ЖАМГЫРЛАТЫП СУГАРУУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАМГЫРЛАТЫП СУГАРУУ , </b>ж а а д ы р ы п | <b type='title'>ЖАМГЫРЛАТЫП СУГАРУУ , </b>ж а а д ы р ы п с у г а р у у – айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу ыкма­сы; мында атайын техникалык түзүлүштөр м-н өсүм­дүккө ж-а кыртыш бетине суу жамгырдай чачыратылат. Каптатып же бороздоп сугарууга ка­раганда жамгырлатып сугаруу көп артыкчылыкка ээ. Топурак ж-а өсүмдүктүн нымдуулугу жакшырып, температу­расы төмөндөйт, өсүмдүк жалбырагындагы чаң жуулуп, дем алуусу, сиңириши жакшырат, органикалык заттар көп топтолот. Топуракка ным тез тара­гандыктан, аэрация жакшырат. Жамгырлатып сугарууда абада суу тамчысы кычкылтекке каныгат, топурак­тагы микробиологиялык процесстер ылдамдап, күрдүү­лүгү артат. Жамгырлатып сугарууда айрыкча чай, жашылча өсүм­дүктөрүнүн сапаты жакшырып, түшүмү жого­рулайт. Сугат өлчөмүн каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул учурда ным жакшы сакталып, то­пурактын кубаты бузулбай, өсүмдүк текши өсүп, сугатчынын эмгеги жеңилдеп, сугат м-н жер се­мирткич да кошо чачууга мүмкүндүк болот. Ве­гетация мезгилиндеги жамгырлатып сугарууда суу жерге тегиз таралып, текши сиңет, суу коромжуга учу­рабайт. Мында сугат нормасы өсүмдүктүн түрүнө ж-а топурак-климат шартына, ошондой эле жамгыр­латма машинанын түрүнө жараша болот. Үз­гүлтүксүз сугарууда топурак нымды жакшы тар­тат. Сугаттын сапаты чачыраган суу тамчысы­нын өлчөмүнө (1,5–2 <i>мм</i>), топурактын курамы­на ж. б. жараша болот. Жерди текши сугаруу үчүн көбүнчө жакын аралыкка чачыратуучу жамгырлатма машина ж-а курулмалар пайда­ланылат. | ||
с у г а р у у – | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
үчүн көбүнчө жакын аралыкка чачыратуучу жамгырлатма машина ж-а курулмалар пайда­ланылат. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
04:27, 12 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМГЫРЛАТЫП СУГАРУУ , ж а а д ы р ы п с у г а р у у – айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу ыкмасы; мында атайын техникалык түзүлүштөр м-н өсүмдүккө ж-а кыртыш бетине суу жамгырдай чачыратылат. Каптатып же бороздоп сугарууга караганда жамгырлатып сугаруу көп артыкчылыкка ээ. Топурак ж-а өсүмдүктүн нымдуулугу жакшырып, температурасы төмөндөйт, өсүмдүк жалбырагындагы чаң жуулуп, дем алуусу, сиңириши жакшырат, органикалык заттар көп топтолот. Топуракка ным тез тарагандыктан, аэрация жакшырат. Жамгырлатып сугарууда абада суу тамчысы кычкылтекке каныгат, топурактагы микробиологиялык процесстер ылдамдап, күрдүүлүгү артат. Жамгырлатып сугарууда айрыкча чай, жашылча өсүмдүктөрүнүн сапаты жакшырып, түшүмү жогорулайт. Сугат өлчөмүн каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул учурда ным жакшы сакталып, топурактын кубаты бузулбай, өсүмдүк текши өсүп, сугатчынын эмгеги жеңилдеп, сугат м-н жер семирткич да кошо чачууга мүмкүндүк болот. Вегетация мезгилиндеги жамгырлатып сугарууда суу жерге тегиз таралып, текши сиңет, суу коромжуга учурабайт. Мында сугат нормасы өсүмдүктүн түрүнө ж-а топурак-климат шартына, ошондой эле жамгырлатма машинанын түрүнө жараша болот. Үзгүлтүксүз сугарууда топурак нымды жакшы тартат. Сугаттын сапаты чачыраган суу тамчысынын өлчөмүнө (1,5–2 мм), топурактын курамына ж. б. жараша болот. Жерди текши сугаруу үчүн көбүнчө жакын аралыкка чачыратуучу жамгырлатма машина ж-а курулмалар пайдаланылат.