ЕКАТЕРИНБУРГ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕКАТЕРИНБУ́РГ (1924 – 91-ж. С в е р дл о в с к) – Россиядагы шаар. Свердлов обл-нун борбору. Ортоӊку Уралдын капталында, Исеть д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2007); калкынын саны б-ча Россиядагы 4-шаар (Москва, Санкт-Петербург, Новосибирскиден кийин). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен (1991). 1940-жылдын башында шаарда 85 завод, фабрика иштеген. Улуу Ата Мек. Согуш мезгилинде алардын 50дөн ашыгы эвакуацияланган. Учурда оор машина ж-а прибор куруу, металл иштетүү, кара металлургия ж-а хим. ө. ж. өнүккөн. Ири ишканалары: «Уралмаш» (кен байытуу, металлургия ж-а энергетика жабдуулары, домна меши ж. б.), «Уралтрансмаш» (нефть жабдуулары, трамвай вагондору, жүргүнчү лифттер, үчүн тетиктер), «Уралхиммаш» (хим. ө. ж. үчүн жабдуулар), «Уралэлектротяжмаш-Уралгидромаш», «Труба-мотор заводу» ж. б. өндүрүш бирикмелери. О. эле так механика, оптика, муздаткыч жасоочу ж. б. заводдору, кара металлургия («Жогорку Исеть металлургия з-ду»), электр-тех. (кабель, трансформатор ж. б.), хим., тамак-аш-татымал ө. ж. ишканалары, асыл таштардан асем буюмдарды жасоочу «Урал асыл таштары» з-ду, «Калина» концерни (косметика, тиричилик химиясы) иштейт. Россия ИА-нын Урал бөлүмү,

цизм стилинде курулган Расторгуев-Харитонов
чарбагы (19-к-дын башы), Тоо канцеляриясы (18–19-к.), Александр Невский собору (19-к.) ж. б. сакталган. Е. – Уралдын ири финансы борбору; 50дөн ашык коммерциялык банк (а. и. Россиянын ири банктарынын филиалдары) иштейт. 2006-ж. В. А. Курочкин атн. мюзикл ж-а опера артисттеринин эл аралык алгачкы конкурсу, 2003-ж. Урал-Сибирь ил.-ө. ж. көргөзмөсү өткөрүлгөн.