ЖАТАКЧЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАТАКЧЫ</b> – көчмөн кыргыз жамаатында дый&shy;канчылык м-н кесиптенген адамдар, малы жо&shy;гунан жайында жайлоого көчө албай, жакада калган кедейлер тобу. 19-к-дын экинчи жары&shy;мында кыргыздар Россиянын курамына кошул&shy;гандан кийинки коомдук-экон. өзгөрүүлөрдүн на&shy;тыйжасында (патриархалдык-феодалдык мами&shy;лелердин ыдырашы, элдин жакырданышы ж. б.) пайда болгон. Малчылык м-н күн көрүүгө мүм&shy;күнчүлүктөрү жоктугунан Ж-лар адегенде дый&shy;канчылык м-н оокат кылууга, кийинчерээк оту&shy;рукташууга өтө баштаган. Алар өз жерин гана иштетпестен, уруулаш бай туугандарынын да жерин кароого милдеттүү болгон. Бир нече үй&shy;бүлө чогуу калып, өзүнчө «жатакчылар айы&shy;лын» түзүшкөн. Ж-лар айдалган эгинди карап, сугарып, отошкон, чөбүн чабышкан. Өз эмгек&shy;тери үчүн Ж-лар саан уй, күч же унаа алып ка&shy;лышкан. Жерди буурсун м-н айдашкан, таруу, буудай, арпа себишкен. Жайлоодон түшкөндөр Ж-ларга айран, курут, сүзмө ала келишкен. Ж-лык жер иштетүүчү эмгек куралдарынын жө&shy;нөкөйлүгүнө, азыктын аздыгына карабастан, кыргыз элинин экон. турмушуна кире баштаган. Алар өзүнчө социалдык катмарды түзүү м-н айылдык көчмөн жамаатынын бузулушуна түрткү берген. Совет бийлиги орногондон кийин коомдук-экон. кайра куруулар, кыргыз элинин көчмөн ж-а жарым көчмөн турмуштан отурук&shy;ташууга өтүшү Ж-лыктын жоюлушуна алып келген. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
<b type='title'>ЖАТАКЧЫ</b> – көчмөн кыргыз жамаатында дый&shy;канчылык м-н кесиптенген адамдар, малы жо&shy;гунан жайында жайлоого көчө албай, жакада калган кедейлер тобу. 19-кылымдын экинчи жары&shy;мында кыргыздар Россиянын курамына кошул&shy;гандан кийинки коомдук-экономикалык өзгөрүүлөрдүн на&shy;тыйжасында (патриархалдык-феодалдык мами&shy;лелердин ыдырашы, элдин жакырданышы ж. б.) пайда болгон. Малчылык м-н күн көрүүгө мүм&shy;күнчүлүктөрү жоктугунан жатакчылар адегенде дый&shy;канчылык м-н оокат кылууга, кийинчерээк оту&shy;рукташууга өтө баштаган. Алар өз жерин гана иштетпестен, уруулаш бай туугандарынын да жерин кароого милдеттүү болгон. Бир нече үй&shy;бүлө чогуу калып, өзүнчө «жатакчылар айы&shy;лын» түзүшкөн. Жатакчылар айдалган эгинди карап, сугарып, отошкон, чөбүн чабышкан. Өз эмгек&shy;тери үчүн жатакчыларлар саан уй, күч же унаа алып ка&shy;лышкан. Жерди буурсун м-н айдашкан, таруу, буудай, арпа себишкен. Жайлоодон түшкөндөр жатакчыларга айран, курут, сүзмө ала келишкен. Жатакчылык жер иштетүүчү эмгек куралдарынын жө&shy;нөкөйлүгүнө, азыктын аздыгына карабастан, кыргыз элинин экономикалык турмушуна кире баштаган. Алар өзүнчө социалдык катмарды түзүү м-н айылдык көчмөн жамаатынын бузулушуна түрткү берген. Совет бийлиги орногондон кийин коомдук-экономикалык кайра куруулар, кыргыз элинин көчмөн ж-а жарым көчмөн турмуштан отурук&shy;ташууга өтүшү жатакчылыктын жоюлушуна алып келген. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
 

07:39, 7 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖАТАКЧЫ – көчмөн кыргыз жамаатында дый­канчылык м-н кесиптенген адамдар, малы жо­гунан жайында жайлоого көчө албай, жакада калган кедейлер тобу. 19-кылымдын экинчи жары­мында кыргыздар Россиянын курамына кошул­гандан кийинки коомдук-экономикалык өзгөрүүлөрдүн на­тыйжасында (патриархалдык-феодалдык мами­лелердин ыдырашы, элдин жакырданышы ж. б.) пайда болгон. Малчылык м-н күн көрүүгө мүм­күнчүлүктөрү жоктугунан жатакчылар адегенде дый­канчылык м-н оокат кылууга, кийинчерээк оту­рукташууга өтө баштаган. Алар өз жерин гана иштетпестен, уруулаш бай туугандарынын да жерин кароого милдеттүү болгон. Бир нече үй­бүлө чогуу калып, өзүнчө «жатакчылар айы­лын» түзүшкөн. Жатакчылар айдалган эгинди карап, сугарып, отошкон, чөбүн чабышкан. Өз эмгек­тери үчүн жатакчыларлар саан уй, күч же унаа алып ка­лышкан. Жерди буурсун м-н айдашкан, таруу, буудай, арпа себишкен. Жайлоодон түшкөндөр жатакчыларга айран, курут, сүзмө ала келишкен. Жатакчылык жер иштетүүчү эмгек куралдарынын жө­нөкөйлүгүнө, азыктын аздыгына карабастан, кыргыз элинин экономикалык турмушуна кире баштаган. Алар өзүнчө социалдык катмарды түзүү м-н айылдык көчмөн жамаатынын бузулушуна түрткү берген. Совет бийлиги орногондон кийин коомдук-экономикалык кайра куруулар, кыргыз элинин көчмөн ж-а жарым көчмөн турмуштан отурук­ташууга өтүшү жатакчылыктын жоюлушуна алып келген.