Сириянын айынан хет­тер м-н согушуп, натыйжада Палестина м-н Түштүк Сирияны кошуп алган, бирок, XX династиянын сурагынын аяк ченинде Сириядагы ж-а Куштун
чөл ландшафттарынын басымдуу болушуна
шарт түзгөн. Чарба тиричилиги негизинен Нил­дин өрөөнүн ж-а дельтасын (өлкөнүн аянтынын 3%ке жакыны), оазистерди, о. эле айрым деӊиз жээктерин ээлейт. Жер Ортолук деӊиз жээги Нилдин дельтасынан 1000 ''км'' батышты карай жапыз, таштак, жардуу, дельтадан чыгышты
[[File:ЕГИПЕТ14.png | thumb | Нил өрөөнүндөгү оазис .]]
өндүрлөр, дельтасынын өзү жапыз лагуналуу. Кызыл деӊиздин жээги (уз. 1900 ''км''дей) негизи­нен тик капталдуу бийик тоолор м-н чектеш­кен кууш пляждуу тилке. Жээгин деӊизден ко­ралл рифтүү жазы тилке бөлүп турат.
түш. аймактарындагы жерлеринен ажыраган, ал эми Рамсес XIIнин тушунда (б. з. ч. 1070-жылдар чен­де) Фивыдагы бийлик иш жүзүндө Амон куда­йынын жогорку жреци Херихордун колуна өт­көн. '''Кеч ж-а перс мезгилинде '''(б. з. ч. 1070– 332-жылдар ченде) Египеттин бардык жеринде темир ку­рал урунуу, акча жүгүртүү өнүгөт. 11-кылымдын ая­гы – 10-кылымдын башында Египет дагы ыдырап, 8-кылымдын 2-жарымында Куштун (XXV династия), ал эми 671-жылдан ассириялыктардын бийлигине өтөт. Саистин башкаруучусу Псамметих Iнин тушунда Е. Ассирия бийлигинен кутулат, би­рок б. з. ч. 525-жылы кайрадан перстерге көз ка­ранды болот, 404-жыл ченде алардан убактылуу бошонот. Б. з. ч. 332-жылы Египетти ''Александр Ма­кедонский'' биротоло каратып алат. '''Грек-Рим мезгилинде '''(б. з. ч. 332 – б. з. 395-жылы) Египет эллин­дик (к. ''Эллинизм'') дүйнөнүн бир бөлүгүнө айла­нат, анда кол өнөрчүлүк м-н сооданын жаӊы борборлору пайда болот, соода байланышы кеӊийт. Б. з. ч. 2-кылымдын аягында Египет экономикалык ж-а саясий кризиске учурайт, б. з. ч. 30-жылда Египет Рим империясынын провинциясына айланат. Рим империясы бөлүнгөндөн кийин (б. з. 395-жылы) Византиянын курамына кирет. 619-жылы аны Персия падышасы Хосров II кара­тып алат. 639–642-жылдарда Египетти арабдар басып алат (к. ''Египет'').

Е-тин басымдуу бөлүгүн бийиктиги 300 ''м''ден
1000 ''м''ге жеткен платолор ээлейт; алар – ''Ливия''
кан. Кызыл деӊиз, Суэц ж-а Акаба булуӊдары грабендерин чектеп турган жаракалар Чыгыш Африка жаракалар системасына кирет. Плат­форманын калканында темир, цинк, коргошун, калай, молибден, хром, никель, берилий, тан­тал, ниобий, алтын, платформанын жабынды­сын түзгөн чөкмө тектерде фосфорит, темир, таш көмүр, марганец рудалары, о. эле гипс, кайнат­ма туз, курулуш материалдары, Суэц булуӊун­да нефть, газ кендери бар.

Климаты негизинен чөлдүү болгондуктан, аба­нын темп-расы сутка ичинде кескин өзгөрөт. Эӊ суук айы – январдын орт. темп-расы түндүгүндө 11–12°С, түштүгүндө 15–16°С, эӊ жылуу айы – июлдуку түндүгүндө 25–26°С, түштүгүндө 30– 34°С. Суткалык орт. темп-расынын жылдык
өлчөмү 7000–9000°С; мындай темп-ралык шарт
(эгерде ным жетиштүү болсо) жылына бир нече түшүм алууга мүмкүндүк түзөт. Бирок өлкөнүн ба­сымдуу бөлүгүндө жылына 100 ''мм''ге чейин гана жаан-чачын жаагандыктан, дыйканчылык сугат-
''чөлү'' (өлкөнүн 2/
бөлүгү), ''Араб чөлү, Нуби чөлү''.
ка муктаж. Жер Ортолук деӊиздин жээк зона-
Ливия чөлүнүн түндүгүндө ж-а чыгышында таш­туу (''хамада'') ж-а шагылдуу (''серир'') чөлдөр ба­сымдуу; аларга узатасынан (650 ''км''ге чейин) со­зулган кум жалчалары мүнөздүү: Ливия чөлүнүн батышында бархандарынын бийикт. 300 ''м''ге жеткен кумдуу чөл мейкиндиги жатат. Ливия ж-а Араб чөлдөрүнүн таштак платолорун Нил
[[File:ЕГИПЕТ15.png | thumb | Араб жарым аралындагы хамада (таштуу чөл).]]
'''Маданияты.''' Египеттин адабияты дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Ал б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын акырынан башталат. Эмгек ырлары Байыркы падышалык мезгилиндеги (б. з. ч. 3-миӊ жыл­дык) күмбөз беттеринен табылган. Адабияттын гүлдөп өнүгүшү Орто падышалык (б. з. ч. 21– 18-кылымдар) мезгилине туура келет. Күмбөз тактала­ры м-н дубал беттеринде, папирустарда ж-а ди­ний жыйнактарда («Пирамида тексттери», «Өлгөндөрдүн китеби») кудайларга жазылган гимндер сакталган. Египет адабиятынын көп сюжетте­ри байыркы грек, копт ж-а орто кылымдагы Чы­гыш адабияттарынан келип кирген.
Египетте ири шаарлар, чептер ж-а ирригациялык курулмалар тургузулган. Таш храмдар, ак са-
д. кесип өтөт; анын Е-тин аймагындагы уз. 1200 ''км''дей, жазылыгы түштүгүндө 1–3 ''км'', түн­дүгүндө 20–25 ''км''ге чейин. Платолор чыгышты карай акырындап, 2000 ''м'' бийиктикке чейин көтөрүлүп, Кызыл деӊизге ж-а Суэц булуӊуна тик түшөт. Түн.-чыгышындагы Синай ж. а. өл­көнүн эӊ бийик бөлүгү (2737 ''м'', Катерин чоку­су). Маанилүү түздүктөрү деӊиз жээктеринде, Нилге чектеш жерлерде, негизинен өлкөнүн түн.-батыш бөлүгүндө жайгашкан; анда деӊиз деӊгээлинен төмөн жаткан ойдуӊдар (Каттара, 133 ''м''; Файюм, 43 ''м'') бар.

Е. ''Африка платформасынын'' түн.-чыгышынан
орун алган. Өлкөнүн түш.-чыгыш зор бөлүгүн Нуби–Араб калканынын капталы ээлейт. Анда
Чыгыш чөлү тектон. көтөрүлүүсү, Нил синек­лизасы, Нуби антеклизасы, түн.-батыш бөлүгүн­дө Ливия-Синай перикратон ийилүү зонасы, түрдүү багыттагы тектон. жаракалар жайгаш­сында гана кыш мезгилинде жаан-чачындын
өлчөмү 200–400 ''мм''ге жетет. Жаз мезгилине түштүктөн же түш.-батыштан (Сахарадан) кур­гак ж-а ысык – х''амсин'' шамалы 50 күндөй өтө катуу согуп турат.

Өлкөнүн аймагы аркылуу туруктуу аккан дарыя ж-а калкты суу м-н камсыз кылуучу не­гизги булак – ''Нил'' дарыясы. Ал Чыгыш Афри­ка бөксө тоосунан башталып, Жер Ортолук деӊизге куят; Нил д-нын суусунун жарымы Юсуф д. аркылуу Биркет-Карун көлүнө куят.
Чатында аянты 24 миӊ ''км''2 болгон көп салалуу ж-а көлдүү дельтаны пайда кылат. Асуан пло­тинасы курулгандан кийин өлкөнүн түштүгүндө ири суу сактагыч (сыйымд. 164 млрд ''м''3) пайда болгон. Нилдин суусу жайдын аягы – күздө ки­рет; агымы негизинен плотиналар системасы ар­кылуу жөнгө салынып турат. Жер астындагы сууларга да бай, алар оазистерде кеӊири пайда­ланылат.

Климатынын өтө кургакчылдыгына байла­ныштуу топурак, өсүмдүктөрү начар өөрчүгөн. Маданий өсүмдүктөр ээлеген Нилдин өрөөнүнөн,
[[File:ЕГИПЕТ16.png | thumb | Асуан плотинасы.]]
[[File:ЕГИПЕТ32.png | thumb | none]]
13*
[[File:ЕГИПЕТ33.png | thumb | Гизадагы Египет пирамидаларынын комплекси (б. з. ч. 2540–2450).]]
райлар, өлүк коюучу жайларынын архитектурасы мо­нументтүүлүгү м-н айырмаланат. Байыркы па­дышалык доордо (б. з. ч. 3-миӊ жылдыкта) мар­кумдарга сыйынууга байланыштуу түз бурчтуу күмбөздөрдүн тиби (мастаба) ж-а пирамидалар (алгач формасы тепкичтүү – Саккарадагы Жосер пирамидасы, кийин классикалык фор­мада – Гизадагы Хеопс, Хефрен, Микерин пи­рамидалары) ж. б. формадагы колонналуу храм­дар, обелиск, сфинкстердин типтери түзүлөт. Мо­нумент скульптураларга (фараондордун статуя­лары) формасынын чоӊдугу, лаконизм, геомет­риялуулук мүнөздүү. Зыярат очогу болгон фа-
[[File:ЕГИПЕТ17.png | thumb | none]]
[[File:ЕГИПЕТ34.png | thumb | Жосер фараондун скульптурасынан фрагмент (б. з. ч. 2600-ж. чен; Каир, Египет музейи).]]
анын дельтасынан ж-а оазистерден башка ба­сымдуу бөлүгүндө өсүмдүктөр дээрлик жокко эсе. Начар өөрчүгөн скелеттүү топурактар, шор жер­лер кездешет. Нил д-нын өрөөнүндөгү ж-а дель­тасындагы топурак кыртышы өтө баалуу, ал байыркы ж-а азыркы аллювий тектеринде ка­лыптанып, суу ташкындаганда сиӊимдүү зат­тар м-н толукталат; бирок дыйканчылыгы су­гаруунун алаптык системасына туруктуу өтүү­сүнө байланыштуу минералдык жер семирткич­ке дайыма муктаж. Чөл ж-а жарым чөлдөрдө дан өсүмдүктөрүнүн ж-а ксерофит бадалдарынын айрым түрлөрү кездешет.
раондордун сөөгү коюлган храмдар өтө чоӊ ку­рулган. Ал храмдарды (Карнактагы, Луксордо­гу колонналуу залдар, кубаттуу пилондор, сфинкс аллеялуу храмдар) куруу Жаӊы пады­шалык доорунда (б. з. ч. 16–11-кылымдар) күч алат. Эх­натондун учурунда (б. з. ч. 1400-кылымдын 3-чейре­ги) рельефтүү композициялуу ж-а статуялуу зор храмдарды куруу (Карнакта, Абу-Симбелде, Ме­динет-Абуда) өнүгөт. Б. з. ч. 4-кылымдан Египеттин искусст­восу эллада сүрөт өнөрүнүн ж-а архитекту расынын ажырагыс бөлүгү катары кирет. Египетте 7-кылымдан жаӊы маданият калыптанат. Байыркы падышалык мезгилде (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) сакталып кал­ган ырчылар м-н аспапчылардын сүрөттөрү '''тар­тылган барелье'''ф Египетте музыка чоӊ мааниге ээ экен­дигин далилдейт. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыкка чейин эле Египетте хейрономия өнөрү болгон. Египеттин музыкалык ас­паптары: арфа, флейта, лира, лютня, барабан, систр ж. б. Египет музыкасынын жазма эстелик­тери сакталган эмес. Окумуштуулар музыкалык чыгар­малардын калдыктары копт элинин азыркы фольклорунда сакталып калган деп божомол­дошот.

Е-тин аймагы табиятынын өзгөчөлүктөрү б-ча төмөнкү физ.-геогр. райондорго бөлүнөт: Н и л ө р ө ө н ү – сугарылма маданий ланд­шафттуу регион. Н и л д и н д е л ь т а с ы н д а ирригациянын негизинде түзүлгөн маданий ланд­шафт көлдөр ж-а айрым саздак жерлер м-н айка­лышат. Л и в и я ч ө л ү – көчмө кумдар пайда кылган рельефтин формасына жараша калып­танган чөлдүү ландшафт. А р а б ч ө л ү ж-а Н у б и ч ө л ү н ү н т ү н д ү г ү – плато ж-а дөӊсөөлөрдүн тилмеленген жерлериндеги таш­туу ж-а шагылдуу чөлдөр. Ж е р О р т о л у к д е ӊ и з ж э э к т е р и – жер ортолук деӊиздик табияттын айрым элементтери мүнөздүү ж-а ма­даний ландшафтка көбүрөөк айландырылган түздүктүү аймак. С и н а й ж а р ы м а р а л ы – Суэц каналы ж-а Кызыл деӊиздин Акаба булу-
ӊу м-н чектешкен, мезгил-мезгили м-н агым пайда болуучу сайлар (уэддер) ж-а аларды бой­лой өскөн суйдаӊ өсүмдүктөр мүнөздүү жарым
чөлдүү аймак.
==Калкы==
. Негизги калкы (94%; 2005) египеттик­тер (арабдар). Алар негизинен Нил д-нын
өрөөнүндө ж-а анын дельтасында, Суэц кана­лын жээктей, оазистерде отурукташкан. Асуан­дан жогору, Нил өрөөнүндө – нубилер, Кызыл деӊиздин жээгиндеги чөлдөрдө көчмөн бедуин­дер, Сива оазисинде – берберлер, шаарларда, о. эле европалыктар м-н азиялыктар (армян­дар, сириялыктар, гректер, италяндар, француз­дар, англистер ж. б.) жашайт. 1960-жылдары төрөлүүнү чектөө б-ча мамл. программа түзүлгөн. Натыйжада 1960-жылдардан 1990-жылдарга
чейин төрөлүү 1000 адамга 46дан 28ге чейин, ал
эми өлүм-житим 20дан 8,5ке чейин кыскарган. 1990-жылдарда калктын табигый өсүүсүнүн жыл­дык орт. темпи 2% болсо, 2006-ж. 1,8%ти түзгөн. Калктын курактык структурасында эмгекке жа­рамдуу курактылар (15–64 жаштагылар) басым­дуу – 62,9%, 15 жашка чейинки өспүрүмдөр – 32,6%, 65тен ашкандар – 4,5%. Калкынын жа­шынын күтүлгөн орт. узактыгы 71,3 жыл (эркек­териники 68,8, аялдарыныкы 73,9 жыл). Шаар кал­кы 43,9%. Калкынын орт. жыштыгы: 1 ''км''2 жерге 73 адам. Экон. активдүү калктын 58%и тейлөө
чөйрөсүндө, 28%и а. ч-нда, 14%и ө. ж-нда иш­тейт. Мамл. дини – ислам. Ири шаарлары: Каир
[[File:ЕГИПЕТ18.png | thumb | none]]
[[File:ЕГИПЕТ19.png | thumb | Каирдин жалпы көрүнүшү.]]
(калкынын саны 7,9 млн; 2007), Александрия
(3,9 млн), Эль-Гиза (2,5 млн), Шубра-эль-Хейма
(1,0 млн), Порт-Саид (555 миӊ), Суэц (0,6 млн) ж.б.
==Тарыхы. ==
Е-тин Рим каратканга чейин тары­хын ''Египет'' Байыркы макаласынан кара.
Рим империясы кулагандан (395-ж.) кийин Е. Византиянын провинциясы болуп калат. Б. з. 7-к-нда Е-тин калкы христиан динин ка­был алат. 639–42-ж. арабдар басып алган соӊ,
өлкөдө ислам дини м-н араб тили жайылып, мад-ты бийик деӊгээлге жетет. Аббасиддер (9– 10-к.) халифаты кулагандан кийин Е. көз ка­рандысыздыкка жетип, Фатимиддер (969–1171) ж-а Айюбиддер (1171–1250) династияларынын тушунда экономикасы жогорулап, саясий жак­тан да бир топ кубаттанат. 1250-ж. Е-ти мам­люктар басып алат. Е. Осмон империясына ка­раган мезгилде (1517–1914) египеттиктер бош­тондук үчүн далай ирет күрөшкө чыгып, түрк султанынын бийлигин кыйла начарлаткан. Е. пашасы Мухаммед Алинин (1805–48) тушунда Е. өз алдынча мамлекет болуп турган.
19-к-дын ортосунда англ. ж-а франц. капи­талдын тарала башташы м-н Е-те абал татаал­дай баштап, Суэц каналын куруу учурунда айрыкча күч алат. 1879-ж. «Египет египеттик­тер үчүн» деген ураан м-н Е-тин тунгуч улуттук саясий уюму «Ватан» чыгат. 1881-ж. Ораби паша (Араби-паша) башында турган төбөлдөргө ж-а
чет элдик колониячыларга каршы Каир гарни­зону көтөрүлөт. Улуттук-боштондук кыймылы басылган соӊ, Е. Улуу Британия тарабынан ок­купацияланган. 1914-ж. Улуу Британиянын протектораты болуп жарыяланган.

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин улуттук­боштондук кыймылдын 1919–21-ж. күчөшүнөн улам, 1922-ж. Улуу Британия Е-ти көз каран­дысыз королдук деп таанууга аргасыз болот. Би­рок Улуу Британия Е. королунун ж-а анын өк­мөтүнүн тышкы ж-а ички саясатында үстөмдүгүн сактап, Суэц каналынын аймагында аскерлерин кармап турган. 1936-ж. Англия-Египет келиши­ми түзүлүп, Е-ке бир аз көбүрөөк укук берилген,
[[File:ЕГИПЕТ20.png | thumb | none]]
бирок бийлик Улуу Британиянын колунда кала берген.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Е-те улут­тук-боштондук кыймыл күч алат. 1948–49-ж.
Араб-Израиль согушунда Е. жеӊилүүгө дуушар болгон. Армияда Гамаль Абдел Насер башын­да турганЭркин офицерлер» деген жашыруун саясий уюм түзүлгөн. Ал уюм рев-ялык төӊкөрүштү
жетектеп, натыйжада 1953-ж. 18-июнда Е. респ. болуп жарыяланган. Өлкөдөн англ. аскерлер
чыгарылып, Суэц каналы мамлекеттештирил­ген. 1956-ж. Англия-Франция-Израилдин бир­гелешкен агрессиясына египет аскерлеринин каршылык көрсөтүүсүнүн натыжайсында агрес­сорлор өлкөдөн чыгууга аргасыз болот. 1967-ж.
«алты күндүк согуштун» жүрүшүндө Израиль Синай ж. а-н Суэц каналына чейинки Е. айма­гын басып алат. 1968-ж. Насер «30-март програм­масын» жарыялап, агрессияга каршы күрөшкө бардык каражатты жумшоого чакырган. Прези­дент Насердин өкмөтү бир топ социалдык-экон. реформаларды жүргүзгөн (к. ''Насер Гамаль Аб­дель''). Насер өлгөндөн кийин (1970) президент­тикке Анвар Садат (1971) келген. Бул учурда менчик капитал үстөмдүк кыла баштаган. 1973-ж. Е. «октябрь согушу» деп аталган согуш­тук аракеттерин баштап, Синай ж. а-н Израиль аскерлеринен акырындык м-н бошото баштаган. 1979-ж. Египет-Израиль тынчтык келишими­нин түзүлүшү м-н эки өлкөнүн ортосундагы чыр­чатак толук чечилген. 1981-ж. А. Садат мусул­ман фундаменталисттеринин жашырын тобунун («аль-Жихад аль-Жадид» – «Жаӊы Жихад») мүчөлөрү аркылуу өлтүрүлгөн. Анын ордуна кел­ген Х. Мубарак Ж. Чыгышты тынчтык зонасы­на айландыруу сунушу м-н дүйнөлүк коомчу­лукка кайрылган. 1982-ж. Е-ке Израиль тара­бынан Синай ж. а. толугу м-н (Таба анклавы 1989-ж.) кайтарылган. 1984-ж. Е. Ислам конф-я уюмуна кайрадан мүчө болуп калган. Иран-ирак согушунун (1980–88) жүрүшүндө Иракка колдоо көрсөтүп, Перс булуӊундагы өлкөлөр м-н ас­кердик, экон., саясий байланыштарын кеӊейт­кен. Е. тышкы саясатын көз карандысыз ба­гытта жүргүзүүгө умтулат.
==Экономикасы. ==
Е. – агрардык-индустриялуу өл­кө. 2006-ж. ИДПнин көлөмү 328,1 млрд АКШ долларын түзгөн (араб өлкөлөрүнүн ичинен Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), а. и. өнөр жайынын үлүшү 35,5%, а. ч-ныкы 14,7%, тей­лөө чөйрөсүнүкү 49,8%. Аны киши башына бө­лүштүргөндө 4200 доллардан туура келет. Валю­танын кыйла бөлүгү экспорттон, а. и. негизи­нен нефть м-н газдан (11,5 млрд доллар) ж-а эмгек мигранттары которгон акчадан түшөт.

Индустриялаштыруу процесси башталганга
чейин, 1960-жылдары Е-тин экономикасында а. ч. үстөмдүк кылган (азыр да а. ч-нда эмгек ресурсунун 40%ке жакыны иштейт). 1970-жыл­дары негизги экспорттук продукция пахта бол­гон, кийин алдыга нефть чыккан.

Е-тин аймагынын 97%ке жакынын чөл ээле­гендиктен, а. ч. бир нече оазисте гана өнүккөн. Кайрак жерлери негизинен Жер Ортолук деӊиз аймагындагы кууш тилкени гана түзөт. А. ч-га жарактуу жеринин жалпы аянты 3,3 млн ''га'' (өлкөнүн аймагынын 3,3%ин ээлейт), анын
[[File:ЕГИПЕТ21.png | thumb | Нилдин өрөөнүндөгү айыл ландшафты.]]
97%и Нилдин өрөөнүн ж-а дельтасын ээлейт. Күрдүү аллювий топурагы ж-а инсоляциянын узактыгы түрдүү а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтө ыӊгайлуу шарт түзөт. Бирок, дренаж система­сын түзүү анча жолго коюлбагандыктан, топу­рак кыртышын шор басуу проблемасы пайда бо­лууда. А. ч-га жарактуу жерин киши башына бөлүштүргөндө (0,45 ''га''; 2007) дүйнөдө акыркы орунду ээлегени м-н пахтага, күрүчкө, жашыл­чага, сүт продукциясына болгон ички муктаж­дыгын толук, канттын 80%ин, эттин 75%ин камсыз кылат. А. ч-нын негизги тармагы – су­гат дыйканчылыгы (а. ч. продукциясынын 75%тен ашыгын берет). А. ч-га жарактуу жер­дин 85%ке жакыны сугарылат (негизинен Нил­дин суусу м-н); ирригациялык каналдардын жалпы уз. 33,2 миӊ ''км'' (2005). Экспортко чыга­рылчу негизги а. ч. өсүмдүгү – ичке булалуу пах­та; аны даярдоо б-ча Е. дүйнөдө 1-орунда. Ан­дан сырткары шалы, бал камыш, о. эле буу­дай, ак жүгөрү (сорго), жүгөрү, буурчак, шаар айланасында жашылча-жемиш, оазистерде кур­ма пальмасы өстүрүлөт. А. ч. өндүрүшү өнүккөн негизги райондору: Нилдин дельтасы (айыл кал­кынын 60% эмгектенет; мында шалы, пахта, буурчак, жемиш, жашылча); Каирдин айлана­сы (негизинен жашылча); Ортоӊку Е. (шалы, жүгөрү, ак жүгөрү, бал камыш, жашылча); Фай­юм оазиси (шалы, беде, жүгөрү, буурчак, ак жүгөрү, жашылча); Жогорку Е. (бал камыш, буудай, буурчак, беде, шалы). Жайыты тар бол­гондуктан, мал чарбасы анча өнүккөн эмес; не­гизинен уй, буйвол, эчки, кой, төө, жылкы, ка-
[[File:ЕГИПЕТ22.png | thumb | Бал камыш жыйноо.]]
чыр ж. б. асыралат. Жер Ортолук деӊиздин жээк тилкесинен, көлдөрдөн ж-а Нилден балык кар­малат (жылына 900 миӊ т).

Ө. ж-нын негизги тармагы – нефть-газ өн­дүрүшү, ал ИДПнин 12%ин, товардык экспорт­тун 40%тен ашыгын түзөт. 2005-ж. суткасына 696 миӊ баррель нефть, 34,7 млрд ''м''3 газ
өндүрүлгөн. Нефть Суэц каналы зонасынан, Си­най ж. а-нан, батыштагы чөлдөн, газ Алек­сандрияга жакын, Нил дельтасынан, Ливия
чөлүнөн казылып алынат. Электр-тех. ж-а ма­шина куруу ө. ж. ишканалары даяр тетиктер­ден муздаткыч, телевизор, жеӊил ж-а жүк та­шуучу автомобилдерди, автобус, трактор курап
чыгарат. Цемент ж-а фосфат чыгаруу өнүккөн.

Отун-энергетикалык ресурсун жерг. нефть, о. эле газ, гидроэлектр энергиясы (Асуандагы өлкө ичинде пайдаланылат. 2003-жылдан Эль-
Ариш – Таба – Акаба (Иордания); Эль-Ариш – Таба – 248 ''км'', Таба – Акаба – 16 ''км'') газ куурла­ры иштейт. Е. өз ресурстарынын эсебинен электр энергиясына болгон муктаждыгын толук кам­сыз кылат. 2005-ж. 95,1 млрд ''кВт⋅саат'' электр
энергиясы өндүрүлгөн; анын 1 млрд ''кВт⋅сааты''
экспортко чыгарылат (2001-жылдан). Электр­энергиясынын 79%и ЖЭСке, 21%и ГЭСке туу­ра келет. Каирден түштүктө – Эль-Курайматта гелиостанция, Хургадада (Эль-Гурдака) шамал электр курулмасы иштейт.

Кара металлургия ө. ж. жерг. сырьёнун (Эль-
Гедида темир кенташынын) негизинде иштейт (жылына 3 млн т). Ири металлургия комбина­ты (жылына 4,4 млн т болот өндүрөт), кокс­химия з-дду, о. эле Суэцте, Александрияда, Са­дат-Ситиде з-ддор иштейт. Түстүү металлургия­нын негизги продукциясы алюминий (жылына 250 миӊ тга жакын алюминий өндүрөт). Химия
ө. ж. негизинен кальцийленген сода (Александ­рияда), натрий сульфаты, минералдык жер се­мирткич (азот, фосфор жер семирткичтерин)
чыгарат. Нефть-химия комплекстери Эль-Ами­рияда (Александрияга жакын), Эль-Файюмда курулган. Машина куруу ө. ж-нда металл кесүүчү станок, т. ж. вагонун, трактор чыгарып, авто­мобиль ж-а авиа чогултуучу ишканалары иш­тейт. Тиричилик техникаларын (муздаткыч, теле­ж-а радиоаппаратура ж. б.) чыгаруучу иш­каналары, кеме куруу верфи (Порт-Саидде) бар. Аскер ө. ж-нын да мааниси зор (курал, ракета, сооттолгон танк техникасын чыгарат). Текстиль
ө. ж. эзелтен өнүккөн (кебез, жүн, жибек, син­тетика кездемелери ж. б.). Тамак-аш ө. ж-нын
[[File:ЕГИПЕТ23.png | thumb | Суэц каналынан өткөн автомобиль көпүрөсү.]]
маанилүү тармактары – ун, май, эт-сүт, кант, алкоголь ичимдиктерин, суусундук чыгарат.

Тейлөө чөйрөсү да өнүккөн. Негизги киреше­ни эл аралык туризм (2006-ж. 6,5 млрд доллар­ды түзгөн), Суэц каналы аркылуу өткөн чет
өлкөлөрдүн кемелеринен алынган акы (пошли­на) берет (3,9 млрд доллар; каналдын өткө­рүмдүүлүгү 18,4 миӊ кеме). 2006-ж. 8,7 млн ту­рист (негизинен Европадан) келген. Туристтик
[[File:ЕГИПЕТ24.png | thumb | К ы зы л де ӊ изд ин жээгиндеги Хургада курорту.]]
бизнесте 1,6 млн адам алектенет; 170 миӊ орун­дуу 1200дөн ашык мейманкана иштейт. Рекреа­циянын негизин ыӊгайлуу табият-климаттык ресурстары (негизги курорттору Кызыл ж-а Жер Ортолук деӊиздердин жээктеринде жайгашкан) ж-а ар кайсы замандын маданий, тарыхый эс­теликтери түзөт; туризмдин экол., ишкердик, спорттук ж. б. түрлөрү, дейвинг өнүгүүдө. Е-тин кредиттик мекемелер системасы 54 банктан ту­руп, ал өз ичине Е-тин Борб. банкын, 27 ком­мерциялык банкты (4 мамл., 23 инвестиция­лык) камтыйт. Өлкөдөгү эӊ ири Каир-Алексан­дрия фонд биржасы иштейт (операциясынын көлөмү – 40 млрд египет фунту).

Ички жүгү автомобиль (уз. 92,4 миӊ ''км'') ж-а т. ж. (5,7 миӊ ''км''), о. эле дарыя (Нилдеги магис­тралдык каналдар б-ча 3 миӊ ''км'') транспортто­ру аркылуу ташылат. Деӊиз соода флотунун тон­нажы – 987,5 миӊ регстрдик брутто-тонна же 1467,1 миӊ т дедвейт. Башкы порттору: Алек­сандрия, Эд-Дихейла, Думьят, Порт-Саид, Суэц, ж. б. Каир, Луксор, Хургада, Шарм-эш-Шейх ш-нда эл аралык аэропорттор бар.
[[File:ЕГИПЕТ25.png | thumb |
Египет акчасы (фунт)

Экспортко нефть ж-а нефть продуктулары, газ, пахта, кебез-кездеме жибин, азык-түлүк ж-а
ө. ж. товарларын чыгарып, сырттан машина ж-а анын тетиктерин, азык-түлүк, цемент, ме­талл, жыгач ж. б. сатып алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Франция, Германия, Япония, Италия, Испания, Сирия, Сауд Арабия­сы, Кытай.
==Маданияты. ==
Б. з. 1-к-нда Александрия эллин мад-тынын чордону болуп турган. Илим иши Александрия академиясына, Александрия му­сейонуна (мад-т борбору) топтолгон. Астроно­мия, математика, статика сыяктуу тармактар
өз бетинче бөлүнүп чыккан. 10-к-дын аягы –
11-к-дын башында египеттиктер Азия, Афри­кага саякат жасап, ал өлкөлөрдү сыпаттап жа­зып чыгышкан. 11-к-дын башында Каирде «Дар­аль-Улюм» («Билим үйү») деген илим борбору иштеген. 1004-ж. обсерватория курулуп, астр. таблицалар түзүлгөн. Медицина, химия илим­дери өнүккөн. 13–14-к. Европа ж-а Инди океа­нынын өлкөлөрү м-н экон. байланыштын өсү­шүнөн геогр. изилдөө иштери улантылган. 15– 18-к-да илимде өнүгүү болбой калган.
19-к-дын жарымында жүргүзүлгөн Мухаммед Алинин экон. реформалары ил. изилдөө иште­рин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген. Натыйжа­да агротехника, медицина кыйла өнүккөн; ка­нал ж-а сугат курулуштарын куруу кулач жай­ган; жаштар чет өлкөлөргө билим алууга жибе­рилип, кадрлар даярдалган. Е. геогр. коому (1845), бактериол. лаборатория (1885), геол. кызмат (1898), дыйканчылык коому (1898) уюштурулган. 20-к-дын 1-жарымында ил. изилдөө иштери кеӊейтилип, Астрономия ж-а геофизика ин-ту (1903), Океанография ж-а Кызыл деӊиз балык­чылык ин-ту (1929), Тропик оорулар ин-ту (1932) иш жүргүзө баштаган. 1939-ж. Улуттук изилдөө совети, 1941-ж. Египет Академиясы, 1951-ж.
Ө. ж. ж-а хим. изилдөөлөр ин-ту негизделген.
Учурда өлкөдө 14 ЖОЖ, а. и. Каир, Айн-Шамс, Александрия, о. эле аль-Азхар мусулман ун-тте­ри, о. эле Каирдеги Америка, Немис ж-а Египет француз менчик ун-тери ж. б. бар. 700 миӊден ашуун студенттер билим алышууда (2006).
Е-тин билим берүү системасы өтө жогору бор­борлоштурулгандыгы м-н айырмаланат. Ал үч
баскычтан турат: базалык (Ат-таалимм аль-аса­си), орто (Ат-таалимм ат-тамнауи) ж-а жогорку билим берүү (Ат-таалимм аль-гаммаи). 1981- жылдагы акысыз билим берүү ж-дөгү мый­замга ылайык, 6–14 жаштагы балдар базалык билим алуусу шарт. Ал эми диний билим берүү системасын Аль-Азхар ин-тунун Жогорку Кеӊе­ши жетектейт. Кеӊеш Билим берүү министрли­гине баш ийбейт, бирок Е-тин премьер-мини­стринин көзөмөлүндө турат. Бул мектептерде не­гизинен дин б-ча, о. эле башка предметтер да окутулат. Билим алып жаткан балдар ж-а кыздар бөлөк окушат. Алар окууну аяктаган соӊ, Аль-Азхар ун-тинен гана билимин уланта алышат. 2000-жылга карата мындай мектептер­де билим алгандар жалпы окуучулардын 40%ин түзгөн.
Е-те философия, тарых, юридика, тил илими ж. б. илимдер о. кылымдардагы араб мад-ты­нын шарданында өнүккөн. 9–12-к-да коомдук илимдер гүлдөгөн чегине жетсе, 12–16-к. алар­дын кедери кеткен мезгил болгон. 16–19-к.
өнүгүп-өспөй бир орунда туруп калган. Е. исто­риографиясы 9-к-да жаралган. Бизге жеткен биринчи тарыхый эмгек – Абдаррахман ибн Абд аль-Хакамдын чыгармасы. Анда шаарлар м-н эстеликтер сыпатталып жазылган. 14–15-к-да энциклопедиялар даярдалган. Булардын Е. та­рых илиминде жазма булак катары мааниси
чоӊ. 19-к-дын 2-жарымында тарыхты чыгарма (буга чейин тарыхый хроника, тарыхый өмүр баяндык жанр болгон) катары жаза башташ­кан. Авторлор тарыхтагы маанилүү окуялар ар­кылуу доорду жалпы көрсөтүүгө аракет жасаш­кан. Бул багыттагы тунгуч чыгарма – Халил Ахмед ар-Рагаб жазган «Мухамед Али пашанын тарыхы».

О. кылымдагы араб грамматикасы м-н лек­сикологиясы инди грамматикасы ж-а грек ло­гикасынын таасиринде өнүккөн. Араб грамма­тикалык окуусун баштагандар – айтылуу «Аль- Китаб» («Китеп», 8-к.) трактатынын авторлору Халил ж-а анын шакирти Сибайхи. 20-к-дын баш ченине араб адабий тили бардык тар­мактарда пайдаланыла баштаган. Е-те 300дөн ашуун ар кандай басма сөз каражаттары, а. и. күндө чыгуучу 17 гезит: «Аль-Ахрам» «Аль-Ах-
бар» «Аль-Гумхурия» ж. б. жарык көрөт. Өлкө­дө радиоуктуруу 1934-жылдан, телекөрсөтүү 1960-жылдан башталган. Бүгүнкү күндө Е. те­лекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу кызматы – Ж. Чы­гыш аймагынын ичинде өнүккөн тармактардын бири.

Жаӊы Е. ад-ты араб өлкөлөрүнүн ад-ты м-н
тыгыз байланышта, жалпы маданий мурастын негизинде түптөлгөн. 19-к-дын башында калып­тана баштаган. Ад-т м-н мад-ттын жаӊырышы­на Мухаммед Алинин реформалары м-н алгач­кы бурж. агартуучулар – акын ж-а публицист Шихаб-ад-дин (1786–1857), «Ал-Вакаи аль-мис­рия» аттуу туӊгуч гезиттин редактору Рифаа ат- Тахтави (1801–93), Е. улуттук китепканасынын негиздөөчүсү Али Мубарак (1824–93) ж. б. чыг­лыгы чоӊ түрткү берген. 1870-ж. публицисти­ка, поэзия өнүккөн. 1880-ж. Абдаллах Надым («Ата журт», «Арабдар»), Мустафа Камил («Ан­далусияны алуу») ж. б. оригиналдуу драмалык
чыгармаларды жаратышкан. Араб тарыхый
романына ливандык эмигранттар Жиржи Зей­дан («Качкын мамлюк», 1891), Фарах Антун («Жаӊы Иерусалим же арабдардын Иерусалим­ди басып алышы», 1904) негиз салышкан. 20-к­дын 1-жарымында 19-к-дагы Батыш Европа ж-а орус классикалык ад-тын таануу, новелла, повесть, роман сыяктуу жаӊы адабий жанрлар­дын калыптануу мезгили болгон. Поэзияда жа-
ӊылануу жүрүп, романтизм бекемделген. Проза­да – реализм калыптанып, 1940–50-жылдары гүлдөгөн дооруна жеткен. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан (1939–45) кийин карапайым адамдардын турмуш-тиричилигин, күрөшүн чагылдырган
«Чоӊ көчөлөрдүн артында» (1958) романдары, Абдаррахман аль-Хамисинин «Канга боёлгон көйнөктөр» (1953), «Төгүлгөн кан кургабайт» (1956) аӊгеме жыйнагы ж. б. Респ-нын жарыя­ланышы (1953) акын-жазуучуларга жаӊы чыг­лык дем берген. Тауфик аль-Хаким («Назик кол­дор»), Юсуф Идрис («Күнөө»), Али Ахмед Бак­сир («Гоха мыгы»), Альфред Фараг («Фараон­дун кыйрашы») ж. б. социалдык-саясий драма­ларды жаратышкан. Ахмед Хашим аш-Шариф, Гамал ал-Гитани, Сулейман Файяд ж. б. изра­илдик агрессорлорго каршы (1967) ж-а алар ээле­ген жерлерди бошотуу үчүн күрөшкө үндөгөн чы­гармаларды жазышкан. 1955-жылдан Е. жазуу­чулар лигасы, Жазуучулар союзу иштейт. Со­налла Ибрагимдин (1937-ж. т.) ошол мезгилде­ги режимди сындаган ж-а Яхья ат-Тахир Аб­далланын айыл турмушун чагылдырган чыгар­малары окурмандардын арасында азыркы күнгө
чейин белгилүү. Е-те эле эмес, чет элге да атагы
тараган Наджиб Макфуз 1988-ж. ад-ттагы же­тишкен ийгиликтери үчүн Нобель сыйлыгына
татыктуу болгон. Ал 40тан ашык роман, пьеса­ларды жараткан. Макфуздун «Children of the Alley» («Көчө балдары») аттуу романын бүгүнкү күнгө чейин чыгарууга тыюу салынган, бирок көпчүлүк окурмандар муну адилетсиз чечим деп эсептешет. Тевфик Хаким, Яхья Хакки ж-а Юсуф Идристин чыгармалары да окумдуу. На­валь аль-Саадави аттуу жазуучу айымдын чы­гармалары чет элдиктердин арасында кадыр­баркка ээ.

Байыркы маданий эстеликтер неолит ж-а
энеолит доорунда жаралган. А. Македонский­дин Е-ти жеӊиши, байыркы Е. ж-а грек мад­тынын жакындашуусу Е. жеринде эллин мад­тынын таралышын шарттаган. 639-ж. арабдар­дын келиши м-н ислам дини жайылып, араб мад-ты түзүлө баштаган. 7–9-к-да мечиттер көп салынган (мис., Фустатта Амр ибн аль-Ас ме­чити, 641–642), 9- ж-а 10–12-к-да скульптура­лар, оймо-чиймелер м-н кооздолгон имараттар тургузулган. Каирде ибн Тулун (876–879), аль- Азхар (970–972), аль-Хаким (990–1013) мечит­тери, Калаун султандар комплекси (1284–85), Хасан султан мечит-медресеси (1356–63), Мам­люктар мавзолейи (15–16-к.) ж. б. курулган. 19– 20-к-да Е-те фр., итал., англ., бельгиялык арх­ралык имараттар, мис., Каирдеги аэропорт (1962, арх. С. Зайтун, М. Шавки), Александрияда «Па­лестина» мейманканасы (арх. Абл аль-Магид, Ш. Хосна), Ан-Насер пансионаты (арх. А. Ла­биб Габр) ж. б. пайда болгон. Байыркы Алек­сандрия китепканасы үчүн мурдагы эски има­раттын ордуна салынган заманбап китепкана 2002-ж. пайдаланууга берилген.

Е. сүрөт өнөрүнүн сакталып калган эстелик­тери фатимиддик бийлик дооруна таандык; Фустаттагы мончо фрескасынын фрагменттери (Каирдеги Ислам иск-во музейи, 10–11-к.), таш­ка, жыгачка, пил сөөгүнө түшүрүлгөн музыкант, бийчи, чабендестердин сүрөттөрү (Каирдеги Фа­тими ак сарайынын фриздери). Е. сүрөт өнөр мектебине негиз салгандар – Мухаммед Наги, Махмуд Саид, Ахмед Сабри. Өлкөнүн көрүнүктүү сүрөтчүлөрү катары Газбия Сери, Инджи Эфла-
[[File:ЕГИПЕТ26.png | thumb | Каирдеги Мухаммед Али мечити.]]
тоун, Абдель Вахаб Морси, Адель эль-Сиви, Ва­хиб Нассер ж. б-дын ысымдары белгилүү.

Е-ти арабдар басып алгандан кийин (7-к.) ык­чам ыргактуу ырлар, элдик профессионалдык музыканын салтындагы вокалдык аспаптык сюиталар – макамдар кеӊири таралган. О. кы­лымда Ибн аль Хайтан (11-к.), аль-Масаббахи (11-к.), А. Умайя (12-к.), Ибн Сана аль-Мульк, Алам-ад-дин Куайсар, Ан-Нувайри (14-к.), аль- Магрази (15-к.) өӊдүү теориячылар ж-а аткаруу­чулар кеӊири белгилүү болгон. 18-к-дын аяк
ченинде европ. музыканын таасириндеги мен­чик муз. мектептер, европ. үлгүдөгү аскердик оркестрлер пайда болгон. 19-к-да Мухаммед аль- Кабани, лютнячы Ахмед аль-Лайти, флейтачы Амин Бузари, ырчылар Мустафа аль-Аггады, музыка таануучу Мухаммед Шихаб аль-Мульк ж. б. музыканттар өлкөдө кеӊири белгилүү бол­гон. 1869-ж. Каирде Опера театры (Африка кон­тинентиндеги туӊгуч опера театры) ачылган. 1927-ж. Музыкалык коом, 1929-ж. Араб муз. ин­ту, 1935-ж. Аялдар муз. ин-ту ачылган. Элдик иск-во ансамбли (1962-жылдан), Муз. акаде­мия, Жогорку балет ин-ту (1966) ж. б. көптөгөн муз. окуу жайлары бар. Ом Кольтумдун (1975-ж. дүйнөдөн кайткан) аткаруусундагы улуттук ко­лориттеги музыканын мыкты үлгүсү катары саналган поэзия ж-а опереттанын негизинде түзүлгөн ырлар бүгүнкү күнгө чейин популяр­дуу. Абдель Халим аль-Хафез ж-а Мухаммед Адб аль-Ваххаб сыяктуу аткаруучулары да бел­гилүү. Е. музыкасында европа музыкасынын эле­менттери да кеӊири тарай баштады, жаӊыдан тарап жаткан бул агымдын аткаруучуларынын ичинен Ихеб Тавфлик, Мохаммед Фуад ж-а
[[File:ЕГИПЕТ27.png | thumb | none]] Чыгыш бийи.
Хакимдин чыг-лык чеберчиликтери артууда. Е.
чыгыш бийлерин аткаруучулары м-н белгилүү. Аймактарда аль-хатталя, аль-бамбутыйя, аль­каффафа ж-а курсак бийи деп аталган бийлер таралган. 19-к-дан Е-те көчөдө ж-а ак сөөктөрдүн
үйүндө бийлөөчү профессионал бийчилер болгон.
1958-ж. Каир балет мектеби ачылып, анын би­ринчи бүтүрүүчүлөрүнөн ж-а Москва хореогра­фия окуу жайын бүтүргөн египеттик кыздар­дан 1967-ж. биринчи балет труппасы (Улуттук
балет) түзүлгөн. 1988-ж. Каир опера үйү Опера ж-а балет театрына айландырылган. Каирде За­манбап бий театры иштейт. Эл аралык заман­бап бий ж-а Улуттук бий фестивалдары өткө­рүлүп турат.
19-к-дын биринчи жарымында Е-те мухабби­зиттердин – куйкум сөз чеберлеринин өнөрү ке-
ӊири тараган. Алар атайын аянттарда, базарлар­да өнөр көрсөтүп, элдин көӊүлүн кушубак кыл­ган. Наполеондун экспедициясы (1798–1801) Е-ти Европа мад-ты м-н тааныштырган. 19-к­дын 70-жылдары профессионал театр түзүлгөн. 1930-ж. Араб театр ин-ту ачылган. 1930-ж. Араб театр өнөрүн өнүктүрүү б-ча жогорку к-т, 1935-ж. мамл. туӊгуч Улуттук труппа, 1944-ж. Араб театр ин-ту түзүлгөн. 1961-ж. Каирде «Аль-Гум­хурия» театры ачылган. Мындан тышкары, Улуттук, Комедия, Дүйнөлүк театрлары бар. 1897-жылдан чет элдик режиссёр ж-а оператор­лор тарабынан чакан хроника, 1917-жылдан көркөм фильмдер тартыла баштаган. 1935-ж. Каирде «Миср» киностудиясы ачылган. 1930- жылдан белгилүү ырчы, композитор Абд аль- Ваххаб, Умм Кульсум катышкан муз., 40-жыл­дардан патриоттук көркөм фильмдер тартыл­ган. Е. кино өнөрүнүн жаӊы үлгүсү катары Ю. Шахиндин «Жамиля» (1959), «Жер» (1968)
«Нилдеги адамдар» (СССР м-н бирдикте, 1970), А. Фахминин аткаруусундагы «Мумия» (1971) фильмдерин атаса болот. Мындан тышкары, Хенри Баракат, Мухаммед Хан, Салах Абу Сейф ж-а Атеф Эль-Тайиб аттуу кинорежиссёрлор­дун да тасмалары кеӊири белгилүү.
Ад.: Д''лин Н. А.'' Объединенная Арабская Республика. М., 1963; ''Медведко Л. И.'' К востоку и западу от Суэца. М., 1980; ''Беляев И. П., Примаков Е. М.'' Египет: время президента Насера. М., 1981; Арабская Республика Египет. Справочник. М., 1990; Египет // Большая Российская энциклопедия. 9 т. М., 2007. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]
Ад.: ''Перепелкин Ю. Я.'' История древнего Египта. М., 2001; ''Демидчик А. Е.'' Безымянная пирамида. Государственная доктрина древнеегипетской Гераклео­польской династии. СПб., 2005; Культура Древнего Египта. М., 1976. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]
09:23, 23 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕГИ́ПЕТ Б а й ы р к ы – Африканын түндүк-чыгышында, Нил дарыясынын төмөнкү аймагындагы байыркы мамлекет. Египеттин аймагы – б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта түзүлгөн цивилизациянын эӊ байыркы очокторунун бири. Египет аймагында адам баласы палеолит доорунда эле жашаган. Байыркы көчмөн уруулар жемиш чогултуп, аӊчылык кылышкан, кийинчерээк балык уулай башташкан. Алардын арасында протосемит, бербер ж-а кушит уруулары болгон, алар өз ара аралашып, натыйжада б. з. ч. 4-миӊ жылдыкка карата египет эли калыптанат. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын орто ченинде Төмөнкү Египет ж-а Жогорку Египет падышалыгы пайда болот. Б. з. ч. 3000-жылдар ченде Түштүктүн падышасы Менес (Мена) Төмөнкү Египетти басып алып, бир падышалыкка бириктирген. Алгачкы падышалык мезгилде (б. з. ч. 3000–2800-жылдар чен, алгачкы эки династия башкарган) сугат чарбасы, жез куралдары, карапа жасоо өнөрү өнүгүп, соода-сатык кеӊейген; мамлекеттик аппарат түзүлүп, административдик округдар (номдор) бөлүнүп чыккан, талоончул жортуулдар жасалып турган. Байыркы падышалык (б. з. ч. 2800–2250-жылдар чен) Жосер династиясынын сурагы м-н башталган. Бул мезгилде айыл чарба, соода, кол өнөрчүлүк андан ары өнүгүп, туруктуу аскерлер пайда болот. Байыркы падышалык мезгилдин аяк ченинде номдордо жергиликтүү ак сөөктөр күчтөнүп, борбордук бийликке каршы чыккан. Египеттин алгачкы ыдыроо мезгилинде (б. з. ч. 2250–2050-жылдар
ченде) өлкө өз ара касташкан номдорго ж-а майда мамлекеттерге бөлүнүп (б. з. ч. 23–22-кылымдар), чарбасы бүлүнгөн. Өлкө кийин (2050-ж. ченде) Ментухотеп IIнин тушунда гана кайрадан бириккен. Ортоӊку падышалык мезгилинде (б. з. ч. 2050– 1700-жылдар ченде) XII династия башкарган. Файюм оазисинде ири сугат иштери жүргүзүлүп, жез куралдары колдонулган. Кулдардын эмгеги пайдаланылган. Өз ара согуштар көп болуп, Аменемхет IIIнүн мезгилинде (б. з. ч. 19-кылымдын 2- жарымы) гана борбордук бийлик бекемделген. Мүлктүк теӊсиздиктин күчөшү элдик көтөрүлүшкө
Луксор храмы (Сфинкстер аллеясы). XVIII династия, ХХХ династия.
алып келген. Египеттин экинчи жолку ыдыроо мезгилинде (б. з. ч. 1700–1580-жылдар ченде) 1700-жылы Египетке түндүк-чыгыштан гиксос уруулары басып кирип, өлкөнүн көп бөлүгүн 110 жыл бийлеп турушкан. Аларды XVII династиянын негиздөөчүсү Яхмос I (Амасис) 1580-жылы ченде Египеттен кууп чыккан. Жаңы падышалыктын (б. з. ч. 1580–1070-жылдар ченде) убагында коло кеӊири пайдаланылып, темир буюмдар пайда болгон, металл иштетүү техникасы өркүндөп, жеке кул ээлик күчөгөн. Яхмостун мурасчылары Тутмос I, Тутмос II, Аменхотеп II Сирия, Палестина ж. б. жерлерди басып алышкан, Вавилон, Хетт падышалыгы ж. б. мамлекеттер м-н дипломатиялык мамиле түзгөн. Бирок, фараондор м-н жрецтердин өз ара күрөшүнөн начарлаган Египет 14-кылымдын 1-жарымында түндүктөгү бардык жерлеринен ажырап калган. XIX династиянын көрүнүктүү өкүлү Рамсес IIнин тушунда Египет Сириянын айынан хеттер м-н согушуп, натыйжада Палестина м-н Түштүк Сирияны кошуп алган, бирок, XX династиянын сурагынын аяк ченинде Сириядагы ж-а Куштун
түш. аймактарындагы жерлеринен ажыраган, ал эми Рамсес XIIнин тушунда (б. з. ч. 1070-жылдар ченде) Фивыдагы бийлик иш жүзүндө Амон кудайынын жогорку жреци Херихордун колуна өткөн. Кеч ж-а перс мезгилинде (б. з. ч. 1070– 332-жылдар ченде) Египеттин бардык жеринде темир курал урунуу, акча жүгүртүү өнүгөт. 11-кылымдын аягы – 10-кылымдын башында Египет дагы ыдырап, 8-кылымдын 2-жарымында Куштун (XXV династия), ал эми 671-жылдан ассириялыктардын бийлигине өтөт. Саистин башкаруучусу Псамметих Iнин тушунда Е. Ассирия бийлигинен кутулат, бирок б. з. ч. 525-жылы кайрадан перстерге көз каранды болот, 404-жыл ченде алардан убактылуу бошонот. Б. з. ч. 332-жылы Египетти Александр Македонский биротоло каратып алат. Грек-Рим мезгилинде (б. з. ч. 332 – б. з. 395-жылы) Египет эллиндик (к. Эллинизм) дүйнөнүн бир бөлүгүнө айланат, анда кол өнөрчүлүк м-н сооданын жаӊы борборлору пайда болот, соода байланышы кеӊийт. Б. з. ч. 2-кылымдын аягында Египет экономикалык ж-а саясий кризиске учурайт, б. з. ч. 30-жылда Египет Рим империясынын провинциясына айланат. Рим империясы бөлүнгөндөн кийин (б. з. 395-жылы) Византиянын курамына кирет. 619-жылы аны Персия падышасы Хосров II каратып алат. 639–642-жылдарда Египетти арабдар басып алат (к. Египет).
Маданияты. Египеттин адабияты дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Ал б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын акырынан башталат. Эмгек ырлары Байыркы падышалык мезгилиндеги (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) күмбөз беттеринен табылган. Адабияттын гүлдөп өнүгүшү Орто падышалык (б. з. ч. 21– 18-кылымдар) мезгилине туура келет. Күмбөз такталары м-н дубал беттеринде, папирустарда ж-а диний жыйнактарда («Пирамида тексттери», «Өлгөндөрдүн китеби») кудайларга жазылган гимндер сакталган. Египет адабиятынын көп сюжеттери байыркы грек, копт ж-а орто кылымдагы Чыгыш адабияттарынан келип кирген. Египетте ири шаарлар, чептер ж-а ирригациялык курулмалар тургузулган. Таш храмдар, ак са-
Гизадагы Египет пирамидаларынын комплекси (б. з. ч. 2540–2450).
райлар, өлүк коюучу жайларынын архитектурасы монументтүүлүгү м-н айырмаланат. Байыркы падышалык доордо (б. з. ч. 3-миӊ жылдыкта) маркумдарга сыйынууга байланыштуу түз бурчтуу күмбөздөрдүн тиби (мастаба) ж-а пирамидалар (алгач формасы тепкичтүү – Саккарадагы Жосер пирамидасы, кийин классикалык формада – Гизадагы Хеопс, Хефрен, Микерин пирамидалары) ж. б. формадагы колонналуу храмдар, обелиск, сфинкстердин типтери түзүлөт. Монумент скульптураларга (фараондордун статуялары) формасынын чоӊдугу, лаконизм, геометриялуулук мүнөздүү. Зыярат очогу болгон фа-
Жосер фараондун скульптурасынан фрагмент (б. з. ч. 2600-ж. чен; Каир, Египет музейи).
раондордун сөөгү коюлган храмдар өтө чоӊ курулган. Ал храмдарды (Карнактагы, Луксордогу колонналуу залдар, кубаттуу пилондор, сфинкс аллеялуу храмдар) куруу Жаӊы падышалык доорунда (б. з. ч. 16–11-кылымдар) күч алат. Эхнатондун учурунда (б. з. ч. 1400-кылымдын 3-чейреги) рельефтүү композициялуу ж-а статуялуу зор храмдарды куруу (Карнакта, Абу-Симбелде, Мединет-Абуда) өнүгөт. Б. з. ч. 4-кылымдан Египеттин искусствосу эллада сүрөт өнөрүнүн ж-а архитекту расынын ажырагыс бөлүгү катары кирет. Египетте 7-кылымдан жаӊы маданият калыптанат. Байыркы падышалык мезгилде (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) сакталып калган ырчылар м-н аспапчылардын сүрөттөрү тартылган барельеф Египетте музыка чоӊ мааниге ээ экендигин далилдейт. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыкка чейин эле Египетте хейрономия өнөрү болгон. Египеттин музыкалык аспаптары: арфа, флейта, лира, лютня, барабан, систр ж. б. Египет музыкасынын жазма эстеликтери сакталган эмес. Окумуштуулар музыкалык чыгармалардын калдыктары копт элинин азыркы фольклорунда сакталып калган деп божомолдошот.
Ад.: Перепелкин Ю. Я. История древнего Египта. М., 2001; Демидчик А. Е. Безымянная пирамида. Государственная доктрина древнеегипетской Гераклеопольской династии. СПб., 2005; Культура Древнего Египта. М., 1976.