ЖАДГАЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАДГАЛ</b> , Ж и д г и л – тарыхый топоним, | <b type='title'>ЖАДГАЛ</b> , Ж и д г и л – тарыхый топоним, орто кылымдарда азыркы Чаткал өрөөнүндө жай­гашкан өзөн, шаар, аймактык комплекстин (округ, облус) аталышы. Жадгал жөнүндөгү негизги маалыматтар араб, фарси тилдериндеги географиялык адабияттарда кезигет. Ал-Истахри (920-жыл) жадгалды өзөн ж-а Ферганага караган облус деп белги­лейт. Ибн-Хаукал (10-кылым) боюнча жадгал– облус, анын борбору – Ардланкет. «<i>Худуд ал-Алам»</i> – «Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп» (982–983-жылдарда жазыл­ган автору белгисиз ) аттуу китепте жадгал – Фер­гананын тоо арасындагы бир району, анын ча­кан шаарлары, көп кыштактары, кендери бар экени, анда жылкы м-н кой асыралары айты­лат. Кийин, 16-кылымда молдо <i>Сайф-аддин Аксыкен­ти</i> тажик тилинде жазган <i>«Мажму-ат-та­варих»</i> («Тарыхтар жыйнагы») эмгегинде жадгалда 3 шаар болгону баса белгиленет. Археологиялык изилдөөлөрдөн кийин Күлбөскан (байыркы Ардланкет), Үч-Булак, Чанчаркандагы эски коргондор 10–11-кылымдардагы ири шаарлардын орду, маанилүү тоо-металлургия комплекстеринин болгондугу ырасталды. Булардын ар биринде цитадель, шахристан, рабат болгон. Жадгал м-н | ||
өзөн ж-а Ферганага караган облус деп белги­лейт. Ибн-Хаукал (10- | Чаткал бир эле аталыштын эки түрдүү жазы­лышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарси адабияттарында номендин башкы тыбышы «ж» тамгасы м-н жазылган болуу керек (С. Өмүрзаков, 1982) деп божомол­донот. | ||
«Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
аралары тууралуу китеп» (982–983- | |||
3 шаар болгону баса белгиленет. | |||
Чаткал бир эле аталыштын эки түрдүү жазы­лышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарси | |||
07:47, 30 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАДГАЛ , Ж и д г и л – тарыхый топоним, орто кылымдарда азыркы Чаткал өрөөнүндө жайгашкан өзөн, шаар, аймактык комплекстин (округ, облус) аталышы. Жадгал жөнүндөгү негизги маалыматтар араб, фарси тилдериндеги географиялык адабияттарда кезигет. Ал-Истахри (920-жыл) жадгалды өзөн ж-а Ферганага караган облус деп белгилейт. Ибн-Хаукал (10-кылым) боюнча жадгал– облус, анын борбору – Ардланкет. «Худуд ал-Алам» – «Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп» (982–983-жылдарда жазылган автору белгисиз ) аттуу китепте жадгал – Фергананын тоо арасындагы бир району, анын чакан шаарлары, көп кыштактары, кендери бар экени, анда жылкы м-н кой асыралары айтылат. Кийин, 16-кылымда молдо Сайф-аддин Аксыкенти тажик тилинде жазган «Мажму-ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») эмгегинде жадгалда 3 шаар болгону баса белгиленет. Археологиялык изилдөөлөрдөн кийин Күлбөскан (байыркы Ардланкет), Үч-Булак, Чанчаркандагы эски коргондор 10–11-кылымдардагы ири шаарлардын орду, маанилүү тоо-металлургия комплекстеринин болгондугу ырасталды. Булардын ар биринде цитадель, шахристан, рабат болгон. Жадгал м-н Чаткал бир эле аталыштын эки түрдүү жазылышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарси адабияттарында номендин башкы тыбышы «ж» тамгасы м-н жазылган болуу керек (С. Өмүрзаков, 1982) деп божомолдонот.