ЖАКШЫЛЫКОВ 1: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАКШЫЛЫКОВ Алымкул [1890, Бишкек уез­ди, Ак-Суу болушу (азыркы Сокулук р-ну, Бе­лек айылы) – 1938, Фрунзе) – Кырг-нда Совет бийлигин орнотууга ж-а чыңдоого активдүү ка­тышкандардын бири.

Сов. парт.мектепти(1928–30),О. Азия коммунисттик ун-ти­нин курсун (1933, Ташкент), Москва соц. жер иштетүү ак аде м и я с ын (1935) бүтүргөн. 1916–17-ж. Чөмүч суу сактагычында жумушчу болуп эмгектенип, орус ре­волюционерлери м-н таа­нышкан. 1918-ж. больше­виктер партиясына өтүп, Сокулук аймагын большевиктик алгачкы парт. ячейканы уюштурган. 1920-жылдан «Жарды­жалчы» уюмунун, ревкомдун, Сокулук, Ала­мүдүн р-ндорунун аткомунун, Сокулук р-ндук жер-токой бөлүмүнүн, ВКП(б)нин Фрунзе ш-дык, Аламүдүн, Нарын р-ндук жумушчу-дыйкан инс­пекцияларынын төрагасы, жооптуу секретары, контроль комиссиясынын жооптуу секретары, «Кыргыз токой» трестинин директору болуп иштеген. Кыргыз АССР БАКтын мүчөсү (1936). 1936-ж. жалган жалаа м-н партиядан чыгары­лып, 1937-ж. 30-декабрда атууга буйрулган. 1957-ж. акталган. Сокулук аймагында кедейлер­ге жер бөлүштүрүү, отурукташтыруу, колхоздош­туруу, мектеп куруу иштерин жетектеген. Со­кулук р-нунун борборундагы мектеп-гимназия­га ысмы берилип, айкели орнотулган. З. Бейшеев.