ЖАСАЛМА ТАНДОО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАСАЛМА ТАНДОО</b> – чарбачылыкта баалуу жаныбар тукумун ж-а өсүмдүк сортторун тан­дап өстүрүү ыкмасы. | <b type='title'>ЖАСАЛМА ТАНДОО</b> – чарбачылыкта баалуу жаныбар тукумун ж-а өсүмдүк сортторун тан­дап өстүрүү ыкмасы. «Жасалма тандоо» терминин илимге 1859-жылы Ч. <i>Дарвин</i> киргизген. Ал жасалма тандоону эгил­ме өсүмдүк м-н малдын акырындык м-н өөр­чүшүндө негизги себеп деп көрсөткөн. Эгилме өсүмдүк м-н малдын сорттук же породалык тү­рүнүн ар бир тобу алар жапайы тегинин түр­лөрүнөн келип чыкканын аныктаган. Мисалы, бар­дык үй көгүчкөнү жапайы аска көгүчкөндөрүнөн, бакма тооктордун бардыгы <i>жапайы тооктон</i> (банкив тоогунан), огород капустасы жапайы капустадан келип чыккан. Жасалма тандоо сезимсиз ж-а методикалык болуп бөлүнөт. С е з и м с и з жасалма тандоодо байыркы малчы ж-а дыйкандар өсүмдүк м-н жаныбарлардын эң оболу сапаттууларын сактап, кийин алардан жакшы тукум алыш­кан. Бул сезимсиз тандоо организмдердин ге­нефонундагы <i>мутациялык</i> өзгөрүштү автомат­тык түрдө сактап калып, натыйжада жаңы сорт ж-а порода пайда болгон. Сезимсиз жасалма тандоо механикалык таасири ж-а жыйынтыгы боюнча <i>табигый танда­лууга</i> жакын. М е т о д и к а л ы к жасалма тандоо – алдын ала коюлган максаттарга ылайык мето­дикалык жол м-н пландуу түрдө жүргүзүлүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун ж-а үй жа­ныбарларынын жаңы породаларын чыгаруунун негизги жолу. Айыл чарбасында методикалык тандоо жа­пырт ж-а жекече тандоо жолу м-н жүргүзүлөт. | ||
өсүмдүк м-н малдын сорттук же породалык тү­рүнүн ар бир тобу алар жапайы тегинин түр­лөрүнөн келип чыкканын аныктаган. | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
алдын ала коюлган максаттарга ылайык мето­дикалык жол м-н пландуу түрдө жүргүзүлүп, | |||
04:57, 7 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАСАЛМА ТАНДОО – чарбачылыкта баалуу жаныбар тукумун ж-а өсүмдүк сортторун тандап өстүрүү ыкмасы. «Жасалма тандоо» терминин илимге 1859-жылы Ч. Дарвин киргизген. Ал жасалма тандоону эгилме өсүмдүк м-н малдын акырындык м-н өөрчүшүндө негизги себеп деп көрсөткөн. Эгилме өсүмдүк м-н малдын сорттук же породалык түрүнүн ар бир тобу алар жапайы тегинин түрлөрүнөн келип чыкканын аныктаган. Мисалы, бардык үй көгүчкөнү жапайы аска көгүчкөндөрүнөн, бакма тооктордун бардыгы жапайы тооктон (банкив тоогунан), огород капустасы жапайы капустадан келип чыккан. Жасалма тандоо сезимсиз ж-а методикалык болуп бөлүнөт. С е з и м с и з жасалма тандоодо байыркы малчы ж-а дыйкандар өсүмдүк м-н жаныбарлардын эң оболу сапаттууларын сактап, кийин алардан жакшы тукум алышкан. Бул сезимсиз тандоо организмдердин генефонундагы мутациялык өзгөрүштү автоматтык түрдө сактап калып, натыйжада жаңы сорт ж-а порода пайда болгон. Сезимсиз жасалма тандоо механикалык таасири ж-а жыйынтыгы боюнча табигый тандалууга жакын. М е т о д и к а л ы к жасалма тандоо – алдын ала коюлган максаттарга ылайык методикалык жол м-н пландуу түрдө жүргүзүлүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун ж-а үй жаныбарларынын жаңы породаларын чыгаруунун негизги жолу. Айыл чарбасында методикалык тандоо жапырт ж-а жекече тандоо жолу м-н жүргүзүлөт.