ЖААН-ЧАЧЫН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖААН-ЧАЧЫН , ж а а н – жамгыр, кар ж. б. түрүндө жер бетине түшүүчү атм. суу. Ал булут­тан ж-а нымдуу абадан пайда болот. Булуттан жамгыр, ак жаан, нөшөр, өткүн, шыбыргак, мөндүр, кар түрүндө жаайт. Абадан ным, кы­роо, бубак, шүүдүрүм түрүндө бөлүнүп чыгат. Ж.-ч­дын өлчөмү, жер бетине түшкөн суу кабатынын калыңдыгы мм м-н өлчөнөт. Ж.-ч-дын Жер шарындагы жылдык орт. өлчөмү 1000 мм (б. а. 500 миң км3 суу). Ж.-ч-дын өлчөмү дүйнө жү­зүндө бирдей эмес. Эң көп Ж.-ч. жааган жер Гавайи а-нын биринде (жылына орто эсеп м-н 12500 мм), ал эми Перу м-н Чилинин чөлдөрүн­дө, Сахарада бир нече жылдар бою тамчы там­бай калышы да мүмкүн. Кырг-ндагы эң жаан­чыл жер Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталы, анда жылына 1600 ммге чейин Ж.-ч. түшөт. Ысык-Көлдүн батышы эң кургак­чыл, анда 110 ммдей. Ж.-ч. – аба ырайы м-н климаттын негизги элементи. А. ч-нда мааниси чоң.