«ЖАНЫШ-БАЙЫШ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
мNo edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«ЖАНЫШ-БАЙЫШ»</b> – кыргыз элинин баатыр­дык дастаны. Ал бир нече кылым оозеки жа­шап, укумдан-тукумга өтүп, калыптануу | <b type='title'>«ЖАНЫШ-БАЙЫШ»</b> – кыргыз элинин баатыр­дык дастаны. Ал бир нече кылым оозеки жа­шап, укумдан-тукумга өтүп, калыптануу жана өнүгүү тарыхында ар түрдүү идеялык-философиялык ой­лор менен байыган. Мурда анын үзүндүлөрү жөө жомок түрүндө айтылып келген. Пайда болгон доору так эмес. Бирок дастан каармандарына жана мазмунуна караганда кийинки доордо эле (16–18-кылымдарда) жаралган болушу мүмкүн. «Жаныш-Байышта» кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн кал­мак баскынчыларына каршы күрөшү, эркиндик, теңдик жөнүндөгү үмүт-тилеги, ой-санаасы айтылат. Ошондой эле баатырдык жана акылмандык, адилет­түүлүк жана ак ниеттүүлүк сыяктуу адеп-ахлак, санат мотиви да арбын. Дастан эки бир тууган­дын аты менен аталат. Бирок экөөнүн дастанда алган орду бирдей эмес. Байышка мүнөздөмө кеңири берилген. Жаныштын аты Байыш менен бирге айтылса да, ал баш каармандын образын гана толуктайт. Ошондой болсо да эки бир туу­ган эл мүдөөсүн жогору санаган, эл үчүн кызмат кылган, душманга каршы күрөштө эл башын бириктирип, зор күч топтогон баатырлар ката­ры сүрөттөлөт. Азыр КР УИАнын Кол жазма­лар фондусунда дастандын төрт варианты бар. Биринчи вариантын М. Мусулманкуловдон (1922), экинчисин Ж. Жанаевден (1923) К. Мифта­ков жазып алган. 3–4-варианты К. Акыев менен О. Урманбетовдуку. Бир варианты (К. Акыев, 1939, 1970) басмадан чыккан. Булар көркөмдүк сюжеттик-композициялык жактан бири-бири­нен айырмаланат. К. Акыев бул эпосту Токто­гулдан үйрөнгөн. Бул вариант бардык нускалар­дан көлөмү гана эмес, көркөмдүгү, мазмун-ма­ңызы, каармандардын образдарынын толук ачы­лышы, баяндоо ыкмасынын ар түрдүүлүгү, көтөрүлгөн идеянын жеткилең баяндалышы, куюлушкан бир кылка уйкаштык, сөз байлы­гы, баатырдык теманын жогорку баскычта че­чилиши менен айырмаланат. Дастан К. Акыев­дин шакирти Сарыкунандан (Сагынбек Дыйкан­баев) Б. Кебекова тарабынан жазылып алын­ган. Сарыкунан эки жолкусунда (1965, 1967) эки башка айткан, алар көркөмдүк жагынан кескин айырмаланат. Алгач жаздырышында К. Акыевдин вариантынын чегинен көп чыга албаса, кийинкиси өз алдынча варианттык дең­гээлге жеткен. «Жаныш Байыш» эпосун тарыхый-этнографиялык жагдайда атайын изилдөөгө алып, профессор И. Мол­добаев монография жазган. | ||
өнүгүү тарыхында ар түрдүү идеялык- | |||
<i>Р. Кыдырбаева. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
08:42, 29 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
«ЖАНЫШ-БАЙЫШ» – кыргыз элинин баатырдык дастаны. Ал бир нече кылым оозеки жашап, укумдан-тукумга өтүп, калыптануу жана өнүгүү тарыхында ар түрдүү идеялык-философиялык ойлор менен байыган. Мурда анын үзүндүлөрү жөө жомок түрүндө айтылып келген. Пайда болгон доору так эмес. Бирок дастан каармандарына жана мазмунуна караганда кийинки доордо эле (16–18-кылымдарда) жаралган болушу мүмкүн. «Жаныш-Байышта» кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн калмак баскынчыларына каршы күрөшү, эркиндик, теңдик жөнүндөгү үмүт-тилеги, ой-санаасы айтылат. Ошондой эле баатырдык жана акылмандык, адилеттүүлүк жана ак ниеттүүлүк сыяктуу адеп-ахлак, санат мотиви да арбын. Дастан эки бир туугандын аты менен аталат. Бирок экөөнүн дастанда алган орду бирдей эмес. Байышка мүнөздөмө кеңири берилген. Жаныштын аты Байыш менен бирге айтылса да, ал баш каармандын образын гана толуктайт. Ошондой болсо да эки бир тууган эл мүдөөсүн жогору санаган, эл үчүн кызмат кылган, душманга каршы күрөштө эл башын бириктирип, зор күч топтогон баатырлар катары сүрөттөлөт. Азыр КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда дастандын төрт варианты бар. Биринчи вариантын М. Мусулманкуловдон (1922), экинчисин Ж. Жанаевден (1923) К. Мифтаков жазып алган. 3–4-варианты К. Акыев менен О. Урманбетовдуку. Бир варианты (К. Акыев, 1939, 1970) басмадан чыккан. Булар көркөмдүк сюжеттик-композициялык жактан бири-биринен айырмаланат. К. Акыев бул эпосту Токтогулдан үйрөнгөн. Бул вариант бардык нускалардан көлөмү гана эмес, көркөмдүгү, мазмун-маңызы, каармандардын образдарынын толук ачылышы, баяндоо ыкмасынын ар түрдүүлүгү, көтөрүлгөн идеянын жеткилең баяндалышы, куюлушкан бир кылка уйкаштык, сөз байлыгы, баатырдык теманын жогорку баскычта чечилиши менен айырмаланат. Дастан К. Акыевдин шакирти Сарыкунандан (Сагынбек Дыйканбаев) Б. Кебекова тарабынан жазылып алынган. Сарыкунан эки жолкусунда (1965, 1967) эки башка айткан, алар көркөмдүк жагынан кескин айырмаланат. Алгач жаздырышында К. Акыевдин вариантынын чегинен көп чыга албаса, кийинкиси өз алдынча варианттык деңгээлге жеткен. «Жаныш Байыш» эпосун тарыхый-этнографиялык жагдайда атайын изилдөөгө алып, профессор И. Молдобаев монография жазган.
Р. Кыдырбаева.