ЕЛЬЦИН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

Е́ЛЬЦИН Борис Николаевич [1. 2. 1931, Урал (азыркы Свердлов) обл., Талица р-ну, Бутка

кыш. – 23. 4. 2007, Москва] – россия­л ык пар т . ж-а мамл . и шмер; РФтин алгачкы президенти [10. 7. 1991 (25. 12. 1991- жыл га чей и н РСФСРдин) – 31. 12. 1999]. Урал по­литех. ин-тун бү­түргөн. 1968–76-ж. КПССтин Сверд­лов обкомунун ку­рулуш бөлүмүнүн башчысы, секрета­ры, 1976-жылдан 1-секретары, 1985–87-ж. Моск­ва шааркомунун 1-секретары. М. С. Горбачёв жүргүзгөн реформаларга (к. Кайра куруу) кар­шы болгондугуна байланыштуу 1987-ж. иши­нен алынып, СССРдин Мамл. курулуш министр­лигинин төрагасынын орун басарлыгына да­йындалган. 1989-ж. СССР, 1990-ж. РСФСР эл депутаты. 1990-ж. КПССтин 28-съездинде Ком­партиянын мүчөлүгүнөн баш тарткан. 1990– 91-ж. РСФСР Жогорку Советинин төрагасы, 1991–99-ж. РСФСРдин Президенти болуп иште­ген. 1991-ж. августта Өзгөчө абал б-ча мамл. к-ттин (ГКЧП) ишмердүүлүгүнө каршы чыккан демокр. күчтөрдү жетектеген (к. Август кризи­си, 1991). Е-дин демилгеси м-н РФтин демокр. жаӊы конституциясы кабыл алынып (12. 12. 1993), Мамл. Дума шайланган. 1994–96-ж. Рос­сия м-н анын курамындагы Чечен Респ-нын ор­тосундагы согушка байланыштуу сынга алын­ган. Экон. реформаларды жүргүзүүдө кемчилик­терди кетирген. Е-дин бааларды либералдашты­руу б-ча указы (2. 1. 1992) өлкөдөгү инфляция­ны эӊ жогорку деӊгээлге жеткирген (гиперин­фляция). Экономиканы көтөрүү үчүн Россия башка мамлекеттерден чоӊ кредиттерди алып, 1998-ж. Россиянын тышкы карызы 170 млрд долларды түзгөн. Е. 1991-ж. декабрда Украина ж-а Беларусиянын жетекчилери м-н бирдикте СССРди таркатып, КМШны түзүү ж-дөгү Бело-


вежа макулдашуусунун демилгечиси. АКШ пре­зиденти Ж. Буш м-н СНВ-1 (стратегиялык-ча­буул коюучу куралданууну чектөө; 1991), СНВ-2 (1992), достук, кызматташуу ж-а бири бирине жардам көрсөтүү ж-дө (1992), о. эле Ташкентте КМШнын 6 мамлекети м-н коллективдүү кооп­суздук ж-дө (1992), ЕС м-н кызматташуу ж-дө (1994) келишимдерди түзгөн. 1999-ж. НАТОнун Югославиядагы агрессиясына каршы чыккан. 1996-ж. Россия АСЕАНдын толук укуктуу ше­риктеши болуп, 1997-ж. «Өнүккөн 7 мамлекет» уюмуна кирген. 1999-ж. ыктыярдуу түрдө пре­зиденттик кызматын В. В. Путинге өткөрүп бер­ген. Ленин, 1-даражадагы «Ата Мекен алдында сиӊирген эмгеги үчүн» ж. б. ордендер м-н сый­ланган. Кыргыз-Славян ун-тине ысмы ыйга­рылып, Ысык-Көлдүн жээгине эстелиги тургу­зулган.