ЖАЗГЫЧ АКЫНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
мNo edit summary
мNo edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАЗГЫЧ АКЫНДАР</b> – төкмө акындардан ж-а ырчылардан айырмаланып, өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрүп, элге кол жазма түрүндө таратуучу акындар. Кыргыз адабияты негизинен оозеки түрүндө өнүккөн. Октябрь революциясынын алгачкы жылдарында, башкача айтканда 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Жазгыч акындар белгилүү боло башта&shy;ган. Кыргыз адабиятынын тарыхында Жазгыч акындардын туңгуч өкүлдөрү <i>Молдо Кылыч</i> Шамыркан уулу&shy;нун жана
<b type='title'>ЖАЗГЫЧ АКЫНДАР</b> – төкмө акындардан жана ырчылардан айырмаланып, өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрүп, элге кол жазма түрүндө таратуучу акындар. Кыргыз адабияты негизинен оозеки түрүндө өнүккөн. Октябрь революциясынын алгачкы жылдарында, башкача айтканда 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Жазгыч акындар белгилүү боло башта&shy;ган. Кыргыз адабиятынын тарыхында Жазгыч акындардын туңгуч өкүлдөрү <i>Молдо Кылыч</i> Шамыркан уулу&shy;нун жана <i>Тоголок Молдонун</i> (Байымбет Абды&shy;рахманов) ысымдары аталат. Алардын алгач&shy;кы чыгармалары кол жазма түрүндө 19-кылымдын 80-жылдары тарала баштаган. 20-кылымдын ба&shy;шында Жазгыч акындардын катары <i>Алдаш Молдо</i>, Ысак
<i>Шайбеков</i>, Абылкасым <i>Жутакеев</i>, Токторалы Талканбаев, Шамей Токтобаев, Абдыкалык Чо&shy;робаев өңдүү көркөм сөз чеберлери менен толук&shy;талды. Алар түрдүү тематикадагы, идеялык&shy;-көркөмдүк сапаты жагынан ар кыл чыгарма&shy;ларды калтырышкан. Жазгыч акындар ырларын жаратуу&shy;да баарыдан мурда элдин оозеки чыгармачылыгына жана аны сактап, өнүктүрүп келген төкмө акын, ырчылардын ырчылык салтына таянышкан. Бул акындар өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрө баштаган мезгилде кыргыздарда бас&shy;ма иши болбогондугуна байланыштуу, жазма адабиятынын өнүккөн салты болгон эмес. Кыргыз эли улуттук жазма адабиятка Октябрь революциясынан кийин гана ээ болду. Ошондуктан Жазгыч акындарга эл&shy;дик оозеки адабият жана төкмө акындардын поэти&shy;калык салты бирден бир адабий булак болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Жазгыч акындар төкмө акын&shy;дар сыяктуу эле эпостордон тартып, чакан ли&shy;рикалык чыгармаларга чейин айта да, жаза да билишкен. Алардын аткаруусундагы «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору, «Жаңыл Мырза», «Мендирман», «Шырдакбек», «Ак Саткын ме&shy;нен Кулмырза» өңдүү поэмалар, жомоктор, анек&shy;доттор, элдик лирикалык ырлардын вариант&shy;тары бизге келип жетти. Жазгыч акындар элдин көркөм сөз казынасын жыйнап, кагазга түшүрүү менен гана чектелбестен, алардын айрым үлгүлөрүн, салт&shy;тык түрлөрүн чыгармаларында кеңири пайда&shy;лана билишкен, салттык сюжет, мотивдерди жаңы окуялар, жаңы образ, сүрөттөмөлөр менен толуктап, көркөмдөөгө умтулушкан. Андай салттык жанрдагы лирикалык ырлар, жомок, дастандар идеялык, көркөмдүк жагынан алда канча чыңалып, замандын талабы менен үндөш өзүнчө көркөм чыгармага айланган. Буга элдик поэмалардын негизинде жаралган Молдо Кы&shy;лычтын «Буудайык», «Бүркүттүн тою», «Канат&shy;туулар» өңдүү чыгармалары, Тоголок Молдо, Токтораалы Талканбаев, Абылкасым Жутакеев, Ысак Шайбеков ж. б. акындардын элдик салт&shy;тык жанрдын негизинде түзгөн кошок, арман, санат, насыят, термелери, сатиралык поэмала&shy;ры, тамсилдери мисал. Жазгыч акындын чыгармачылыгында&shy;гы оозеки жана жазма адабияттын салттарынын ай&shy;калышы аларга өз ырларынын, поэмаларынын социалдык мазмунун тереңдетүүгө, көркөмдүгүн арттырууга, жаңы ыр формаларын, жанрдык түрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк ачты, ошондой эле алар кыргыз адабиятына бараандуу салым кошуу менен улуттук адабияттын тарыхынан көрүнүктүү ордун тапты.


<i>Тоголок Молдонун</i> (Байымбет Абды&shy;рахманов) ысымдары аталат. Алардын алгач&shy;кы чыгармалары кол жазма түрүндө 19-кылымдын 80-жылдары тарала баштаган. 20-кылымдын ба&shy;шында Жазгыч акындардын катары <i>Алдаш Молдо</i>, Ысак
<i>Шайбеков</i>, Абылкасым <i>Жутакеев</i>, Токторалы Талканбаев, Шамей Токтобаев, Абдыкалык Чо&shy;робаев өңдүү көркөм сөз чеберлери м-н толук&shy;талды. Алар түрдүү тематикадагы, идеялык&shy;-көркөмдүк сапаты жагынан ар кыл чыгарма&shy;ларды калтырышкан. Жазгыч акындар ырларын жаратуу&shy;да баарыдан мурда элдин оозеки чыгармачылыгына жана аны сактап, өнүктүрүп келген төкмө акын, ырчылардын ырчылык салтына таянышкан. Бул акындар өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрө баштаган мезгилде кыргыздарда бас&shy;ма иши болбогондугуна байланыштуу, жазма адабиятынын өнүккөн салты болгон эмес. Кыргыз эли улуттук жазма адабиятка Октябрь революциясынан кийин гана ээ болду. Ошондуктан Жазгыч акындарга эл&shy;дик оозеки адабият жана төкмө акындардын поэти&shy;калык салты бирден бир адабий булак болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Жазгыч акындар төкмө акын&shy;дар сыяктуу эле эпостордон тартып, чакан ли&shy;рикалык чыгармаларга чейин айта да, жаза да билишкен. Алардын аткаруусундагы «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору, «Жаңыл Мырза», «Мендирман», «Шырдакбек», «Ак Саткын ме&shy;нен Кулмырза» өңдүү поэмалар, жомоктор, анек&shy;доттор, элдик лирикалык ырлардын вариант&shy;тары бизге келип жетти. Жазгыч акындар элдин көркөм сөз казынасын жыйнап, кагазга түшүрүү менен гана чектелбестен, алардын айрым үлгүлөрүн, салт&shy;тык түрлөрүн чыгармаларында кеңири пайда&shy;лана билишкен, салттык сюжет, мотивдерди жаңы окуялар, жаңы образ, сүрөттөмөлөр менен толуктап, көркөмдөөгө умтулушкан. Андай салттык жанрдагы лирикалык ырлар, жомок, дастандар идеялык, көркөмдүк жагынан алда канча чыңалып, замандын талабы менен үндөш өзүнчө көркөм чыгармага айланган. Буга элдик поэмалардын негизинде жаралган Молдо Кы&shy;лычтын «Буудайык», «Бүркүттүн тою», «Канат&shy;туулар» өңдүү чыгармалары, Тоголок Молдо, Токтораалы Талканбаев, Абылкасым Жутакеев, Ысак Шайбеков ж. б. акындардын элдик салт&shy;тык жанрдын негизинде түзгөн кошок, арман, санат, насыят, термелери, сатиралык поэмала&shy;ры, тамсилдери мисал. Жазгыч акындын чыгармачылыгында&shy;гы оозеки жана жазма адабияттын салттарынын ай&shy;калышы аларга өз ырларынын, поэмаларынын социалдык мазмунун тереңдетүүгө, көркөмдүгүн арттырууга, жаңы ыр формаларын, жанрдык түрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк ачты, ошондой эле алар кыргыз адабиятына бараандуу салым кошуу менен улуттук адабияттын тарыхынан көрүнүктүү ордун тапты.





10:09, 29 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЗГЫЧ АКЫНДАР – төкмө акындардан жана ырчылардан айырмаланып, өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрүп, элге кол жазма түрүндө таратуучу акындар. Кыргыз адабияты негизинен оозеки түрүндө өнүккөн. Октябрь революциясынын алгачкы жылдарында, башкача айтканда 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Жазгыч акындар белгилүү боло башта­ган. Кыргыз адабиятынын тарыхында Жазгыч акындардын туңгуч өкүлдөрү Молдо Кылыч Шамыркан уулу­нун жана Тоголок Молдонун (Байымбет Абды­рахманов) ысымдары аталат. Алардын алгач­кы чыгармалары кол жазма түрүндө 19-кылымдын 80-жылдары тарала баштаган. 20-кылымдын ба­шында Жазгыч акындардын катары Алдаш Молдо, Ысак Шайбеков, Абылкасым Жутакеев, Токторалы Талканбаев, Шамей Токтобаев, Абдыкалык Чо­робаев өңдүү көркөм сөз чеберлери менен толук­талды. Алар түрдүү тематикадагы, идеялык­-көркөмдүк сапаты жагынан ар кыл чыгарма­ларды калтырышкан. Жазгыч акындар ырларын жаратуу­да баарыдан мурда элдин оозеки чыгармачылыгына жана аны сактап, өнүктүрүп келген төкмө акын, ырчылардын ырчылык салтына таянышкан. Бул акындар өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрө баштаган мезгилде кыргыздарда бас­ма иши болбогондугуна байланыштуу, жазма адабиятынын өнүккөн салты болгон эмес. Кыргыз эли улуттук жазма адабиятка Октябрь революциясынан кийин гана ээ болду. Ошондуктан Жазгыч акындарга эл­дик оозеки адабият жана төкмө акындардын поэти­калык салты бирден бир адабий булак болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Жазгыч акындар төкмө акын­дар сыяктуу эле эпостордон тартып, чакан ли­рикалык чыгармаларга чейин айта да, жаза да билишкен. Алардын аткаруусундагы «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору, «Жаңыл Мырза», «Мендирман», «Шырдакбек», «Ак Саткын ме­нен Кулмырза» өңдүү поэмалар, жомоктор, анек­доттор, элдик лирикалык ырлардын вариант­тары бизге келип жетти. Жазгыч акындар элдин көркөм сөз казынасын жыйнап, кагазга түшүрүү менен гана чектелбестен, алардын айрым үлгүлөрүн, салт­тык түрлөрүн чыгармаларында кеңири пайда­лана билишкен, салттык сюжет, мотивдерди жаңы окуялар, жаңы образ, сүрөттөмөлөр менен толуктап, көркөмдөөгө умтулушкан. Андай салттык жанрдагы лирикалык ырлар, жомок, дастандар идеялык, көркөмдүк жагынан алда канча чыңалып, замандын талабы менен үндөш өзүнчө көркөм чыгармага айланган. Буга элдик поэмалардын негизинде жаралган Молдо Кы­лычтын «Буудайык», «Бүркүттүн тою», «Канат­туулар» өңдүү чыгармалары, Тоголок Молдо, Токтораалы Талканбаев, Абылкасым Жутакеев, Ысак Шайбеков ж. б. акындардын элдик салт­тык жанрдын негизинде түзгөн кошок, арман, санат, насыят, термелери, сатиралык поэмала­ры, тамсилдери мисал. Жазгыч акындын чыгармачылыгында­гы оозеки жана жазма адабияттын салттарынын ай­калышы аларга өз ырларынын, поэмаларынын социалдык мазмунун тереңдетүүгө, көркөмдүгүн арттырууга, жаңы ыр формаларын, жанрдык түрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк ачты, ошондой эле алар кыргыз адабиятына бараандуу салым кошуу менен улуттук адабияттын тарыхынан көрүнүктүү ордун тапты.



Ад.: Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Ф., 1988; Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004. А. Обозканов.