ЖАБУУ ИШТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАБУУ ИШТЕРИ</b> – имараттын чатырын орно­туп, үстүн жаап | <b type='title'>ЖАБУУ ИШТЕРИ</b> – имараттын чатырын орно­туп, үстүн жаап жана жабуу материалдарын даяр­доочу курулуш иштери. Үйлөрдү жабуудан мур­да темир-бетон такталарынын бетин цемент же асфальт бетон менен тегиздейт, андан соң буудан, жылуулуктан сактоочу материалдар жабышты­рылып, коргоочу катмар төшөлөт. Буудан сак­тоочу катмар катары пергамин, рубероид (кара кагаз) салынат. Жылуулоо катмары көңдөй такталардан турат. Алардын ортосундагы жик­тер мастика менен толтурулуп, үстүнө материал жабыштырылат. Жабыштыруу үчүн ысык же муздак мастика колдонулат. Жабуучу мате­риалдар суу өткөрбөөчү, суукка чыдамдуу, отко күйбөөчү сапаттарга ээ болуп, наркы төмөн жана эмгек аз чыгымдалууга тийиш. Алар органикалык мате­риалдан (тактай, битум, кара май сиңирилген калың кагаз), силикаттан (шифер, черепица, асбест-цемент) жана металлдан жасалат. Жабуу­чу материалдар органикалык илээшкек заттардан – би­тум, кара май, гудрокам жана битум полимерле­ри сиңирилген картон кагаздардан, айнек була­лардан жасалат. Кара кагазды нефть (мунай­зат) битумуна салып, анын бир бетине кайра нефть битумун шыбап, рубероид чыгарылат. Картонду кара майга салып, беттерине ошол эле кара майды шыбаганда толь алынат. Анын эни 750, 100 жана 1025 <i>мм</i> болот. Асбест менен порт­ланд цементинен жасалган астбест-цемент узак­ка чыдамдуу келет. Ошондуктан турак үйлөрдүн, имараттардын жана коомдук жайлардын үстүн жабууда колдонулат. Өнөр жай имараттары – неги­зинен кара кагаз, рубероид, пергамин жана гид­роизол; турак-үйлөр асбест-цемент такталары (шифер), металл черепицалар жана бышырылган жука черепицалар менен жабылат. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
11:12, 12 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАБУУ ИШТЕРИ – имараттын чатырын орнотуп, үстүн жаап жана жабуу материалдарын даярдоочу курулуш иштери. Үйлөрдү жабуудан мурда темир-бетон такталарынын бетин цемент же асфальт бетон менен тегиздейт, андан соң буудан, жылуулуктан сактоочу материалдар жабыштырылып, коргоочу катмар төшөлөт. Буудан сактоочу катмар катары пергамин, рубероид (кара кагаз) салынат. Жылуулоо катмары көңдөй такталардан турат. Алардын ортосундагы жиктер мастика менен толтурулуп, үстүнө материал жабыштырылат. Жабыштыруу үчүн ысык же муздак мастика колдонулат. Жабуучу материалдар суу өткөрбөөчү, суукка чыдамдуу, отко күйбөөчү сапаттарга ээ болуп, наркы төмөн жана эмгек аз чыгымдалууга тийиш. Алар органикалык материалдан (тактай, битум, кара май сиңирилген калың кагаз), силикаттан (шифер, черепица, асбест-цемент) жана металлдан жасалат. Жабуучу материалдар органикалык илээшкек заттардан – битум, кара май, гудрокам жана битум полимерлери сиңирилген картон кагаздардан, айнек булалардан жасалат. Кара кагазды нефть (мунайзат) битумуна салып, анын бир бетине кайра нефть битумун шыбап, рубероид чыгарылат. Картонду кара майга салып, беттерине ошол эле кара майды шыбаганда толь алынат. Анын эни 750, 100 жана 1025 мм болот. Асбест менен портланд цементинен жасалган астбест-цемент узакка чыдамдуу келет. Ошондуктан турак үйлөрдүн, имараттардын жана коомдук жайлардын үстүн жабууда колдонулат. Өнөр жай имараттары – негизинен кара кагаз, рубероид, пергамин жана гидроизол; турак-үйлөр асбест-цемент такталары (шифер), металл черепицалар жана бышырылган жука черепицалар менен жабылат.