ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ , </b>у с у л и ж а д и д – 19–20- | <b type='title'>ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ , </b>у с у л и ж а д и д – 19–20-кылымдардын аралыгында Волга боюнда, Кав­каз, Түркстан, Кыргызстан, Казакстанда ачылган мектептер. Ислам дининин идеологиясында ка­лыптанып калган эски ыкмадагы ж-а мазмун­дагы схоластикалык мектептердин (мисалы, «усу­ли кадим») ишин сынга алган жадидчилер жал­пы мектеп системасын ошол мезгилдин талабы­на ылайык өзгөртүүгө аракеттенишкен (к. <i>Жа­дидизм</i>). Жадидизмди негиздеген педагог, агар­туучу Исмаил <i>Гаспринский</i> ж-а аны колдоочу­лар жаңы үлгүдөгү реформаны ишке ашыруу максатында 25 миңден ашуун мектептерди ачышкан. Жадид мектеби биринчи жолу Крымда ачы­лып (1884), кийин Түркстанга тараган. Анда мурда колдонулуп келген тамгалык-муундук усулдун ордуна тыбыштык-добуштук усул ж-а түшүндүрмө окуусу киргизилип, мындай ыкма м-н балдардын окуу ж-а жазуу сабаты тез жо­юлган. Жаңы усул боюнча мектептерде парта, дос­ка пайдаланылып (мурда тизелеп отурушуп, тактачага, тери бетине, кой же уйдун далы сөөк­төрүнө жазышкан), географиялык карталар колдонул­ган. Жадид мектептеринин ачылышына адегенде Пишпек, Токмок ж-а Каракол шаарларына Казан, Уфа шаарларынан 1901–02-жылдарда келишкен татар агартуучулары де­милгечи болушкан. Кийин кичине айылдарда да пайда болуп, 1909-жылы Чоң Кеминде <i>Шабдан</i> Жантай уулу «Шабдан медресесин», 1912-жылы Калпа ажы Курткада, Ыбыке уулу <i>Канат</i> м-н Өтөмбай Төрөгелдин манап Кочкор өрөөнүндө, Мали уулу Сагаалы Тоң болуштугундагы Туу­ра-Сууда (ал мектепте Казан м-н Уфадан билим алып келген И. <i>Арабаев</i> мугалимдик кылган), 1911-жылы Тооке уулу <i>Байзак</i> м-н Курман манап Жумгалда «Курмандын мектебин», <i>Дүр</i> Соо­ронбай уулу Чүйдө ж. б. жерлерде ачылган. Коч­кордогу Ыбыке уулу Канат ачкан мектеп-мед­ресе Талды-Булак деген жерде жыгачтан салы­нып, он бөлмөдөн турган. Алыстан келген бал­дар үчүн медресенин алдында жатакана да бол­гон. Анда Уфадагы «Галия» медресесин бүтүрүп келген Канаттын Ыскак деген уулу сабак бер­ген. Ал эми Жумгалдагы Курмандын он бөлмө­лүү, асты тактайланган мектебинде 100дөй ба­ла окуган. Чүйдүн Сайлык айылында салынган Дүрдүн мектебинин пайдубалы кыш, таштан са­лынып, жыгач материалдар м-н курулуп, үстү тунуке м-н жабылган. Бул мектепте Түндүк Кыргызстан­дын ар кайсы аймактарынан балдар келип оку­шуп, ошол мектептин жатаканасында туруш­кан. Ош шаарында Фазылбек Касымов тарабынан мектеп ачылып, 60тан ашуун бала, Кара-Суу­дагы мектепте 20дай бала окуган. Куршабда (Өзгөн) Эраалы миңбашы Ташкенттен Гулан Зафари деген мугалим алдырып, мектеп ачса, Өзгөндүн өзүндө 1907-жылы Факриддин, Рахим молдолордун демилгеси м-н ачылган. Жалал- Абадда Мырзакул болуш Жадид мектептери үчүн атайын имарат салдырып, Бухарадан мугалимдерди алдырып, окууга шыктуу балдар үчүн билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Наманган­дагы атактуу Молдо Кыргыз медресесинде <i>Нур­молдо</i> Наркул уулу бир топ жылдар эмгекте­нип, кийин Ала-Бука, Аксы аймактарында жаңы усулдагы мектеп-медреселерде дин окуу­су м-н катар эле «алхоризмий» деп аталган эсеп, «айнаме» деп аталган агрономия, айыл чарба мүнөзүн­дөгү сабактарды, чыгыш классиктеринин чыгар­маларын, ошондой эле алгачкылардан болуп, кыргыз тилинде билим берип, «Манас» айттырып окут­кан. 1905–06-жылдарда Жети-Өгүздүн Сары-Жон жай­лоосунда элдин көмөгү м-н <i>Алдаш Молдо</i> бала окутуу үчүн боз үйдө мектеп ачкан. Ал жалпы билим берүүчү сабактар м-н катар эле эне тилин окутууну көздөп, биринчи жолу араб арибинин негизинде кол жазма түрүндө кыргызча <i>«Алип­пе»</i> түзүп, бул туңгуч окуу куралы аркылуу бал­дардын сабатын ачып, аларды жазганга үйрөт­көн. Алдаш Молдо түзгөн «Алиппени» башка мугалимдер көчүрүп алып, жер-жерлерде сабак берүүдө колдонушкан. Кийин анын тажрыйба­сын И. Арабаев улантып, Уфада Сарсакеев де­ген казак студент м-н бирге, биринчи жолу кыргыз, казак балдарына арналган «Алип-бээ жаки төтө окуу» аттуу китебин жазып, аны 1911-жылы «Шарк» басмасынан чыгарышкан. Көп өтпөй эле ал «Жазуу өрнөктөрү» (сулуу жазуу­нун үлгүлөрү) деген окуу куралын 1912-жылы Орен­бург шаарында чыгарган. Бул китептер казак, кыр­гыз мектептеринде чоң ийгилик м-н пайдала­нылган. Жаңы усулдагы мектептерде материал­дык, окуу-педагогикалык жактан, о. эле педа­гог адистердин аз болгондугунан кыргыз балда­ры кыйналып окушкан. Бирок буга карабастан, диний сабактар м-н катар жарандык (светтик) багыттагы билимдин берилиши, кыргыз элинин тарыхындагы олуттуу окуялардан болгон. Ушул мектептер аркылуу Россиядагы мусулман кал­кы, анын ичинде кыргыздар да европалык цивилизация м-н тааныша баштаган. Жадид мектептери Кыргызстанда 20-кылымдын башында билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Мектептин бүтүрүүчүлөрү кийин кыргыздын алдыңкы интеллигенциясынын не­гизин түзгөн. | ||
Өтөмбай Төрөгелдин манап Кочкор өрөөнүндө, Мали уулу Сагаалы Тоң болуштугундагы Туу­ра-Сууда (ал мектепте Казан м-н Уфадан билим алып келген И. <i>Арабаев</i> мугалимдик кылган), 1911- | |||
Өзгөндүн өзүндө 1907- | |||
«айнаме» деп аталган агрономия, | |||
өтпөй эле ал «Жазуу өрнөктөрү» (сулуу жазуу­нун үлгүлөрү) деген окуу куралын 1912- | |||
Ад.: <i>Измайлов А. Э.</i> Очерки по истории советской | Ад.: <i>Измайлов А. Э.</i> Очерки по истории советской | ||
школы в Киргизии. Ф., 1967; <i>Машкевич А. А.</i> Выдаю­щийся просветитель Исмаил Гаспринский и развитие прогрессивной педагогической мысли народов Востока во второй половине XIX века. Алматы, 2002; <i>Байга­зиев С</i>. Ала-Тоодогу агартуунун тарыхынын кыскача очерки. XVII кылымдан 1917-жылга чейин. Б., 2005. | школы в Киргизии. Ф., 1967; <i>Машкевич А. А.</i> Выдаю­щийся просветитель Исмаил Гаспринский и развитие прогрессивной педагогической мысли народов Востока во второй половине XIX века. Алматы, 2002; <i>Байга­зиев С</i>. Ала-Тоодогу агартуунун тарыхынын кыскача очерки. XVII кылымдан 1917-жылга чейин. Б., 2005. | ||
<i>А. Кубатова.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
08:21, 30 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ , у с у л и ж а д и д – 19–20-кылымдардын аралыгында Волга боюнда, Кавказ, Түркстан, Кыргызстан, Казакстанда ачылган мектептер. Ислам дининин идеологиясында калыптанып калган эски ыкмадагы ж-а мазмундагы схоластикалык мектептердин (мисалы, «усули кадим») ишин сынга алган жадидчилер жалпы мектеп системасын ошол мезгилдин талабына ылайык өзгөртүүгө аракеттенишкен (к. Жадидизм). Жадидизмди негиздеген педагог, агартуучу Исмаил Гаспринский ж-а аны колдоочулар жаңы үлгүдөгү реформаны ишке ашыруу максатында 25 миңден ашуун мектептерди ачышкан. Жадид мектеби биринчи жолу Крымда ачылып (1884), кийин Түркстанга тараган. Анда мурда колдонулуп келген тамгалык-муундук усулдун ордуна тыбыштык-добуштук усул ж-а түшүндүрмө окуусу киргизилип, мындай ыкма м-н балдардын окуу ж-а жазуу сабаты тез жоюлган. Жаңы усул боюнча мектептерде парта, доска пайдаланылып (мурда тизелеп отурушуп, тактачага, тери бетине, кой же уйдун далы сөөктөрүнө жазышкан), географиялык карталар колдонулган. Жадид мектептеринин ачылышына адегенде Пишпек, Токмок ж-а Каракол шаарларына Казан, Уфа шаарларынан 1901–02-жылдарда келишкен татар агартуучулары демилгечи болушкан. Кийин кичине айылдарда да пайда болуп, 1909-жылы Чоң Кеминде Шабдан Жантай уулу «Шабдан медресесин», 1912-жылы Калпа ажы Курткада, Ыбыке уулу Канат м-н Өтөмбай Төрөгелдин манап Кочкор өрөөнүндө, Мали уулу Сагаалы Тоң болуштугундагы Туура-Сууда (ал мектепте Казан м-н Уфадан билим алып келген И. Арабаев мугалимдик кылган), 1911-жылы Тооке уулу Байзак м-н Курман манап Жумгалда «Курмандын мектебин», Дүр Сооронбай уулу Чүйдө ж. б. жерлерде ачылган. Кочкордогу Ыбыке уулу Канат ачкан мектеп-медресе Талды-Булак деген жерде жыгачтан салынып, он бөлмөдөн турган. Алыстан келген балдар үчүн медресенин алдында жатакана да болгон. Анда Уфадагы «Галия» медресесин бүтүрүп келген Канаттын Ыскак деген уулу сабак берген. Ал эми Жумгалдагы Курмандын он бөлмөлүү, асты тактайланган мектебинде 100дөй бала окуган. Чүйдүн Сайлык айылында салынган Дүрдүн мектебинин пайдубалы кыш, таштан салынып, жыгач материалдар м-н курулуп, үстү тунуке м-н жабылган. Бул мектепте Түндүк Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан балдар келип окушуп, ошол мектептин жатаканасында турушкан. Ош шаарында Фазылбек Касымов тарабынан мектеп ачылып, 60тан ашуун бала, Кара-Суудагы мектепте 20дай бала окуган. Куршабда (Өзгөн) Эраалы миңбашы Ташкенттен Гулан Зафари деген мугалим алдырып, мектеп ачса, Өзгөндүн өзүндө 1907-жылы Факриддин, Рахим молдолордун демилгеси м-н ачылган. Жалал- Абадда Мырзакул болуш Жадид мектептери үчүн атайын имарат салдырып, Бухарадан мугалимдерди алдырып, окууга шыктуу балдар үчүн билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Намангандагы атактуу Молдо Кыргыз медресесинде Нурмолдо Наркул уулу бир топ жылдар эмгектенип, кийин Ала-Бука, Аксы аймактарында жаңы усулдагы мектеп-медреселерде дин окуусу м-н катар эле «алхоризмий» деп аталган эсеп, «айнаме» деп аталган агрономия, айыл чарба мүнөзүндөгү сабактарды, чыгыш классиктеринин чыгармаларын, ошондой эле алгачкылардан болуп, кыргыз тилинде билим берип, «Манас» айттырып окуткан. 1905–06-жылдарда Жети-Өгүздүн Сары-Жон жайлоосунда элдин көмөгү м-н Алдаш Молдо бала окутуу үчүн боз үйдө мектеп ачкан. Ал жалпы билим берүүчү сабактар м-н катар эле эне тилин окутууну көздөп, биринчи жолу араб арибинин негизинде кол жазма түрүндө кыргызча «Алиппе» түзүп, бул туңгуч окуу куралы аркылуу балдардын сабатын ачып, аларды жазганга үйрөткөн. Алдаш Молдо түзгөн «Алиппени» башка мугалимдер көчүрүп алып, жер-жерлерде сабак берүүдө колдонушкан. Кийин анын тажрыйбасын И. Арабаев улантып, Уфада Сарсакеев деген казак студент м-н бирге, биринчи жолу кыргыз, казак балдарына арналган «Алип-бээ жаки төтө окуу» аттуу китебин жазып, аны 1911-жылы «Шарк» басмасынан чыгарышкан. Көп өтпөй эле ал «Жазуу өрнөктөрү» (сулуу жазуунун үлгүлөрү) деген окуу куралын 1912-жылы Оренбург шаарында чыгарган. Бул китептер казак, кыргыз мектептеринде чоң ийгилик м-н пайдаланылган. Жаңы усулдагы мектептерде материалдык, окуу-педагогикалык жактан, о. эле педагог адистердин аз болгондугунан кыргыз балдары кыйналып окушкан. Бирок буга карабастан, диний сабактар м-н катар жарандык (светтик) багыттагы билимдин берилиши, кыргыз элинин тарыхындагы олуттуу окуялардан болгон. Ушул мектептер аркылуу Россиядагы мусулман калкы, анын ичинде кыргыздар да европалык цивилизация м-н тааныша баштаган. Жадид мектептери Кыргызстанда 20-кылымдын башында билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Мектептин бүтүрүүчүлөрү кийин кыргыздын алдыңкы интеллигенциясынын негизин түзгөн.
Ад.: Измайлов А. Э. Очерки по истории советской школы в Киргизии. Ф., 1967; Машкевич А. А. Выдающийся просветитель Исмаил Гаспринский и развитие прогрессивной педагогической мысли народов Востока во второй половине XIX века. Алматы, 2002; Байгазиев С. Ала-Тоодогу агартуунун тарыхынын кыскача очерки. XVII кылымдан 1917-жылга чейин. Б., 2005.
А. Кубатова.