ЕВРАЗИЯЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕВРАЗИЯЧЫЛЫК , '''Е в р а з и я ч ы л к ы й­м ы л – 20- | '''ЕВРАЗИЯЧЫЛЫК , '''Е в р а з и я ч ы л к ы й­ м ы л – 20-кылымдын 20-жылдарында россиялык эмиграциянын чөйрөсүндө пайда болгон коом­дук-саясий ж-а идеялык агым. Башкы идео­логдору: Н. С. Трубецкой, П. Н. Савицкий, Г. В. Флоренский (кийин четтеп кеткен), Л. П. Карсавин, Г. В. Вернадский, Н. Н. Алек­сеев. Негизги максаты: Россия бир мезгилде ''им­перия'' ж-а ''улут'' катары өнүккөн улуу евразия­лык держава. Демек, орус улуту – империялык улут. Россия – европалык цивилизациянын чет ­жакасы эмес, чыгыш ж-а батыш маданияттарынын жетишкендиктерин өзүнө камтыган, өз алдын­ча ''цивилизация.'' Алар өздөрү жөнүн дө «Чыгышты көздөй бет алып» деп аталган программалуу эмгек аркылуу (София, 1920) жарыялашып, кийинки жылдары бир нече көлөмдүү жыйнак­тарды, «Евразия» гезитин, «Версты» журналын жарыкка чыгарышкан. Бул кыймылдын бор­борлору Софияда, Прагада, Берлинде, Бел­градда, Брюсселде, Харбинде, Парижде болгон. Бул агымдын негиз салуучуларынын ою боюнча Евразия – бул өзгөчө «ортолуктагы материк» болуу м-н Хингандан Карпатка чейин созулат да, Батыш Европадан да, түштүк-чыгышка чек­теш өлкөлөрдөн да айырмаланат. Евразиячыл болууга андагы элдердин географиялык жактан гана жа­кындыгы эмес, менталитеттеринин окшоштук­тары да бириктирет. Евразиялык элдердин ру­ханий жактан жакындыгы ж-а тарыхый таг­дырларынын жалпылыгы алардын маданиятынын аралашмасын, азыркы тил м-н айтканда бир­диктүү рухий мейкиндикти түзмөк. Бул кый­мылдын идеологдору ушундай болуу сөзсүз шарт деп эсептешкен. Улуттук принципке таянган маданият гана «адам рухун жогорулатуучу дөө­лөттөргө» өбөлгө болмок. Демек, алардын ою боюнча, ар кандай улуттук маданият диний кыртыш­тан өнүп чыгат. Ушул мааниде алар Евразияда таралган православиеден, исламдан ж-а буддизм­ден бир катар, айрыкча, адеп-ахлактык, этика­лык жалпылыктарды көрүшкөн. | ||
[[Категория:3-том, 172-214 бб]] | |||
болууга андагы элдердин | |||
07:37, 21 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕВРАЗИЯЧЫЛЫК , Е в р а з и я ч ы л к ы й м ы л – 20-кылымдын 20-жылдарында россиялык эмиграциянын чөйрөсүндө пайда болгон коомдук-саясий ж-а идеялык агым. Башкы идеологдору: Н. С. Трубецкой, П. Н. Савицкий, Г. В. Флоренский (кийин четтеп кеткен), Л. П. Карсавин, Г. В. Вернадский, Н. Н. Алексеев. Негизги максаты: Россия бир мезгилде империя ж-а улут катары өнүккөн улуу евразиялык держава. Демек, орус улуту – империялык улут. Россия – европалык цивилизациянын чет жакасы эмес, чыгыш ж-а батыш маданияттарынын жетишкендиктерин өзүнө камтыган, өз алдынча цивилизация. Алар өздөрү жөнүн дө «Чыгышты көздөй бет алып» деп аталган программалуу эмгек аркылуу (София, 1920) жарыялашып, кийинки жылдары бир нече көлөмдүү жыйнактарды, «Евразия» гезитин, «Версты» журналын жарыкка чыгарышкан. Бул кыймылдын борборлору Софияда, Прагада, Берлинде, Белградда, Брюсселде, Харбинде, Парижде болгон. Бул агымдын негиз салуучуларынын ою боюнча Евразия – бул өзгөчө «ортолуктагы материк» болуу м-н Хингандан Карпатка чейин созулат да, Батыш Европадан да, түштүк-чыгышка чектеш өлкөлөрдөн да айырмаланат. Евразиячыл болууга андагы элдердин географиялык жактан гана жакындыгы эмес, менталитеттеринин окшоштуктары да бириктирет. Евразиялык элдердин руханий жактан жакындыгы ж-а тарыхый тагдырларынын жалпылыгы алардын маданиятынын аралашмасын, азыркы тил м-н айтканда бирдиктүү рухий мейкиндикти түзмөк. Бул кыймылдын идеологдору ушундай болуу сөзсүз шарт деп эсептешкен. Улуттук принципке таянган маданият гана «адам рухун жогорулатуучу дөөлөттөргө» өбөлгө болмок. Демек, алардын ою боюнча, ар кандай улуттук маданият диний кыртыштан өнүп чыгат. Ушул мааниде алар Евразияда таралган православиеден, исламдан ж-а буддизмден бир катар, айрыкча, адеп-ахлактык, этикалык жалпылыктарды көрүшкөн.