ЖАКЕРИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАКЕРИ́Я (Jacques Bonhomme – баёо Жак дегенден, дворяндар дыйкандарды кемсинтип атаган) – 1358-ж. Франциядагы феодалдарга каршы көтөрүлүш. Жүз жылдык согуш (1337–1453) убагындагы феодалдык эзүүнүн күчөшүнөн, экон. бүлүнүүдөн келип чыккан. Анын башчыларынын бири Гийом Каль болгон. Көтөрүлүшчүлөр (дыйкандар, кол өнөрчүлөр, майда соодагерлер) дворяндардын үй-жайларын кыйратып, өрттөшүп, акысыз иштөө ж-дө жазылган документтерди жок кылышкан. Бирок Г. Каль алданып колго түшүп, башы алынгандан кийин көтөрүлүш жеңилген. Ж. дыйкандардын жеке көз карандылыктан бошонуусуна шарт түзүп, Франциянын тарыхында терең из калтырган.