ЖАКЫНДАН НАЧАР КӨРҮҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАКЫНДАН НАЧАР КӨРҮҮ , г и п е р м е т р оп и я – көрүү кемчилдиги, буюмду жакындан бүдөмүк көрүү. Мында буюмдан чагылган нур көздүн тор кабыкчасына түшпөстөн, анын артына өтүп кетет. Ж. н. к. көздүн тунук чели м-н ж-а чечекейинин сындыруу күчүнүн начарлыгына же көздүн алдыңкы-арткы огунун кыскалыгына байланыштуу болот. Дээрлик бардык балдар төрөлгөндө жакындан начар көрөт, бирок өсүү ж-а өрчүү процессинде (10 жаш чамасында) көпчүлүгүнүн көрүүсү калыбына келет. Анын кичине ж-а орт. даражасында (+3 диоптрийге чейин) көздүн курчтугу адатта өзгөрбөйт, ошондуктан атайын көз айнек м-н жөнгө салуунун зарылчылыгы жок. Жогорураак даражасында (диоптрий +5тен ашканда) кээде көздүн курчтугу начарлайт, көз айнек тагынганда көрүү кадимки абалына келбейт. Ал күчөгөндө, көз айнек пайдаланбаган кишинин көзү бат чарчап, башы ооруйт, чекеси уюп, көздө басым байкалат, окуганда тамгаларды ажырата албай калат. Окууну токтоткондо көрүү убактылуу калыбына келет. Мектеп окуучуларында баш оору пайда болсо, врачка кайрылуу зарыл. Ж. н. к. байкалган балдар көз айнек тагынуусу керек. Айрым учурда ал күчөп кетсе, баланын көзү чалыр болуп калат.