ЖАТАКЧЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАТАКЧЫ</b> – көчмөн кыргыз жамаатында дый­канчылык м-н кесиптенген адамдар, малы жо­гунан жайында жайлоого көчө албай, жакада калган кедейлер тобу. 19- | <b type='title'>ЖАТАКЧЫ</b> – көчмөн кыргыз жамаатында дый­канчылык м-н кесиптенген адамдар, малы жо­гунан жайында жайлоого көчө албай, жакада калган кедейлер тобу. 19-кылымдын экинчи жары­мында кыргыздар Россиянын курамына кошул­гандан кийинки коомдук-экономикалык өзгөрүүлөрдүн на­тыйжасында (патриархалдык-феодалдык мами­лелердин ыдырашы, элдин жакырданышы ж. б.) пайда болгон. Малчылык м-н күн көрүүгө мүм­күнчүлүктөрү жоктугунан жатакчылар адегенде дый­канчылык м-н оокат кылууга, кийинчерээк оту­рукташууга өтө баштаган. Алар өз жерин гана иштетпестен, уруулаш бай туугандарынын да жерин кароого милдеттүү болгон. Бир нече үй­бүлө чогуу калып, өзүнчө «жатакчылар айы­лын» түзүшкөн. Жатакчылар айдалган эгинди карап, сугарып, отошкон, чөбүн чабышкан. Өз эмгек­тери үчүн жатакчыларлар саан уй, күч же унаа алып ка­лышкан. Жерди буурсун м-н айдашкан, таруу, буудай, арпа себишкен. Жайлоодон түшкөндөр жатакчыларга айран, курут, сүзмө ала келишкен. Жатакчылык жер иштетүүчү эмгек куралдарынын жө­нөкөйлүгүнө, азыктын аздыгына карабастан, кыргыз элинин экономикалык турмушуна кире баштаган. Алар өзүнчө социалдык катмарды түзүү м-н айылдык көчмөн жамаатынын бузулушуна түрткү берген. Совет бийлиги орногондон кийин коомдук-экономикалык кайра куруулар, кыргыз элинин көчмөн ж-а жарым көчмөн турмуштан отурук­ташууга өтүшү жатакчылыктын жоюлушуна алып келген. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
07:39, 7 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАТАКЧЫ – көчмөн кыргыз жамаатында дыйканчылык м-н кесиптенген адамдар, малы жогунан жайында жайлоого көчө албай, жакада калган кедейлер тобу. 19-кылымдын экинчи жарымында кыргыздар Россиянын курамына кошулгандан кийинки коомдук-экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында (патриархалдык-феодалдык мамилелердин ыдырашы, элдин жакырданышы ж. б.) пайда болгон. Малчылык м-н күн көрүүгө мүмкүнчүлүктөрү жоктугунан жатакчылар адегенде дыйканчылык м-н оокат кылууга, кийинчерээк отурукташууга өтө баштаган. Алар өз жерин гана иштетпестен, уруулаш бай туугандарынын да жерин кароого милдеттүү болгон. Бир нече үйбүлө чогуу калып, өзүнчө «жатакчылар айылын» түзүшкөн. Жатакчылар айдалган эгинди карап, сугарып, отошкон, чөбүн чабышкан. Өз эмгектери үчүн жатакчыларлар саан уй, күч же унаа алып калышкан. Жерди буурсун м-н айдашкан, таруу, буудай, арпа себишкен. Жайлоодон түшкөндөр жатакчыларга айран, курут, сүзмө ала келишкен. Жатакчылык жер иштетүүчү эмгек куралдарынын жөнөкөйлүгүнө, азыктын аздыгына карабастан, кыргыз элинин экономикалык турмушуна кире баштаган. Алар өзүнчө социалдык катмарды түзүү м-н айылдык көчмөн жамаатынын бузулушуна түрткү берген. Совет бийлиги орногондон кийин коомдук-экономикалык кайра куруулар, кыргыз элинин көчмөн ж-а жарым көчмөн турмуштан отурукташууга өтүшү жатакчылыктын жоюлушуна алып келген.