ЖАМНА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖА́МНА , Я м у н а (санскритче йамуна – эгиз) – Индиядагы дарыя, Гангдын эң узун (оң) куймасы. Уз. 1384 км, алабынын аянты 351 миң км2. Гималайдын Заскар кырка тоосундагы мөңгүлөрдөн башталып, негизинен Ганг өрөөнү аркылуу агат. Орт. чыгымы 2,5 миң м3/сек. Эң ири куймасы – Чамбал. Дели ш-нан төмөн кеме жүрөт. Сугатка кеңири пайдаланылат. Боюнан Дели, Агра, Аллахабад ш. орун алган.