ЖАЛГАН ДМИТРИЙ 1: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЛГАН ДМИ́ТРИЙ I [т. ж. б. – 17 (27). 5. 1606] – өзүн орус падышасы Иван IVнүн баласы Дмитриймин деп көрсөткөн саясий куйту; ал кечил Григорий Отрепьев деген маалыматтар бар. Ж. Д. Iнин орус тагына умтулушун поляк­литва төбөлдөрү ж-а Северск жери м-н Смолен­скини алууну көксөгөн Польша королу Сигиз­мунд III колдогон. Ж. Д. I католик динин жа­шыруун кабыл алып, Ватиканга орус чиркөөсүн баш ийдирүүнү убада кылган. Ж. Д. I дыйкан­дар м-н казак-орустардын антифеодалдык кө­төрүлүшүнөн ж-а боярлардын падыша Б. Ф. Го­дуновдун жүргүзгөн саясатына нааразылыгынан пайдаланып, 1604-ж. күзүндө поляк-казак орус отряддары м-н Россияга кол салып, 1605-ж. 20-июнда Москваны ээлеген. Ж. Д. Iнин саяса­тынын элге каршы багыты нааразылык туу­дуруп, ал элдик көтөрүлүштүн убагында өл­түрүлгөн.