ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ ЛИТОГЕНЕЗИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ ЛИТОГЕНЕЗИ – жанар­тоолуу аймактагы кургактыкта, деңиз түптө­рүндө чөкмө тектердин пайда болуу ж-а алар­дын өзгөрүү процесстери. Климат шартына бай­ланышсыз эле, интрозоналуу түрдө, негизинен геосинклиналдуу аймактарда, б. а. тектон. ак­тивдүү жерлерде жүрөт. Жанартоо-чөкмө тектер­ди пайда кылган материалга жанартоонун атылышынан чыккан талкаланган кесек бөлүк­чөлөр же гидротерм эриндилери м-н газ эмана­циялары кирет. Бөлүкчөлөр жанартоодон аты­лып түшкөн жерде же андан которулуп, кура­мы б-ча бир түрдүү камдашкан тоотекти – жа­нартоо туфтарын пайда кылат. Анын курамын­дагы чөкмө заттардын өлчөмү алардын котору­лушунун узактыгына байланыштуу болуп, кээ­де 10%ке, айрым учурда андан да ашып кетет. Пайда болгон тектер кесек бөлүкчөлөрдүн өлчө­мүнө ж-а минералдык курамына карай бир не­чеге бөлүнөт. Ж.-ч. л-нин натыйжасында жа­нартоо-кремнийлүү, жанартоо-карбанаттуу ж-а жанартоо-кесекчелүү геол. формациялар, о. эле хемоген жанартоо-чөкмөлөрү (яшма, темир, мар­ганец кенташтары, фосфориттер ж. б.) пайда болот, к. Жанартоо.