ЖАМИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАМИ Абдурахман Нураддин ибн Ахмад (7. 11. 1414, Иран, Нишапурга жакын, Жам ш. – 9. 11. 1492, Герат, азыр Афганстан) – фарсы ж-а та­жик акыны, философ. Гераттагы Дилкаш мед­ресесин бүтүргөн. Самарканддагы Улукбектин


медресесинде окуп жүргөндө илимпоздор м-н аралашып, бат эле таанылган. Гератка кайра барып, ак сарайдагы кызматтан баш тартып, суфизм жолуна түшкөн. Ислам динин бекем ту­тууга, адилет жүрүүгө үндөгөн. Чыгармаларын­да элдин азаптуу турмушуна жаны кейип, бий­лик өкүлдөрүнүн зомбулугун ашкерелеген. Сул­тан-Хусейн Байкаранын (1468) бийликке келип, анда Алишер Навоинин вазир болушу Ж-нин абалын жакшырткан. Алгачкы чыгармалары: «Алтын чынжыр» поэмасы (1472), прозалык­мистикалык трактаттары, уйкаштык ж-а өл­чөм, ыр түзүү б-ча колдонмо. Диний филос. ыр­ларында суфизмдин дүйнөлүк маанисин көтө­рүүгө умтулуп, билимге, ыйманга чакырган. Ж-нин адабий ишмердигинин гүлдөгөн учуру «Сыр кенчи» (1457), «Кудуреттин жарыгы» ат­туу диний филос. касыйдаларын жараткан мез­гилге (1471-жылдан кийин) туура келет. Ибн Синанын рационализмин ж-а ыйык суфийлер­дин таржымал жыйнактарын сындаган. Ж-нин даңкын чыгарган чыгармалары – лирикалык үч жыйнак (1479–91) м-н жети дастандан турган «Хавтавранг» («Чоң жетиген») аттуу китеби. «Искендердин акылмандуулугу жөнүндөгү ки­теп» (1486–87) деген дастанында элдердин тең укуктуулугу идеясын көтөргөн. Башка поэма­ларында да Ж. өз эл-жерин сүйүүгө, өз ара ын­тымакка, адилеттик м-н жоомарттыкка чакыр­ган. «Саламан менен Абсалал», «Жусуп менен Зулайка», «Лайли-Мажнун» поэмалары нагыз чындык м-н ыйман жолунда жазылган. Акыр­кы жылдардагы «Бахарстан» (1487), «Музыка жөнүндө трактат» чыгармалары Саадинин «Гүлстанына» жооп болгон. Ж-нин гуманист­тик чыг-лыгынын этикалык бийик идеалы фар­сы тилиндеги ад-ттын ж-а дүйнөлүк мусулман ад-ттарынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. «Лайли-Мажнун», «Жусуп менен Зулайка» ж. б. чыгармалары кыргыз элине эзелтен белгилүү.
Чыгармалары көп тилдерге которулган. 1964-ж. СССРде Ж-нин 550 жылдык мааракеси өт­көрүлгөн.


Чыг.: Избр. произведения: В 4 т. Душ., 1971–1981.


Ад.: Джами А. / Сб. статей. Душанбе, 1964; Афсахзод А. Лирика Абд ар-Рахмана Джами. М., 1988. А. Садыков.