ЖАЙЫТ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙЫТ – мал жаюуга пайдаланылуучу от жер. Ж. табигый ж-а эгилме (жасалма) болуп бөлүнөт. Кырг-нда т а б и г ы й Ж-тар тоолуу, адырлуу, талаалуу ж-а жарым чөлдүү жерлерде болгондуктан, климаттык шарттары ар башка, натыйжада чөбүнүн кунардуулугу түрдүүчө болот. Ж-та негизинен көп жылдык чөптөр, чала бадал ж-а бадалчалар өсөт. Э г и л м е Ж-та көп жылдык ж-а бир жылдык чанактуу, дан уруктуу өсүмдүктөрдүн аралашмасы эгилет. Мезгилдик пайдаланылышы б-ча жазгы-күзгү Ж-тар 2,6 млн, жайкы 3,8 млн, кышкы 2,2 млн гектар аянтты ээлейт. Ж. – көк тоюттун негизги булагы. Ж-ка малды чөбү жетилгенде жаят. Мал Ж-та 150–170 күнгө чейин, айрым учурда жыл бою асыралат. Ж-тын кунардуулугун көтөрүү максатында атайын чаралар жүргүзүлөт, мис., которуштуруп пайдалануу, семирткич чачуу, сугаруу, чөп себүү, тосмолорду куруу ж. б. Эгилме Ж. кунардуу келип, экон. жактан көп пайда берет, мис., эгилме маданий Ж-ка өзгөчө саан уйларды эрте жаздан кеч күзгө чейин жайса болот. Эгилме Ж. жылына 500–600 цге чейин түшүм берет. Ж-ты туура пайдалануу м-н мал чарбасынан сапаттуу ж-а арзан азык-түлүк алса болот.