ЕГИПЕТ (Египет Араб Республикасы): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
62 сап: 62 сап:
Экспортко нефть ж-а нефть продуктулары, газ, пахта, кебез-кездеме жибин, азык-түлүк ж-а өнөр жай товарларын чыгарып, сырттан машина ж-а анын тетиктерин, азык-түлүк, цемент, ме­талл, жыгач ж. б. сатып алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Франция, Германия, Япония, Италия, Испания, Сирия, Сауд Арабия­сы, Кытай.  
Экспортко нефть ж-а нефть продуктулары, газ, пахта, кебез-кездеме жибин, азык-түлүк ж-а өнөр жай товарларын чыгарып, сырттан машина ж-а анын тетиктерин, азык-түлүк, цемент, ме­талл, жыгач ж. б. сатып алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Франция, Германия, Япония, Италия, Испания, Сирия, Сауд Арабия­сы, Кытай.  


'''Маданияты.''' Б. з. 1-кылымыннда Александрия эллин маданиятынын чордону болуп турган. Илим иши Александрия академиясына, Александрия му­сейонуна (маданият борбору) топтолгон. Астроно­мия, математика, статика сыяктуу тармактар өз бетинче бөлүнүп чыккан. 10-кылымдын аягы – 11-кылымдын башында египеттиктер Азия, Афри­кага саякат жасап, ал өлкөлөрдү сыпаттап жа­зып чыгышкан. 11-кылымдын башында Каирде «Дар­аль-Улюм» («Билим үйү») деген илим борбору иштеген. 1004-жылы обсерватория курулуп, астрономиялык таблицалар түзүлгөн. Медицина, химия илим­дери өнүккөн. 13–14-кылымдарда Европа ж-а Инди океа­нынын өлкөлөрү м-н экономикалык байланыштын өсү­шүнөн географиялык изилдөө иштери улантылган. 15– 18-кылымдарда илимде өнүгүү болбой калган. 19-кылымдын жарымында жүргүзүлгөн Мухаммед Алинин экономикалык реформалары илимий изилдөө иште­рин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген. Натыйжа­да агротехника, медицина кыйла өнүккөн; ка­нал ж-а сугат курулуштарын куруу кулач жай­ган; жаштар чет өлкөлөргө билим алууга жибе­рилип, кадрлар даярдалган. Египет географиялык коому (1845), бактериологиялык лаборатория (1885), геологиялык кызмат (1898), дыйканчылык коому (1898) уюштурулган. 20-кылымдын 1-жарымында илим изилдөө иштери кеӊейтилип, астрономия ж-а геофизика институту (1903), океанография ж-а Кызыл деӊиз балык­чылык институту (1929), тропик оорулар институту (1932) иш жүргүзө баштаган. 1939-жылы улуттук изилдөө совети, 1941-жылы Египет Академиясы, 1951-жылы өнөр жана ж-а химиялык изилдөөлөр институту негизделген. Учурда өлкөдө 14 ЖОЖ, анын ичинде Каир, Айн-Шамс, Александрия, ошондой эле аль-Азхар мусулман университетте­ри,  Каирдеги Америка, Немис ж-а Египет француз менчик университеттери ж. б. бар. 700 миӊден ашуун студенттер билим алышууда (2006).
'''Маданияты.''' Биздин замандын 1-кылымыннда Александрия эллин маданиятынын чордону болуп турган. Илим иши Александрия академиясына, Александрия му­сейонуна (маданият борбору) топтолгон. Астроно­мия, математика, статика сыяктуу тармактар өз бетинче бөлүнүп чыккан. X кылымдын аягы – XI кылымдын башында египеттиктер Азия, Афри­кага саякат жасап, ал өлкөлөрдү сыпаттап жа­зып чыгышкан. XI кылымдын башында Каирде «Дар­аль-Улюм» («Билим үйү») деген илим борбору иштеген. 1004-жылы обсерватория курулуп, астрономиялык таблицалар түзүлгөн. Медицина, химия илим­дери өнүккөн. XIII–XIV кылымдарда Европа жана Инди океа­нынын өлкөлөрү менен экономикалык байланыштын өсү­шүнөн географиялык изилдөө иштери улантылган. XV–XVIII кылымдарда илимде өнүгүү болбой калган. XIX кылымдын жарымында жүргүзүлгөн Мухаммед Алинин экономикалык реформалары илимий изилдөө иште­рин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген. Натыйжа­да агротехника, медицина кыйла өнүккөн; ка­нал жана сугат курулуштарын куруу кулач жай­ган; жаштар чет өлкөлөргө билим алууга жибе­рилип, кадрлар даярдалган. Египет географиялык коому (1845), бактериологиялык лаборатория (1885), геологиялык кызмат (1898), дыйканчылык коому (1898) уюштурулган. XX кылымдын 1-жарымында илим изилдөө иштери кеӊейтилип, астрономия жана геофизика институту (1903), океанография жана Кызыл деӊиз балык­чылык институту (1929), тропик оорулар институту (1932) иш жүргүзө баштаган. 1939-жылы улуттук изилдөө совети, 1941-жылы Египет Академиясы, 1951-жылы өнөр жана химиялык изилдөөлөр институту негизделген. Учурда өлкөдө 14 жогорку окуу жайы, анын ичинде Каир, Айн-Шамс, Александрия, ошондой эле аль-Азхар мусулман университетте­ри,  Каирдеги Америка, Немис жана Египет француз менчик университеттери жана башкалар бар. 700 миӊден ашуун студенттер билим алышууда (2006).


Египеттин билим берүү системасы өтө жогору бор&shy;борлоштурулгандыгы м-н айырмаланат. Ал үч баскычтан турат: базалык (Ат-таалимм аль-аса&shy;си), орто (Ат-таалимм ат-тамнауи) ж-а жогорку билим берүү (Ат-таалимм аль-гаммаи). 1981- жылдагы акысыз билим берүү жөнүндөгү мый&shy;замга ылайык, 6–14 жаштагы балдар базалык билим алуусу шарт. Ал эми диний билим берүү системасын Аль-Азхар институтунун жогорку кеӊе&shy;ши жетектейт. Кеӊеш билим берүү министрли&shy;гине баш ийбейт, бирок Египеттин премьер-мини&shy;стринин көзөмөлүндө турат. Бул мектептерде не&shy;гизинен дин боюнча, ошондой эле башка предметтер да окутулат. Билим алып жаткан балдар ж-а кыздар бөлөк окушат. Алар окууну аяктаган соӊ, Аль-Азхар университетинен гана билимин уланта алышат. 2000-жылга карата мындай мектептер&shy;де билим алгандар жалпы окуучулардын 40%ин түзгөн. Египетте философия, тарых, юридика, тил илими ж. б. илимдер орто кылымдардагы араб маданияты&shy;нын шарданында өнүккөн. 9–12-кылымдарда коомдук илимдер гүлдөгөн чегине жетсе, 12–16-кылымдар алар&shy;дын кедери кеткен мезгил болгон. 16–19-кылымдар өнүгүп-өспөй бир орунда туруп калган. Египет исто&shy;риографиясы 9-кылымда жаралган. Бизге жеткен биринчи тарыхый эмгек – Абдаррахман ибн Абд аль-Хакамдын чыгармасы. Анда шаарлар м-н эстеликтер сыпатталып жазылган. 14–15-кылымдарда энциклопедиялар даярдалган. Булардын Египет та&shy;рых илиминде жазма булак катары мааниси чоӊ. 19-кылымдын 2-жарымында тарыхты чыгарма (буга чейин тарыхый хроника, тарыхый өмүр баяндык жанр болгон) катары жаза башташ&shy;кан. Авторлор тарыхтагы маанилүү окуялар ар&shy;кылуу доорду жалпы көрсөтүүгө аракет жасаш&shy;кан. Бул багыттагы тунгуч чыгарма – Халил Ахмед ар-Рагаб жазган «Мухамед Али пашанын тарыхы».<br>Орто кылымдагы араб грамматикасы м-н лек&shy;сикологиясы инди грамматикасы ж-а грек ло&shy;гикасынын таасиринде өнүккөн. Араб грамма&shy;тикалык окуусун баштагандар – айтылуу «Аль- Китаб» («Китеп», 8-кылым) трактатынын авторлору Халил ж-а анын шакирти Сибайхи. 20-кылымдын баш ченине араб адабий тили бардык тар&shy;мактарда пайдаланыла баштаган. Египетте 300дөн ашуун ар кандай басма сөз каражаттары, анын ичинде күндө чыгуучу 17 гезит: «Аль-Ахрам» «Аль-Ах-бар» «Аль-Гумхурия» ж. б. жарык көрөт. Өлкө&shy;дө радиоуктуруу 1934-жылдан, телекөрсөтүү 1960-жылдан башталган. Бүгүнкү күндө Египет те&shy;лекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу кызматы – Жакынкы Чы&shy;гыш аймагынын ичинде өнүккөн тармактардын бири.<br>Жаӊы Египет адабияты араб өлкөлөрүнүн адабияты м-н тыгыз байланышта, жалпы маданий мурастын негизинде түптөлгөн. 19-кылымдын башында калып&shy;тана баштаган. Адабият м-н маданияттын жаӊырышы&shy;на Мухаммед Алинин реформалары м-н алгач&shy;кы буржуазиялык агартуучулар – акын ж-а публицист Шихаб-ад-дин (1786–1857), «Ал-Вакаи аль-мис&shy;рия» аттуу туӊгуч гезиттин редактору Рифаа ат- Тахтави (1801–93), Египет улуттук китепканасынын негиздөөчүсү Али Мубарак (1824–93) ж. б. чыгармачы&shy;лыгы чоӊ түрткү берген. 1870-жылы публицисти&shy;ка, поэзия өнүккөн. 1880-жылы Абдаллах Надым («Ата журт», «Арабдар»), Мустафа Камил («Ан&shy;далусияны алуу») ж. б. оригиналдуу драмалык чыгармаларды жаратышкан. Араб тарыхый романына ливандык эмигранттар Жиржи Зей&shy;дан («Качкын мамлюк», 1891), Фарах Антун («Жаӊы Иерусалим же арабдардын Иерусалим&shy;ди басып алышы», 1904) негиз салышкан. 20-кылым&shy;дын 1-жарымында 19-кылымдагы Батыш Европа ж-а орус классикалык адабиятын таануу, новелла, повесть, роман сыяктуу жаӊы адабий жанрлар&shy;дын калыптануу мезгили болгон. Поэзияда жаӊылануу жүрүп, романтизм бекемделген. Проза&shy;да – реализм калыптанып, 1940–50-жылдары гүлдөгөн дооруна жеткен. Экинчи дүйнөлүк со&shy;гуштан (1939–45) кийин карапайым адамдардын турмуш-тиричилигин, күрөшүн чагылдырган чыгармалар жаралган: Ибрахим Абд-аль Халим&shy;дин «Турмуш лаззаты» (1946) аӊгеме жыйнагы, Абдаррахман аль-Шаркавинин «Жер» (1954), «Чоӊ көчөлөрдүн артында» (1958) романдары, Абдаррахман аль-Хамисинин «Канга боёлгон көйнөктөр» (1953), «Төгүлгөн кан кургабайт» (1956) аӊгеме жыйнагы ж. б. Республиканын жарыя&shy;ланышы (1953) акын-жазуучуларга жаӊы чыг&shy;армачылык дем берген. Тауфик аль-Хаким («Назик кол&shy;дор»), Юсуф Идрис («Күнөө»), Али Ахмед Бак&shy;сир («Гоха мыгы»), Альфред Фараг («Фараон&shy;дун кыйрашы») ж. б. социалдык-саясий драма&shy;ларды жаратышкан. Ахмед Хашим аш-Шариф, Гамал ал-Гитани, Сулейман Файяд ж. б. изра&shy;илдик агрессорлорго каршы (1967) ж-а алар ээле&shy;ген жерлерди бошотуу үчүн күрөшкө үндөгөн чы&shy;гармаларды жазышкан. 1955-жылдан Египет жазуу&shy;чулар лигасы, Жазуучулар союзу иштейт. Со&shy;налла Ибрагимдин (1937-ж. туулган) ошол мезгилде&shy;ги режимди сындаган ж-а Яхья ат-Тахир Аб&shy;далланын айыл турмушун чагылдырган чыгар&shy;малары окурмандардын арасында азыркы күнгө чейин белгилүү. Египетте эле эмес, чет элге да атагы тараган Наджиб Макфуз 1988-жылы адабияттагы же&shy;тишкен ийгиликтери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Ал 40тан ашык роман, пьеса&shy;ларды жараткан. Макфуздун «Children of the Alley» («Көчө балдары») аттуу романын бүгүнкү күнгө чейин чыгарууга тыюу салынган, бирок көпчүлүк окурмандар муну адилетсиз чечим деп эсептешет. Тевфик Хаким, Яхья Хакки ж-а Юсуф Идристин чыгармалары да окумдуу. На&shy;валь аль-Саадави аттуу жазуучу айымдын чы&shy;гармалары чет элдиктердин арасында кадыр&shy;-баркка ээ.<br>Байыркы маданий эстеликтер неолит ж-а энеолит доорунда жаралган. А. Македонский&shy;дин Египетти жеӊиши, байыркы Египет ж-а грек мад&shy;аниятынын жакындашуусу Египет жеринде эллин мадания&shy;тынын таралышын шарттаган. 639-жылы арабдар&shy;дын келиши м-н ислам дини жайылып, араб маданияты түзүлө баштаган. 7–9-кылымдарда мечиттер көп салынган (мисалы, Фустатта Амр ибн аль-Ас ме&shy;чити, 641–642), 9- ж-а 10–12-кылымдарда скульптура&shy;лар, оймо-чиймелер м-н кооздолгон имараттар тургузулган. Каирде ибн Тулун (876–879), аль- Азхар (970–972), аль-Хаким (990–1013) мечит&shy;тери, Калаун султандар комплекси (1284–85), Хасан султан мечит-медресеси (1356–63), Мам&shy;люктар мавзолейи (15–16-кылымдар) ж. б. курулган. 19– 20-кылымдарда Египетте француздук, италиялык, англиялык, бельгиялык арх&shy;итектуралык имараттар, мисалы, Каирдеги аэропорт (1962, архитекторлор С. Зайтун, М. Шавки), Александрияда «Па&shy;лестина» мейманканасы (архитекторлор Абл аль-Магид, Ш. Хосна), Ан-Насер пансионаты (архитектор А. Ла&shy;биб Габр) ж. б. пайда болгон. Байыркы Алек&shy;сандрия китепканасы үчүн мурдагы эски има&shy;раттын ордуна салынган заманбап китепкана 2002-жылы пайдаланууга берилген. Египет сүрөт өнөрүнүн сакталып калган эстелик&shy;тери фатимиддик бийлик дооруна таандык; Фустаттагы мончо фрескасынын фрагменттери (Каирдеги Ислам искусство музейи, 10–11-кылымдар), таш&shy;ка, жыгачка, пил сөөгүнө түшүрүлгөн музыкант, бийчи, чабендестердин сүрөттөрү (Каирдеги Фа&shy;тими ак сарайынын фриздери). Египет сүрөт өнөр мектебине негиз салгандар – Мухаммед Наги, Махмуд Саид, Ахмед Сабри. Өлкөнүн көрүнүктүү сүрөтчүлөрү катары Газбия Сери, Инджи Эфла-
Египеттин билим берүү системасы өтө жогору бор&shy;борлоштурулгандыгы менен айырмаланат. Ал үч баскычтан турат: базалык (Ат-таалимм аль-аса&shy;си), орто (Ат-таалимм ат-тамнауи) жана жогорку билим берүү (Ат-таалимм аль-гаммаи). 1981- жылдагы акысыз билим берүү жөнүндөгү мый&shy;замга ылайык, 6–14 жаштагы балдар базалык билим алуусу шарт. Ал эми диний билим берүү системасын Аль-Азхар институтунун жогорку кеӊе&shy;ши жетектейт. Кеӊеш билим берүү министрли&shy;гине баш ийбейт, бирок Египеттин премьер-мини&shy;стринин көзөмөлүндө турат. Бул мектептерде не&shy;гизинен дин боюнча, ошондой эле башка предметтер да окутулат. Билим алып жаткан балдар жана кыздар бөлөк окушат. Алар окууну аяктаган соӊ, Аль-Азхар университетинен гана билимин уланта алышат. 2000-жылга карата мындай мектептер&shy;де билим алгандар жалпы окуучулардын 40%ин түзгөн. Египетте философия, тарых, юридика, тил илими жана башка илимдер орто кылымдардагы араб маданияты&shy;нын шарданында өнүккөн. IX–XII кылымдарда коомдук илимдер гүлдөгөн чегине жетсе, XII–XVI кылымдар алар&shy;дын кедери кеткен мезгил болгон. XVI–XIX кылымдар өнүгүп-өспөй бир орунда туруп калган. Египет исто&shy;риографиясы IX кылымда жаралган. Бизге жеткен биринчи тарыхый эмгек – Абдаррахман ибн Абд аль-Хакамдын чыгармасы. Анда шаарлар менен эстеликтер сыпатталып жазылган. XIV–XV кылымдарда энциклопедиялар даярдалган. Булардын Египет та&shy;рых илиминде жазма булак катары мааниси чоӊ. XIX кылымдын 2-жарымында тарыхты чыгарма (буга чейин тарыхый хроника, тарыхый өмүр баяндык жанр болгон) катары жаза башташ&shy;кан. Авторлор тарыхтагы маанилүү окуялар ар&shy;кылуу доорду жалпы көрсөтүүгө аракет жасаш&shy;кан. Бул багыттагы тунгуч чыгарма – Халил Ахмед ар-Рагаб жазган «Мухамед Али пашанын тарыхы».<br>Орто кылымдагы араб грамматикасы менен лек&shy;сикологиясы инди грамматикасы жана грек ло&shy;гикасынын таасиринде өнүккөн. Араб грамма&shy;тикалык окуусун баштагандар – айтылуу «Аль- Китаб» («Китеп», VIII кылым) трактатынын авторлору Халил жана анын шакирти Сибайхи. XX кылымдын баш ченине араб адабий тили бардык тар&shy;мактарда пайдаланыла баштаган. Египетте 300дөн ашуун ар кандай басма сөз каражаттары, анын ичинде күндө чыгуучу 17 гезит: «Аль-Ахрам» «Аль-Ах-бар» «Аль-Гумхурия» жана башкалар жарык көрөт. Өлкө&shy;дө радиоуктуруу 1934-жылдан, телекөрсөтүү 1960-жылдан башталган. Бүгүнкү күндө Египет те&shy;лекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматы – Жакынкы Чы&shy;гыш аймагынын ичинде өнүккөн тармактардын бири.<br>Жаӊы Египет адабияты араб өлкөлөрүнүн адабияты менен тыгыз байланышта, жалпы маданий мурастын негизинде түптөлгөн. XIX кылымдын башында калып&shy;тана баштаган. Адабият менен маданияттын жаӊырышы&shy;на Мухаммед Алинин реформалары менен алгач&shy;кы буржуазиялык агартуучулар – акын жана публицист Шихаб-ад-дин (1786–1857), «Ал-Вакаи аль-мис&shy;рия» аттуу туӊгуч гезиттин редактору Рифаа ат- Тахтави (1801–1893), Египет улуттук китепканасынын негиздөөчүсү Али Мубарак (1824–1893) жана башкалардын чыгармачы&shy;лыгы чоӊ түрткү берген. 1870-жылы публицисти&shy;ка, поэзия өнүккөн. 1880-жылы Абдаллах Надым («Ата журт», «Арабдар»), Мустафа Камил («Ан&shy;далусияны алуу») жана башка оригиналдуу драмалык чыгармаларды жаратышкан. Араб тарыхый романына ливандык эмигранттар Жиржи Зей&shy;дан («Качкын мамлюк», 1891), Фарах Антун («Жаӊы Иерусалим же арабдардын Иерусалим&shy;ди басып алышы», 1904) негиз салышкан. XX кылым&shy;дын 1-жарымында XIX кылымдагы Батыш Европа ж-а орус классикалык адабиятын таануу, новелла, повесть, роман сыяктуу жаӊы адабий жанрлар&shy;дын калыптануу мезгили болгон. Поэзияда жаӊылануу жүрүп, романтизм бекемделген. Проза&shy;да – реализм калыптанып, 1940–1950-жылдары гүлдөгөн дооруна жеткен. Экинчи дүйнөлүк со&shy;гуштан (1939–1945) кийин карапайым адамдардын турмуш-тиричилигин, күрөшүн чагылдырган чыгармалар жаралган: Ибрахим Абд-аль Халим&shy;дин «Турмуш лаззаты» (1946) аӊгеме жыйнагы, Абдаррахман аль-Шаркавинин «Жер» (1954), «Чоӊ көчөлөрдүн артында» (1958) романдары, Абдаррахман аль-Хамисинин «Канга боёлгон көйнөктөр» (1953), «Төгүлгөн кан кургабайт» (1956) аӊгеме жыйнагы жана башкалар. Республиканын жарыя&shy;ланышы (1953) акын-жазуучуларга жаӊы чыг&shy;армачылык дем берген. Тауфик аль-Хаким («Назик кол&shy;дор»), Юсуф Идрис («Күнөө»), Али Ахмед Бак&shy;сир («Гоха мыгы»), Альфред Фараг («Фараон&shy;дун кыйрашы») жана башка социалдык-саясий драма&shy;ларды жаратышкан. Ахмед Хашим аш-Шариф, Гамал ал-Гитани, Сулейман Файяд жана башка изра&shy;илдик агрессорлорго каршы (1967) жана алар ээле&shy;ген жерлерди бошотуу үчүн күрөшкө үндөгөн чы&shy;гармаларды жазышкан. 1955-жылдан Египет жазуу&shy;чулар лигасы, Жазуучулар союзу иштейт. Со&shy;налла Ибрагимдин (1937-жылы туулган) ошол мезгилде&shy;ги режимди сындаган жана Яхья ат-Тахир Аб&shy;далланын айыл турмушун чагылдырган чыгар&shy;малары окурмандардын арасында азыркы күнгө чейин белгилүү. Египетте эле эмес, чет элге да атагы тараган Наджиб Макфуз 1988-жылы адабияттагы же&shy;тишкен ийгиликтери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Ал 40тан ашык роман, пьеса&shy;ларды жараткан. Макфуздун «Children of the Alley» («Көчө балдары») аттуу романын бүгүнкү күнгө чейин чыгарууга тыюу салынган, бирок көпчүлүк окурмандар муну адилетсиз чечим деп эсептешет. Тевфик Хаким, Яхья Хакки жана Юсуф Идристин чыгармалары да окумдуу. На&shy;валь аль-Саадави аттуу жазуучу айымдын чы&shy;гармалары чет элдиктердин арасында кадыр&shy;-баркка ээ.<br>Байыркы маданий эстеликтер неолит жана энеолит доорунда жаралган. А. Македонский&shy;дин Египетти жеӊиши, байыркы Египет жана грек мад&shy;аниятынын жакындашуусу Египет жеринде эллин мадания&shy;тынын таралышын шарттаган. 639-жылы арабдар&shy;дын келиши менен ислам дини жайылып, араб маданияты түзүлө баштаган. VII–IX кылымдарда мечиттер көп салынган (мисалы, Фустатта Амр ибн аль-Ас ме&shy;чити, 641–642), IX жана X–XII кылымдарда айкелдер, оймо-чиймелер менен кооздолгон имараттар тургузулган. Каирде ибн Тулун (876–879), аль- Азхар (970–972), аль-Хаким (990–1013) мечит&shy;тери, Калаун султандар комплекси (1284–1285), Хасан султан мечит-медресеси (1356–1363), Мам&shy;люктар мавзолейи (XV–XVI кылымдар) жана башкалар курулган. XIX–XX кылымдарда Египетте француздук, италиялык, англиялык, бельгиялык арх&shy;итектуралык имараттар, мисалы, Каирдеги аэропорт (1962, архитекторлор С. Зайтун, М. Шавки), Александрияда «Па&shy;лестина» мейманканасы (архитекторлор Абл аль-Магид, Ш. Хосна), Ан-Насер пансионаты (архитектор А. Ла&shy;биб Габр) жана башкалар пайда болгон. Байыркы Алек&shy;сандрия китепканасы үчүн мурдагы эски има&shy;раттын ордуна салынган заманбап китепкана 2002-жылы пайдаланууга берилген. Египет сүрөт өнөрүнүн сакталып калган эстелик&shy;тери фатимиддик бийлик дооруна таандык; Фустаттагы мончо фрескасынын фрагменттери (Каирдеги Ислам искусство музейи, X–XI кылымдар), таш&shy;ка, жыгачка, пил сөөгүнө түшүрүлгөн музыкант, бийчи, чабендестердин сүрөттөрү (Каирдеги Фа&shy;тими ак сарайынын фриздери). Египет сүрөт өнөр мектебине негиз салгандар – Мухаммед Наги, Махмуд Саид, Ахмед Сабри. Өлкөнүн көрүнүктүү сүрөтчүлөрү катары Газбия Сери, Инджи Эфлатоун, Абдель Вахаб Морси, Адель эль-Сиви, Ва&shy;хиб Нассер жана башкалардын ысымдары белгилүү.


[[File:ЕГИПЕТ26.png | thumb | Каирдеги Мухаммед Али мечити.]]
[[File:ЕГИПЕТ26.png | thumb | Каирдеги Мухаммед Али мечити.]]
тоун, Абдель Вахаб Морси, Адель эль-Сиви, Ва&shy;хиб Нассер ж. б-дын ысымдары белгилүү.<br>Египетти арабдар басып алгандан кийин (7-кылым) ык&shy;чам ыргактуу ырлар, элдик профессионалдык музыканын салтындагы вокалдык аспаптык сюиталар – макамдар кеӊири таралган. Орто кы&shy;лымда Ибн аль Хайтан (11-кылым), аль-Масаббахи (11-кылым), А. Умайя (12-кылым), Ибн Сана аль-Мульк, Алам-ад-дин Куайсар, Ан-Нувайри (14-кылым), аль- Магрази (15-кылым) өӊдүү теориячылар ж-а аткаруу&shy;чулар кеӊири белгилүү болгон. 18-к-дын аяк ченинде европалык музыканын таасириндеги мен&shy;чик музыкалык мектептер, европалык үлгүдөгү аскердик оркестрлер пайда болгон. 19-кылымда Мухаммед аль- Кабани, лютнячы Ахмед аль-Лайти, флейтачы Амин Бузари, ырчылар Мустафа аль-Аггады, музыка таануучу Мухаммед Шихаб аль-Мульк ж. б. музыканттар өлкөдө кеӊири белгилүү бол&shy;гон. 1869-жылы Каирде Опера театры (Африка кон&shy;тинентиндеги туӊгуч опера театры) ачылган. 1927-жылы музыкалык коом, 1929-жылы Араб музыка институ&shy;ту, 1935-жылы аялдар музыкалык институту ачылган. Элдик искусство ансамбли (1962-жылдан), музыкалык акаде&shy;мия, жогорку балет институту (1966) ж. б. көптөгөн музыкалык окуу жайлары бар. Ом Кольтумдун (1975-жылы дүйнөдөн кайткан) аткаруусундагы улуттук ко&shy;лориттеги музыканын мыкты үлгүсү катары саналган поэзия ж-а опереттанын негизинде түзүлгөн ырлар бүгүнкү күнгө чейин популяр&shy;дуу. Абдель Халим аль-Хафез ж-а Мухаммед Адб аль-Ваххаб сыяктуу аткаруучулары да бел&shy;гилүү. Египет музыкасында европа музыкасынын эле&shy;менттери да кеӊири тарай баштады, жаӊыдан тарап жаткан бул агымдын аткаруучуларынын ичинен Ихеб Тавфлик, Мохаммед Фуад ж-а
Египетти арабдар басып алгандан кийин (VII кылым) ык&shy;чам ыргактуу ырлар, элдик профессионалдык музыканын салтындагы вокалдык аспаптык сюиталар – макамдар кеӊири таралган. Орто кы&shy;лымда Ибн аль Хайтан (XI кылым), аль-Масаббахи (XI кылым), А. Умайя (XII кылым), Ибн Сана аль-Мульк, Алам-ад-дин Куайсар, Ан-Нувайри (XIV кылым), аль- Магрази (XV кылым) өӊдүү теориячылар жана аткаруу&shy;чулар кеӊири белгилүү болгон. XVIII кылымдын аяк ченинде европалык музыканын таасириндеги мен&shy;чик музыкалык мектептер, европалык үлгүдөгү аскердик оркестрлер пайда болгон. XIX кылымда Мухаммед аль- Кабани, лютнячы Ахмед аль-Лайти, флейтачы Амин Бузари, ырчылар Мустафа аль-Аггады, музыка таануучу Мухаммед Шихаб аль-Мульк жана башка музыканттар өлкөдө кеӊири белгилүү бол&shy;гон. 1869-жылы Каирде Опера театры (Африка кон&shy;тинентиндеги туӊгуч опера театры) ачылган. 1927-жылы музыкалык коом, 1929-жылы Араб музыка институ&shy;ту, 1935-жылы аялдар музыкалык институту ачылган. Элдик искусство ансамбли (1962-жылдан), музыкалык акаде&shy;мия, жогорку балет институту (1966) жана башка көптөгөн музыкалык окуу жайлары бар. Ом Кольтумдун (1975-жылы дүйнөдөн кайткан) аткаруусундагы улуттук ко&shy;лориттеги музыканын мыкты үлгүсү катары саналган поэзия жана опереттанын негизинде түзүлгөн ырлар бүгүнкү күнгө чейин популяр&shy;дуу. Абдель Халим аль-Хафез жана Мухаммед Адб аль-Ваххаб сыяктуу аткаруучулары да бел&shy;гилүү. Египет музыкасында европа музыкасынын эле&shy;менттери да кеӊири тарай баштады, жаӊыдан тарап жаткан бул агымдын аткаруучуларынын ичинен Ихеб Тавфлик, Мохаммед Фуад жана Хакимдин чыгармачылык чеберчиликтери артууда.


[[File:ЕГИПЕТ27.png | thumb | none]] Чыгыш бийи.
[[File:ЕГИПЕТ27.png | thumb | none|Чыгыш бийи.]] Египет чыгыш бийлерин аткаруучулары менен белгилүү. Аймактарда аль-хатталя, аль-бамбутыйя, аль&shy;каффафа жана курсак бийи деп аталган бийлер таралган. XIX кылымдан Египетте көчөдө жана ак сөөктөрдүн үйүндө бийлөөчү профессионал бийчилер болгон. 1958-жылы Каир балет мектеби ачылып, анын би&shy;ринчи бүтүрүүчүлөрүнөн жана Москва хореогра&shy;фия окуу жайын бүтүргөн египеттик кыздар&shy;дан 1967-жылы биринчи балет труппасы (улуттук балет) түзүлгөн. 1988-жылы Каир опера үйү опера жана балет театрына айландырылган. Каирде Заманбап бий театры иштейт. Эл аралык заман&shy;бап бий жана улуттук бий фестивалдары өткө&shy;рүлүп турат. XIX кылымдын биринчи жарымында Египетте мухабби&shy;зиттердин – куйкум сөз чеберлеринин өнөрү кеӊири тараган. Алар атайын аянттарда, базарлар&shy;да өнөр көрсөтүп, элдин көӊүлүн кушубак кыл&shy;ган. Наполеондун экспедициясы (1798–1801) Египетти Европа маданияты менен тааныштырган. XIX кылым&shy;дын 70-жылдары профессионал театр түзүлгөн. 1930-жылы араб театр институту ачылган. 1930-жылы араб театр өнөрүн өнүктүрүү боюнча жогорку комитет, 1935-жылы мамлекеттик туӊгуч улуттук труппа, 1944-жылы араб театр институту түзүлгөн. 1961-жылы Каирде «Аль-Гум&shy;хурия» театры ачылган. Мындан тышкары, улуттук, комедия, дүйнөлүк театрлары бар. 1897-жылдан чет элдик режиссёр жана оператор&shy;лор тарабынан чакан хроника, 1917-жылдан көркөм тасмалар тартыла баштаган. 1935-жылы Каирде «Миср» киностудиясы ачылган. 1930- жылдан белгилүү ырчы, композитор Абд аль- Ваххаб, Умм Кульсум катышкан музыкалык, 1940-жыл&shy;дардан патриоттук көркөм тасмалар тартылган. Египет кино өнөрүнүн жаӊы үлгүсү катары Ю. Шахиндин «Жамиля» (1959), «Жер» (1968), «Нилдеги адамдар» (СССР менен бирдикте, 1970), А. Фахминин аткаруусундагы «Мумия» (1971) тасмаларын атаса болот. Мындан тышкары, Хенри Баракат, Мухаммед Хан, Салах Абу Сейф жана Атеф Эль-Тайиб аттуу кинорежиссёрлор&shy;дун да тасмалары кеӊири белгилүү.
Хакимдин чыгармачылык чеберчиликтери артууда. Египет чыгыш бийлерин аткаруучулары м-н белгилүү. Аймактарда аль-хатталя, аль-бамбутыйя, аль&shy;каффафа ж-а курсак бийи деп аталган бийлер таралган. 19-кылымдан Египетте көчөдө ж-а ак сөөктөрдүн үйүндө бийлөөчү профессионал бийчилер болгон. 1958-жылы Каир балет мектеби ачылып, анын би&shy;ринчи бүтүрүүчүлөрүнөн ж-а Москва хореогра&shy;фия окуу жайын бүтүргөн египеттик кыздар&shy;дан 1967-жылы биринчи балет труппасы (улуттук балет) түзүлгөн. 1988-жылы Каир опера үйү опера ж-а балет театрына айландырылган. Каирде За&shy;манбап бий театры иштейт. Эл аралык заман&shy;бап бий ж-а улуттук бий фестивалдары өткө&shy;рүлүп турат. 19-кылымдын биринчи жарымында Египетте мухабби&shy;зиттердин – куйкум сөз чеберлеринин өнөрү кеӊири тараган. Алар атайын аянттарда, базарлар&shy;да өнөр көрсөтүп, элдин көӊүлүн кушубак кыл&shy;ган. Наполеондун экспедициясы (1798–1801) Египетти Европа маданияты м-н тааныштырган. 19-кылым&shy;дын 70-жылдары профессионал театр түзүлгөн. 1930-жылы араб театр институту ачылган. 1930-жылы араб театр өнөрүн өнүктүрүү боюнча жогорку комитет, 1935-жылы мамлекеттик туӊгуч улуттук труппа, 1944-жылы араб театр институту түзүлгөн. 1961-жылы Каирде «Аль-Гум&shy;хурия» театры ачылган. Мындан тышкары, улуттук, комедия, дүйнөлүк театрлары бар. 1897-жылдан чет элдик режиссёр ж-а оператор&shy;лор тарабынан чакан хроника, 1917-жылдан көркөм фильмдер тартыла баштаган. 1935-жылы Каирде «Миср» киностудиясы ачылган. 1930- жылдан белгилүү ырчы, композитор Абд аль- Ваххаб, Умм Кульсум катышкан музыкалык, 40-жыл&shy;дардан патриоттук көркөм фильмдер тартыл&shy;ган. Египет кино өнөрүнүн жаӊы үлгүсү катары Ю. Шахиндин «Жамиля» (1959), «Жер» (1968), «Нилдеги адамдар» (СССР м-н бирдикте, 1970), А. Фахминин аткаруусундагы «Мумия» (1971) фильмдерин атаса болот. Мындан тышкары, Хенри Баракат, Мухаммед Хан, Салах Абу Сейф ж-а Атеф Эль-Тайиб аттуу кинорежиссёрлор&shy;дун да тасмалары кеӊири белгилүү.  


Ад.: Д''лин Н. А.'' Объединенная Арабская Республика. М., 1963; ''Медведко Л. И.'' К востоку и западу от Суэца. М., 1980; ''Беляев И. П., Примаков Е. М.'' Египет: время президента Насера. М., 1981; Арабская Республика Египет. Справочник. М., 1990; Египет // Большая Российская энциклопедия. 9 т. М., 2007. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]
Ад.: Д''лин Н. А.'' Объединенная Арабская Республика. М., 1963; ''Медведко Л. И.'' К востоку и западу от Суэца. М., 1980; ''Беляев И. П., Примаков Е. М.'' Египет: время президента Насера. М., 1981; Арабская Республика Египет. Справочник. М., 1990; Египет // Большая Российская энциклопедия. 9 т. М., 2007. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]

04:53, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЕГИ́ПЕТ , Е г и п е т А р а б Р е с п у б л и к а­с ы – Африканын түндүк-чыгышындагы ж-а Азия­нын Синай жарым аралындагы өлкө. Суэц булуӊундагы ж-а Кызыл деӊиздеги айрым чакан аралдар да Египетке таандык. Түндүгүнөн Жер Ортолук деӊиз, чыгышынан Кызыл деӊиз, Суэц, Акаба булуӊдары м-н чулганып, батышынан Ливия, түш­түгүнөн Судан, түндүк-чыгышынан Израиль ж-а

Палестина м-н чектешет. Египет Европа, Америка өлкөлөрүн Азия ж-а Чыгыш Африка өлкөлөрү м-н байланыштырган эл аралык аба ж-а деӊиз жолдорунун кесилишинде жайгашкан. Египеттин аймагынан Атлантика океанын Инди океаны м-н туташтырган кыска деӊиз жолу – Суэц ка­налы өтөт. Аянты 1001,4 миӊ км2 (анын 96%и чөлдүү аймак). Калкы 100,7 млн (2019). Мамлекеттик тили – араб тили. Акча бирдиги – Египет фунту. Борбору – Каир шаары. Административдик жактан 27 муха­фазага (губернаторлукка) бөлүнөт (к. табли­цаны). Египет – БУУнун (1945), ЮНЕСКОнун, Африка сою­зунун (1963), Араб өлкөлөр лигасынын (1945), Ислам конференция уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1945) ж. б. уюм­дардын мүчөсү. Таблица бар

Мамлекеттик түзүлүшү. Египет -- унитардык республика. Констиитуциясы 1971-жылы кабыл аллынган. Башкаруу формасы -- президенттик республика. Мамлекеттин жана аткаруу бийлигинин башчысы -- президент. Мыйзам чыгаруу бийлиги Элдик жыйынга жана Консультациялык кеңешке таандык. Аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган өкмөт (министрлер совети) тарабынан да ишке ашырылат. Бийликтин президентке жана өкмөткө да көз каранды эмес жалгыз бутагы -- сот системасы.

Египетке көп партиялуу система мүнөздүү. Негизги саясий партиялары: Улуттук демократиялык партия, Социалисттик эмгек партиясы, Либералдык-социалисттик партия ж.б.

Таблица бар

Египет – унитардык рес­публика. Конституциясы 1971-жылы кабыл алын­ган. Башкаруу формасы – президенттик респуб­лика. Мамлекеттин ж-а аткаруу бийлигинин башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийли­ги Элдик жыйынга ж-а Консультациялык кеӊешке таандык. Аткаруу бийлиги премьер-ми­нистр башында турган өкмөт (министрлер сове­ти) тарабынан да ишке ашырылат. Бийликтин президентке ж-а өкмөткө да көз каранды эмес жалгыз бутагы – сот системасы. Египетке көп партиялуу система мүнөздүү. Негиз­ги саясий партиялары: Улуттук демократиялык партия, Социалисттик эмгек партиясы, Либералдык-со­циалисттик партия ж. б.

Табияты. Өлкөнүн субтропик ж-а тропик кеӊдиктериндеги абалы жаан-чачындын аз жаа­шы климатынын кургакчыл, чөл ж-а жарым чөл ландшафттарынын басымдуу болушуна шарт түзгөн. Чарба тиричилиги негизинен Нил­дин өрөөнүн ж-а дельтасын (өлкөнүн аянтынын 3%ке жакыны), оазистерди, ошондой эле айрым деӊиз жээктерин ээлейт. Жер Ортолук деӊиз жээги Нилдин дельтасынан 1000 км батышты карай жапыз, таштак, жардуу, дельтадан чыгышты

Нил өрөөнүндөгү оазис .

карай кумдуу саяӊдар мүнөздүү жантайыӊкы өндүрлөр, дельтасынын өзү жапыз лагуналуу. Кызыл деӊиздин жээги (уз. 1900 кмдей) негизи­нен тик капталдуу бийик тоолор м-н чектеш­кен кууш пляждуу тилке. Жээгин деӊизден ко­ралл рифтүү жазы тилке бөлүп турат.
Египеттин басымдуу бөлүгүн бийиктиги 300 мден 1000 мге жеткен платолор ээлейт; алар – Ливия чөлү (өлкөнүн 2/ 3 бөлүгү), Араб чөлү, Нуби чөлү. Ливия чөлүнүн түндүгүндө ж-а чыгышында таш­туу (хамада) ж-а шагылдуу (серир) чөлдөр ба­сымдуу; аларга узатасынан (650 кмге чейин) со­зулган кум жалчалары мүнөздүү: Ливия чөлүнүн батышында бархандарынын бийиктиги 300 мге жеткен кумдуу чөл мейкиндиги жатат. Ливия ж-а Араб чөлдөрүнүн таштак платолорун Нил

Араб жарым аралындагы хамада (таштуу чөл).

дарыясы кесип өтөт; анын Египеттин аймагындагы узундугу 1200 кмдей, жазылыгы түштүгүндө 1–3 км, түн­дүгүндө 20–25 кмге чейин. Платолор чыгышты карай акырындап, 2000 м бийиктикке чейин көтөрүлүп, Кызыл деӊизге ж-а Суэц булуӊуна тик түшөт. Түндүк-чыгышындагы Синай жарым аралы өл­көнүн эӊ бийик бөлүгү (2737 м, Катерин чоку­су). Маанилүү түздүктөрү деӊиз жээктеринде, Нилге чектеш жерлерде, негизинен өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан; анда деӊиз деӊгээлинен төмөн жаткан ойдуӊдар (Каттара, 133 м; Файюм, 43 м) бар.
Египет Африка платформасынын түндүк-чыгышынан орун алган. Өлкөнүн түштүк-чыгыш зор бөлүгүн Нуби–Араб калканынын капталы ээлейт. Анда Чыгыш чөлү тектоникалык көтөрүлүүсү, Нил синек­лизасы, Нуби антеклизасы, түндүк-батыш бөлүгүн­дө Ливия-Синай перикратон ийилүү зонасы, түрдүү багыттагы тектоникалык жаракалар жайгаш



­сында гана кыш мезгилинде жаан-чачындын өлчөмү 200–400 ммге жетет. Жаз мезгилине түштүктөн же түштүк-батыштан (Сахарадан) кур­гак ж-а ысык – хамсин шамалы 50 күндөй өтө катуу согуп турат.
Өлкөнүн аймагы аркылуу туруктуу аккан дарыя ж-а калкты суу м-н камсыз кылуучу не­гизги булак – Нил дарыясы. Ал Чыгыш Афри­ка бөксө тоосунан башталып, Жер Ортолук деӊизге куят; Нил дарыясынын суусунун жарымы Юсуф дарыясы аркылуу Биркет-Карун көлүнө куят. Чатында аянты 24 миӊ км2 болгон көп салалуу ж-а көлдүү дельтаны пайда кылат. Асуан пло­тинасы курулгандан кийин өлкөнүн түштүгүндө ири суу сактагыч (сыйымдуулугу 164 млрд м3) пайда болгон. Нилдин суусу жайдын аягы – күздө ки­рет; агымы негизинен плотиналар системасы ар­кылуу жөнгө салынып турат. Жер астындагы сууларга да бай, алар оазистерде кеӊири пайда­ланылат.
Климатынын өтө кургакчылдыгына байла­ныштуу топурак, өсүмдүктөрү начар өөрчүгөн. Маданий өсүмдүктөр ээлеген Нилдин өрөөнүнөн,

Асуан плотинасы.

анын дельтасынан ж-а оазистерден башка ба­сымдуу бөлүгүндө өсүмдүктөр дээрлик жокко эсе. Начар өөрчүгөн скелеттүү топурактар, шор жер­лер кездешет. Нил дарыясынын өрөөнүндөгү ж-а дель­тасындагы топурак кыртышы өтө баалуу, ал байыркы ж-а азыркы аллювий тектеринде ка­лыптанып, суу ташкындаганда сиӊимдүү зат­тар м-н толукталат; бирок дыйканчылыгы су­гаруунун алаптык системасына туруктуу өтүү­сүнө байланыштуу минералдык жер семирткич­ке дайыма муктаж. Чөл ж-а жарым чөлдөрдө дан өсүмдүктөрүнүн ж-а ксерофит бадалдарынын айрым түрлөрү кездешет.
Египеттин аймагы табиятынын өзгөчөлүктөрү боюнча төмөнкү физикалык-географиялык райондорго бөлүнөт: Н и л ө р ө ө н ү – сугарылма маданий ланд­шафттуу регион. Н и л д и н д е л ь т а с ы н д а ирригациянын негизинде түзүлгөн маданий ланд­шафт көлдөр ж-а айрым саздак жерлер м-н айка­лышат. Л и в и я ч ө л ү – көчмө кумдар пайда кылган рельефтин формасына жараша калып­танган чөлдүү ландшафт. А р а б ч ө л ү ж-а Н у б и ч ө л ү н ү н т ү н д ү г ү – плато ж-а дөӊсөөлөрдүн тилмеленген жерлериндеги таш­туу ж-а шагылдуу чөлдөр. Ж е р О р т о л у к д е ӊ и з ж э э к т е р и – жер ортолук деӊиздик табияттын айрым элементтери мүнөздүү ж-а ма­даний ландшафтка көбүрөөк айландырылган түздүктүү аймак. С и н а й ж а р ы м а р а л ы – Суэц каналы ж-а Кызыл деӊиздин Акаба булуӊу м-н чектешкен, мезгил-мезгили м-н агым пайда болуучу сайлар (уэддер) ж-а аларды бой­лой өскөн суйдаӊ өсүмдүктөр мүнөздүү жарым чөлдүү аймак.

Калкы. Негизги калкы (94%; 2005) египеттик­тер (арабдар). Алар негизинен Нил дарыясынын өрөөнүндө ж-а анын дельтасында, Суэц кана­лын жээктей, оазистерде отурукташкан. Асуан­дан жогору, Нил өрөөнүндө – нубилер, Кызыл деӊиздин жээгиндеги чөлдөрдө көчмөн бедуин­дер, Сива оазисинде – берберлер, шаарларда, ошондой эле европалыктар м-н азиялыктар (армян­дар, сириялыктар, гректер, италяндар, француз­дар, англистер ж. б.) жашайт. 1960-жылдары төрөлүүнү чектөө боюнча мамлекеттик программа түзүлгөн. Натыйжада 1960-жылдардан 1990-жылдарга чейин төрөлүү 1000 адамга 46дан 28ге чейин, ал эми өлүм-житим 20дан 8,5ке чейин кыскарган. 1990-жылдарда калктын табигый өсүүсүнүн жыл­дык орточо темпи 2% болсо, 2006-жылы 1,8%ти түзгөн. Калктын курактык структурасында эмгекке жа­рамдуу курактылар (15–64 жаштагылар) басым­дуу – 62,9%, 15 жашка чейинки өспүрүмдөр – 32,6%, 65тен ашкандар – 4,5%. Калкынын жа­шынын күтүлгөн орточо узактыгы 71,3 жыл (эркек­териники 68,8, аялдарыныкы 73,9 жыл). Шаар кал­кы 43,9%. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 73 адам. Экономикалык активдүү калктын 58%и тейлөө чөйрөсүндө, 28%и айыл чарбасында, 14%и өнөр жайында иш­тейт. Мамлекеттик дини – ислам. Ири шаарлары: Каир

Каирдин жалпы көрүнүшү.

(калкынын саны 7,9 млн; 2007), Александрия (3,9 млн), Эль-Гиза (2,5 млн), Шубра-эль-Хейма (1,0 млн), Порт-Саид (555 миӊ), Суэц (0,6 млн) ж.б.

Тарыхы. Египеттин Рим каратканга чейин тары­хын Египет Байыркы макаласынан кара.

Рим империясы кулагандан (395-жыл) кийин Египет Византиянын провинциясы болуп калат. Б. з. 7-кылымында Египеттин калкы христиан динин ка­был алат. 639–42-жылдарда арабдар басып алган соӊ, өлкөдө ислам дини м-н араб тили жайылып, маданиятыты бийик деӊгээлге жетет. Аббасиддер (9– 10-кылымдар) халифаты кулагандан кийин Египет көз ка­рандысыздыкка жетип, Фатимиддер (969–1171) ж-а Айюбиддер (1171–1250) династияларынын тушунда экономикасы жогорулап, саясий жак­тан да бир топ кубаттанат. 1250-жылы Египетти мам­люктар басып алат. Египет Осмон империясына ка­раган мезгилде (1517–1914) египеттиктер бош­тондук үчүн далай ирет күрөшкө чыгып, түрк султанынын бийлигин кыйла начарлаткан. Египет пашасы Мухаммед Алинин (1805–48) тушунда Египет өз алдынча мамлекет болуп турган. 19-кылымдын ортосунда англиялык ж-а француздук капи­талдын тарала башташы м-н Египетте абал татаал­дай баштап, Суэц каналын куруу учурунда айрыкча күч алат. 1879-жылы «Египет египеттик­тер үчүн» деген ураан м-н Египеттин тунгуч улуттук саясий уюму «Ватан» чыгат. 1881-жылы Ораби паша (Араби-паша) башында турган төбөлдөргө ж-а чет элдик колониячыларга каршы Каир гарни­зону көтөрүлөт. Улуттук-боштондук кыймылы басылган соӊ, Египет Улуу Британия тарабынан ок­купацияланган. 1914-жылы Улуу Британиянын протектораты болуп жарыяланган.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин улуттук­ боштондук кыймылдын 1919–21-жылдарда күчөшүнөн улам, 1922-жылы Улуу Британия Египетти көз каран­дысыз королдук деп таанууга аргасыз болот. Би­рок Улуу Британия Египет королунун ж-а анын өк­мөтүнүн тышкы ж-а ички саясатында үстөмдүгүн сактап, Суэц каналынын аймагында аскерлерин кармап турган. 1936-жылы Англия-Египет келиши­ми түзүлүп, Египетке бир аз көбүрөөк укук берилген,

бирок бийлик Улуу Британиянын колунда кала берген.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Египетте улут­тук-боштондук кыймыл күч алат. 1948–49-жылдарда Араб-Израиль согушунда Египет жеӊилүүгө дуушар болгон. Армияда Гамаль Абдел Насер башын­да турган "Эркин офицерлер» деген жашыруун саясий уюм түзүлгөн. Ал уюм революциялык төӊкөрүштү жетектеп, натыйжада 1953-жылы 18-июнда Египет республика болуп жарыяланган. Өлкөдөн англиялык аскерлер чыгарылып, Суэц каналы мамлекеттештирил­ген. 1956-жылы Англия-Франция-Израилдин бир­гелешкен агрессиясына египет аскерлеринин каршылык көрсөтүүсүнүн натыжайсында агрес­сорлор өлкөдөн чыгууга аргасыз болот. 1967-жылы «алты күндүк согуштун» жүрүшүндө Израиль Синай жарым аралын Суэц каналына чейинки Египет айма­гын басып алат. 1968-жылы Насер «30-март програм­масын» жарыялап, агрессияга каршы күрөшкө бардык каражатты жумшоого чакырган. Прези­дент Насердин өкмөтү бир топ социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзгөн (к. Насер Гамаль Аб­дель). Насер өлгөндөн кийин (1970) президент­тикке Анвар Садат (1971) келген. Бул учурда менчик капитал үстөмдүк кыла баштаган. 1973-жылы Египет «октябрь согушу» деп аталган согуш­тук аракеттерин баштап, Синай жарым аралын Израиль аскерлеринен акырындык м-н бошото баштаган. 1979-жылы Египет-Израиль тынчтык келишими­нин түзүлүшү м-н эки өлкөнүн ортосундагы чыр­чатак толук чечилген. 1981-жылы А. Садат мусул­ман фундаменталисттеринин жашырын тобунун («аль-Жихад аль-Жадид» – «Жаӊы Жихад») мүчөлөрү аркылуу өлтүрүлгөн. Анын ордуна кел­ген Х. Мубарак Жакынкы Чыгышты тынчтык зонасы­на айландыруу сунушу м-н дүйнөлүк коомчу­лукка кайрылган. 1982-жылы Египетке Израиль тара­бынан Синай жарым аралы толугу м-н (Таба анклавы 1989-жыл) кайтарылган. 1984-жылы Египет Ислам конференция уюмуна кайрадан мүчө болуп калган. Иран-ирак согушунун (1980–88) жүрүшүндө Иракка колдоо көрсөтүп, Перс булуӊундагы өлкөлөр м-н ас­кердик, экономикалык, саясий байланыштарын кеӊейт­кен. Египет тышкы саясатын көз карандысыз ба­гытта жүргүзүүгө умтулат.

Экономикасы. Египет – агрардык-индустриялуу өл­кө. 2006-жылы ИДПнин көлөмү 328,1 млрд АКШ долларын түзгөн (араб өлкөлөрүнүн ичинен Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), анын ичинде өнөр жайынын үлүшү 35,5%, айыл чарбасыныкы 14,7%, тей­лөө чөйрөсүнүкү 49,8%. Аны киши башына бө­лүштүргөндө 4200 доллардан туура келет. Валю­танын кыйла бөлүгү экспорттон, анын ичинде негизи­нен нефть м-н газдан (11,5 млрд доллар) ж-а эмгек мигранттары которгон акчадан түшөт.
Индустриялаштыруу процесси башталганга чейин, 1960-жылдары Египеттин экономикасында айыл чарбасы үстөмдүк кылган (азыр да айыл чарбасында эмгек ресурсунун 40%ке жакыны иштейт). 1970-жыл­дары негизги экспорттук продукция пахта бол­гон, кийин алдыга нефть чыккан.
Египеттин аймагынын 97%ке жакынын чөл ээле­гендиктен, айыл чарбасы бир нече оазисте гана өнүккөн. Кайрак жерлери негизинен Жер Ортолук деӊиз аймагындагы кууш тилкени гана түзөт. Айыл чарбага жарактуу жеринин жалпы аянты 3,3 млн га (өлкөнүн аймагынын 3,3%ин ээлейт), анын

Нилдин өрөөнүндөгү айыл ландшафты.

97%и Нилдин өрөөнүн ж-а дельтасын ээлейт. Күрдүү аллювий топурагы ж-а инсоляциянын узактыгы түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтө ыӊгайлуу шарт түзөт. Бирок, дренаж система­сын түзүү анча жолго коюлбагандыктан, топу­рак кыртышын шор басуу проблемасы пайда бо­лууда. Айыл чарбага жарактуу жерин киши башына бөлүштүргөндө (0,45 га; 2007) дүйнөдө акыркы орунду ээлегени м-н пахтага, күрүчкө, жашыл­чага, сүт продукциясына болгон ички муктаж­дыгын толук, канттын 80%ин, эттин 75%ин камсыз кылат. Айыл чарбанын негизги тармагы – су­гат дыйканчылыгы (айыл чарба продукциясынын 75%тен ашыгын берет). Айыл чарбага жарактуу жер­дин 85%ке жакыны сугарылат (негизинен Нил­дин суусу м-н); ирригациялык каналдардын жалпы узундугу 33,2 миӊ км (2005). Экспортко чыга­рылчу негизги айыл чарба өсүмдүгү – ичке булалуу пах­та; аны даярдоо боюнча Египет дүйнөдө 1-орунда. Ан­дан сырткары шалы, бал камыш, ошондой эле буу­дай, ак жүгөрү (сорго), жүгөрү, буурчак, шаар айланасында жашылча-жемиш, оазистерде кур­ма пальмасы өстүрүлөт. Айыл чарба өндүрүшү өнүккөн негизги райондору: Нилдин дельтасы (айыл кал­кынын 60% эмгектенет; мында шалы, пахта, буурчак, жемиш, жашылча); Каирдин айлана­сы (негизинен жашылча); Ортоӊку Египет (шалы, жүгөрү, ак жүгөрү, бал камыш, жашылча); Фай­юм оазиси (шалы, беде, жүгөрү, буурчак, ак жүгөрү, жашылча); Жогорку Египет (бал камыш, буудай, буурчак, беде, шалы). Жайыты тар бол­гондуктан, мал чарбасы анча өнүккөн эмес; не­гизинен уй, буйвол, эчки, кой, төө, жылкы, ка-

Бал камыш жыйноо.

чыр ж. б. асыралат. Жер Ортолук деӊиздин жээк тилкесинен, көлдөрдөн ж-а Нилден балык кар­малат (жылына 900 миӊ т).
Өнөр жайынын негизги тармагы – нефть-газ өн­дүрүшү, ал ИДПнин 12%ин, товардык экспорт­тун 40%тен ашыгын түзөт. 2005-жылы суткасына 696 миӊ баррель нефть, 34,7 млрд м3 газ өндүрүлгөн. Нефть Суэц каналы зонасынан, Си­най жарым аралынан, батыштагы чөлдөн, газ Алек­сандрияга жакын Нил дельтасынан, Ливия чөлүнөн казылып алынат. Электр-техника ж-а ма­шина куруу өнөр жай ишканалары даяр тетиктер­ден муздаткыч, телевизор, жеӊил ж-а жүк та­шуучу автомобилдерди, автобус, трактор курап чыгарат. Цемент ж-а фосфат чыгаруу өнүккөн.
Отун-энергетикалык ресурсун жергиликтүү нефть, ошондой эле газ, гидроэлектр энергиясы (Асуандагы 2 ГЭС) түзөт. Газ Жер Ортолук деңиздин шельфинен, Нилдин дельтасынан , Ливия чөлүнөн алынат. Өндүрүлгөн газдын басымдуу бөлүгү өлкө ичинде пайдаланылат. 2003-жылдан Эль-Ариш – Таба – Акаба (Иордания); Эль-Ариш – Таба – 248 км, Таба – Акаба – 16 км) газ куурла­ры иштейт. Египет өз ресурстарынын эсебинен электр энергиясына болгон муктаждыгын толук кам­сыз кылат. 2005-жылы 95,1 млрд кВт⋅саат электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 1 млрд кВт⋅сааты экспортко чыгарылат (2001-жылдан). Электр­энергиясынын 79%и ЖЭСке, 21%и ГЭСке туу­ра келет. Каирден түштүктө – Эль-Курайматта гелиостанция, Хургадада (Эль-Гурдака) шамал электр курулмасы иштейт.
Кара металлургия өнөр жайында жергиликтүү сырьёнун (Эль-Гедида темир кенташынын) негизинде иштейт (жылына 3 млн т). Ири металлургия комбина­ты (жылына 4,4 млн т болот өндүрөт), кокс­химия заводу, ошондой эле Суэцте, Александрияда, Са­дат-Ситиде заводдор иштейт. Түстүү металлургия­нын негизги продукциясы алюминий (жылына 250 миӊ тга жакын алюминий өндүрөт). Химия өнөр жайы негизинен кальцийленген сода (Александ­рияда), натрий сульфаты, минералдык жер се­мирткич (азот, фосфор жер семирткичтерин) чыгарат. Нефть-химия комплекстери Эль-Ами­рияда (Александрияга жакын), Эль-Файюмда курулган. Машина куруу өнөр жайында металл кесүүчү станок, темир жол вагонун, трактор чыгарып, авто­мобиль ж-а авиа чогултуучу ишканалары иш­тейт. Тиричилик техникаларын (муздаткыч, теле ­ж-а радиоаппаратура ж. б.) чыгаруучу иш­каналары, кеме куруу верфи (Порт-Саидде) бар. Аскер өнөр жайынын да мааниси зор (курал, ракета, сооттолгон танк техникасын чыгарат). Текстиль өнөр жайы эзелтен өнүккөн (кебез, жүн, жибек, син­тетика кездемелери ж. б.). Тамак-аш өнөр жайынын

Суэц каналынан өткөн автомобиль көпүрөсү.

маанилүү тармактары – ун, май, эт-сүт, кант, алкоголь ичимдиктерин, суусундук чыгарат.
Тейлөө чөйрөсү да өнүккөн. Негизги киреше­ни эл аралык туризм (2006-жылы 6,5 млрд доллар­ды түзгөн), Суэц каналы аркылуу өткөн чет өлкөлөрдүн кемелеринен алынган акы (пошли­на) берет (3,9 млрд доллар; каналдын өткө­рүмдүүлүгү 18,4 миӊ кеме). 2006-жылы 8,7 млн ту­рист (негизинен Европадан) келген. Туристтик

Кызыл деӊиздин жээгиндеги Хургада курорту.

бизнесте 1,6 млн адам алектенет; 170 миӊ орун­дуу 1200дөн ашык мейманкана иштейт. Рекреа­циянын негизин ыӊгайлуу табият-климаттык ресурстары (негизги курорттору Кызыл ж-а Жер Ортолук деӊиздердин жээктеринде жайгашкан) ж-а ар кайсы замандын маданий, тарыхый эс­теликтери түзөт; туризмдин экологиялык, ишкердик, спорттук ж. б. түрлөрү, дейвинг өнүгүүдө. Египеттин кредиттик мекемелер системасы 54 банктан ту­руп, ал өз ичине Египеттин Борбордук банкын, 27 ком­мерциялык банкты (4 мамлекеттик, 23 инвестиция­лык) камтыйт. Өлкөдөгү эӊ ири Каир-Алексан­дрия фонд биржасы иштейт (операциясынын көлөмү – 40 млрд египет фунту).
Ички жүгү автомобиль (узундугу 92,4 миӊ км) ж-а темир жол (5,7 миӊ км), ошондой эле дарыя (Нилдеги магис­тралдык каналдар боюнча 3 миӊ км) транспортто­ру аркылуу ташылат. Деӊиз соода флотунун тон­нажы – 987,5 миӊ регстрдик брутто-тонна же 1467,1 миӊ т дедвейт. Башкы порттору: Алек­сандрия, Эд-Дихейла, Думьят, Порт-Саид, Суэц, ж. б. Каир, Луксор, Хургада, Шарм-эш-Шейх шаарларында эл аралык аэропорттор бар.

Египет акчасы (фунт).

Экспортко нефть ж-а нефть продуктулары, газ, пахта, кебез-кездеме жибин, азык-түлүк ж-а өнөр жай товарларын чыгарып, сырттан машина ж-а анын тетиктерин, азык-түлүк, цемент, ме­талл, жыгач ж. б. сатып алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Франция, Германия, Япония, Италия, Испания, Сирия, Сауд Арабия­сы, Кытай.

Маданияты. Биздин замандын 1-кылымыннда Александрия эллин маданиятынын чордону болуп турган. Илим иши Александрия академиясына, Александрия му­сейонуна (маданият борбору) топтолгон. Астроно­мия, математика, статика сыяктуу тармактар өз бетинче бөлүнүп чыккан. X кылымдын аягы – XI кылымдын башында египеттиктер Азия, Афри­кага саякат жасап, ал өлкөлөрдү сыпаттап жа­зып чыгышкан. XI кылымдын башында Каирде «Дар­аль-Улюм» («Билим үйү») деген илим борбору иштеген. 1004-жылы обсерватория курулуп, астрономиялык таблицалар түзүлгөн. Медицина, химия илим­дери өнүккөн. XIII–XIV кылымдарда Европа жана Инди океа­нынын өлкөлөрү менен экономикалык байланыштын өсү­шүнөн географиялык изилдөө иштери улантылган. XV–XVIII кылымдарда илимде өнүгүү болбой калган. XIX кылымдын жарымында жүргүзүлгөн Мухаммед Алинин экономикалык реформалары илимий изилдөө иште­рин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген. Натыйжа­да агротехника, медицина кыйла өнүккөн; ка­нал жана сугат курулуштарын куруу кулач жай­ган; жаштар чет өлкөлөргө билим алууга жибе­рилип, кадрлар даярдалган. Египет географиялык коому (1845), бактериологиялык лаборатория (1885), геологиялык кызмат (1898), дыйканчылык коому (1898) уюштурулган. XX кылымдын 1-жарымында илим изилдөө иштери кеӊейтилип, астрономия жана геофизика институту (1903), океанография жана Кызыл деӊиз балык­чылык институту (1929), тропик оорулар институту (1932) иш жүргүзө баштаган. 1939-жылы улуттук изилдөө совети, 1941-жылы Египет Академиясы, 1951-жылы өнөр жана химиялык изилдөөлөр институту негизделген. Учурда өлкөдө 14 жогорку окуу жайы, анын ичинде Каир, Айн-Шамс, Александрия, ошондой эле аль-Азхар мусулман университетте­ри, Каирдеги Америка, Немис жана Египет француз менчик университеттери жана башкалар бар. 700 миӊден ашуун студенттер билим алышууда (2006).

Египеттин билим берүү системасы өтө жогору бор­борлоштурулгандыгы менен айырмаланат. Ал үч баскычтан турат: базалык (Ат-таалимм аль-аса­си), орто (Ат-таалимм ат-тамнауи) жана жогорку билим берүү (Ат-таалимм аль-гаммаи). 1981- жылдагы акысыз билим берүү жөнүндөгү мый­замга ылайык, 6–14 жаштагы балдар базалык билим алуусу шарт. Ал эми диний билим берүү системасын Аль-Азхар институтунун жогорку кеӊе­ши жетектейт. Кеӊеш билим берүү министрли­гине баш ийбейт, бирок Египеттин премьер-мини­стринин көзөмөлүндө турат. Бул мектептерде не­гизинен дин боюнча, ошондой эле башка предметтер да окутулат. Билим алып жаткан балдар жана кыздар бөлөк окушат. Алар окууну аяктаган соӊ, Аль-Азхар университетинен гана билимин уланта алышат. 2000-жылга карата мындай мектептер­де билим алгандар жалпы окуучулардын 40%ин түзгөн. Египетте философия, тарых, юридика, тил илими жана башка илимдер орто кылымдардагы араб маданияты­нын шарданында өнүккөн. IX–XII кылымдарда коомдук илимдер гүлдөгөн чегине жетсе, XII–XVI кылымдар алар­дын кедери кеткен мезгил болгон. XVI–XIX кылымдар өнүгүп-өспөй бир орунда туруп калган. Египет исто­риографиясы IX кылымда жаралган. Бизге жеткен биринчи тарыхый эмгек – Абдаррахман ибн Абд аль-Хакамдын чыгармасы. Анда шаарлар менен эстеликтер сыпатталып жазылган. XIV–XV кылымдарда энциклопедиялар даярдалган. Булардын Египет та­рых илиминде жазма булак катары мааниси чоӊ. XIX кылымдын 2-жарымында тарыхты чыгарма (буга чейин тарыхый хроника, тарыхый өмүр баяндык жанр болгон) катары жаза башташ­кан. Авторлор тарыхтагы маанилүү окуялар ар­кылуу доорду жалпы көрсөтүүгө аракет жасаш­кан. Бул багыттагы тунгуч чыгарма – Халил Ахмед ар-Рагаб жазган «Мухамед Али пашанын тарыхы».
Орто кылымдагы араб грамматикасы менен лек­сикологиясы инди грамматикасы жана грек ло­гикасынын таасиринде өнүккөн. Араб грамма­тикалык окуусун баштагандар – айтылуу «Аль- Китаб» («Китеп», VIII кылым) трактатынын авторлору Халил жана анын шакирти Сибайхи. XX кылымдын баш ченине араб адабий тили бардык тар­мактарда пайдаланыла баштаган. Египетте 300дөн ашуун ар кандай басма сөз каражаттары, анын ичинде күндө чыгуучу 17 гезит: «Аль-Ахрам» «Аль-Ах-бар» «Аль-Гумхурия» жана башкалар жарык көрөт. Өлкө­дө радиоуктуруу 1934-жылдан, телекөрсөтүү 1960-жылдан башталган. Бүгүнкү күндө Египет те­лекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматы – Жакынкы Чы­гыш аймагынын ичинде өнүккөн тармактардын бири.
Жаӊы Египет адабияты араб өлкөлөрүнүн адабияты менен тыгыз байланышта, жалпы маданий мурастын негизинде түптөлгөн. XIX кылымдын башында калып­тана баштаган. Адабият менен маданияттын жаӊырышы­на Мухаммед Алинин реформалары менен алгач­кы буржуазиялык агартуучулар – акын жана публицист Шихаб-ад-дин (1786–1857), «Ал-Вакаи аль-мис­рия» аттуу туӊгуч гезиттин редактору Рифаа ат- Тахтави (1801–1893), Египет улуттук китепканасынын негиздөөчүсү Али Мубарак (1824–1893) жана башкалардын чыгармачы­лыгы чоӊ түрткү берген. 1870-жылы публицисти­ка, поэзия өнүккөн. 1880-жылы Абдаллах Надым («Ата журт», «Арабдар»), Мустафа Камил («Ан­далусияны алуу») жана башка оригиналдуу драмалык чыгармаларды жаратышкан. Араб тарыхый романына ливандык эмигранттар Жиржи Зей­дан («Качкын мамлюк», 1891), Фарах Антун («Жаӊы Иерусалим же арабдардын Иерусалим­ди басып алышы», 1904) негиз салышкан. XX кылым­дын 1-жарымында XIX кылымдагы Батыш Европа ж-а орус классикалык адабиятын таануу, новелла, повесть, роман сыяктуу жаӊы адабий жанрлар­дын калыптануу мезгили болгон. Поэзияда жаӊылануу жүрүп, романтизм бекемделген. Проза­да – реализм калыптанып, 1940–1950-жылдары гүлдөгөн дооруна жеткен. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан (1939–1945) кийин карапайым адамдардын турмуш-тиричилигин, күрөшүн чагылдырган чыгармалар жаралган: Ибрахим Абд-аль Халим­дин «Турмуш лаззаты» (1946) аӊгеме жыйнагы, Абдаррахман аль-Шаркавинин «Жер» (1954), «Чоӊ көчөлөрдүн артында» (1958) романдары, Абдаррахман аль-Хамисинин «Канга боёлгон көйнөктөр» (1953), «Төгүлгөн кан кургабайт» (1956) аӊгеме жыйнагы жана башкалар. Республиканын жарыя­ланышы (1953) акын-жазуучуларга жаӊы чыг­армачылык дем берген. Тауфик аль-Хаким («Назик кол­дор»), Юсуф Идрис («Күнөө»), Али Ахмед Бак­сир («Гоха мыгы»), Альфред Фараг («Фараон­дун кыйрашы») жана башка социалдык-саясий драма­ларды жаратышкан. Ахмед Хашим аш-Шариф, Гамал ал-Гитани, Сулейман Файяд жана башка изра­илдик агрессорлорго каршы (1967) жана алар ээле­ген жерлерди бошотуу үчүн күрөшкө үндөгөн чы­гармаларды жазышкан. 1955-жылдан Египет жазуу­чулар лигасы, Жазуучулар союзу иштейт. Со­налла Ибрагимдин (1937-жылы туулган) ошол мезгилде­ги режимди сындаган жана Яхья ат-Тахир Аб­далланын айыл турмушун чагылдырган чыгар­малары окурмандардын арасында азыркы күнгө чейин белгилүү. Египетте эле эмес, чет элге да атагы тараган Наджиб Макфуз 1988-жылы адабияттагы же­тишкен ийгиликтери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Ал 40тан ашык роман, пьеса­ларды жараткан. Макфуздун «Children of the Alley» («Көчө балдары») аттуу романын бүгүнкү күнгө чейин чыгарууга тыюу салынган, бирок көпчүлүк окурмандар муну адилетсиз чечим деп эсептешет. Тевфик Хаким, Яхья Хакки жана Юсуф Идристин чыгармалары да окумдуу. На­валь аль-Саадави аттуу жазуучу айымдын чы­гармалары чет элдиктердин арасында кадыр­-баркка ээ.
Байыркы маданий эстеликтер неолит жана энеолит доорунда жаралган. А. Македонский­дин Египетти жеӊиши, байыркы Египет жана грек мад­аниятынын жакындашуусу Египет жеринде эллин мадания­тынын таралышын шарттаган. 639-жылы арабдар­дын келиши менен ислам дини жайылып, араб маданияты түзүлө баштаган. VII–IX кылымдарда мечиттер көп салынган (мисалы, Фустатта Амр ибн аль-Ас ме­чити, 641–642), IX жана X–XII кылымдарда айкелдер, оймо-чиймелер менен кооздолгон имараттар тургузулган. Каирде ибн Тулун (876–879), аль- Азхар (970–972), аль-Хаким (990–1013) мечит­тери, Калаун султандар комплекси (1284–1285), Хасан султан мечит-медресеси (1356–1363), Мам­люктар мавзолейи (XV–XVI кылымдар) жана башкалар курулган. XIX–XX кылымдарда Египетте француздук, италиялык, англиялык, бельгиялык арх­итектуралык имараттар, мисалы, Каирдеги аэропорт (1962, архитекторлор С. Зайтун, М. Шавки), Александрияда «Па­лестина» мейманканасы (архитекторлор Абл аль-Магид, Ш. Хосна), Ан-Насер пансионаты (архитектор А. Ла­биб Габр) жана башкалар пайда болгон. Байыркы Алек­сандрия китепканасы үчүн мурдагы эски има­раттын ордуна салынган заманбап китепкана 2002-жылы пайдаланууга берилген. Египет сүрөт өнөрүнүн сакталып калган эстелик­тери фатимиддик бийлик дооруна таандык; Фустаттагы мончо фрескасынын фрагменттери (Каирдеги Ислам искусство музейи, X–XI кылымдар), таш­ка, жыгачка, пил сөөгүнө түшүрүлгөн музыкант, бийчи, чабендестердин сүрөттөрү (Каирдеги Фа­тими ак сарайынын фриздери). Египет сүрөт өнөр мектебине негиз салгандар – Мухаммед Наги, Махмуд Саид, Ахмед Сабри. Өлкөнүн көрүнүктүү сүрөтчүлөрү катары Газбия Сери, Инджи Эфлатоун, Абдель Вахаб Морси, Адель эль-Сиви, Ва­хиб Нассер жана башкалардын ысымдары белгилүү.

Каирдеги Мухаммед Али мечити.

Египетти арабдар басып алгандан кийин (VII кылым) ык­чам ыргактуу ырлар, элдик профессионалдык музыканын салтындагы вокалдык аспаптык сюиталар – макамдар кеӊири таралган. Орто кы­лымда Ибн аль Хайтан (XI кылым), аль-Масаббахи (XI кылым), А. Умайя (XII кылым), Ибн Сана аль-Мульк, Алам-ад-дин Куайсар, Ан-Нувайри (XIV кылым), аль- Магрази (XV кылым) өӊдүү теориячылар жана аткаруу­чулар кеӊири белгилүү болгон. XVIII кылымдын аяк ченинде европалык музыканын таасириндеги мен­чик музыкалык мектептер, европалык үлгүдөгү аскердик оркестрлер пайда болгон. XIX кылымда Мухаммед аль- Кабани, лютнячы Ахмед аль-Лайти, флейтачы Амин Бузари, ырчылар Мустафа аль-Аггады, музыка таануучу Мухаммед Шихаб аль-Мульк жана башка музыканттар өлкөдө кеӊири белгилүү бол­гон. 1869-жылы Каирде Опера театры (Африка кон­тинентиндеги туӊгуч опера театры) ачылган. 1927-жылы музыкалык коом, 1929-жылы Араб музыка институ­ту, 1935-жылы аялдар музыкалык институту ачылган. Элдик искусство ансамбли (1962-жылдан), музыкалык акаде­мия, жогорку балет институту (1966) жана башка көптөгөн музыкалык окуу жайлары бар. Ом Кольтумдун (1975-жылы дүйнөдөн кайткан) аткаруусундагы улуттук ко­лориттеги музыканын мыкты үлгүсү катары саналган поэзия жана опереттанын негизинде түзүлгөн ырлар бүгүнкү күнгө чейин популяр­дуу. Абдель Халим аль-Хафез жана Мухаммед Адб аль-Ваххаб сыяктуу аткаруучулары да бел­гилүү. Египет музыкасында европа музыкасынын эле­менттери да кеӊири тарай баштады, жаӊыдан тарап жаткан бул агымдын аткаруучуларынын ичинен Ихеб Тавфлик, Мохаммед Фуад жана Хакимдин чыгармачылык чеберчиликтери артууда.

Чыгыш бийи.

Египет чыгыш бийлерин аткаруучулары менен белгилүү. Аймактарда аль-хатталя, аль-бамбутыйя, аль­каффафа жана курсак бийи деп аталган бийлер таралган. XIX кылымдан Египетте көчөдө жана ак сөөктөрдүн үйүндө бийлөөчү профессионал бийчилер болгон. 1958-жылы Каир балет мектеби ачылып, анын би­ринчи бүтүрүүчүлөрүнөн жана Москва хореогра­фия окуу жайын бүтүргөн египеттик кыздар­дан 1967-жылы биринчи балет труппасы (улуттук балет) түзүлгөн. 1988-жылы Каир опера үйү опера жана балет театрына айландырылган. Каирде Заманбап бий театры иштейт. Эл аралык заман­бап бий жана улуттук бий фестивалдары өткө­рүлүп турат. XIX кылымдын биринчи жарымында Египетте мухабби­зиттердин – куйкум сөз чеберлеринин өнөрү кеӊири тараган. Алар атайын аянттарда, базарлар­да өнөр көрсөтүп, элдин көӊүлүн кушубак кыл­ган. Наполеондун экспедициясы (1798–1801) Египетти Европа маданияты менен тааныштырган. XIX кылым­дын 70-жылдары профессионал театр түзүлгөн. 1930-жылы араб театр институту ачылган. 1930-жылы араб театр өнөрүн өнүктүрүү боюнча жогорку комитет, 1935-жылы мамлекеттик туӊгуч улуттук труппа, 1944-жылы араб театр институту түзүлгөн. 1961-жылы Каирде «Аль-Гум­хурия» театры ачылган. Мындан тышкары, улуттук, комедия, дүйнөлүк театрлары бар. 1897-жылдан чет элдик режиссёр жана оператор­лор тарабынан чакан хроника, 1917-жылдан көркөм тасмалар тартыла баштаган. 1935-жылы Каирде «Миср» киностудиясы ачылган. 1930- жылдан белгилүү ырчы, композитор Абд аль- Ваххаб, Умм Кульсум катышкан музыкалык, 1940-жыл­дардан патриоттук көркөм тасмалар тартылган. Египет кино өнөрүнүн жаӊы үлгүсү катары Ю. Шахиндин «Жамиля» (1959), «Жер» (1968), «Нилдеги адамдар» (СССР менен бирдикте, 1970), А. Фахминин аткаруусундагы «Мумия» (1971) тасмаларын атаса болот. Мындан тышкары, Хенри Баракат, Мухаммед Хан, Салах Абу Сейф жана Атеф Эль-Тайиб аттуу кинорежиссёрлор­дун да тасмалары кеӊири белгилүү.

Ад.: Длин Н. А. Объединенная Арабская Республика. М., 1963; Медведко Л. И. К востоку и западу от Суэца. М., 1980; Беляев И. П., Примаков Е. М. Египет: время президента Насера. М., 1981; Арабская Республика Египет. Справочник. М., 1990; Египет // Большая Российская энциклопедия. 9 т. М., 2007.