ЕВТУШЕНКО Евгений Александрович: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЕВТУШЕНКО to ЕВТУШЕНКО Евгений Александрович) |
(Айырма жок)
|
05:35, 23 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕВТУШЕ́НКО Евгений Александрович [18. 7. 1933-жылы туулган, Россия, Иркутск облусу, Зима станциясы (азыр шаар)] – орус акыны, жазуучусу. 1951– 54-жылдарда Москвадагы адабият институтунда окуган. Чыгармалары 1949-жылдан жарыялана баштаган. «Болочок чалгынчылар» аттуу туӊгуч ырлар жыйнагы 1952-жылы жарык көргөн.

«Үчүнчү кар» (1955), «Убада» (1957), «Ар жылдагы ырлар» (1959), «Энтузиасттар шоссеси» (1956), «Махабат лирикасы» (1973), «Менин энем жана нейтрон бомбасы» (1982; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1984), «Граждандар мени уккула...» (1989), «XXI кылымдын ырлары» (2006) ж. б. 40тан ашуун ыр жыйнагы бар. Анын лирикаларында адамгерчилик ж-а эл аралык, саясий маселелер козголот. «Ардабиола» (1981) фантастикалык повести, «Жемиш жери» (1981), «Менден мурда өлбө» (1994) ж. б. романдары, мемуарлары, аӊгемелери ж. б. бар. Анын сценарийи боюнча «Бала бакча» (1984), «Сталинди акыркы сапарга узатуу» (1990) аттуу фильмдер тартылган. Чыгармалары чет тилдерге, бир катар ырлары, поэмалары Ж. Султаналиев, Р. Рыскулов, Б. Карагулов, Т. Арыков тарабынан кыргыз тилине которулган.
Чыг.: Собр. соч.: В 8 т. М., 1997–2004.– Т. 1–3, 7.