ГУНО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГУНО́ ''' (Gounoda) Шарль Франсуа (17. 6. 1818, Париж – 18. 10. 1893, Парижге жакын, Сен-Клу) – француз композитору, сынчы, жазуучу-мемуарист. Франция ин-тунун мүчөсү (1866). Атасы сүрөтчү, энеси музыка мугалими болгон. 1829–35-ж. Сен-Луи лицейинде окуп, чиркөө хорунда ырдаган, муз. пьесаларды жазган. Париж консерваториясында окуган (1836–39). И. С. Бахтын, Ф. Мендель-
'''ГУНО́ ''' (Gounoda) '''Шарль Франсуа''' (17. 6. 1818, Париж – 18. 10. 1893, Парижге жакын, Сен-Клу) – француз композитору, сынчы, жазуучу-мемуарист. Франция институтунун мүчөсү (1866). Атасы сүрөтчү, энеси музыка мугалими болгон. 1829–1835-жылдары Сен-Луи лицейинде окуп, чиркөө хорунда ырдаган, музыкалык пьесаларды жазган. Париж консерваториясында окуган (1836–1839). И. С. Бахтын, Ф. Мендельсондун, Р. Шумандын, Ф. Шуберттин, В. А. Моцарттын чыгармаларын жандили менен сүйгөн. «Фернан» кантатасы үчүн Рим сыйлыгын алган (1839).  
[[File:ГУНО57.png | thumb | none]]
[[File:ГУНО57.png | thumb | none|350x350px]]
сондун, Р. Шумандын, Ф. Шуберттин, В. А. Моцарттын чыгармаларын жандили м-н сүйгөн. «Фернан» кантатасы үчүн Рим сыйл. алган (1839). 3 жыл Италияда, кийин Венада ж-а Германияда жашаган. Парижге келери м-н (1843–48) чиркөөдө органист болуп иштеп, үйлөмө ж. б. аспаптар үчүн ар кандай чыгармаларды жазган. 1840–50-жылдарда опера жанрына кайрылган. 1852–60-ж. Париждеги «Орфеон» хор бирикмесинин директору болуп иштеген. 1870-ж. Лондондо «Гуно хор» коомун негиздеген. Г. 19-к-да Франциядагы опера жанрынын бирден-бир таланттуу өкүлү ж-а лирикалык опера жанрынын негиз салуучуларынан болгон. Өзгөчө Парижде коюлган «Фауст», «Лириктер театры» опералары Францияда классикалык лирикалык операнын чыныгы үлгүсүнө айланган. Г-нун «Мирейль» (1863), «Ромео менен Жульетта» (1865) ж. б. операларындагы ариялар, ариозолор обондуулугу м-н айырмаланат. А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында Г-нун «Фауст» операсы коюлуп, башкы каарман Мефистофелдин ролунда СССР эл арт. Б. ''Миӊжылкыев'' көрүүчүлөрдүн көӊүлүнөн өчпөй турган образды жараткан.
3 жыл Италияда, кийин Венада жана Германияда жашаган. Парижге келери менен (1843–1848) чиркөөдө органист болуп иштеп, үйлөмө жана башка аспаптар үчүн ар кандай чыгармаларды жазган. 1840–1850-жылдары опера жанрына кайрылган. 1852–1860-жылдары Париждеги «Орфеон» хор бирикмесинин директору болуп иштеген. 1870-жылы Лондондо «Гуно хор» коомун негиздеген. Ш. Ф. Гуно XIX кылымда Франциядагы опера жанрынын бирден-бир таланттуу өкүлү жана лирикалык опера жанрынын негиз салуучуларынан болгон. Өзгөчө Парижде коюлган «Фауст», «Лириктер театры» опералары Францияда классикалык лирикалык операнын чыныгы үлгүсүнө айланган. Ш. Гунонун «Мирейль» (1863), «Ромео менен Жульетта» (1865) жана башка операларындагы ариялар, ариозолор обондуулугу менен айырмаланат.         А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Ш. Гунонун «Фауст» операсы коюлуп, башкы каарман Мефистофелдин ролунда СССР эл артисти Б. ''Миӊжылкыев'' көрүүчүлөрдүн көӊүлүнөн өчпөй турган образды жараткан.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:18, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы

ГУНО́ (Gounoda) Шарль Франсуа (17. 6. 1818, Париж – 18. 10. 1893, Парижге жакын, Сен-Клу) – француз композитору, сынчы, жазуучу-мемуарист. Франция институтунун мүчөсү (1866). Атасы сүрөтчү, энеси музыка мугалими болгон. 1829–1835-жылдары Сен-Луи лицейинде окуп, чиркөө хорунда ырдаган, музыкалык пьесаларды жазган. Париж консерваториясында окуган (1836–1839). И. С. Бахтын, Ф. Мендельсондун, Р. Шумандын, Ф. Шуберттин, В. А. Моцарттын чыгармаларын жандили менен сүйгөн. «Фернан» кантатасы үчүн Рим сыйлыгын алган (1839).

3 жыл Италияда, кийин Венада жана Германияда жашаган. Парижге келери менен (1843–1848) чиркөөдө органист болуп иштеп, үйлөмө жана башка аспаптар үчүн ар кандай чыгармаларды жазган. 1840–1850-жылдары опера жанрына кайрылган. 1852–1860-жылдары Париждеги «Орфеон» хор бирикмесинин директору болуп иштеген. 1870-жылы Лондондо «Гуно хор» коомун негиздеген. Ш. Ф. Гуно XIX кылымда Франциядагы опера жанрынын бирден-бир таланттуу өкүлү жана лирикалык опера жанрынын негиз салуучуларынан болгон. Өзгөчө Парижде коюлган «Фауст», «Лириктер театры» опералары Францияда классикалык лирикалык операнын чыныгы үлгүсүнө айланган. Ш. Гунонун «Мирейль» (1863), «Ромео менен Жульетта» (1865) жана башка операларындагы ариялар, ариозолор обондуулугу менен айырмаланат. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Ш. Гунонун «Фауст» операсы коюлуп, башкы каарман Мефистофелдин ролунда СССР эл артисти Б. Миӊжылкыев көрүүчүлөрдүн көӊүлүнөн өчпөй турган образды жараткан.