ЖАЙЛОО СОВЕТТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЙЛОО СОВЕТТЕРИ</b> – | <b type='title'>ЖАЙЛОО СОВЕТТЕРИ</b> – 1927–1933-жылдардагы Кыргызстандын тоолуу аймактарында Совет бийли­гинин кыска мөөнөткө шайланган уюмдары. Мындай абал же жайлоолордун башкаруу бор­борунан алыс болушу жана калктын аздыгынан бардык малчыларга жетекчилик кылуу (билим берүү, медициналык жардам көрсөтүү, укук коргоо, мада­ний-агартуу жана башкалар) жай мезгилинде кыйынчы­лык туудурган. Мисалы, эң ири жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнүнө Казакстандын айрым район­дорунан да малчылар келип, жыл сайын алар­дын саны 6000 түтүнгө чейин жетип, өздөрүнүн туруктуу жашаган административдик-аймак борборлорунан алыс калышкан. Ошондуктан, алыс жердегилерди советтик жана партиялык уюмдар начар тейлеп же иш жү­зүндө жайлоолор уруулар боюнча бөлүштүрүлүп, та­лаш-тартыш көп болгон. Натыйжада, 1927-жылы 20-февралда Кыргыз АССР БАК «Жайлоо сове­ти жөнүндөгү убактылуу жобо» кабыл алган. Ошол эле жылдын жазында Суусамырда убак­тылуу Жайлоо советин уюштуруу жөнүндө токтом ка­был алынып, ал жайлоодо бийликти орнотуу, көчмөн малчыларды чарбачылык жана маданий жактан тейлөөнү максат кылган. Кантондук аткаруу комитети кандай укукка ээ болсо, Жайлоо советтери дал ошон­дой укук алып, Суусамыр, Алай, Көк-Ойрок, Арпада жана Ысык-Көлдүн сырттарында түзүл­гөн. Жапырт коллективдештирүүнүн башталган­дыгына жана жергиликтүү уюмдардын чыңдалганына байланыштуу 1933-жылы Жайлоо советтери райондук, айыл со­веттеринин курамына киргизилген. | ||
Арпада | |||
<i>К. Дүйшөналиев. </i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
07:42, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙЛОО СОВЕТТЕРИ – 1927–1933-жылдардагы Кыргызстандын тоолуу аймактарында Совет бийлигинин кыска мөөнөткө шайланган уюмдары. Мындай абал же жайлоолордун башкаруу борборунан алыс болушу жана калктын аздыгынан бардык малчыларга жетекчилик кылуу (билим берүү, медициналык жардам көрсөтүү, укук коргоо, маданий-агартуу жана башкалар) жай мезгилинде кыйынчылык туудурган. Мисалы, эң ири жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнүнө Казакстандын айрым райондорунан да малчылар келип, жыл сайын алардын саны 6000 түтүнгө чейин жетип, өздөрүнүн туруктуу жашаган административдик-аймак борборлорунан алыс калышкан. Ошондуктан, алыс жердегилерди советтик жана партиялык уюмдар начар тейлеп же иш жүзүндө жайлоолор уруулар боюнча бөлүштүрүлүп, талаш-тартыш көп болгон. Натыйжада, 1927-жылы 20-февралда Кыргыз АССР БАК «Жайлоо совети жөнүндөгү убактылуу жобо» кабыл алган. Ошол эле жылдын жазында Суусамырда убактылуу Жайлоо советин уюштуруу жөнүндө токтом кабыл алынып, ал жайлоодо бийликти орнотуу, көчмөн малчыларды чарбачылык жана маданий жактан тейлөөнү максат кылган. Кантондук аткаруу комитети кандай укукка ээ болсо, Жайлоо советтери дал ошондой укук алып, Суусамыр, Алай, Көк-Ойрок, Арпада жана Ысык-Көлдүн сырттарында түзүлгөн. Жапырт коллективдештирүүнүн башталгандыгына жана жергиликтүү уюмдардын чыңдалганына байланыштуу 1933-жылы Жайлоо советтери райондук, айыл советтеринин курамына киргизилген.
К. Дүйшөналиев.