ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ</b> – калкты душмандын мүмкүн боло турган кол салуусунан сактоо ж-а эл чарбасынын туруктуу иштешин камсыз кы­луу максатында тынчтык ж-а согуш мезгилин­де жүргүзүлүүчү жалпы | <b type='title'>ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ</b> – калкты душмандын мүмкүн боло турган кол салуусунан сактоо ж-а эл чарбасынын туруктуу иштешин камсыз кы­луу максатында тынчтык ж-а согуш мезгилин­де жүргүзүлүүчү жалпы мамлекеттик коргонуу чарала­рынын системасы. Калкты ж-а чарбаны коргоо чаралары 1-дүйнөлүк согуш (1914–18) убагында эле башталып, 2-дүйнөлүк согуш (1939–45) учу­рунда маанилүү роль ойногон. Куралдуу күчтөрдө ядролук куралдардын, ракеталардын пайда бо­лушуна ж-а көбөйүшүнө байланыштуу 1950- жылдардан ири мамлекеттердин көпчүлүгүндө жарандык коргонуу түзүлгөн. 1972-жылдан жарандык коргонуунун эл ара­лык уюму уюшулуп, ага Африка, Латын Аме­рика ж-а Азия өлкөлөрү кирген. Жарандык коргонууга жал­пы жетекчиликти өлкөнүн өкмөтү, ал эми жер-­жерлерде жергиликтүү өкмөт уюмдары жүргүзөт. Жарандык коргонуу тынчтык ж-а согуш мезгилинде пайда болгон коркунучтардан калкты коргоо ж-а коргонуу ыкмаларына үйрөтүү, калкты, материалдык ж-а маданий дөөлөттөрдү кыйроодон сактап калуу үчүн кечиктирилгис иштерди жүргүзүп, аларды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү коммунал­дык-техникалык кызматтардын ж-а коммуникациялар­дын туруктуу иштешин камсыз кылуучу шарт­тарды түзүү, азык-түлүктү, сууну сактоо ж. б. милдеттерди аткарат. Жарандык коргонуу аймактык-өндүрүш­түк принцип боюнча уюштурулуп, жарандык коргонуу жаатын­дагы иштер «Жарандык коргонуу жөнүндө» КРдин мыйзам жоболору ж-а ченемдик-укук­тук актылары м-н жөнгө салынат. Өлкөбүздө жарандык коргонууну КРдин Премьер-министри жетектейт. КРдин өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жарандык коргонуу башкы башкармалыгы, облустарда, Биш­кек, Ош шаарларында жарандык коргонуу башкармалыктары, район­дордо ж-а шаарларда жарандык коргонуу бөлүмдөрү, ми­нистрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомство­лордо ж<i>арандык коргонуу штабы</i> бар. Жарандык коргонуу күч­төрүнүн уюштуруу түзүмү ж-а штаттык саны КРдин өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабы­нан аныкталат ж-а КРдин Президенти тарабы­нан бекитилет. | ||
чаралары 1-дүйнөлүк согуш (1914–18) убагында | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
эле башталып, 2-дүйнөлүк согуш (1939–45) учу­рунда маанилүү роль ойногон. Куралдуу күчтөрдө ядролук куралдардын, ракеталардын пайда бо­лушуна ж-а көбөйүшүнө байланыштуу 1950- жылдардан ири мамлекеттердин көпчүлүгүндө | |||
үчүн кечиктирилгис иштерди жүргүзүп, аларды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү коммунал­дык- | |||
03:43, 2 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ – калкты душмандын мүмкүн боло турган кол салуусунан сактоо ж-а эл чарбасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында тынчтык ж-а согуш мезгилинде жүргүзүлүүчү жалпы мамлекеттик коргонуу чараларынын системасы. Калкты ж-а чарбаны коргоо чаралары 1-дүйнөлүк согуш (1914–18) убагында эле башталып, 2-дүйнөлүк согуш (1939–45) учурунда маанилүү роль ойногон. Куралдуу күчтөрдө ядролук куралдардын, ракеталардын пайда болушуна ж-а көбөйүшүнө байланыштуу 1950- жылдардан ири мамлекеттердин көпчүлүгүндө жарандык коргонуу түзүлгөн. 1972-жылдан жарандык коргонуунун эл аралык уюму уюшулуп, ага Африка, Латын Америка ж-а Азия өлкөлөрү кирген. Жарандык коргонууга жалпы жетекчиликти өлкөнүн өкмөтү, ал эми жер-жерлерде жергиликтүү өкмөт уюмдары жүргүзөт. Жарандык коргонуу тынчтык ж-а согуш мезгилинде пайда болгон коркунучтардан калкты коргоо ж-а коргонуу ыкмаларына үйрөтүү, калкты, материалдык ж-а маданий дөөлөттөрдү кыйроодон сактап калуу үчүн кечиктирилгис иштерди жүргүзүп, аларды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү коммуналдык-техникалык кызматтардын ж-а коммуникациялардын туруктуу иштешин камсыз кылуучу шарттарды түзүү, азык-түлүктү, сууну сактоо ж. б. милдеттерди аткарат. Жарандык коргонуу аймактык-өндүрүштүк принцип боюнча уюштурулуп, жарандык коргонуу жаатындагы иштер «Жарандык коргонуу жөнүндө» КРдин мыйзам жоболору ж-а ченемдик-укуктук актылары м-н жөнгө салынат. Өлкөбүздө жарандык коргонууну КРдин Премьер-министри жетектейт. КРдин өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жарандык коргонуу башкы башкармалыгы, облустарда, Бишкек, Ош шаарларында жарандык коргонуу башкармалыктары, райондордо ж-а шаарларда жарандык коргонуу бөлүмдөрү, министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо жарандык коргонуу штабы бар. Жарандык коргонуу күчтөрүнүн уюштуруу түзүмү ж-а штаттык саны КРдин өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аныкталат ж-а КРдин Президенти тарабынан бекитилет.