ЖЕЛБИРӨӨЧ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕЛБИРӨӨЧ</b> – кыз-келиндердин моюнга арта | <b type='title'>ЖЕЛБИРӨӨЧ</b> – кыз-келиндердин моюнга арта салып, төшкө түшүп турган көркөм зер буюму. Өтө мыкты шөкөттөлгөн Желбирөөчтүн сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, бетине асыл таштар чөгөрүлүп, эки учунда күмүш зымдар менен чын­жырланган же торчолонгон бир нече сеңселме тал-­тал чачысы төгү­лүп турат. | ||
салып, төшкө түшүп турган көркөм зер буюму. | |||
[[File:ЖЕЛБИРӨӨЧ121.png | thumb | none]] | [[File:ЖЕЛБИРӨӨЧ121.png | thumb | none]] | ||
Ага жу­муруланган сүйрү жука темир или­нип, сырты күмүш зымдар менен жик­сиз торчолоно кы­напталат. Андан да кайрадан жо­горудагыдай кү­мүш зымдар чын­жырлана чыгып, араларына шуру тизилип, тө­мөнкү учтарына сүйрү жука күмүш кулакчын­дар түшүп, түйүлүп турат. Анын эки канатынын ортосунда да төрт бурчтуу, үч бурчтуу же жүрөк­чө түспөлдөгү зер жасалгасы эки канаттын чын­жырланган күмүш зымдары аркылуу биригет. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
06:53, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕЛБИРӨӨЧ – кыз-келиндердин моюнга арта салып, төшкө түшүп турган көркөм зер буюму. Өтө мыкты шөкөттөлгөн Желбирөөчтүн сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, бетине асыл таштар чөгөрүлүп, эки учунда күмүш зымдар менен чынжырланган же торчолонгон бир нече сеңселме тал-тал чачысы төгүлүп турат.

Ага жумуруланган сүйрү жука темир илинип, сырты күмүш зымдар менен жиксиз торчолоно кынапталат. Андан да кайрадан жогорудагыдай күмүш зымдар чынжырлана чыгып, араларына шуру тизилип, төмөнкү учтарына сүйрү жука күмүш кулакчындар түшүп, түйүлүп турат. Анын эки канатынын ортосунда да төрт бурчтуу, үч бурчтуу же жүрөкчө түспөлдөгү зер жасалгасы эки канаттын чынжырланган күмүш зымдары аркылуу биригет.