ЕРМОЛОВА Мария Николаевна: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page ЕРМОЛОВА to ЕРМОЛОВА Мария Николаевна) |
(Айырма жок)
|
05:04, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЕРМО́ЛОВА Мария Николаевна [3(15). 7. 1853, Москва – 12. 3. 1928, ошол эле жер] – орус актёру, Республиканын эл артисти (1920), Эмгек Баатыры (1924). Театр окуу жайын бүтүрүп (1871), Кичи театрда 1921-жылга чейин иштеген. Ермолованын белгилүү ролдору:

Иоанна д’Арк жана Мария Стюарт (Шиллер, «Орлеан кызы», 1884; «Мария Стюарт», 1886), Лауренсия (Лопе де Вега, «Койлуу булак», 1876), А. Н. Островскийдин чыгармаларынан: Катерина («Добул», 1873), Лариса («Сепсиз кыз», 1880), Евламея («Туткундар», 1880), Негина («Таланттар жана таазим кылуучулар», 1881) жана башкалар. Ермолованын каармандарына туруктуулук, мээримдүүлүк, лиризм мүнөздүү. М. С. Щепкиндин, П. С. Мочаловдун идеяларын, салттарын уланткан. А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Н. А. Некрасов, Н. П. Огарёвдун лирикаларын көркөм окуган. 1970-жылы Ермолованын Москвада үй-музейи (А. А. Бахрушин атындагы борбордук театр музейинин филиалы) ачылган.
Ад.: Щепкина-Куперник Т. Л. Ермолова. М., 1972.