ЖАСАЛМА ТАНДОО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАСАЛМА ТАНДОО</b> – чарбачылыкта баалуу жаныбар тукумун ж-а өсүмдүк сортторун тан&shy;дап өстүрүү ыкмасы. «Ж. т.» терминин илимге 1859-ж. Ч. <i>Дарвин</i> киргизген. Ал Ж. т-ну эгил&shy;ме өсүмдүк м-н малдын акырындык м-н өөр&shy;чүшүндө негизги себеп деп көрсөткөн. Эгилме
<b type='title'>ЖАСАЛМА ТАНДОО</b> – чарбачылыкта баалуу жаныбар тукумун ж-а өсүмдүк сортторун тан&shy;дап өстүрүү ыкмасы. «Жасалма тандоо» терминин илимге 1859-жылы Ч. <i>Дарвин</i> киргизген. Ал жасалма тандоону эгил&shy;ме өсүмдүк м-н малдын акырындык м-н өөр&shy;чүшүндө негизги себеп деп көрсөткөн. Эгилме өсүмдүк м-н малдын сорттук же породалык тү&shy;рүнүн ар бир тобу алар жапайы тегинин түр&shy;лөрүнөн келип чыкканын аныктаган. Мисалы, бар&shy;дык үй көгүчкөнү жапайы аска көгүчкөндөрүнөн, бакма тооктордун бардыгы <i>жапайы тооктон</i> (банкив тоогунан), огород капустасы жапайы капустадан келип чыккан. Жасалма тандоо сезимсиз ж-а методикалык болуп бөлүнөт. С е з и м с и з жасалма тандоодо байыркы малчы ж-а дыйкандар өсүмдүк м-н жаныбарлардын эң оболу сапаттууларын сактап, кийин алардан жакшы тукум алыш&shy;кан. Бул сезимсиз тандоо организмдердин ге&shy;нефонундагы <i>мутациялык</i> өзгөрүштү автомат&shy;тык түрдө сактап калып, натыйжада жаңы сорт ж-а порода пайда болгон. Сезимсиз жасалма тандоо механикалык таасири ж-а жыйынтыгы боюнча <i>табигый танда&shy;лууга</i> жакын. М е т о д и к а л ы к жасалма тандоо – алдын ала коюлган максаттарга ылайык мето&shy;дикалык жол м-н пландуу түрдө жүргүзүлүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун ж-а үй жа&shy;ныбарларынын жаңы породаларын чыгаруунун негизги жолу. Айыл чарбасында методикалык тандоо жа&shy;пырт ж-а жекече тандоо жолу м-н жүргүзүлөт.
өсүмдүк м-н малдын сорттук же породалык тү&shy;рүнүн ар бир тобу алар жапайы тегинин түр&shy;лөрүнөн келип чыкканын аныктаган. Мис., бар&shy;дык үй көгүчкөнү жапайы аска көгүчкөндөрүнөн, бакма тооктордун бардыгы <i>жапайы тооктон</i> (банкив тоогунан), огород капустасы жапайы капустадан келип чыккан. Ж. т. сезимсиз ж-а методикалык болуп бөлүнөт. С е з и м с и з Ж. т-до байыркы малчы ж-а дыйкандар өсүмдүк м-н жаныбарлардын эң оболу сапаттууларын сактап, кийин алардан жакшы тукум алыш&shy;кан. Бул сезимсиз тандоо организмдердин ге&shy;нефонундагы <i>мутациялык</i> өзгөрүштү автомат&shy;тык түрдө сактап калып, натыйжада жаңы сорт ж-а порода пайда болгон. Сезимсиз Ж. т. мех. таасири ж-а жыйынтыгы б-ча <i>табигый танда&shy;лууга</i> жакын. М е т о д и к а л ы к Ж. т.
[[Категория:3-том, 215-326 бб]]
 
 
алдын ала коюлган максаттарга ылайык мето&shy;дикалык жол м-н пландуу түрдө жүргүзүлүп, а. ч. өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун ж-а үй жа&shy;ныбарларынын жаңы породаларын чыгаруунун негизги жолу. А. ч-да методикалык тандоо жа&shy;пырт ж-а жекече тандоо жолу м-н жүргүзүлөт. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
 

04:57, 7 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖАСАЛМА ТАНДОО – чарбачылыкта баалуу жаныбар тукумун ж-а өсүмдүк сортторун тан­дап өстүрүү ыкмасы. «Жасалма тандоо» терминин илимге 1859-жылы Ч. Дарвин киргизген. Ал жасалма тандоону эгил­ме өсүмдүк м-н малдын акырындык м-н өөр­чүшүндө негизги себеп деп көрсөткөн. Эгилме өсүмдүк м-н малдын сорттук же породалык тү­рүнүн ар бир тобу алар жапайы тегинин түр­лөрүнөн келип чыкканын аныктаган. Мисалы, бар­дык үй көгүчкөнү жапайы аска көгүчкөндөрүнөн, бакма тооктордун бардыгы жапайы тооктон (банкив тоогунан), огород капустасы жапайы капустадан келип чыккан. Жасалма тандоо сезимсиз ж-а методикалык болуп бөлүнөт. С е з и м с и з жасалма тандоодо байыркы малчы ж-а дыйкандар өсүмдүк м-н жаныбарлардын эң оболу сапаттууларын сактап, кийин алардан жакшы тукум алыш­кан. Бул сезимсиз тандоо организмдердин ге­нефонундагы мутациялык өзгөрүштү автомат­тык түрдө сактап калып, натыйжада жаңы сорт ж-а порода пайда болгон. Сезимсиз жасалма тандоо механикалык таасири ж-а жыйынтыгы боюнча табигый танда­лууга жакын. М е т о д и к а л ы к жасалма тандоо – алдын ала коюлган максаттарга ылайык мето­дикалык жол м-н пландуу түрдө жүргүзүлүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун ж-а үй жа­ныбарларынын жаңы породаларын чыгаруунун негизги жолу. Айыл чарбасында методикалык тандоо жа­пырт ж-а жекече тандоо жолу м-н жүргүзүлөт.