ЖАЛ (чүйгүн тамак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page ЖАЛ 1 to ЖАЛ (чүйгүн тамак)) |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЛ</b> – 1) кыргыздын чүйгүн тамактарынын | <b type='title'>ЖАЛ</b> – 1) кыргыздын чүйгүн тамактарынын бири. Бир элиден ашык казысы бар семиз жыл­кыдан гана жал чыгат. Арык жылкынын жалында майы жок чарым болот. Жал жегиликтүү, жа­гымдуу сый тамак катары чучук, карта менен бирге сый табактарга тартылат; 2) жылкынын шилисинен өркөчүнө чейинки, моюндун үстүнкү кыры менен кыркалай созулган узундугу карыш­тан кем эмес коюу кылдар. Жалдын маңдай жак­кы четин – «көкүл», өркөч жагын «ыйык жал» деп аташат. Тай, кунан, бышты, байталдын жалы жазында кыркылат. Бирок, алардын көкү­лү кыркылбайт жана ыйык жалдан бир тутам чок калтырылат. Айыптаган, ызалаган мааниде кы­сыр калган бээлердин жал, куйругу кыркылып, желеден бөлүнүп, субайларга кошулган. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
бири. Бир элиден ашык казысы бар семиз жыл­кыдан гана | |||
10:35, 26 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛ – 1) кыргыздын чүйгүн тамактарынын бири. Бир элиден ашык казысы бар семиз жылкыдан гана жал чыгат. Арык жылкынын жалында майы жок чарым болот. Жал жегиликтүү, жагымдуу сый тамак катары чучук, карта менен бирге сый табактарга тартылат; 2) жылкынын шилисинен өркөчүнө чейинки, моюндун үстүнкү кыры менен кыркалай созулган узундугу карыштан кем эмес коюу кылдар. Жалдын маңдай жаккы четин – «көкүл», өркөч жагын «ыйык жал» деп аташат. Тай, кунан, бышты, байталдын жалы жазында кыркылат. Бирок, алардын көкүлү кыркылбайт жана ыйык жалдан бир тутам чок калтырылат. Айыптаган, ызалаган мааниде кысыр калган бээлердин жал, куйругу кыркылып, желеден бөлүнүп, субайларга кошулган.