ЖАРЫК ЧОҢДУКТАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРЫК ЧОҢДУКТАРЫ – нур энергиясынын көзгө таасир этиши б-ча жарыктын нурлануу, таралуу ж-а кайра жаралуу (чагылуу, өткөрүү ж. у. с.) процесстерин аныктоочу чоңдуктар. Көрүү сезими нур энергиясынын кубаттуулугуна ж-а спектрдик курамына жараша өзгөрөт. Алар жарык булагын жарык чыгаргыч катары мүнөздөйт. Негизги Ж. ч.– жарык агымынын көрүү сезимге таасири б-ча аныкталуучу нур энергиясынын кубаттуулугу. Аны ченөө бирдиги – люмен. Жарык агымынын белгилүү убакыттагы таасири жарык энергиясын аныктайт. Бул эки негизги чоңдукту жарык чыгаруучу нерсенин аянты, жарык түшкөн бет ж-а көлөмдүк бурчтун чоңдугу м-н байланыштырып, жарыктануучулук, жарык күчү, жаркырактык сыяктуу Ж. ч-н аныктоого болот.