ЕГИПЕТ (Байыркы): нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
10 сап: | 10 сап: | ||
түш. аймактарындагы жерлеринен ажыраган, ал эми Рамсес XIIнин тушунда (б. з. ч. 1070-жылдар чен­де) Фивыдагы бийлик иш жүзүндө Амон куда­йынын жогорку жреци Херихордун колуна өт­көн. '''Кеч ж-а перс мезгилинде '''(б. з. ч. 1070– 332-жылдар ченде) Египеттин бардык жеринде темир ку­рал урунуу, акча жүгүртүү өнүгөт. 11-кылымдын ая­гы – 10-кылымдын башында Египет дагы ыдырап, 8-кылымдын 2-жарымында Куштун (XXV династия), ал эми 671-жылдан ассириялыктардын бийлигине өтөт. Саистин башкаруучусу Псамметих Iнин тушунда Е. Ассирия бийлигинен кутулат, би­рок б. з. ч. 525-жылы кайрадан перстерге көз ка­ранды болот, 404-жыл ченде алардан убактылуу бошонот. Б. з. ч. 332-жылы Египетти ''Александр Ма­кедонский'' биротоло каратып алат. '''Грек-Рим мезгилинде '''(б. з. ч. 332 – б. з. 395-жылы) Египет эллин­дик (к. ''Эллинизм'') дүйнөнүн бир бөлүгүнө айла­нат, анда кол өнөрчүлүк м-н сооданын жаӊы борборлору пайда болот, соода байланышы кеӊийт. Б. з. ч. 2-кылымдын аягында Египет экономикалык ж-а саясий кризиске учурайт, б. з. ч. 30-жылда Египет Рим империясынын провинциясына айланат. Рим империясы бөлүнгөндөн кийин (б. з. 395-жылы) Византиянын курамына кирет. 619-жылы аны Персия падышасы Хосров II кара­тып алат. 639–642-жылдарда Египетти арабдар басып алат (к. ''Египет''). | түш. аймактарындагы жерлеринен ажыраган, ал эми Рамсес XIIнин тушунда (б. з. ч. 1070-жылдар чен­де) Фивыдагы бийлик иш жүзүндө Амон куда­йынын жогорку жреци Херихордун колуна өт­көн. '''Кеч ж-а перс мезгилинде '''(б. з. ч. 1070– 332-жылдар ченде) Египеттин бардык жеринде темир ку­рал урунуу, акча жүгүртүү өнүгөт. 11-кылымдын ая­гы – 10-кылымдын башында Египет дагы ыдырап, 8-кылымдын 2-жарымында Куштун (XXV династия), ал эми 671-жылдан ассириялыктардын бийлигине өтөт. Саистин башкаруучусу Псамметих Iнин тушунда Е. Ассирия бийлигинен кутулат, би­рок б. з. ч. 525-жылы кайрадан перстерге көз ка­ранды болот, 404-жыл ченде алардан убактылуу бошонот. Б. з. ч. 332-жылы Египетти ''Александр Ма­кедонский'' биротоло каратып алат. '''Грек-Рим мезгилинде '''(б. з. ч. 332 – б. з. 395-жылы) Египет эллин­дик (к. ''Эллинизм'') дүйнөнүн бир бөлүгүнө айла­нат, анда кол өнөрчүлүк м-н сооданын жаӊы борборлору пайда болот, соода байланышы кеӊийт. Б. з. ч. 2-кылымдын аягында Египет экономикалык ж-а саясий кризиске учурайт, б. з. ч. 30-жылда Египет Рим империясынын провинциясына айланат. Рим империясы бөлүнгөндөн кийин (б. з. 395-жылы) Византиянын курамына кирет. 619-жылы аны Персия падышасы Хосров II кара­тып алат. 639–642-жылдарда Египетти арабдар басып алат (к. ''Египет''). | ||
'''Маданияты.''' Египеттин адабияты дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Ал | '''Маданияты.''' Египеттин адабияты дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Ал биздин заманга чейинки 4-миӊ жылдыктын акырынан башталат. Эмгек ырлары Байыркы падышалык мезгилиндеги (биздин заманга чейинки 3-миӊ жыл­дык) күмбөз беттеринен табылган. Адабияттын гүлдөп өнүгүшү Орто падышалык (биздин заманга чейинки XXI–XVIII кылымдар) мезгилине туура келет. Күмбөз тактала­ры менен дубал беттеринде, папирустарда жана ди­ний жыйнактарда («Пирамида тексттери», «Өлгөндөрдүн китеби») кудайларга жазылган гимндер сакталган. Египет адабиятынын көп сюжетте­ри байыркы грек, копт жана орто кылымдагы Чы­гыш адабияттарынан келип кирген.<br>Египетте ири шаарлар, чептер жана ирригациялык курулмалар тургузулган. Таш храмдар, ак сарайлар, өлүк коюучу жайларынын архитектурасы мо­нументтүүлүгү менен айырмаланат. | ||
[[File:ЕГИПЕТ32.png | thumb | none]] | [[File:ЕГИПЕТ32.png | thumb | none]] | ||
[[File:ЕГИПЕТ33.png | thumb | Гизадагы Египет пирамидаларынын комплекси (б. з. ч. 2540–2450).]] | [[File:ЕГИПЕТ33.png | thumb | Гизадагы Египет пирамидаларынын комплекси (б. з. ч. 2540–2450).]] | ||
[[File:ЕГИПЕТ34.png | thumb | Жосер фараондун | |||
Байыркы па­дышалык доордо (биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдыкта) мар­кумдарга сыйынууга байланыштуу түз бурчтуу күмбөздөрдүн тиби (мастаба) жана пирамидалар (алгач формасы тепкичтүү – Саккарадагы Жосер пирамидасы, кийин классикалык фор­мада – Гизадагы Хеопс, Хефрен, Микерин пи­рамидалары) жана башка формадагы колонналуу храм­дар, обелиск, сфинкстердин типтери түзүлөт. Мо­нумент айкелдерге (фараондордун статуялары) формасынын чоӊдугу, лаконизм, геомет­риялуулук мүнөздүү. Зыярат очогу болгон фараондордун сөөгү коюлган храмдар өтө чоӊ ку­рулган. | |||
[[File:ЕГИПЕТ34.png | thumb | Жосер фараондун айкелинен фрагмент (биздин заманга чейинки 2600-жылдар чен; Каир, Египет музейи).|left]] | |||
Ал храмдарды (Карнактагы, Луксордо­гу колонналуу залдар, кубаттуу пилондор, сфинкс аллеялуу храмдар) куруу Жаӊы пады­шалык доорунда (биздин заманга чейинки XVI–XI кылымдар) күч алат. Эх­натондун учурунда (биздин заманга чейинки '''1400-кылымдын''' 3-чейре­ги) рельефтүү композициялуу жана статуялуу зор храмдарды куруу (Карнакта, Абу-Симбелде, Ме­динет-Абуда) өнүгөт. Биздин заманга чейинки IV кылымдан Египеттин искусст­восу эллада сүрөт өнөрүнүн жана архитектурасынын ажырагыс бөлүгү катары кирет. Египетте VII кылымдан жаӊы маданият калыптанат. Байыркы падышалык мезгилде (биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдык) сакталып кал­ган ырчылар менен аспапчылардын сүрөттөрү '''тар­тылган барелье'''ф Египетте музыка чоӊ мааниге ээ экен­дигин далилдейт. Биздин заманга чейинки 4-миӊ жылдыкка чейин эле Египетте хейрономия өнөрү болгон. Египеттин музыкалык ас­паптары: арфа, флейта, лира, лютня, барабан, систр жана башкалар. Египет музыкасынын жазма эстелик­тери сакталган эмес. Окумуштуулар музыкалык чыгар­малардын калдыктары копт элинин азыркы фольклорунда сакталып калган деп божомол­дошот. | |||
Ад.: ''Перепелкин Ю. Я.'' История древнего Египта. М., 2001; ''Демидчик А. Е.'' Безымянная пирамида. Государственная доктрина древнеегипетской Гераклео­польской династии. СПб., 2005; Культура Древнего Египта. М., 1976. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | Ад.: ''Перепелкин Ю. Я.'' История древнего Египта. М., 2001; ''Демидчик А. Е.'' Безымянная пирамида. Государственная доктрина древнеегипетской Гераклео­польской династии. СПб., 2005; Культура Древнего Египта. М., 1976. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] |
05:11, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЕГИ́ПЕТ Б а й ы р к ы – Африканын түндүк-чыгышында, Нил дарыясынын төмөнкү аймагындагы байыркы мамлекет. Египеттин аймагы – б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта түзүлгөн цивилизациянын эӊ байыркы очокторунун бири. Египет аймагында адам баласы палеолит доорунда эле жашаган. Байыркы көчмөн уруулар жемиш чогултуп, аӊчылык кылышкан, кийинчерээк балык уулай башташкан. Алардын арасында протосемит, бербер ж-а кушит уруулары болгон, алар өз ара аралашып, натыйжада б. з. ч. 4-миӊ жылдыкка карата египет эли калыптанат. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын орто ченинде Төмөнкү Египет ж-а Жогорку Египет падышалыгы пайда болот. Б. з. ч. 3000-жылдар ченде Түштүктүн падышасы Менес (Мена) Төмөнкү Египетти басып алып, бир падышалыкка бириктирген. Алгачкы падышалык мезгилде (б. з. ч. 3000–2800-жылдар чен, алгачкы эки династия башкарган) сугат чарбасы, жез куралдары, карапа жасоо өнөрү өнүгүп, соода-сатык кеӊейген; мамлекеттик аппарат түзүлүп, административдик округдар (номдор) бөлүнүп чыккан, талоончул жортуулдар жасалып турган. Байыркы падышалык (б. з. ч. 2800–2250-жылдар чен) Жосер династиясынын сурагы м-н башталган. Бул мезгилде айыл чарба, соода, кол өнөрчүлүк андан ары өнүгүп, туруктуу аскерлер пайда болот. Байыркы падышалык мезгилдин аяк ченинде номдордо жергиликтүү ак сөөктөр күчтөнүп, борбордук бийликке каршы чыккан. Египеттин алгачкы ыдыроо мезгилинде (б. з. ч. 2250–2050-жылдар

ченде) өлкө өз ара касташкан номдорго ж-а майда мамлекеттерге бөлүнүп (б. з. ч. 23–22-кылымдар), чарбасы бүлүнгөн. Өлкө кийин (2050-ж. ченде) Ментухотеп IIнин тушунда гана кайрадан бириккен. Ортоӊку падышалык мезгилинде (б. з. ч. 2050– 1700-жылдар ченде) XII династия башкарган. Файюм оазисинде ири сугат иштери жүргүзүлүп, жез куралдары колдонулган. Кулдардын эмгеги пайдаланылган. Өз ара согуштар көп болуп, Аменемхет IIIнүн мезгилинде (б. з. ч. 19-кылымдын 2- жарымы) гана борбордук бийлик бекемделген. Мүлктүк теӊсиздиктин күчөшү элдик көтөрүлүшкө

алып келген. Египеттин экинчи жолку ыдыроо мезгилинде (б. з. ч. 1700–1580-жылдар ченде) 1700-жылы Египетке түндүк-чыгыштан гиксос уруулары басып кирип, өлкөнүн көп бөлүгүн 110 жыл бийлеп турушкан. Аларды XVII династиянын негиздөөчүсү Яхмос I (Амасис) 1580-жылы ченде Египеттен кууп чыккан. Жаңы падышалыктын (б. з. ч. 1580–1070-жылдар ченде) убагында коло кеӊири пайдаланылып, темир буюмдар пайда болгон, металл иштетүү техникасы өркүндөп, жеке кул ээлик күчөгөн. Яхмостун мурасчылары Тутмос I, Тутмос II, Аменхотеп II Сирия, Палестина ж. б. жерлерди басып алышкан, Вавилон, Хетт падышалыгы ж. б. мамлекеттер м-н дипломатиялык мамиле түзгөн. Бирок, фараондор м-н жрецтердин өз ара күрөшүнөн начарлаган Египет 14-кылымдын 1-жарымында түндүктөгү бардык жерлеринен ажырап калган. XIX династиянын көрүнүктүү өкүлү Рамсес IIнин тушунда Египет Сириянын айынан хеттер м-н согушуп, натыйжада Палестина м-н Түштүк Сирияны кошуп алган, бирок, XX династиянын сурагынын аяк ченинде Сириядагы ж-а Куштун


түш. аймактарындагы жерлеринен ажыраган, ал эми Рамсес XIIнин тушунда (б. з. ч. 1070-жылдар ченде) Фивыдагы бийлик иш жүзүндө Амон кудайынын жогорку жреци Херихордун колуна өткөн. Кеч ж-а перс мезгилинде (б. з. ч. 1070– 332-жылдар ченде) Египеттин бардык жеринде темир курал урунуу, акча жүгүртүү өнүгөт. 11-кылымдын аягы – 10-кылымдын башында Египет дагы ыдырап, 8-кылымдын 2-жарымында Куштун (XXV династия), ал эми 671-жылдан ассириялыктардын бийлигине өтөт. Саистин башкаруучусу Псамметих Iнин тушунда Е. Ассирия бийлигинен кутулат, бирок б. з. ч. 525-жылы кайрадан перстерге көз каранды болот, 404-жыл ченде алардан убактылуу бошонот. Б. з. ч. 332-жылы Египетти Александр Македонский биротоло каратып алат. Грек-Рим мезгилинде (б. з. ч. 332 – б. з. 395-жылы) Египет эллиндик (к. Эллинизм) дүйнөнүн бир бөлүгүнө айланат, анда кол өнөрчүлүк м-н сооданын жаӊы борборлору пайда болот, соода байланышы кеӊийт. Б. з. ч. 2-кылымдын аягында Египет экономикалык ж-а саясий кризиске учурайт, б. з. ч. 30-жылда Египет Рим империясынын провинциясына айланат. Рим империясы бөлүнгөндөн кийин (б. з. 395-жылы) Византиянын курамына кирет. 619-жылы аны Персия падышасы Хосров II каратып алат. 639–642-жылдарда Египетти арабдар басып алат (к. Египет).
Маданияты. Египеттин адабияты дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Ал биздин заманга чейинки 4-миӊ жылдыктын акырынан башталат. Эмгек ырлары Байыркы падышалык мезгилиндеги (биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдык) күмбөз беттеринен табылган. Адабияттын гүлдөп өнүгүшү Орто падышалык (биздин заманга чейинки XXI–XVIII кылымдар) мезгилине туура келет. Күмбөз такталары менен дубал беттеринде, папирустарда жана диний жыйнактарда («Пирамида тексттери», «Өлгөндөрдүн китеби») кудайларга жазылган гимндер сакталган. Египет адабиятынын көп сюжеттери байыркы грек, копт жана орто кылымдагы Чыгыш адабияттарынан келип кирген.
Египетте ири шаарлар, чептер жана ирригациялык курулмалар тургузулган. Таш храмдар, ак сарайлар, өлүк коюучу жайларынын архитектурасы монументтүүлүгү менен айырмаланат.


Байыркы падышалык доордо (биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдыкта) маркумдарга сыйынууга байланыштуу түз бурчтуу күмбөздөрдүн тиби (мастаба) жана пирамидалар (алгач формасы тепкичтүү – Саккарадагы Жосер пирамидасы, кийин классикалык формада – Гизадагы Хеопс, Хефрен, Микерин пирамидалары) жана башка формадагы колонналуу храмдар, обелиск, сфинкстердин типтери түзүлөт. Монумент айкелдерге (фараондордун статуялары) формасынын чоӊдугу, лаконизм, геометриялуулук мүнөздүү. Зыярат очогу болгон фараондордун сөөгү коюлган храмдар өтө чоӊ курулган.

Ал храмдарды (Карнактагы, Луксордогу колонналуу залдар, кубаттуу пилондор, сфинкс аллеялуу храмдар) куруу Жаӊы падышалык доорунда (биздин заманга чейинки XVI–XI кылымдар) күч алат. Эхнатондун учурунда (биздин заманга чейинки 1400-кылымдын 3-чейреги) рельефтүү композициялуу жана статуялуу зор храмдарды куруу (Карнакта, Абу-Симбелде, Мединет-Абуда) өнүгөт. Биздин заманга чейинки IV кылымдан Египеттин искусствосу эллада сүрөт өнөрүнүн жана архитектурасынын ажырагыс бөлүгү катары кирет. Египетте VII кылымдан жаӊы маданият калыптанат. Байыркы падышалык мезгилде (биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдык) сакталып калган ырчылар менен аспапчылардын сүрөттөрү тартылган барельеф Египетте музыка чоӊ мааниге ээ экендигин далилдейт. Биздин заманга чейинки 4-миӊ жылдыкка чейин эле Египетте хейрономия өнөрү болгон. Египеттин музыкалык аспаптары: арфа, флейта, лира, лютня, барабан, систр жана башкалар. Египет музыкасынын жазма эстеликтери сакталган эмес. Окумуштуулар музыкалык чыгармалардын калдыктары копт элинин азыркы фольклорунда сакталып калган деп божомолдошот.
Ад.: Перепелкин Ю. Я. История древнего Египта. М., 2001; Демидчик А. Е. Безымянная пирамида. Государственная доктрина древнеегипетской Гераклеопольской династии. СПб., 2005; Культура Древнего Египта. М., 1976.