ЖАҢЫ КАЛЕДОНИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
ЖАҢЫ КАЛЕДО́НИЯ – Франциянын ээлиги; Тынч океандын | ЖАҢЫ КАЛЕДО́НИЯ – Франциянын ээлиги; Тынч океандын түштүк-батышындагы аралдар то­бу. Меланезияга кирет. Жаңы Каледония аралын, Луайоте, Пен ж. б. аралдарды камтыйт. Жал­пы аянты 19 миң км2. Калкы 289,8 миң (2023); негизинен канакилер (меланезиялыктар), ошондой эле европалыктар, вьетнамдар, индонезиялыктар ж-а полинезиялыктар (3%) да бар. Католицизм | ||
[[File:ЖАҢЫ КАЛЕДОНИЯ89.png | thumb | none]] | [[File:ЖАҢЫ КАЛЕДОНИЯ89.png | thumb | none]] | ||
ж-а протестантизм диндерин тутат. Расмий ти­ли – француз тили. | ж-а протестантизм диндерин тутат. Расмий ти­ли – француз тили. Административдик борбору – Нумеа шаары. Административдик-аймактык жактан 3 провинцияга (Түндүк, Түш­түк, Луайоте аралы) | ||

Ээликти Франция өкмөтү дайындаган жогор­ку комиссар башкарат. Аралды 1774- | |||

ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 14 750 долларды түзөт (2004). ИДПде | бөлүнөт. Акча бирдиги – евро. Жаңы Каледония аралы шуру рифтери м-н курчалган; батышында анын узундугу 600 кмден ашык. Эң би­йик жери деңиз деңгээлинен 1628 м (Жаңы Каледония аралында). Климаты тропиктик. Айлык орточо темп­ературасы кышында 24–26°С, жайында 20°С. Жыл­дык жаан-чачыны чыгышында 3000 мм, баты­шында 700 мм. Тропиктик ураган болуп турат. Ийне жалбырактуу ж-а сейрек токой, бийик өс­көн өсүмдүктөр мүнөздүү.
Ээликти Франция өкмөтү дайындаган жогор­ку комиссар башкарат. Аралды 1774-жылы Ж. Кук ачып, Шотландиянын байыркы аты м-н (Кале­дония) атаган. 1853-жылы Франция ээлиги деп жа­рыяланган. 1864–96-жылдарда сүргүнгө айдалчу жер ка­тары пайдаланылган. 1946-жылы Франциянын «де­ңиздеги алыскы аймагы» деген статус алган.
ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 14 750 долларды түзөт (2004). ИДПде айыл чарбасынын үлүшү 2%тей, өнөр жайыныкы 22,5%, тейлөө чөйрөсүнүкү | ||
[[File:ЖАҢЫ КАЛЕДОНИЯ90.png | thumb | Жаңы Каледония акчасы.]] | [[File:ЖАҢЫ КАЛЕДОНИЯ90.png | thumb | Жаңы Каледония акчасы.]] | ||
[[File:ЖАҢЫ КАЛЕДОНИЯ91.png | thumb | Жаңы Каледониянын ландшафты.]] | [[File:ЖАҢЫ КАЛЕДОНИЯ91.png | thumb | Жаңы Каледониянын ландшафты.]] | ||
72,6%. Экономикасынын негизин тоо-кен | 72,6%. Экономикасынын негизин тоо-кен өнөр жайы түзөт. Никель өндүрүү боюнча дүйнөдө 3-орунда (жалпы запасы 50 млн т); ошондой эле темир, хром, кобальт, марганец, цинк, коргошун казылып алынат. Металлургия өнөр жайы, айыл чарба сырьёсун иш­тетүүчү, тактай тилүүчү заводдору, эмерек фабрикасы, курулуш материалдар өндүрүштөрү иштейт.
Айыл чарбасында экономикалык активдүү калктын 20%и иш­тейт. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: жашылча, мөмө-­жемиш, дан өсүмдүктөрү, кокос пальмасы, кофе, ваниль. Уй, чочко, кой асыралат. Азык-түлүк­түн басымдуу бөлүгүн сырттан сатып алат. Жы­лына 3 миң тдай балык кармалат.
Жолунун жалпы узундугу 5432 км. Нумеа шаарында аэро­порт бар. Жыл сайын Жаңы Каледонияга 100 миңге жакын | ||

Жолунун жалпы | |||
[[File:ЖАҢЫ КАЛЕДОНИЯ92.png | thumb | none]] | [[File:ЖАҢЫ КАЛЕДОНИЯ92.png | thumb | none]] | ||
чет элдик турист (француздар, япондор, австра­лиялыктар, жаңы зеландиялыктар ж. б.) келет. Никель, рудасы ж. б. экспортко чыгарылып, машина куруу продукцияларын, электр- | чет элдик турист (француздар, япондор, австра­лиялыктар, жаңы зеландиялыктар ж. б.) келет. Никель, рудасы ж. б. экспортко чыгарылып, машина куруу продукцияларын, электр-техника, азык-түлүктү сырттан алат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр, Япония, Австралия, Корея Республикасы, Жаңы Зеландия, Сингапур. 1974-жылы никель кенин иштетүүнү жергиликтүү баш­карууга өткөрүүнү талап кылган жалпы элдик көтөрүлүш болгон. 1981-жылы француз өкмөтү Жаңы Каледонияга көз каранды эместикти берүүгө убада берген. 1998-жылы майда Нумеа шаарында Франция­нын премьер-министри Л. Жоспен келишимге кол койгон. 1998-жылы 8-ноябрда референдум (ке­лишимди колдоо боюнча) өткөрүлүп, аны эл толу­гу м-н колдогон. 15–20 жылдын аралыгында Жаңы Каледониянын эгемендүүлүгү акырындап кеңейип, толугу м-н көз каранды эместикке жетише ал­ган. Беш жогорку окуу жайы иштейт. | ||
1974- | |||
Ад.: Новая Каледония // Все о странах мира. Атлас справочник. М., 2006. | Ад.: Новая Каледония // Все о странах мира. Атлас справочник. М., 2006. | ||
Р. Карачалова.  | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
06:46, 8 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАҢЫ КАЛЕДО́НИЯ – Франциянын ээлиги; Тынч океандын түштүк-батышындагы аралдар тобу. Меланезияга кирет. Жаңы Каледония аралын, Луайоте, Пен ж. б. аралдарды камтыйт. Жалпы аянты 19 миң км2. Калкы 289,8 миң (2023); негизинен канакилер (меланезиялыктар), ошондой эле европалыктар, вьетнамдар, индонезиялыктар ж-а полинезиялыктар (3%) да бар. Католицизм

ж-а протестантизм диндерин тутат. Расмий тили – француз тили. Административдик борбору – Нумеа шаары. Административдик-аймактык жактан 3 провинцияга (Түндүк, Түштүк, Луайоте аралы)
бөлүнөт. Акча бирдиги – евро. Жаңы Каледония аралы шуру рифтери м-н курчалган; батышында анын узундугу 600 кмден ашык. Эң бийик жери деңиз деңгээлинен 1628 м (Жаңы Каледония аралында). Климаты тропиктик. Айлык орточо температурасы кышында 24–26°С, жайында 20°С. Жылдык жаан-чачыны чыгышында 3000 мм, батышында 700 мм. Тропиктик ураган болуп турат. Ийне жалбырактуу ж-а сейрек токой, бийик өскөн өсүмдүктөр мүнөздүү.
Ээликти Франция өкмөтү дайындаган жогорку комиссар башкарат. Аралды 1774-жылы Ж. Кук ачып, Шотландиянын байыркы аты м-н (Каледония) атаган. 1853-жылы Франция ээлиги деп жарыяланган. 1864–96-жылдарда сүргүнгө айдалчу жер катары пайдаланылган. 1946-жылы Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы» деген статус алган.
ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 14 750 долларды түзөт (2004). ИДПде айыл чарбасынын үлүшү 2%тей, өнөр жайыныкы 22,5%, тейлөө чөйрөсүнүкү

72,6%. Экономикасынын негизин тоо-кен өнөр жайы түзөт. Никель өндүрүү боюнча дүйнөдө 3-орунда (жалпы запасы 50 млн т); ошондой эле темир, хром, кобальт, марганец, цинк, коргошун казылып алынат. Металлургия өнөр жайы, айыл чарба сырьёсун иштетүүчү, тактай тилүүчү заводдору, эмерек фабрикасы, курулуш материалдар өндүрүштөрү иштейт.
Айыл чарбасында экономикалык активдүү калктын 20%и иштейт. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: жашылча, мөмө-жемиш, дан өсүмдүктөрү, кокос пальмасы, кофе, ваниль. Уй, чочко, кой асыралат. Азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн сырттан сатып алат. Жылына 3 миң тдай балык кармалат.
Жолунун жалпы узундугу 5432 км. Нумеа шаарында аэропорт бар. Жыл сайын Жаңы Каледонияга 100 миңге жакын

чет элдик турист (француздар, япондор, австралиялыктар, жаңы зеландиялыктар ж. б.) келет. Никель, рудасы ж. б. экспортко чыгарылып, машина куруу продукцияларын, электр-техника, азык-түлүктү сырттан алат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр, Япония, Австралия, Корея Республикасы, Жаңы Зеландия, Сингапур. 1974-жылы никель кенин иштетүүнү жергиликтүү башкарууга өткөрүүнү талап кылган жалпы элдик көтөрүлүш болгон. 1981-жылы француз өкмөтү Жаңы Каледонияга көз каранды эместикти берүүгө убада берген. 1998-жылы майда Нумеа шаарында Франциянын премьер-министри Л. Жоспен келишимге кол койгон. 1998-жылы 8-ноябрда референдум (келишимди колдоо боюнча) өткөрүлүп, аны эл толугу м-н колдогон. 15–20 жылдын аралыгында Жаңы Каледониянын эгемендүүлүгү акырындап кеңейип, толугу м-н көз каранды эместикке жетише алган. Беш жогорку окуу жайы иштейт.
Ад.: Новая Каледония // Все о странах мира. Атлас справочник. М., 2006.
Р. Карачалова.