ЖЕНЕВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1962-жыл): нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖЕНЕВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ to ЖЕНЕВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1962-жыл)) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕНЕ́ВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1962) </b>– Лаос | <b type='title'>ЖЕНЕ́ВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1962) </b>– Лаос маселесин жөнгө салуу үчүн 1961-жылы 16-май – 1962-жылы 23-июлда Бирма, Улуу Британия, Вьет­нам Демократиялык Республикасы, Индия, Камбожа, Канада, КЭР, Лаос, Польша, СССР, АКШ, Таиланд, Франция, Түштүк Вьетнам өкүлдөрү Женева (Швей­цария) кеңешмесинде кол койгон документтер. Женева макулдашуулары боюнча кеңешме СССР м-н Улуу Британия­нын демилгеси боюнча чакырылган. Ага 1962-жылы июнда Лаостун өзүндө коалициялык өкмөт тү­зүүгө макулдашкан үч саясий күчтүн (бейтарап­чылар, патриоттук фронт, оңчул топ) өкүлдөрү да чакырылган. Женева макулдашууларында Лаостун бейтарапты­гы жөнүндө декларация кабыл алынып, анда ке­ңешмеге катышкан өлкөлөр Лаостун көз каран­дысыздыгын, аймагынын бүтүндүгүн, өз алдын­чалыгын урматтоого тийиш деп көрсөтүлгөн. Декларация боюнча Лаостун аймагында жарандык согуш токтотулуп, чет элдик аскер күчтөр чы­гарылмак. Бул келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө Индия, Польша ж-а Канада мамле­кеттеринин өкүлдөрүнөн эл аралык комиссия түзүлгөн. Бирок АКШ Женева макулдашууларын бузуп, Лаостун оң­чул топторунун патриоттук күчтөргө каршы согу­шуна (1963-жылы апрелден) жардам берген. Натый­жада Лаостун ички абалын жөнгө салуу үзгүлтүккө учурап, коалициялык өкмөттүн иши токтогон. | ||
маселесин жөнгө салуу үчүн 1961- | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
10:06, 11 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕНЕ́ВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1962) – Лаос маселесин жөнгө салуу үчүн 1961-жылы 16-май – 1962-жылы 23-июлда Бирма, Улуу Британия, Вьетнам Демократиялык Республикасы, Индия, Камбожа, Канада, КЭР, Лаос, Польша, СССР, АКШ, Таиланд, Франция, Түштүк Вьетнам өкүлдөрү Женева (Швейцария) кеңешмесинде кол койгон документтер. Женева макулдашуулары боюнча кеңешме СССР м-н Улуу Британиянын демилгеси боюнча чакырылган. Ага 1962-жылы июнда Лаостун өзүндө коалициялык өкмөт түзүүгө макулдашкан үч саясий күчтүн (бейтарапчылар, патриоттук фронт, оңчул топ) өкүлдөрү да чакырылган. Женева макулдашууларында Лаостун бейтараптыгы жөнүндө декларация кабыл алынып, анда кеңешмеге катышкан өлкөлөр Лаостун көз карандысыздыгын, аймагынын бүтүндүгүн, өз алдынчалыгын урматтоого тийиш деп көрсөтүлгөн. Декларация боюнча Лаостун аймагында жарандык согуш токтотулуп, чет элдик аскер күчтөр чыгарылмак. Бул келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө Индия, Польша ж-а Канада мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн эл аралык комиссия түзүлгөн. Бирок АКШ Женева макулдашууларын бузуп, Лаостун оңчул топторунун патриоттук күчтөргө каршы согушуна (1963-жылы апрелден) жардам берген. Натыйжада Лаостун ички абалын жөнгө салуу үзгүлтүккө учурап, коалициялык өкмөттүн иши токтогон.