ЖАЗГЫЧ АКЫНДАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЗГЫЧ АКЫНДАР – төкмө акындардан ж-а ырчылардан айырмаланып, өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрүп, элге кол жазма түрүндө таратуучу акындар. Кыргыз ад-ты негизинен оозеки түрүндө өнүккөн. Октябрь рев-ясынын алгачкы жылдарында, б. а. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Ж. а. белгилүү боло баштаган. Кыргыз ад-тынын тарыхында Ж. а-дын туңгуч өкүлдөрү Молдо Кылыч Шамыркан уулунун ж-а Тоголок Молдонун (Байымбет Абдырахманов) ысымдары аталат. Алардын алгачкы чыгармалары кол жазма түрүндө 19-к-дын 80-жылдары тарала баштаган. 20-к-дын башында Ж. а-дын катары Алдаш Молдо, Ысак Шайбеков, Абылкасым Жутакеев, Токторалы Талканбаев, Шамей Токтобаев, Абдыкалык Чоробаев өңдүү көркөм сөз чеберлери м-н толукталды. Алар түрдүү тематикадагы, идеялыккөркөмдүк сапаты жагынан ар кыл чыгармаларды калтырышкан. Ж. а. ырларын жаратууда баарыдан мурда элдин оозеки чыг-лыгына ж-а аны сактап, өнүктүрүп келген төкмө акын, ырчылардын ырчылык салтына таянышкан. Бул акындар өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрө баштаган мезгилде кыргыздарда басма иши болбогондугуна байланыштуу, жазма ад-тынын өнүккөн салты болгон эмес. Кыргыз эли улуттук жазма ад-тка Октябрь рев-ясынан кийин гана ээ болду. Ошондуктан Ж. а-га элдик оозеки ад-т ж-а төкмө акындардын поэтикалык салты бирден бир адабий булак болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Ж. а. төкмө акындар сыяктуу эле эпостордон тартып, чакан лирикалык чыгармаларга чейин айта да, жаза да билишкен. Алардын аткаруусундагы «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору, «Жаңыл Мырза», «Мендирман», «Шырдакбек», «Ак Саткын менен Кулмырза» өңдүү поэмалар, жомоктор, анекдоттор, элдик лирикалык ырлардын варианттары бизге келип жетти. Ж. а. элдин көркөм сөз казынасын жыйнап, кагазга түшүрүү м-н гана чектелбестен, алардын айрым үлгүлөрүн, салттык түрлөрүн чыгармаларында кеңири пайдалана билишкен, салттык сюжет, мотивдерди жаңы окуялар, жаңы образ, сүрөттөмөлөр м-н толуктап, көркөмдөөгө умтулушкан. Андай салттык жанрдагы лирикалык ырлар, жомок, дастандар идеялык, көркөмдүк жагынан алда канча чыңалып, замандын талабы м-н үндөш өзүнчө көркөм чыгармага айланган. Буга элдик поэмалардын негизинде жаралган Молдо Кылычтын «Буудайык», «Бүркүттүн тою», «Канаттуулар» өңдүү чыгармалары, Тоголок Молдо, Токтораалы Талканбаев, Абылкасым Жутакеев, Ысак Шайбеков ж. б. акындардын элдик салттык жанрдын негизинде түзгөн кошок, арман, санат, насыят, термелери, сатиралык поэмалары, тамсилдери мисал. Ж. а-дын чыг-лыгындагы оозеки ж-а жазма ад-ттын салттарынын айкалышы аларга өз ырларынын, поэмаларынын социалдык мазмунун тереңдетүүгө, көркөмдүгүн арттырууга, жаңы ыр формаларын, жанрдык түрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк ачты, о. эле алар кыргыз ад-тына бараандуу салым кошуу м-н улуттук ад-ттын тарыхынан көрүнүктүү ордун тапты.
Ад.: Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Ф., 1988; Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004. А. Обозканов.