ЖАШЫЛ КОНВЕЙЕР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
2 сап: | 2 сап: | ||
чейин кезектешип жетилүүчү өсүмдүктөрдү туу­ра жайгаштырып өстүрүү чоң мааниге ээ. Чүй | чейин кезектешип жетилүүчү өсүмдүктөрдү туу­ра жайгаштырып өстүрүү чоң мааниге ээ. Чүй | ||
өрөөнүндө жазда себилген буурчак + сулуну 20– | өрөөнүндө жазда себилген буурчак + сулуну 20– | ||
30-мартта, перко+рапсты 5–20-апрелде, кара буудайды – 15–30-апрелде, тритикалени –1–20 майда; беденин 1 чабыгын 5–30-майда, 2 чабы­гын 1–30-июнда, 3 чабыгын 10–30-июлда, 4 ча­быгын 20-августтан –10-октябрда чаап, жашыл тоют түрүндө пайдаланылат. | 30-мартта, перко+рапсты 5–20-апрелде, кара буудайды – 15–30-апрелде, тритикалени –1–20 майда; беденин 1 чабыгын 5–30-майда, 2 чабы­гын 1–30-июнда, 3 чабыгын 10–30-июлда, 4 ча­быгын 20-августтан –10-октябрда чаап, жашыл тоют түрүндө пайдаланылат. Ошондой эле, жүгөрү+соя, сорго, тоют кызылчасы, тоюттук капуста да жа­шыл тоют катары колдонулат. Бул өсүмдүктөр­дүн жашыл массасын өсүп жетилишине жара­ша малга үзгүлтүксүз чаап берүү м-н сүт ж-а эт өндүрүүнү ургаалдуу жүргүзүүгө болот. Жашыл конвейерде орто ченинде өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү (күздүк кара буудай, тритикале, рапс, перко ж. б.) ке­ңири пайдалануу зарыл. Бир талаадан бир жыл­да эки жолу түшүм алууга мүмкүнчүлүк берип, айдоо жердин натыйжалуу пайдаланылышына шарт түзөт. | ||
өндүрүүнү ургаалдуу жүргүзүүгө болот. | |||
орто ченинде өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү (күздүк кара буудай, тритикале, рапс, перко ж. б.) ке­ңири пайдалануу зарыл. Бир талаадан бир жыл­да эки жолу түшүм алууга мүмкүнчүлүк берип, айдоо жердин натыйжалуу пайдаланылышына шарт түзөт. | |||
<i>А. Карабаев.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
09:42, 7 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАШЫЛ КОНВЕЙЕР – малды жаз-жай-күз мезгилинде жашыл тоют м-н үзгүлтүксүз ж-а жетиштүү камсыз кылууну уюштуруу. Ал колдо багылган малдын сүтүн, этин көп өндүрүү үчүн пайдаланылат. Мында, эрте жаздан кеч күзгө чейин кезектешип жетилүүчү өсүмдүктөрдү туура жайгаштырып өстүрүү чоң мааниге ээ. Чүй өрөөнүндө жазда себилген буурчак + сулуну 20– 30-мартта, перко+рапсты 5–20-апрелде, кара буудайды – 15–30-апрелде, тритикалени –1–20 майда; беденин 1 чабыгын 5–30-майда, 2 чабыгын 1–30-июнда, 3 чабыгын 10–30-июлда, 4 чабыгын 20-августтан –10-октябрда чаап, жашыл тоют түрүндө пайдаланылат. Ошондой эле, жүгөрү+соя, сорго, тоют кызылчасы, тоюттук капуста да жашыл тоют катары колдонулат. Бул өсүмдүктөрдүн жашыл массасын өсүп жетилишине жараша малга үзгүлтүксүз чаап берүү м-н сүт ж-а эт өндүрүүнү ургаалдуу жүргүзүүгө болот. Жашыл конвейерде орто ченинде өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү (күздүк кара буудай, тритикале, рапс, перко ж. б.) кеңири пайдалануу зарыл. Бир талаадан бир жылда эки жолу түшүм алууга мүмкүнчүлүк берип, айдоо жердин натыйжалуу пайдаланылышына шарт түзөт.
А. Карабаев.