ЖАКЫПОВ 1: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАКЫПОВ Жеңиш Илебаевич (13. 10. 1954-ж. т., Ысык-Көл обл., Балыкчы ш.)

– милициянын генерал-майору (2008). СССР ИИМдин Караган­ды жогорку мектебин (1976), Москва академия­сын (1982) бүткөн. 1976– 78-ж. Нарын обл. ички иш­тер башкармалыгында кыл­мыш издөө бөлүмүнүн улук инспектору, 1978–80-ж. То­гуз-Торо р-ндук Ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, 1982–84-ж. На­рын обл. ички иштер баш­кармалыгында соц. мен­чикти уурдоого ж-а алып сатарлыкка каршы күрөш бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, началь­ниги, 1984-жылдан обл. ички иштер башкар­малыгынын начальнигинин орун басары, 1988– 89-ж. Ысык-Көл обл. ички иштер башкармалы­гынын соц. менчикти уурдоого ж-а алып сатар­лыкка каршы күрөш бөлүмүнүн начальниги, 1989–91-ж. ИИМдин кылмыш издөө башкарма­лыгынын начальниги, 1991–98-ж. Ысык-Көл обл. ички иштер башкармалыгынын начальни­гинин орун басары, начальниги, 1998–2003-ж Нарын обл. ички иштер башкармалыгынын на­чальниги, 2003–05-ж. КРдин Ички иштер ми­нистрлигинде Кылмыш издөө башкы башкар­малыгынын начальниги, 2006-ж. баңги заттар­га каршы күрөшүү б-ча башкармалыктын на­чальниги, 2006–08-ж. КРдин ички иштер ми­нистринин орун басары. 2008–09-ж. КРдин Ички иштер министринин Түштүк региону б-ча орун басар болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.