ЖАҢГАРАЧ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАҢГАРАЧ</b> Эшкожо уулу (1801- же 1802, Чүй | <b type='title'>ЖАҢГАРАЧ</b> '''Эшкожо уулу''' (1801- же 1802, Чүй өрөөнү, Жыламыш өңүрү – 1864, Талас өрөөнү, сөөгү Жыламышка коюлган) – солто уруусунан чыккан чоң манап; Чүйдүн батыш бөлүгүн ж-а Талас өрөөнүн бийлеген. Жаңгарач м-н <i>Байтик</i> баа­тыр ага-ининин балдары. 1848-жылы казак султа­ны <i>Кенесары</i> Касым уулу Чүйгө кол салганда, адегенде <i>Жантай</i>, кийин <i>Ормон</i> хан м-н бир­дикте анын мизин кайтарып, колун талкалоо­го катышкан. Ал Кенесарынын кол салуусунун натыйжасында адегенде орус падышалыгына бу­каралыкка өтүү ниетин билдирип, бирок кийин алар жүргүзгөн баскынчылык саясатка нааразы болуп, 1862–64-жылдарда Кокон хандыгындагы бийлик кыргыз, кыпчак бектеринин <i>(Алымбек, Алым­кул)</i> колуна өткөндө, аларды колдоого ниет кылган. 1864-жылы жазында М. Г. <i>Черняев</i> Чүй өрөөнүнөн кокон аскерлерин сүрүп киргенде, Жаңгарач аргасыздан Талас өрөөнүнө конуш которгон. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
өрөөнү, Жыламыш өңүрү – 1864, Талас өрөөнү, сөөгү Жыламышка коюлган) – солто уруусунан | |||
чыккан чоң манап; Чүйдүн батыш бөлүгүн ж-а Талас өрөөнүн бийлеген. | |||
өрөөнүнөн кокон аскерлерин сүрүп киргенде, | |||
03:47, 8 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАҢГАРАЧ Эшкожо уулу (1801- же 1802, Чүй өрөөнү, Жыламыш өңүрү – 1864, Талас өрөөнү, сөөгү Жыламышка коюлган) – солто уруусунан чыккан чоң манап; Чүйдүн батыш бөлүгүн ж-а Талас өрөөнүн бийлеген. Жаңгарач м-н Байтик баатыр ага-ининин балдары. 1848-жылы казак султаны Кенесары Касым уулу Чүйгө кол салганда, адегенде Жантай, кийин Ормон хан м-н бирдикте анын мизин кайтарып, колун талкалоого катышкан. Ал Кенесарынын кол салуусунун натыйжасында адегенде орус падышалыгына букаралыкка өтүү ниетин билдирип, бирок кийин алар жүргүзгөн баскынчылык саясатка нааразы болуп, 1862–64-жылдарда Кокон хандыгындагы бийлик кыргыз, кыпчак бектеринин (Алымбек, Алымкул) колуна өткөндө, аларды колдоого ниет кылган. 1864-жылы жазында М. Г. Черняев Чүй өрөөнүнөн кокон аскерлерин сүрүп киргенде, Жаңгарач аргасыздан Талас өрөөнүнө конуш которгон.