ЕВРОПИЙ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
5 сап: | 5 сап: | ||
[[Категория:3-том, 172-214 бб]] | [[Категория:3-том, 172-214 бб]] |
03:52, 23 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕВРО́ПИЙ (лат. Europium), Eu – элементтердин мезгилдик системасынын III тобунан орун алган химиялык элемент. Катар номери 63, атмосфералык массасы 151,96. Массалык сандары 138Eu – 160Eu болгон 23 изотобу белгилүү. Жер кыртышында массасы б-ча 1,2 · 10–4%. Лантаноиддерге кирет. 1886-жылы француздук химик Е. Демарсе Европийди минералынын курамынан оксид түрүндө тапкан. 1937-жылы гана таза металл түрүндө алынган. Күмүш түстүү ак металл; эрүү t – 826°С; кайноо t – 1439°С; бирикмелеринде +2 ж-а +3 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Абада тез окистенет, бөлмө температурасында HCl, HNO3, H2SO4, галогендер ж-а суу м-н кошулат. Атомдук реактордон алынган радиоактивдүү Европийдин үч оксидин лантан м-н калыбына келтирип, андан кийин вакуумда дистилляция жолу м-н алынат. Рак оорусунун кээ бир түрүн дарылоо үчүн медицинада, нейтрондорду жутуучу катары ядролук реакторлордо, активатор катары телеэкранда кызыл түстү алууда колдонулат.