ЖАКШЫЛЫКОВ 2: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАКШЫЛЫКОВ Асан (6. 10. 1949-ж. т., Нарын обл., Нарын р-ну, Миң-Булак айылы) – кыргыз эл жазуучусу (2007), акын, драматург, прозаик-эссеист, котормочу, коомдук ишмер, Кырг-н Ленин комсомолу сыйл. лауреаты (1979), КРдин мадтына эмг. сиң. ишмер (1995), Акындардын дүйнөлүк конгр есси нин мүчөсү (1992; Штаб-квартирасы Лондондо), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (1999). Фрунзедеги политех. техникумду (1

968), К. И. Скрябин атн. КАЧИни (1976), СССР
жазуучулар союзунун Москвадагы Жогорку адабий курсун (1985) бүтүргөн. 1968–70-ж. Нарын р-нунун Куйбышев атн. колхоздо гидротехник, комсомол уюмунун секретары, 1970–74-ж. ЛКЖС БКда жооптуу кызматта иштеген. 1974–83-ж. Кырг-н жазуучулар союзунун жаштар м-н иштөө секциясынын жетекчиси, 1986–89-ж. СССР адабий фондусунун Кырг-ндагы бөлүмүнүн директору, 1989–91-ж. Кырг-н жазуучулар союзунун секретары, 1991–95-ж. 1-секретары, 1995–97-ж. төрагасы, 1996-жылдан Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясында «Рух» продюсердик борборунун директору, 1997-ж. «Обо» гезитинин башкы редактору, 1997-жылдан КОФ Пен-клубунун президенти. «Таңдын ырахаты» аттуу туңгуч ыр жыйнагы 1969-ж. жарык көргөн. Ал «Улуу шашке» (1977), «Бейпил көктөм» (1979), «Белес» (1981), «Макмал төр» (1983), «Ыклас» (1985), «Ысык-Көл сонатасы» (1989) аттуу ырлар ж-а поэмалар жыйнактарынын, «Мээрим» (1987) аттуу ыр м-н жазылган романдын автору. Балдар үчүн «Жайлоодо» (1977), «Жазгы байыр» аттуу ыр китептери, тандалмаларынын 5 томдугу (1999–2000), «Учкул ойлор – Крылатые мысли» (2003), «Ыр дүйнө жана элет аңгемелери» (2005) бар. «Кыргыз көчмөн цивилизациясы», «Манас дүйнө таанымы» (2005), «Кыргыз жолу», «Айкөлдүк, салттуулук, сулуулук» (2006), «Ыр чабыт» (2008) аттуу китептери жарык көргөн. «Көкөй кести» драмасы Нарын драма театрында (1993) коюлган. Ж. лироэпикалык акын, ал мазмун ж-а форма жагынан элдик салттуулукта да, эркин ырларда да бирдей эргүү м-н кеңири филос. ой жүгүртөт. «Эстутум» ж-а «Кыргыз жолу» деген китептеринде кыргыз таанууга өзгөчө жол издеп, кыргыз фольклорун, тарыхын, дүйнө таанымын, көчмөн цивилизациясын өзгөчө өңүттө изилдейт, дүйнөлүк диндердин негиздөө маселелерин салыштырууга аракеттенет. Көптөгөн ырлары украин, белорус, моңгол, казак, англис тилдерине которулган. Орус тилинде «Пути земные» (1993), «Побеги доброты» (1989), «Жизнь» (1992), «Восхождение к чистоте» (2005) ж. б. китептери жарык көргөн. Лирикалык ырларына обон чыгарылган, романстар жазылган. А. С. Пушкин, Р. Тагор, Л. Леонов, Э. Межелайтис,
Б. Олейник, Г. Эмин, Абай, Я. Смеляков ж. б. акындардын айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Медаль м-н сыйланган.
Ы. Кадыров.