ЕГИПЕТ (Байыркы): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЕГИПЕТ to ЕГИПЕТ (Байыркы)) |
||
(4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕГИ́ПЕТ''' Б а й ы р к ы – Африканын | '''ЕГИ́ПЕТ''' Б а й ы р к ы – Африканын түндүк-чыгы­шында, Нил дарыясынын төмөнкү аймагындагы ба­йыркы мамлекет. Египеттин аймагы – б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта түзүлгөн цивилизациянын эӊ байыркы очокторунун бири. Египет аймагында адам баласы ''палеолит'' доорунда эле жашаган. Ба­йыркы көчмөн уруулар жемиш чогултуп, аӊчылык кылышкан, кийинчерээк балык уулай башташкан. Алардын арасында протосемит, бербер ж-а кушит уруулары болгон, алар өз ара аралашып, натыйжада б. з. ч. 4-миӊ жылдык­ка карата египет эли калыптанат. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын орто ченинде Төмөнкү Египет ж-а Жогорку Египет падышалыгы пайда болот. Б. з. ч. 3000-жылдар ченде Түштүктүн падышасы Менес (Мена) Төмөнкү Египетти басып алып, бир падышалык­ка бириктирген. '''Алгачкы падышалык''' мезгилде (б. з. ч. 3000–2800-жылдар чен, алгачкы эки динас­тия башкарган) сугат чарбасы, жез куралдары, карапа жасоо өнөрү өнүгүп, соода-сатык кеӊей­ген; мамлекеттик аппарат түзүлүп, административдик округдар (ном­дор) бөлүнүп чыккан, талоончул жортуулдар жасалып турган. '''Байыркы падышалык''' (б. з. ч. 2800–2250-жылдар чен) Жосер династиясынын сура­гы м-н башталган. Бул мезгилде айыл чарба, соода, кол өнөрчүлүк андан ары өнүгүп, туруктуу аскерлер пайда болот. Байыркы падышалык мезгилдин аяк ченинде номдордо жергиликтүү ак сөөктөр күчтө­нүп, борбордук бийликке каршы чыккан. Египеттин ал­гачкы ыдыроо мезгилинде (б. з. ч. 2250–2050-жылдар | ||
башташкан. Алардын арасында протосемит, бербер ж-а кушит уруулары болгон, алар өз ара аралашып, натыйжада б. з. ч. 4-миӊ жылдык­ка карата египет эли калыптанат. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын орто ченинде Төмөнкү | |||
[[File:ЕГИПЕТ28.png | thumb | none]]ченде) өлкө өз ара касташкан номдорго ж-а май­да мамлекеттерге бөлүнүп (б. з. ч. 23–22-кылымдар), чар­басы бүлүнгөн. Өлкө кийин (2050-ж. ченде) Мен­тухотеп IIнин тушунда гана кайрадан бириккен. '''Ортоӊку падышалык '''мезгилинде (б. з. ч. 2050– 1700-жылдар ченде) XII династия башкарган. Файюм оазисинде ири сугат иштери жүргүзүлүп, жез куралдары колдонулган. Кулдардын эмгеги пай­даланылган. Өз ара согуштар көп болуп, Аме­немхет IIIнүн мезгилинде (б. з. ч. 19-кылымдын 2- жарымы) гана борбордук бийлик бекемделген. Мүлк­түк теӊсиздиктин күчөшү элдик көтөрүлүшкө | |||
[[File:ЕГИПЕТ28.png | thumb | none]]ченде) өлкө өз ара касташкан номдорго ж-а май­да мамлекеттерге бөлүнүп (б. з. ч. 23–22- | |||
[[File:ЕГИПЕТ29.png | thumb | Луксор храмы (Сфинкстер аллеясы). XVIII династия, ХХХ династия.]] | [[File:ЕГИПЕТ29.png | thumb | Луксор храмы (Сфинкстер аллеясы). XVIII династия, ХХХ династия.]] | ||
алып келген. ''' | алып келген. '''Египеттин экинчи жолку ыдыроо мез­гилинде '''(б. з. ч. 1700–1580-жылдар ченде) 1700-жылы Египетке түндүк-чыгыштан гиксос уруулары басып кирип, өлкөнүн көп бөлүгүн 110 жыл бийлеп турушкан. Аларды XVII династиянын негиздөө­чүсү Яхмос I (Амасис) 1580-жылы ченде Египеттен кууп чыккан. '''Жаңы падышалыктын''' (б. з. ч. 1580–1070-жылдар ченде) убагында коло кеӊири пай­даланылып, темир буюмдар пайда болгон, ме­талл иштетүү техникасы өркүндөп, жеке кул ээлик күчөгөн. Яхмостун мурасчылары Тутмос I, Тутмос II, Аменхотеп II Сирия, Палестина ж. б. жерлерди басып алышкан, Вавилон, Хетт па­дышалыгы ж. б. мамлекеттер м-н дипломатиялык мами­ле түзгөн. Бирок, фараондор м-н жрецтердин өз ара күрөшүнөн начарлаган Египет 14-кылымдын 1-жары­мында түндүктөгү бардык жерлеринен ажырап калган. XIX династиянын көрүнүктүү өкүлү Рамсес IIнин тушунда Египет Сириянын айынан хет­тер м-н согушуп, натыйжада Палестина м-н Түштүк Сирияны кошуп алган, бирок, XX династиянын сурагынын аяк ченинде Сириядагы ж-а Куштун | ||
(б. з. ч. 1580–1070- | |||
[[File:ЕГИПЕТ30.png | thumb | none]] | [[File:ЕГИПЕТ30.png | thumb | none]] | ||
[[File:ЕГИПЕТ31.png | thumb | Абу-Симбелдеги фараон Рамсес IIнин аска храмы. ХIХ династия.]] | [[File:ЕГИПЕТ31.png | thumb | Абу-Симбелдеги фараон Рамсес IIнин аска храмы. ХIХ династия.]] | ||
түш. аймактарындагы жерлеринен ажыраган, ал эми Рамсес XIIнин тушунда (б. з. ч. 1070- | түш. аймактарындагы жерлеринен ажыраган, ал эми Рамсес XIIнин тушунда (б. з. ч. 1070-жылдар чен­де) Фивыдагы бийлик иш жүзүндө Амон куда­йынын жогорку жреци Херихордун колуна өт­көн. '''Кеч ж-а перс мезгилинде '''(б. з. ч. 1070– 332-жылдар ченде) Египеттин бардык жеринде темир ку­рал урунуу, акча жүгүртүү өнүгөт. 11-кылымдын ая­гы – 10-кылымдын башында Египет дагы ыдырап, 8-кылымдын 2-жарымында Куштун (XXV династия), ал эми 671-жылдан ассириялыктардын бийлигине өтөт. Саистин башкаруучусу Псамметих Iнин тушунда Е. Ассирия бийлигинен кутулат, би­рок б. з. ч. 525-жылы кайрадан перстерге көз ка­ранды болот, 404-жыл ченде алардан убактылуу бошонот. Б. з. ч. 332-жылы Египетти ''Александр Ма­кедонский'' биротоло каратып алат. '''Грек-Рим мезгилинде '''(б. з. ч. 332 – б. з. 395-жылы) Египет эллин­дик (к. ''Эллинизм'') дүйнөнүн бир бөлүгүнө айла­нат, анда кол өнөрчүлүк м-н сооданын жаӊы борборлору пайда болот, соода байланышы кеӊийт. Б. з. ч. 2-кылымдын аягында Египет экономикалык ж-а саясий кризиске учурайт, б. з. ч. 30-жылда Египет Рим империясынын провинциясына айланат. Рим империясы бөлүнгөндөн кийин (б. з. 395-жылы) Византиянын курамына кирет. 619-жылы аны Персия падышасы Хосров II кара­тып алат. 639–642-жылдарда Египетти арабдар басып алат (к. ''Египет''). | ||
өтөт. Саистин башкаруучусу Псамметих Iнин | |||
тушунда Е. Ассирия бийлигинен кутулат, би­рок б. з. ч. 525- | |||
'''Маданияты.''' Египеттин адабияты дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Ал б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын акырынан башталат. Эмгек ырлары Байыркы падышалык мезгилиндеги (б. з. ч. 3-миӊ жыл­дык) күмбөз беттеринен табылган. Адабияттын гүлдөп өнүгүшү Орто падышалык (б. з. ч. 21– 18-кылымдар) мезгилине туура келет. Күмбөз тактала­ры м-н дубал беттеринде, папирустарда ж-а ди­ний жыйнактарда («Пирамида тексттери», «Өлгөндөрдүн китеби») кудайларга жазылган гимндер сакталган. Египет адабиятынын көп сюжетте­ри байыркы грек, копт ж-а орто кылымдагы Чы­гыш адабияттарынан келип кирген.<br>Египетте ири шаарлар, чептер ж-а ирригациялык курулмалар тургузулган. Таш храмдар, ак са- | |||
. | |||
«Өлгөндөрдүн китеби») кудайларга жазылган гимндер сакталган. | |||
<br> | |||
[[File:ЕГИПЕТ32.png | thumb | none]] | [[File:ЕГИПЕТ32.png | thumb | none]] | ||
[[File:ЕГИПЕТ33.png | thumb | Гизадагы Египет пирамидаларынын комплекси (б. з. ч. 2540–2450).]] | [[File:ЕГИПЕТ33.png | thumb | Гизадагы Египет пирамидаларынын комплекси (б. з. ч. 2540–2450).]] | ||
райлар, өлүк коюучу жайларынын | райлар, өлүк коюучу жайларынын архитектурасы мо­нументтүүлүгү м-н айырмаланат. Байыркы па­дышалык доордо (б. з. ч. 3-миӊ жылдыкта) мар­кумдарга сыйынууга байланыштуу түз бурчтуу күмбөздөрдүн тиби (мастаба) ж-а пирамидалар (алгач формасы тепкичтүү – Саккарадагы Жосер пирамидасы, кийин классикалык фор­мада – Гизадагы Хеопс, Хефрен, Микерин пи­рамидалары) ж. б. формадагы колонналуу храм­дар, обелиск, сфинкстердин типтери түзүлөт. Мо­нумент скульптураларга (фараондордун статуя­лары) формасынын чоӊдугу, лаконизм, геомет­риялуулук мүнөздүү. Зыярат очогу болгон фа- | ||
[[File:ЕГИПЕТ34.png | thumb | Жосер фараондун | [[File:ЕГИПЕТ34.png | thumb | Жосер фараондун скульптурасынан фрагмент (б. з. ч. 2600-ж. чен; Каир, Египет музейи).]] | ||
раондордун сөөгү коюлган храмдар өтө чоӊ ку­рулган. Ал храмдарды (Карнактагы, Луксордо­гу колонналуу залдар, кубаттуу пилондор, сфинкс аллеялуу храмдар) куруу Жаӊы пады­шалык доорунда (б. з. ч. 16–11- | раондордун сөөгү коюлган храмдар өтө чоӊ ку­рулган. Ал храмдарды (Карнактагы, Луксордо­гу колонналуу залдар, кубаттуу пилондор, сфинкс аллеялуу храмдар) куруу Жаӊы пады­шалык доорунда (б. з. ч. 16–11-кылымдар) күч алат. Эх­натондун учурунда (б. з. ч. 1400-кылымдын 3-чейре­ги) рельефтүү композициялуу ж-а статуялуу зор храмдарды куруу (Карнакта, Абу-Симбелде, Ме­динет-Абуда) өнүгөт. Б. з. ч. 4-кылымдан Египеттин искусст­восу эллада сүрөт өнөрүнүн ж-а архитекту расынын ажырагыс бөлүгү катары кирет. Египетте 7-кылымдан жаӊы маданият калыптанат. Байыркы падышалык мезгилде (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) сакталып кал­ган ырчылар м-н аспапчылардын сүрөттөрү '''тар­тылган барелье'''ф Египетте музыка чоӊ мааниге ээ экен­дигин далилдейт. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыкка чейин эле Египетте хейрономия өнөрү болгон. Египеттин музыкалык ас­паптары: арфа, флейта, лира, лютня, барабан, систр ж. б. Египет музыкасынын жазма эстелик­тери сакталган эмес. Окумуштуулар музыкалык чыгар­малардын калдыктары копт элинин азыркы фольклорунда сакталып калган деп божомол­дошот. | ||
фольклорунда сакталып калган деп божомол­дошот. | |||
Ад.: ''Перепелкин Ю. Я.'' История древнего Египта. М., 2001; ''Демидчик А. Е.'' Безымянная пирамида. Государственная доктрина древнеегипетской Гераклео­польской династии. СПб., 2005; Культура Древнего Египта. М., 1976. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | Ад.: ''Перепелкин Ю. Я.'' История древнего Египта. М., 2001; ''Демидчик А. Е.'' Безымянная пирамида. Государственная доктрина древнеегипетской Гераклео­польской династии. СПб., 2005; Культура Древнего Египта. М., 1976. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] |
09:23, 23 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕГИ́ПЕТ Б а й ы р к ы – Африканын түндүк-чыгышында, Нил дарыясынын төмөнкү аймагындагы байыркы мамлекет. Египеттин аймагы – б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта түзүлгөн цивилизациянын эӊ байыркы очокторунун бири. Египет аймагында адам баласы палеолит доорунда эле жашаган. Байыркы көчмөн уруулар жемиш чогултуп, аӊчылык кылышкан, кийинчерээк балык уулай башташкан. Алардын арасында протосемит, бербер ж-а кушит уруулары болгон, алар өз ара аралашып, натыйжада б. з. ч. 4-миӊ жылдыкка карата египет эли калыптанат. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын орто ченинде Төмөнкү Египет ж-а Жогорку Египет падышалыгы пайда болот. Б. з. ч. 3000-жылдар ченде Түштүктүн падышасы Менес (Мена) Төмөнкү Египетти басып алып, бир падышалыкка бириктирген. Алгачкы падышалык мезгилде (б. з. ч. 3000–2800-жылдар чен, алгачкы эки династия башкарган) сугат чарбасы, жез куралдары, карапа жасоо өнөрү өнүгүп, соода-сатык кеӊейген; мамлекеттик аппарат түзүлүп, административдик округдар (номдор) бөлүнүп чыккан, талоончул жортуулдар жасалып турган. Байыркы падышалык (б. з. ч. 2800–2250-жылдар чен) Жосер династиясынын сурагы м-н башталган. Бул мезгилде айыл чарба, соода, кол өнөрчүлүк андан ары өнүгүп, туруктуу аскерлер пайда болот. Байыркы падышалык мезгилдин аяк ченинде номдордо жергиликтүү ак сөөктөр күчтөнүп, борбордук бийликке каршы чыккан. Египеттин алгачкы ыдыроо мезгилинде (б. з. ч. 2250–2050-жылдар

ченде) өлкө өз ара касташкан номдорго ж-а майда мамлекеттерге бөлүнүп (б. з. ч. 23–22-кылымдар), чарбасы бүлүнгөн. Өлкө кийин (2050-ж. ченде) Ментухотеп IIнин тушунда гана кайрадан бириккен. Ортоӊку падышалык мезгилинде (б. з. ч. 2050– 1700-жылдар ченде) XII династия башкарган. Файюм оазисинде ири сугат иштери жүргүзүлүп, жез куралдары колдонулган. Кулдардын эмгеги пайдаланылган. Өз ара согуштар көп болуп, Аменемхет IIIнүн мезгилинде (б. з. ч. 19-кылымдын 2- жарымы) гана борбордук бийлик бекемделген. Мүлктүк теӊсиздиктин күчөшү элдик көтөрүлүшкө

алып келген. Египеттин экинчи жолку ыдыроо мезгилинде (б. з. ч. 1700–1580-жылдар ченде) 1700-жылы Египетке түндүк-чыгыштан гиксос уруулары басып кирип, өлкөнүн көп бөлүгүн 110 жыл бийлеп турушкан. Аларды XVII династиянын негиздөөчүсү Яхмос I (Амасис) 1580-жылы ченде Египеттен кууп чыккан. Жаңы падышалыктын (б. з. ч. 1580–1070-жылдар ченде) убагында коло кеӊири пайдаланылып, темир буюмдар пайда болгон, металл иштетүү техникасы өркүндөп, жеке кул ээлик күчөгөн. Яхмостун мурасчылары Тутмос I, Тутмос II, Аменхотеп II Сирия, Палестина ж. б. жерлерди басып алышкан, Вавилон, Хетт падышалыгы ж. б. мамлекеттер м-н дипломатиялык мамиле түзгөн. Бирок, фараондор м-н жрецтердин өз ара күрөшүнөн начарлаган Египет 14-кылымдын 1-жарымында түндүктөгү бардык жерлеринен ажырап калган. XIX династиянын көрүнүктүү өкүлү Рамсес IIнин тушунда Египет Сириянын айынан хеттер м-н согушуп, натыйжада Палестина м-н Түштүк Сирияны кошуп алган, бирок, XX династиянын сурагынын аяк ченинде Сириядагы ж-а Куштун


түш. аймактарындагы жерлеринен ажыраган, ал эми Рамсес XIIнин тушунда (б. з. ч. 1070-жылдар ченде) Фивыдагы бийлик иш жүзүндө Амон кудайынын жогорку жреци Херихордун колуна өткөн. Кеч ж-а перс мезгилинде (б. з. ч. 1070– 332-жылдар ченде) Египеттин бардык жеринде темир курал урунуу, акча жүгүртүү өнүгөт. 11-кылымдын аягы – 10-кылымдын башында Египет дагы ыдырап, 8-кылымдын 2-жарымында Куштун (XXV династия), ал эми 671-жылдан ассириялыктардын бийлигине өтөт. Саистин башкаруучусу Псамметих Iнин тушунда Е. Ассирия бийлигинен кутулат, бирок б. з. ч. 525-жылы кайрадан перстерге көз каранды болот, 404-жыл ченде алардан убактылуу бошонот. Б. з. ч. 332-жылы Египетти Александр Македонский биротоло каратып алат. Грек-Рим мезгилинде (б. з. ч. 332 – б. з. 395-жылы) Египет эллиндик (к. Эллинизм) дүйнөнүн бир бөлүгүнө айланат, анда кол өнөрчүлүк м-н сооданын жаӊы борборлору пайда болот, соода байланышы кеӊийт. Б. з. ч. 2-кылымдын аягында Египет экономикалык ж-а саясий кризиске учурайт, б. з. ч. 30-жылда Египет Рим империясынын провинциясына айланат. Рим империясы бөлүнгөндөн кийин (б. з. 395-жылы) Византиянын курамына кирет. 619-жылы аны Персия падышасы Хосров II каратып алат. 639–642-жылдарда Египетти арабдар басып алат (к. Египет).
Маданияты. Египеттин адабияты дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Ал б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын акырынан башталат. Эмгек ырлары Байыркы падышалык мезгилиндеги (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) күмбөз беттеринен табылган. Адабияттын гүлдөп өнүгүшү Орто падышалык (б. з. ч. 21– 18-кылымдар) мезгилине туура келет. Күмбөз такталары м-н дубал беттеринде, папирустарда ж-а диний жыйнактарда («Пирамида тексттери», «Өлгөндөрдүн китеби») кудайларга жазылган гимндер сакталган. Египет адабиятынын көп сюжеттери байыркы грек, копт ж-а орто кылымдагы Чыгыш адабияттарынан келип кирген.
Египетте ири шаарлар, чептер ж-а ирригациялык курулмалар тургузулган. Таш храмдар, ак са-


райлар, өлүк коюучу жайларынын архитектурасы монументтүүлүгү м-н айырмаланат. Байыркы падышалык доордо (б. з. ч. 3-миӊ жылдыкта) маркумдарга сыйынууга байланыштуу түз бурчтуу күмбөздөрдүн тиби (мастаба) ж-а пирамидалар (алгач формасы тепкичтүү – Саккарадагы Жосер пирамидасы, кийин классикалык формада – Гизадагы Хеопс, Хефрен, Микерин пирамидалары) ж. б. формадагы колонналуу храмдар, обелиск, сфинкстердин типтери түзүлөт. Монумент скульптураларга (фараондордун статуялары) формасынын чоӊдугу, лаконизм, геометриялуулук мүнөздүү. Зыярат очогу болгон фа-

раондордун сөөгү коюлган храмдар өтө чоӊ курулган. Ал храмдарды (Карнактагы, Луксордогу колонналуу залдар, кубаттуу пилондор, сфинкс аллеялуу храмдар) куруу Жаӊы падышалык доорунда (б. з. ч. 16–11-кылымдар) күч алат. Эхнатондун учурунда (б. з. ч. 1400-кылымдын 3-чейреги) рельефтүү композициялуу ж-а статуялуу зор храмдарды куруу (Карнакта, Абу-Симбелде, Мединет-Абуда) өнүгөт. Б. з. ч. 4-кылымдан Египеттин искусствосу эллада сүрөт өнөрүнүн ж-а архитекту расынын ажырагыс бөлүгү катары кирет. Египетте 7-кылымдан жаӊы маданият калыптанат. Байыркы падышалык мезгилде (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) сакталып калган ырчылар м-н аспапчылардын сүрөттөрү тартылган барельеф Египетте музыка чоӊ мааниге ээ экендигин далилдейт. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыкка чейин эле Египетте хейрономия өнөрү болгон. Египеттин музыкалык аспаптары: арфа, флейта, лира, лютня, барабан, систр ж. б. Египет музыкасынын жазма эстеликтери сакталган эмес. Окумуштуулар музыкалык чыгармалардын калдыктары копт элинин азыркы фольклорунда сакталып калган деп божомолдошот.
Ад.: Перепелкин Ю. Я. История древнего Египта. М., 2001; Демидчик А. Е. Безымянная пирамида. Государственная доктрина древнеегипетской Гераклеопольской династии. СПб., 2005; Культура Древнего Египта. М., 1976.