ЖАМАНКУЛ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАМАНКУЛ</b> Бөрүбай уулу (1884, азыркы Чүй | <b type='title'>ЖАМАНКУЛ</b> '''Бөрүбай уулу''' (1884, азыркы Чүй облусу, Кант району, Чоң-Далы айылы – өлгөн жылы белгисиз) – төкмө акын. 1912-жылы Шабдан баатырдын ашын­да жар чакырып, кыргыз-казакка ырчы ката­ры белгилүү болгон. Кыргызстандын түндүк-түштү­гүнөн, коңшу элдерден көптөгөн ак таңдай акын­дар чогулган чоң жыйындарда акындык өз­гөчөлүгүнөн, үнүнүн күчтүүлүгүнөн ж-а тембри­нин кооздугунан улам жарчылыкты көбүнчө ага ыйгарышкан. Анын адабий мурасы бизге өтө аз санда жеткен, эл оозунда калган ырлары эл мүдөөсүн көрө билген чоң ырчы экенин айгине­лейт. Буга анын 1916-жылкы көтөрүлүш учу­рундагы элдин башына түшкөн мүшкүлдү реал­дуу сүрөттөгөн ыры айкын мисал. Ал өз мезги­линде көп акындар м-н айтышкан. Алардын ичинен Найманбай ырчы м-н айтышканы гана чакан көлөмдө сакталган. Жаманкул «Манас», «Семе­тей» эпосторун да мыкты аткарган. Анын чы­гармалары 1946-жылы Бишкекте басылып чыккан «Кыргыздын эл акындары» аттуу китепке кир­гизилген. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
чакан көлөмдө сакталган. | |||
«Кыргыздын эл акындары» аттуу китепке кир­гизилген. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
09:50, 29 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМАНКУЛ Бөрүбай уулу (1884, азыркы Чүй облусу, Кант району, Чоң-Далы айылы – өлгөн жылы белгисиз) – төкмө акын. 1912-жылы Шабдан баатырдын ашында жар чакырып, кыргыз-казакка ырчы катары белгилүү болгон. Кыргызстандын түндүк-түштүгүнөн, коңшу элдерден көптөгөн ак таңдай акындар чогулган чоң жыйындарда акындык өзгөчөлүгүнөн, үнүнүн күчтүүлүгүнөн ж-а тембринин кооздугунан улам жарчылыкты көбүнчө ага ыйгарышкан. Анын адабий мурасы бизге өтө аз санда жеткен, эл оозунда калган ырлары эл мүдөөсүн көрө билген чоң ырчы экенин айгинелейт. Буга анын 1916-жылкы көтөрүлүш учурундагы элдин башына түшкөн мүшкүлдү реалдуу сүрөттөгөн ыры айкын мисал. Ал өз мезгилинде көп акындар м-н айтышкан. Алардын ичинен Найманбай ырчы м-н айтышканы гана чакан көлөмдө сакталган. Жаманкул «Манас», «Семетей» эпосторун да мыкты аткарган. Анын чыгармалары 1946-жылы Бишкекте басылып чыккан «Кыргыздын эл акындары» аттуу китепке киргизилген.