ЖАМАК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМАК – даяр ыр өлчөмдөрүнүн (көбүнчө жетисегиз, он-он бир муундуу) үлгүсүндө чыгарылчу байыртан келаткан шыдыр айтуу, сөздү же ырды уйкаштырып, биринин артынан бирин куюлуштуруп, төгүп айтуучу акындык чыг-лыктын бир түрү. Ж-тын терминол. так мааниси жок, анткени ал ырдын синоними катары («жамгырдай төгүп ырымды, жамактап айтып берейин» – Токтогул), ыр жолдорун ыргак, уйкаш ж. б. жактарынан белгилүү бир поэтикалык формага келтирүүчү көркөм каражат катары да («кызып ырдап олтурсаң, кыш койгондой жамайсың» – Калык) колдонула берет. Элдик оозеки чыглыктагы к а р а ы р, ч у б у р т м а ы р, т ө к м ө ы р деген формалардай эле Ж-тын пайда болушунан аздыр-көптүр кабар берчү өзүнө таандык өзгөчөлүгү бар. Ал көркөм термин катары «жамак» деген сөздүн адепки тике маанисин (бир нерсени жамоо, куроо, кыйыштыруу ж. б.) метафора жолу м-н поэтика речинин бир формасын туюнтуучу (прозадан айырмалап туруучу) түшүнүк катары колдонуудан келип чыккан деп болжолдонот. Ж. көп кырдуу шыдыр айтуу түрү болгондуктан, аны өздөштүрүү даражасына карата ырчылар ч о ң ы р ч ы, т ө км ө ы р ч ы же ч о ң ж а м а к ч ы, м а йд а ж а м а к ч ы деп бөлүнөт. Ж. негизинен оозеки эл чыг-лыгында учурайт.