ЖАЛБЫРАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЛБЫРАК (лат. folium, гр. phellon) – та­таал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн негизги орган­дарынын бири. Ал фотосинтез, транспирация ж-а газ алмашуу процесстерин ишке ашырат. Ал өсүмдүктүн сабагында түрдүүчө (кезектеш, тушташ ж. б.) жайгашат. Ж. пластинкадан ж-а саптан турат. Айрым өсүмдүктөрдүн Ж. са­бы болбойт, алар сапсыз Ж-тар деп аталат (дан өсүмдүктөрү, эрин гүлдүүлөр). Кээ бир өсүмдүк­төрдүн, мис., чатырдуулардын, дан өсүмдүктөрү­нүн Ж-тарынын негиз (түп) жак бөлүгү жазы келип, сабакты аздыр-көптүр курчап тургандык­тан, Ж. к у ч а г ы делет. Ж-тын өлчөмү ар түрдүү; көпчүлүк өсүмдүктөрдүкү уз. 3–10 см; кай бир тропик өсүмдүктөрдүкү өтө чоң болот. Мис., рафия пальмасынын Ж-ынын сабы 4–5 м, плас­тинкасынын уз. 20 м, туурасы 12 мге жетет.

Жөнөкөй жалбырактар.

Кырг-ндын флорасында чоң Ж. даракта эмес чөп өсүмдүктө (балтыркан) кездешет. Морфол. түзүлүшүнө байланыштуу Ж-тын көп түрү бар. Алар жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнөт. Бир эле пластинкадан ж-а саптан турганы – ж ө­н ө к ө й, ал эми башкы Ж. сабы ж-а ага жай­гашкан экинчи, үчүнчү иреттеги каптал Ж-чалуулар т а т а а л деп аталат. Анда жал­пы Ж. сабында экиден же андан көп Ж. жай­гашат. Ж. санына жараша үчүлүк (беде), ман­жадай, канаттай татаал болуп да бөлүнөт. Плас­тинкасынын формасына, кырынын түзүлүшүнө, тарамыштануусуна жараша Ж. түрдүүчө болот. Жөнөкөй Ж. жээгинин түзүлүшүнө жараша бү-


Татаал жалбырактар.

түн, айчыктуу, тилкелүү, терең тилкелүү, сүйрү, жүрөктөй, тегерек, жебе, канаттай ж. б. болуп айырмаланат. Бүтүн жээктүүнүн пластинкасы бөлүнбөйт, айчыктуу Ж-тын пластинкасы жазы бөлүктөргө бөлүнөт. Андан тышкары Ж-тын түктүү, түксүз, бырыштуу, жылмакай, калың ж-а жука түрлөрү да учурайт. Ж. түрдүү түзүлүштө болсо да, анат. түзүлүшү окшош. Астыңкы ж-а үстүңкү эпидермадан туруп, ортосунда хлорен­химадан түзүлгөн негизги ткань – мезофилл жайгашкан. Көпчүлүк өсүмдүктө эпидерманын сырт жаккы бети кутикула, анын сыртын­да мом катмары, түтүктөр жайгашкан. Алар Ж-тын кургакчылыкка чыдамдуулугун артты­рып, тышкы таасирден коргойт. Эпидермадагы

Жөнөкөй тилке жалбырактар.

үттөр аркылуу Ж-та тышкы чөйрө м-н газ ал­машуу, транспирация жүрөт. Мезофилл хло­ропласттарга бай, анда майда өткөргүч боочо­лор (тарамыштар) жайгашат. Эвол. өрчүү маа­лында аткарган функцияларынын өзгөрүшүнөн улам кээ бир өсүмдүктөр Ж-тарынын түрүн өзгөрткөн. Мис., пияз м-н капустанын Ж-тары азык-зат топтоочу органга айланган. Көп өсүм­дүктөрдүн Ж-тары 6 айга жакын турат, вегета­ция мезгили бүтөрү м-н кургайт, ал эми дайыма жашыл өсүмдүктөрдүкү бир нече жыл өсүп, бир кылка эмес, түрдүү мезгилде түшүп, жаңыланып турат. Ж. сабакка жарык көбүрөөк түшкүдөй болуп жайгашат (к. Жалбырак жайгашуу).
Өсүмдүктүн өсүшү ж-а продукттуулугу Ж-та өтүүчү фотосинтез процессинде пайда болгон зат­тардын санына ж-а сапатына жараша болот.
Өсүмдүктөрдүн вегетациялык көбөйүүсүндө да Ж-тын мааниси чоң. Көп өсүмдүктөрдүн Ж-тары тамак (козу кулак, ашкөк, капуста, пияз ж. б.) ж-а тоют катары колдонулат. Алардан дары­дармек, парфюмерия, кондитер ж-а тамак-аш ө. ж-на керектелүүчү эфир майлары да алынат.


Ад.: Кудряшова Л. В. Ботаника. 7-е изд., т. 1. М., 1966.