ЕСЕНИН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕСЕ́НИН Сергей Александрович [21. 9(3. 10). 1895, Рязань губерниясы, Константинов (азыр Есенин) кыш. – 28. 12. 1925, Ленинград, сөөгү Москвага коюлган] – орус акыны. Туӊгуч ыры – «Кайыӊ» (1914). Е. 1919–23-ж. имажинист катары пессимисттик мүнөздөгү чыгармаларды («Москва кабацкая», 1921–24; «Кара адам», 1925) жараткан. Е-дин өмүрүндөгү бурулуш мезгил 1924–25-ж. болгон. «Улуу жүрүш» ж-дөгү ырында, «Советтик Русь»

(1925) ыр жыйнагында, «Мекенге кайтуу»,
«Жердин ээси» аттуу ырлары м-н «Шаттанган талаа» поэмасына жазган кириш сөзүндө жаӊы турмушту чын дили м-н түшүнүүгө аракеттенет. «Анна Снегина» поэмасында кыштактагы турмушту реалисттик планда көрсөтөт. Е. – «Персия мотивдери» циклинин (1925), «Энеме кат» ж. б. белгилүү лирикалык ырлардын автору. Поэзиясында «...талаалардын бүтпөс «кайгысын», дүйнөдөгү бардык жандуу нерселерге болгон сүйүүнү ж-а ырайымды көрсөткөн»,– деген М. Горький. Е. кайталангыс лирик ж-а поэтикалык образдардын
жаӊычылы катары таанымал. Кыргыз тилинде «Моюл» (1974; которгон С. Жусуев), «Көгүлтүр нөшөр шоокуму» (1980, которгон С. Егиналиев) аттуу китептери чыккан. Бир катар ырлары кыргыз тилине которулган.
Чыг.: Полн. собр. соч.: В 7 т. М., 1966–68.
Ад.: Марченко А. М. Поэтический мир Сергея Есенина. М., 1972; Летопись жизни и творчества С. А. Есенина. М., 2003.– Т. 1–3-.